Баткендин Кара-Багында эмнеге почточулар өлтүрүлө берет?

Кымбат Турдубекова

Ушул жылдын 22-январында Баткен районуна караштуу Дара айыл округунун Тунук-Суу деген айылында кишинин колуна окшогон бир нерсени иттин сүйрөп жүргөнүн байкап калышкан. Алар милиция кызматкерлерине кабарлашып, милиция жакын жерден 50-40 жаштардагы аялдын сөөгүн табышкан. Көп өтпөй эле бул сөөк Кара-Бак айылынын почта кызматкери Камчинова Тургунбүбүнүкү экени аныкталган. Бул окуянын кандайча болгонун маркумдун эжеси Гүлбара Сулайманова бизге айтып берди.


"Сиңдимди почтанын жанынан эле өлтүрүшкөн"
- Сиңдим почта кызматкери болуп иштечү. Айыл тургундарына пенсия-пособиелерди таратчу. Жетекчиси Абдилазиз Таштанбаев экөөнүн ортосунда буга чейин бир топ чыр-чатактар болгон экен. Абдилазиз райондон акча алып келип, аны сиңдим элге таратчу. Алгачкы ирет акчаны алып келгенде, Абдилазиз он миң сомун алып койгон экен. А сиңдим акчаны толук берди деген ой менен эле элге таратып чыкса, аягында 10 миң сом жетпей калат. Бирөөгө ашыкча берип койдум окшойт деп, берген жерлеринин баарынан сурап чыгат. Бир пенсионер "Э, кызым, сен ал акчаны элден издебе, сенин жетекчиң аз берип койгон. Бул кылыгын сага дагы көрсөтүп баштаган экен да, этият болгун" деп эскертиптир. Ошентип ал жолу жетпеген акчаны өзү төлөп калыптыр. Абдилазиз кийинки акчадан 50 миң сом алып койгон экен. Бул жолкусунда сиңдим эсептеп алат дагы, "Акча жетпейт экен, толуктап бер. Мен буга кол койбойм!" деп албай коет. "Эй Турдугүл эже, эмне болуп атасыз?! Ушул акчаны алып тарката бериңиз. Мен үч-төрт күндөн кийин ордуна коюп коем. Мен иштетип койдум эле" дейт. Сиңдим көнбөй коет. Экөөнүн ортосунда чатак чыккандан кийин, жетпей жаткан сумманы булкунуп-жулкунуп ордуна койгон экен. Кийинкисинде дагы он беш миң сом кемитип берет. Ошондо экөөнүн оортосунда дагы чатак чыгат. Дагы бир жолу ушинтип уруша кетип, почтанын сыртына чыгып урушуп жатышканын эл көргөн экен. Абдилазиздин машинасынын жанына барганда сиңдимди сөгүптүр, сиңдим аны каргаптыр. Ошол маалда Абдилазиз сиңдимди мойнунан алып муунтуп жатканда, колунан бошонуп чыгып, жердеги ташты алып Абдилазиздин автоунаасынын терезесин талкалаптыр. Ал ошол бойдон машинесин айдап кеткен экен. Эртеси жумушка келсе, сиңдимди дагы сөгөт. Сиңдим Бишкектеги иниме чалып "Абдилазиз почтанын акчасын аз берип, анысы аз келгенсип мени сөгүп жатат" деп арызданат. Иним ошол жерде Абдилазиз менен сүйлөшсө, ал "Кечирип коюңуз, экинчи кайталанбайт. Турдугүл эженин өзүнөн да кечирим сурайм" дептир.

"Булардын максаты Турдугүлдү кызматтан кетирүү болгон"
- Ошону менен тыйылып калбастан, ортодогу чыр-чатак улана берген. Маселен, эски калып калган гезиттерди "элге өткөрөсүң" десе, сиңдим өткөрбөйм дейт. "Сен сатпасаң, менин карындашым сатат" деп өзүнүн карындашын мыйзамсыз эле кошуп коет ага. "Ушинтип мени дагы, элди дагы алдап, акчасын жей берсең, мен баарын милицияга жазып берем. Гумжардамдардан кантип акча жегениңден бери жазып берем" дейт. Милицияга арыз жазганы жөнөйт дагы, жолдон Шапаат деген тууганыбыз менен чай ичип отуруп, ушунун баарын айтып берген экен. Чай ичип отурушса, Абдилазиз телефон чалат "Каердесиз?" деп, анан чай ичип отурган жерлерине келип "Эже, кечирип коюңуз, экинчи экөөбүздүн ортобузда уруш чыкпайт. Милицияга жазбаңыз. Мен камалып кетсем, алты балам көчөдө калат" деп жалдырайт. Ошентип сиңдим анын жалдыраганына боору ооруп, арыз жазбай кайтып кетет.

"Атайын сценарий"
- Бир ирет Абдилазиз менен менин сиңдим урушуп, анын аялы жумушка келип, "Сен менин жолдошума асылып жатасың" деп кызганымыш болуп чатак чыгарган экен. Ошентсек, жумушунан өз каалоосу менен кетип калат деп ойлошсо керек. Сиңдим "Сенин эриңдин ойношу болгудай, эмне менин күйөөм жок бекен? Менин күйөөм, балдарым бар. Сенин эриң менен келгенден бери урушсам, кантип мен ага ойнош болом? Силер мунун баардыгын мени кызматтан кетириш максатында эле кылып атасыңар" десе аялы кетип калыптыр. Участкалык милицияга аялынын үстүнөн арыз жазып койсо, ал кечирим сурап келсе, кайра арызын алып койгон экен.

Каргашалуу ошол күн
- Кызынын айтуусу боюнча, 2014-жылы 28-октябрда Абдилазиз Таштанбаевдин чакыруусу менен үйдөн чыгып кеткен. "Турдугүл эже, текшерүү келиптир. Почтага тез келиңиз" деп чалганын кызы угуп калат. Кызы райондун борборуна паспортун алуу үчүн жөнөп жаткан экен, апасы болсо жумушка кетет. Кызы паспортуна барып келсе дагы апасы үйүнө келе элек экен, анан издеп телефон чалыптыр. Чалса "Мен почтага келсем эч кандай комиссия жок экен. Абдилазиз, аялы болуп үчөөбүз сүйлөшүп атабыз. Азыр сүйлөшүп бүтүп эле барам" дептир. Арадан 3-4 саат өтүп кетсе да келбегенинен кайра телефон чалса, албайт экен. Кайра-кайра чалса да албаптыр. Анан "Апа, каяктасыз? Иним ыйлап атат, тезирээк келиңиз" деп СМС-билдирүү жазса, "Бир жерде отурам, анан барам" деп жооп келиптир. Кийин белгилүү болгонуна караганда, бул учурда сиңдимди өлтүрүп коюп эле, анын телефонунан СМС жиберип кое беришиптир. Көрсө, ошол мезгилде Таштанбаев Абдилазиз келинчиги Жыпаргүл Таштанбаева менен биргеликте менин сиңдимди алдап унаага салып, аялынын жоолугу менен муунтуп, балта менен чаап, почтанын жанынан эле өлтүрүшкөн экен. Түнү менен Дара айыл өкмөтүнүн аймагына, тоо тарапка алып барып, жерди бир аз эле казып, таштар менен өлүктү бастырып коюшуптур. Анын телефонун кадимкидей эле пайдаланышып, кызына "Силер кабатыр болбогула, мен Ошко Шапаат эжеңдикине баратам" деп жазат. Кийимдери, паспорттору үйдө калганын көрөт кызы. "Мен Ошко жетип алдым" деген билдирүү келет. Шапаат эжеси анын келбегенин айтат. Анан "Апам эмне болуп калган?" деп кызынын ою бузула баштайт. Иним Чыңгызга дагы "20 миң сал" деген билдирүү жиберет. Иним түшүнбөй "20 миң сомбу же долларбы?" деп билдирүү жазса, жооп бербейт. Бир нече күндөн кийин иниме орусиялык номерден "20 миң сал десем салбадың, мен Орусияга аман-эсен жетип алдым. Иштеп жатам" деп жазат.

"Иттер сиңдимдин сөөгүн сүйрөп чыгышыптыр"
- 22-январь күнү толук мүчөсү жок адамды иттер сүйрөп бара жатканын элдер көрүп калып, милиция органдарына кабарлашкан. Аны телевизордон жарыялаганда менин туугандарым барып, сиңдимди тагынган сөйкө-шакектеринен, кийимдеринен таанышты. Көрсө, Абдилазиз менен аялы сиңдимди өлтүрүп, анын телефону аркылуу бизди алдап жүрө бериптир. Орусиядагы досуна чалып, "Мен сага бир СМС жиберем, сен ошону бул номерге кайра Кыргызстанга жиберип кой" деп сураныптыр. Сиңдимдин жолдошу Россияда иштечү, ал бул номерди издетсе, көп жылдан бери пайдаланбай жүргөн сим-картасынан жиберген экен. Ошко, андан ары Россияга кетип, ошондон нары жоголуп кетти дегендей уюштурабыз деп ойлошкон окшойт. Менин сиңдим ак экен, минтип
сөөгү жердин бетине чыгып калды.

"Аялы да кармалышы керек"
- Биз Баткендин РИИБине барып "Буга чейин дагы ушул эле айылда башка почточулар да өлтүрүлүп, ал иштердин бети ачылбай калып калган. Бул иштин антип калып калышына биз жол бербейбиз. Тезинен тапкыла. Мына, шектүү делген Абдилазиз турат, эмнеге аны кармабай атасыңар?" деп айттык. Алар бир жума убакыт берүүбүздү суранды. Бир жума эмес, бир ай өтүп кетсе дагы кармашкан жок. Бишкектен Ички иштер министринин орун басары Сатыбалдиев Калыбекке кирип болгон окуяны айтып бергенибизде, бир топ жетекчилерди чакырып "Баткенде ушундай окуялар болуп атыптыр. Тезинен Баткенге барып окуяны ачыкка чыгаргыла" деп тапшырма берди. Ушул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, Сатыбалдиевге ыраазычылык билдирип кетейин. Атайын топ түзүлүп, Баткенге барып эле Абдилазизди кармаганда, ал мойнуна алыптыр. Бул бети жок кайра рахмат айтыптыр "Ушундай оор жүктү мойнумдан алып салганыңарга рахмат!" деп. Ошентип ал камакка алынды, бирок аялы боштондукта жүрөт. Угушума караганда, психиатриялык ооруканага түшкөнгө аракет кылып жатат. Ушинтип ал жоопкерчиликтен кутулуунун жолун издеп жатат. Ал ошол кылмышка түздөн-түз тиешеси бар адам, ал да кармалышы керек. ГУУРдун кыматкерлери бул иштин бетин дароо эле ачып коюшту, эмнеге аны Баткендин милициясы ачкан жок. Мен ошол Баткен РИИБинин кыматкерлерине нааразымын.

"Адилеттүүлүгүнүн аркасынан киши колдуу болуп отурат"
- Сиңдимдин эки уул, бир кызы бар. Ал мектепте окуп жүргөндө эле апамды тартып тикмечиликке чебер жан эле. Почтада иштеп жүргөндө үч күн пенсия, пособиелерди тараткан соң, эртеси айылдагы эжелер Турдугүлгө көйнөк, пардаларын тиктирчү. Эч кимге зыяны жок жан эле. Ушул адилеттүүлүгүнүн аркасынан ушинтип киши колдуу болуп отурат.

Сөз аягы
Буга чейин дагы 2007-жылы ушул эле айылда почтанын Каныбек аттуу дагы бир кызматкери өлтүрүлгөн эле. Ушул күнгө чейин бул иштин бети ачылган эмес. Балким, бул жолку кылмыш иши менен анын да байланышы бар чыгар. Муну тиешелүү органдар иликтеши керек. Эгер байланышы жок болгон күндө дагы, 2007-жылдагы бул кылмыш ишинин жазасыз калышы азыркы кылмыш ишинин болуп жатканына шарт түзүп берип жаткандыр.