Султан Жумагулов
"Кыргызча жашоо бормулаларын" чыгарды
Белгилүү журналист жана сатирик жазуучу Султан Акторпоктун (Жумагулов) "Кыргызча жашоо бормулалары" аталыштагы китеби жарык көрдү. Китепке автордун өткөн кылымдын соңку жылдарынан берки карай чыгармалары кирди. Совет доору урай баштаган жана эгемен мамлекет болуу, б. а. эски менен жаңы доор тогошкон мезгилдеги кыргыз турмушу чагылдырылган. Жаңы кылымга чейинки жазылган аңгемелеринен шаар турмушуна жаңыдан үйүр ала баштаган кыргыздардын ар кыл тагдырлары камтылган. Бир катар сатиралык чыгармалары советтик бюрократияны жана кыргыз турмушундагы өксүк каада-салттарды ашкерелейт. Китептин 2-бөлүгүндө автордун публицистикалык макалалары басылды. Анда негизинен кыргыздардын жашоо образы, ой жүгүртүүсү, үрп-адаттарынын көбү өсүп-өнүүгө кедергисин тийгизип жатканы тууралуу сөз болот. Китеп Бишкектеги "Имак" басмаканасында басылды.


Токойчулар Айгүл гүлүн үзгөндөр
боюнча милицияга кайрылат
Бул тууралуу Баткен облустук токой чарба кызматынын башчысы Абдыкалык Кимсанов "Азаттык" радиосуна билдирди. Тамырынан үзүлгөн Айгүл гүлүн тобу менен кучактап турган кыздын сүрөтү интернет колдонуучулар арасында кызуу талкуу жаратып жатат. Азырынча анын аты-жөнү тактала элек. Гүл менен кандай жагдайда сүрөткө түшкөнү, качан тартылганы, өзү үзгөнбү-жокпу белгисиз. Сүрөт боюнча токой чарба кызматкерлери милицияга кайрыла турган болду. Айгүл Кыргызстандын "Кызыл китебине" киргизилип, корукка алынган. Бир гүлдү үзгөн кишиге 4,5 миң сом айып пул салынат. Быйыл гүлдү жулуп кармалгандар каттала элек болчу. 2016-жылы эки киши кармалып, айыппул төлөгөн.


Турсунбай Бакир
уулунун канча үйү, канча кайын энеси бар?

- Канча балаңыз бар?
- Ушул суроону мага берип калышканда дайыма менде "Мегаком" деп жооп беремин. Анан чечмелеп баштайм: 5 уул, 5 кыз, 5 небере деп. Мындай жооптон кийин каалоолор мындан да кызыктуу: "Анда Сизге 777 - "Билайнга" тез өтүүнү каалайбыз!" дешет.
- Канча үйүңүз бар?
- Эки үйүм бар, бирөө көп кабаттуу үйдөгү квартира, бири айылдагы жер үй. Айылдагы үйдү тарттырып жибергени аз калдым. Мен Малайзияда элчи болуп иштеп жүргөнүмдө шылуун микрокредиттик уюм үйдү жасалма документтер менен алып койгону аз-маз калган экен. Жакшы, аны кокустан билип калып үйүмдү соттошуп алып калдым. Эмне болсо да ал үй - ата-энемден калган мурас эле да... Ошентип силер менен акыркы жолу маектешкенден кийин жаңы үй да салганым жок, эч ким мага үйдү белек да кылбады. Ошондуктан эски "крыша" менен эле жүрөм.
- Канча машинеңиз бар?
- Мурдагыдай эле унааны айдашты үйрөнө албадым. Ыраматылык апасынан калган унааны кызым минип жүрөт. Жылына "мына эми машинаны айдашты үйрөнөм!" деп өзүмдү алдап коюп жүрөм. "1999-жылындагы Баткен согушту токтотконуңуз жана туткундан кыргыз менен жапондорду бошотконуңуз жөнүндө качан китепти жазып бүтөсүз?" деп журналисттер жана коомчулук сурап калганда, "мына-мына бүтөйүн деп калдым!" деп кайра эле өзүмө дем берип коём. Өзүмдү ушинтип алдап эле жүрөм.
- Азыр чөнтөгүңүздө канча сомуңуз бар?
- Чөнтөгүмдө азыр 300 сом бар экен. Бүгүнкүгө жетет!
- Канча малыңыз бар?
- Малым жок. Малды сагынганда инимдин ат-фермасына барам. Бирок иним Орусиядан былтыртан бери ат алып келчү. Эми болсо уйду да алып келип көрөйүн деп Орусияга жөнөдү. Алып келгенде орустардын уйларын көргөнү сөзсүз барам.
- Канча итиңиз бар?
- Айылдагы үйдө ит бар. А мурда силерге берген интервьюмда "Малайзияга элчи болуп баратканда бир тайганымды таштаганга ичим ачышып, Чүй лесхозго өткөрүп бергем. Табигатта жүрсүн" деп айтпадым беле? Ошол тайганым өлүп калыптыр. Бирок шаарда, үйдүн ичинде итти багууга ислам дини тыюу салат. Ушундай эле ит керек болуп жатса - өзүм ит жылы туулганмын, ошол үчүн иттин да кереги жок.
- Канча досуңуз бар?
- Балалык кездеги чыныгы досторумдан экөө эле калган - кошунам Бакиев Алымжан Мамасалиевич (экс-президент Бакиевге эч кандай тиешеси жок, анткени өзбек улутунда) жана классташым Поплавский Николай Александрович (Томск облусунда прокурор болуп иштеп пенсияга чыккан). А калган досторумдун баары кырсыктан өлүм тапкан: Камил, Пазыл. Үсөн... Жаткан жерлери жайлуу жана нурлуу болсун.
- Канча касыңыз бар?
- Толтура. Мусулманды жаман көргөндөрдүн баары душмандарым. Анан да чындыкты жактырбагандар мага кас. Бирок кастар бар болгону да жакшы. Алар сени бир тонуста кармап, каталардан сактап, сергек алып жүрүшөт. Күйдүргөндөр башка. Саясатта бир да кланга кошулбаганыма, Аллахтан бөлөк эч кимден көз-карандысыз болбогонума, кошоматчылык жасабаганыма, керек болсо жеке жашоомо да кийлигишип - "эмне үчүн жесирди эмес, а жаш катынды алат?!" деп жек көргөндөр. Башка сөз менен айтканда, алар - көрө албастар, ичи тарлар, көзү күйгөндөр! Ушуларга боорум ачып атайын туз-фирма да ачкым келип кетет: ичи күйгөндөрдүн же түштүк диалекти менен айтканда - алям болгондордун бардыгына үйлөрүнө тузду акысыз жеткирип берет элем (күлүп).
- Канча кайын энеңиз бар?
- "Действующая" кайын энелерден экөө. Бири-бирибизди катуу сыйлайбыз, урматтайбыз. Аллах алардан эки дүйнөдө ыраазы болсун, мен ыраазымын! А өтүп кеткен Ырысбай кызы Саадат кайын энеме жаткан жери жайлуу, нурлуу болсун, Акыретте Аллах-Таала бейиштин Фирдаусу менен сыйласын деп бир күндө беш жолу куран түшүрөм. 95 жаштагы Тажибаев Буркан кайнатама болсо күнүнө бекем ден соолук тилейм.
- "Не действующийлери" канча?
- Бирөө эле (күлүп).