Депутат айымдардын көйнөгүнүн узундугун мыйзам aныктайт
Жогорку Кеңештин Регламент жана депутаттык этика боюнча комитетинин кечээки жыйынында талкууланган мыйзам долбоорунда парламентте өтө ачык түстөгү, өтө кыска кийим кийүүгө тыюу салынат. Бул шарттарды көзөмөлдөй турган депутат Асия Сасыкбаеванын билдиришинче, дароо көзгө урунчу шуру, сөйкө тагынуу, ашыкча боёнуу жана өтө жыттуу атыр себинүү да максатка ылайык эмес деп табылат.
Кыз-келиндерге кара, боз, ачык-боз, кара-көк, күрөң, агыш түстөгү классикалык костюм жана көйнөк, эркектерге олуттуу стилде кийинүүгө кеңеш берилет.
Бул мыйзам парламентте намазкана ачууга жетишкен депутат Турсунбай Бакир уулу кыска көйнөк кийген депутат айымды көрүп, чалынып жыгыла жаздаганын интернеттеги баракчасына жазгандан кийин сунушталууда. Көйнөктүн узундугун Бакир уулу же башка ким ченей турганы жана "өтө кыска көйнөк" кийгендерге кандай чара колдонулары анык эмес.

Ө.Текебаев:
"депутаттардын кылмышы аныкталса,
камаш керек"
Эгер азыркы депутаттардын кылмыш жасаганы аныкталса, аларды козу жетелегендей жетелеп барып камаш керек. Мындай оюн Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаев парламенттин эркиндиги, депутаттардын кол тийбестиги жана мамлекеттик органдардын депутаттарга карата болгон мамилесин талкуулоо жыйынында билдирди.
Ал Нариман Түлеев менен мамилеси жакшы экенин белгилейт. "Менин да Нариман менен мамилем жакшы. Тергөө иштери көп убакытты алат. Балким, тергөөнүн жүрүшүндө анын баш коргоо чарасы өзгөрүшү мүмкүн" - дейт ал. Ошондой эле ал депутаттардын убактылуу кармоочу жайда отурушу коом арасында "депутаттар дагы жоопко тартылат турбайбы" деген жакшы пикир калтырышы мүмкүн экендигин айтты.

паспорттун мөөнөтү
15 жылга узартылды
Кыргызстанда жарандардын паспортунун мөөнөтү 15 жылга узартылды, Мындай маалыматты ЖКнын депутаты Р.Жээнбеков билдирди.
Р.Жээнбековдун айтымында, 3-окууда бир катар депутаттардын сунуштары эске алынды."Жарандардын паспортторунун мөөнөтү 10 жылдан 15 жылга узартылды. Ошондой эле 50 жаштан кийин жарандарга паспортторду алмаштырбоого мүмкүнчүлүк түзүлүүдө. Ал эми паспорттогу үй-бүлөлүк статус боюнча жана жашаган дареги боюнча графалар алынып салынды. Бул бир катар жарандык уюмдардын сунушу менен киргизилип жатат", -деди ал. Талкуу учурунда депутат Абдыжапар Бегматов паспортто жарандардын жашаган дарегин калтырып коюш керектигин айтты. "Эртең эле жергиликтүү кеңештерде шайлоо болот. Жарандардын жашаган жерин паспортто көрсөтүп койбосок, бир шайлоо участогуна шайлоочулар топтолуп, шайлоодо башаламандык болот", - деди ал.


жаратылыш газынын баасы жыл башынан бери 10,7 пайызга кымбаттады
Кыргызстанда жаратылыш газынын баасы январь-май айларынын жыйынтыктары боюнча 10,7 пайызга кымбаттады. Мындай маалымат Улуттук статистика комитетинин ар айлык талдоосунда берилген.
Маалыматка ылайык, быйылкы жылы жаратылыш газын сырттан импорттоонун көлөмү да көбөйдү. Алсак, январь-апрелде Кыргызстан сырттан 140,8 миллион кубометр газ сатып алган. Мында газды импорттоого 33 миллион 827 миң доллар сарпталган. Газды импорттоп алуу былтыркы жылдын январь-апрелине салыштырмалуу 18,4 пайызга көп болду.