КРнын Эл артисти Сардарбек Жумалиев:
"Казактарга талашка түшкөн "Таң сыры""
"Кичине дебеңиз мени, көтөрүп чабамын сизди" өңдүү сөздөр бекеринен айтылбайт чыгар. Каухар таштай көтөрүмү оор, бүткөн бою музыка жыттанган бир өнөр адамы бар. Ал көптөгөн жанга жагым обондордун эгедери гана болбостон, талант даарыган дирижёр экени талашсыз. Ушул сыйкыр таягы менен бүтүн симфониялык оркестрди башкарып турган дирижёр Сардарбек Жумалиевдин музасына сапар алдык.

- Сөздү чыгармачылыкка ээ болгонго чейин балтыр тилген балалыктан баштаган оңбу деп турам, бул суроолор сизге тааныш болсо да, жаратылыштын башатынан баштаган жөндүү да...
- Кант районуна караштуу Жар-Башы айылында балалыгымдын изи калды. Бала чагымдан эле музыка ышкыбозу болдум. Борборубуздагы П. Ф. Шубин атындагы музыкалык мектепте окуп, Кыргыз мамлекеттик М. Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайынын эл аспаптар бөлүмүндө окуумду андан ары уланткам. Таланттуу окутуучуларым Г. Н. Коган, К. Үкүбаевдерден балалайка, мандолин, комуз чертүү боюнча сабак алгам. Бала кезден бери кызыкканымданбы, айтор, ушул аспаптарды эркин ойноого жетиштим. 2- курстан баштап Т. Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясынын К. Орозов атындагы академиялык эл аспаптар оркестринде өркүндөтүлгөн комузда, балалайкада ойноп калдым. Ошону менен катар ал оркестрдин алдындагы комузчулар ансамблинде классикалык күүлөрдү чертчүмүн. Окууну бүткөн соң, оркестрде иштеп калдым.
- Оркестрде иштеш да түмөн түйшүктү жаратабы?
- Ооба, музыканын бул тармагы өтө татаал. Оркестрде иштей баштаганымдан тарта оркестрлештирилген күүлөрдү, ырчылардын аткарган ырларын, композиторлордун чыгармаларын уктум. Элдик шайырлар Карамолдо, Ыбырай, Токтогул, Атай, композиторлор А. Малдыбаев, Ж. Шералиевдин жана башка авторлордун чыгармаларын оркестрде ойнодук. Мына ушулардын бардыгы обон чыгарып, музыка жазышыма күчтүү таасир этти. Жан дүйнөм козголуп, обон жаза баштадым.
- Агай, эргүү айттырбай келет дейт...
- 1966-жылдан баштап, мукамдуу кайрыктарды эшитип, обон жаза баштадым. Кийин 1967-жылы кыргыз эстрада ансамбли уюшулганда мурдатан жазып жүргөн ырларымдын баарын алып чыгууну чечтим. Алгач "Дзержин бульвары" аттуу ырымды элиме тартууладым. Бул ырдын жазылышына "Ала-Тоо" кинотеатры темир жол вокзалына чейинки Дзержин көчөсүнүн келбети, көрк берип турган көрүнүшү себеп болду. Анткени, көчөнү аралап жай басканда мага музыка жаз дегендей жебедей сызган ыргактар кулагыма шыбырагансып, шыктануума түрткү берди. Ушул ырым ак жолтой ырлардан болуп, анын артынан "Ысык-Ата арашан", "Толкундар", "Жайкы түндө назик үн", "Жаңы жылды тосолу", "Таң сыры", "Кыргыз жерим-кымбатым", "Сары-Челек", "Сен менин жазылбаган ырларымсың" аттуу жана башка эңсөө, арноо, кусалануу, кумарлануу маанайындагы лирикалык ырларым жарык көрдү. Бул ырларымдын багын ачкан биздин ырчы кыздарыбыз Г. Момушева, Д. Жалгасынова, К. Сартбаевалар эл арасына тартуулады.
- Эң биринчи жолу оркестрге чыккан күнүңүздү эстей кетсеңиз?
- Алгачкы жолу оркестр менен сахнага чыкканда толкундоолор болбой койбойт. Антип толкунданбасаң, музыка дүйнөсүнө сүңгүп кире албайсың. Убактыңды текке кетиргендей акыбалга туш келесиң. Супсак тамак ичкендей эле болосуң. Ар бир концертке чыккан сайын ошол толкундоолор кайра эле жан дүйнөңдү бошотпойт. Бир-эки номерден соң баягы толкундоолор өзүнөн- өзү сенден караанын көрсөтпөй кайып болгондо, музыка дүйнөсүнө эркин чабак урасың. Азыркыга чейин биринчи чыккан толкундоолор дале да көз алдымдан кетпейт.
- Залкарлар арасында жүргөнүңүз сиз үчүн сыймык болсо керек?
- Мен дирижёрдук боюнча сабакты композитор-дирижёр, КРнын Эл артисти Насыр Давлесовдон, музыкалык окуу жайында окуп жүргөндө КРнын Эл артисти, Социалисттик Эмгектин баатыры Калый Молдобасановдон алдым. Калый агайдан бир жылдык сабак алдым. Анын дирижёрдук өзүнчө ыкмасы бар. Көп жыл залкар дирижёр Асанкан Жумакматов менен иштештим. Агайдын да өзүнө гана тиешелүү ыкмасы, тажрыйбасы бар. Оюна эмне "кылт" этсе, ошол нерсени ишке ашырмайынча жаны тынчу эмес. Албетте, ар бир чыгармачыл улуу таланттын өз почерки болот эмеспи. А. Жумакматов Эл аспаптар оркестри үчүн күүлөр менен ырларды өтө бийик чеберчиликте иштеп чыкканына күбө болдум. Менде ушундай залкар инсандардай бийиктикти багындыруу, ага умтулууга кыял чабыттар жетеледи.
- Коңшулаш өлкө талашкан "Таң сыры" тууралуу билсек?
- "Таң сыры" ырына обон жаратканда устатым К. Молдобасанов келип колумду кыса: "Таң сыры-өлбөс, өчпөс чыгармага айланат",-деп өз баасын берген. Балким, мыкты чыгарма жаралса, талаш-тартышка түшсө керек. Түкөм (Т. Казаков) айтып калды: "Казактардын композитору меники деп айтып жүрөт",- деп. Азыркыга чейин "Таң сыры" казактардын элдик ырындай болуп калды. Ырыңды сүйүп берилүү менен ырдашса, албетте, мен үчүн чоң жетишкендик да. Актан Исаевдин калемине таандык. Ал менин бөлөм болот. Азыркы жаштардан Мирбек Атабеков мыкты ырдап чыгыптыр. Башка ырларымды да ырдап чыга бер деп Мирбекке ак батамды бергем.
- Дирижёр сиз үчүн...
- Эң негизгиси, дирижёр баарынан эки эсе өйдө турушу шарт. Ар биринин мүнөзүнө жараша мамиле жасап, иш алып барыш керек. Дирижёр, эң негизгиси, кулагы сак болушу абзел. Каардуу, жумшак дирижёрлор да бар. Мен жумшак мүнөз дирижёрмун. Аны менен бирге иште катуу болуп, талап кылганды да билүү керек.
- Жеке жашооңуз кандай болду экен?
- Келинчегим Гуля Мамбетова өйдөдө-өбөк, ылдыйда-жөлөк. Бекеринен чыгармачыл инсандын жары болуш кыйын дебестир. Чыгармачылыктын чыйыр жолун тандасам да, мени менен бирге ысык-суукка чыдап, өмүр сүрүп келүүдө. Балдарыбыз Гүлзат, Нурзат жана Данияр. Биздин бар байлыгыбыз ырыскыбыз ушул балдарыбыз. Менин жолумду балдарым жолдобосо да, неберелеримден композитор, бир чоң музыкант чыгат го деген ойдомун.
Динара Асылбекова