Бутуңузду
узарткыңыз
келсе...
Статистика боюнча мырзалар алгач айымдардын жүзүнө, андан соң бутуна карашат экен. Ошол себептен ар бир айым бутунун узун жана түз болушун каалайт. Эгерде ушул көйгөйдөн арылуунун оңой жолун таппай жүрсөңүз, анда бул кеңеш сиз үчүн, айымдар.


Бутту узартуу үчүн, эң биринчиден, түз басуудан баштоо керек. Белиңизди түздөп басуу бутка бир нече сантиметр кошуп турат.
Бийик такалуу бут кийимдер баарына эле жараша бербейт. Ошол себептен, стилисттер айымдарга такасы 5 см болгон бут кийим кийүүнү сунушташат.
Модадан түшпөй келген жинсы шымдар менен бутуңузду эч убакта узун көрсөтө албайсыз. Андан көрө классикалык стилдеги эч кандай тиликтери, сүрөттөрү, чөнтөктөрү жок түз тигилген шымдар бутту узун көрсөтөт.
Эгерде кыска юбка кийген болсоңуз, өтүгүңүз узун болушу керек. Узун юбка кийгенде кыска өтүк кийүү туура болот.
Калориялуу суусундуктарды ичкенден качыңыз. Эгерде такыр эле чыдабай шире ичкиңиз келсе, жаңы сыгылган жемиштердин ширесин ичсеңиз болот. Бирок аз өлчөмдө гана. Күнүнө сегиз стакан суу ичип туруңуз. Чай же кофеге шекер, каймак кошпостон ичүү керек.
Күнүгө бат-баттан басып сейилдеңиз. Салкын абада сейилдөө ашыкча майлардан арылууга жардам берет. Дайыма 20-30 мүнөттөн сейилдеп турсаңыз, айрыкча бутуңуздагы майлардын кете баштаганын байкайсыз.
Бутка дайыма кам көрүп жүрүү ден соолукка да пайдалуу. Анткени, денедеги органдарга тарачу нервдик системалары тамандан аяктаарын япондук медиктер далилдешкен.
Бутуңузга кам көрүңүз
Бутка кам көрүү үчүн сөзсүз түрдө сулуулук салондоруна баруу кажет эмес. Үйүңүздөн эле төмөндөгү элдик каражаттар менен кам көрсөңүз болот.
Алгач ысык сууга самындан бир аз эритип, лимон ширесин, бут ваннасы үчүн чыгарылган дарылардан кошуп, бутуңузду саласыз. Ысык сууга суу май, кастор майларын кошсо да жакшы натыйжасын берет. Негизинен, бутту нашатырь майы менен аш соодасы жакшы жумшартат. Суу муздаган сайын, дагарага ысык суудан куюп туруңуз.
1 литр сууга майдаланган чалкандан 2 чай кашык кошуп, бир нече убакытка коё турасыз. Андан соң,
10 мүнөт салып, жууп бүткөн соң кургатып, камсыздандыруучу кремди сүйкөп, массаж жасаңыз.
2 чай кашык чалкандын майдаланган тамырын 1 стакан суу майга кошуп, бир мүнөт кайнатып, муздатып, бутка сүйкөсөңүз да жакшы жардамын берет.
3 аш кашык ромашкага 1 литр кайнак суу куюп, үстүн жаап, коё турасыз. Бут күйбөгүдөй болуп калганда бутту салып, муздагычакты отуруңуз.
1 чай кашык лимон согуна 100 гр быштак жана айрандан кошуп жарым саат жапса, бут кургабай нымдашып, назик болот.
Майонез сүйкөсөңүз, бут жумшарат.
Картошка пюресинен жасалган маска да жумшартат.