Нурмат Садыров:
"Сүйгөнүмө жолугууга барганда, инилеримди, классташ балдарымды ээрчитип алчумун"
Соңку учурда "Сүйгөн жүрөгү" менен жаштардын, айрыкча, селки кыздардын арзуусуна ээ болуп келген Нурмат Садыровду сөзгө тартып, жалаң сүйүү туурасында кыскача маек курганбыз.

- "Сага ишенем" дей албагандан кийин, "сени сүйөм" деген сөздүн мааниси барбы?
- Мааниси бар. Сүйбөсө кантип анан ал адамга ишеним артмак эле? Кээ бир адамдар сүйөт, а бирок ишенбейт. Албетте, башка эле бир жүрөктү "мени сүй" деп башкара албайсың да. Бир кызды сүйүп калсам, үй-бүлө курмайынча аны сүйгөндүгүмө ишенбесем керек .
- Демек, сиздин жүрөк азырынча бош экен да?
- Ооба. Эми сүйүү десе эле көрүнгөн кыз менен кол кармашып алып, паркты айлануу эмес да. Мен дагы жүрөккө жаккан адамыма жолугуп, баш кошсом дейм.
- Бир көчөдө, же коңшу айылда сиз жактырган бийкеч жашап жаткан болсо...
- Бул сурооңо балалык дептеримди барактап жооп берет окшоймун. Мен жактырган кыз менден алыскы айылда жашачу. Түн жамынып ал кызга барар элем. Эгер ошол учур азыр келсе, өз сүйүүм үчүн күрөшмөкмүн. Мен сүйүүнүн эмес, сүйүү менин кулум болуп жашамак.
- "Айлуу түндө келем сага" деген ыр саптары бар го. Сиз дагы айлуу түндү акмалап, селкилерге баргансызбы?
- Айылдаш кызды сүйүп калып, күнүгө ага жолугушууга барчумун. Жалгыз баргандан уялып, инилеримди, классташ балдарымдын баарын ээрчитип алар элем. Ал кызга жолугуп, айыл кечи, жылдыздуу түндө сүйлөшкөндөн кийин сүйүнүп, кудуңдаган боюнча келген жолума кайра кетчүмүн. Ошентип, Наргиза аттуу кыздын артынан далай чуркап, сүйүүнүн ысыктыгын билдиргем. Бирок ал жөн гана балалык сезимдер экен.
- Бир убакта эки адамга сүйүү сезимин билдирүү мүмкүнбү, же балким, ал адам бирөөсүн чын сүйсө, бирөөсүн кызганычтан эле сүйгөн сыяктуу болобу?
- Болушу мүмкүн. Ошол эле кыз менен сүйлөшүп жүргөнүмдө катарлаш дагы бир кыз менен сүйлөшө баштадым. Анын аты Аида, классташымдын карындашы болчу. Бир күн Наргизага, экинчи күнү Аидага барып жүрдүм. Айылда ким-ким менен жүрүп жатат, дароо угулат да. Мектепте жүрсөм үч бурчтук формасында кат келди. Ичин ачсам:"Сен Наргиза менен жүрөт турбайсыңбы?"-деп Аидадан келген кат экен. Кызыгы ошол эле күнү дагы бир кат келди. "Сен Аида деген кыз менен жүрөт турбайсыңбы?"- деген кат ээси Наргиза болуп чыкты. "Эки тоонун чөбүн эңсеген эчки ачка калат" деген макал бар го. Мен дагы дал ошондой болдум. Эки кыз менен мамиле курам деп, экөөнөн тең кур жалак калдым.
- Сүйүүңүздүн оту өчүп, күлү калбай калды беле?
- Арадан убакыттар өттү. Эр жеттик, турмушка болгон түшүнүгүбүз өзгөрүлдү. Ырчы болуп айылга концерт коюп барсам, Аида менден кол тамга сурады. "Какшыктабай эле номеримди жазып ал, байланышып турабыз",-десем, Аида: "Эми ал кезде тоок сүйүү болгон да. Кол тамгаңды бер, сактап жүрөм",- деген сыяктуу сөздөрдү айтты. Балалык сүйүүнүн жалыны ошол бойдон өчтү.
- Андан кийин айлуу түндү акмалай элексизби?
- (Күлүп) Борборго окууга келгенимде, дагы бир кыз менен таанышып калдым. Экөөбүз бир-бирибизге абдан ынак болуп, бат эле көнүшүп кеттик. Бир жолу кечинде баргам, үйүндө эч ким жок экен. "Жүр, кирип сүйлөшөбүз",- деп үйүнө киргизди. Чамасы түнкү саат он эки болчу. Экөөбүз сүйлөшүп олтурсак, байкеси келип калды. Эмне кыларыбызды билбей терезеден секирип түшмөй болгонумда, кыз коркуп кетти. Анткени, алар төртүнчү кабатта турушчу эле. Айлабыз кетип экөөбүз окшошуп, корккон коёндой болуп мостоюп турабыз. Эшик ачылды, байкеси кирип келди. Көрсө, байкеси мен жөнүнө бардык маалыматты билет экен. Таң атканча мени маңдайына олтургузуп алып: "Бул сүйлөшүүңөр жоопкерчиликтүү болсун. Эгер менин карындашымды таштап кетсең, анда башкача сүйлөшөбүз",- деп насаат айтты. Мен "макул" дедим, бирок ал кыз башка бирөөгө турмушка чыкты.
- Кийин балдарыңыз сизден: "Ата, алгачкы сүйүүңүз ким эле?" деп сурашса, жүрөк түпкүрүндө катылган биринчи сүйүүңүздүн сандыгын ачасызбы, же "Апаң болчу" деп шарт эле айта саласызбы?
- Эми ар бир нерсенин өзүнүн орду болот. Эгерде балдарым сурашса, албетте "Апаң болчу" деп жооп бермекмин. Анткени, менин оюмча, келечектеги жубайым менин таза сүйүүм болот. Мен бул нерсеге толук кепилдик бере алам. Атам да мага апамдан башка сүйүүсүн айткан эмес. Мен дагы апасынан башка сүйүүмдү балдарыма айтпайм го, ха-ха-ха...
- Эркектер жактыргандан кийин тааныйт, аял тааныган сайын жактыра баштайт экен. А сизчи?
- Мм... мен деле келбетинен, турган турпатынан жактырып, ал адам мени өзүнө тартса, албетте, таанышканга умтулам. Ал кыздын эң биринчи адамдык мамилесин билгенге аракет кылам.
Жылдыз
Абдыкерим кызы