Нурлан Алдаяров өрдөктү "өлдөк" дегенде...


"Бала чагымда мени "Чабандес" деп аташчу"
Билинбей эле арадан убакыт өтүп кетиптир, быйыл 10 жылдыгым болот. Менин балдай ширин балалыгым Кочкор районунун Ормон-Хан айылында калды. Азыр ал күндөрдү эстегенде бир жылмайып сагынып калам. Кичирээк кезимде башка балдардай эле шок болдум. Көбүнчө көчөгө чыгып токмок жеп келгенде үйдөгүлөрдөн коркчумун, анткени, мага үйдөн эч ким болушчу эмес, тескерисинче, урушчу. Үйдөгүлөрдүн баары жакшы окушту. Мен эле окууга көп кызыга бербедим. 1-5-класска чейин Зайнидин Иманалиевдин комуз ийримине барып жүрдүм. Бирок, мен ат оюндарына абдан кызыгып, ат үстүндөгү жарыштарга чыгып дайыма биринчи келчүмүн. Ошондон соң мени айылдагылар "Чабандес" деп атап калышкан. Мен кичине кезде өтө таланттуу элем: комуз чертип,сүрөт тартып, чуркап, стол теннисин ойноп көп жолу райондук сынактардан дипломдорго ээ болгом. Ушул убакка чейин келип бир адамга таарынып, кек сактай элекмин. "Сен жаман көрсөң, жаман көр, мен сени жаман көрбөйм" деп келем.
"Сүйүүгө туруктуумун"
Сүйүүдө мен өтө романтикмин жана туруктуумун.Алгачкы сүйүүмдү 9-классымда бир кызга арнагам. Экөөбүз 8 жыл сүйлөштүк. Мен ырчы болуп кетип көп көрүшпөй алыстап кеттик. Азыр ал үй-бүлөлүү. Эсимде бир жолу кечинде сүйлөшкөн кызыма барган сайын экөөбүз элдер көрсө уят деп бактын түбүнө жашынып алып сүйлөшөр элек. Бир күнү бактын түбүндө отурсак, бактан бир бала кулап түштү. Көрсө, менин сүйүүмө ишенишпей досторум текшеребиз деп мен барар маалда бактын башына чыгып кетишиптир. Эми бала кезде кызыктуу окуялар көп болду. Бир жылдын аралыгында үйлөнсөмбү деген ойдомун. Анда азыркыдай 2-3 айлап жүргөн гастролдорду 2-3 күнгө кыскартам. Байкап жүргөн 2-3 кызым бар. Буга чейин үч кыз менен мамиле курдум. Мага эрке кыздар жагат. Досторуңдун арасында, үйдө кандай эркелегенди билсе жакшы го. Анан баарын айттырбай, мени кийлигиштирбей аткарса дейм, кыскасы, акылдуу болуш керек.
"Үй-бүлөдө баарыбыз өнөрлүүбүз"
Атам мектепте директор, апам мугалим болуп эмгектенет. Мен төрт бир туугандын үчүнчүсүмүн, агам бар үй-бүлөлүү, эки иним бар. Кичүүбүз быйыл 11-классты аяктап атат. Ата-энем менин ырчы болорума аябай каршы чыгышкан, анткени, мени койчу кылабыз деп ойлошкон экен. Талантың жөн койбойт да, ырчы болууну катуу самагандыктан жаштын тилегин берет экен. Ата-энемди көндүрүп шаарга келип окууга өттүм, азыр, кудайга шүгүр, өзүмдүн күйөрмандарым бар,ата-энем мени менен сыймыктанат.
"Бек байкенин"Гүлсара" деген ыры менен сахнаны аттагам"
Биринчи мен радиолордун биринде кароолчу болуп иштечүмүн. Бир күнү Мая деген кыз мени Жаныбек Борбиевге барып ырдап көрбөйсүңбү деген сунуш киргизди. Андан көп өтпөй Бек байкеге барып жолуксам, менин ырдаганымды жактырып, "Гүлсара" деген ырын мага берип, ушул ыр менен сахнаны аттагам. Менин көптөгөн ырларым Бек байкенин калемине таандык. Чыгармачылыкка баш-отум менен киришип иштебегендиктен кыйынчылыктар жаралган жок. Азыр жаңы "Студенттик күндөр" деген ыр жаздырдым. Буюрса, жакында күйөрмандарыма тартуулайм. Учурда 20дан ашык ырларым бар. Мен гастролдоп канчалаган күйөрмандарыма жагымдуу маанай тартууладым. Ошондой күндөрдө ар кандай адамдарды көрөсүң. Көптөгөн кызыктуу окуяларга туш болосуң. Бир жолу гастролго чыгып, караңгыда машина менен кетип баратсак мас киши аты менен карагай сүзүп жерге жатып калыптыр. Биз адам катары тургузуп, ооруканага алып барсак, ал жерден: "Булар мени машина менен сүзүп кетишти",- деп чыр чыгарып кирсе болобу. Анысы аз келгенсип, өзү мас болсо да машинамдын номерин жаттап алыптыр. Ошентип жардам кылабыз деп бир күн РОВДа жүрдүк. "Өлүктөн эмес тирүү адамдан корк" деп бекеринен айтпаса керек.

Майрамбек Алдаяров, агасы:
"Өрдөктү "өлдөк" десе аябай күлчүбүз"
Биз үйдө жалаң эркек болгонубузга карабай ынтымактуубуз. Баарыбыздан Нурлан өтө ак көңүл, адам менен бат тил табыша алат. Кичирээк кезинде эшиктин астында көлчүккө барып алып дайым кагаздан өрдөк жасатып тили келбей "өлдөк-өлдөк" деп ойносо, аябай күлчүбүз. Айылда свет көп өчөт да, ошондо свет жок деп жатып албай атам комуз чертип, апам бизди кошуп ырдатып, көңүлдүү отурчубуз. Ошол убакта эле Нурланды ырчы болот дечүмүн. Азыр эми үйлөн десек, "Өзүмө ылайыктуу кыз тапсам эле үйлөнөм",- дейт. Чыгармачылыгына биз да дайым жардам берүүгө даярбыз, өзү таланттуу иним.

Дастан Алдаяров, иниси:
"Бек Борбиевдин кассетасын чайнатып алып, абдан ыйлаган"
Баарыбыздан өзгөчөлүгү абдан кичи пейил, адам менен бат тил табышып кандай учур болбосун шайыр жүрөт, эч качан жалгыз калбайт. Керек болсо жаңы таанышкан адамы менен да дос болуп кетиши мүмкүн. Айылга ырчылар барганда, биз эшикте кире албай жүрсөк, байкем кирмек турсун кошо алар менен аралашып кетчү. Тартынуу деген жок, айылда да таанымал Нурлан болгон. Кандай той болсо барып ат чабышка түшчү. Кыздар менен көп сүйлөшчү. Бирок сүйүүгө туруктуу десем болот. Кандай гана жумуш болбосун майын чыгара жасайт. Буудай, картошка айдаганда талаада жалгыз кайтарып кала берчү. Ошол маалда кыйкырып ырдап көнүп алган, талант бар, ошол талантты өркүндөткөнгө аракет кылбайт. Мен деп жулунуп бирөөгө атаандашканды жаман көрөт, болбосо азыр да жылдызы жанып турмак. Атам бир жакка кетип атканда китеп берип, "мен келгиче жаттайсыңар" дечү. Андайда Нурлан байкем уктабай жаттап, атамды сүйүнтчү. Бир жолу атам үйдө жок кезде Бек байкенин ыры жазылган жалгыз кассетаны Нурлан байкем чайнатып алыптыр, мен келип "атама айтам, өлтүрөт" десем коркуп аябай ыйласа, кайра боорум ооруду эле.

Темирлан, кичүү иниси:
"Нурлан байкемди ээрчип ыйлачумун"
Мени кебете жагынан Нурлан байкеме окшоштурушат. Буюрса, мен да ырчы болгум келет.Байкелеримдин баары тең сүрөт тартып, комуз черткендиктен мен да алардан кем калбайм жана келечекте "элге кызмат кылам" деп көп аракет кылуудамын.Кичине кезимде Нурлан байкем жумушка кетип атканда ээрчип ыйлачумун. Азыр да көпкө келбей калса сагынып калам.Келгенде мага эч жумуш калбай калат. Өзү бардык жумушту жасап коёт.
Нурдин кызы Айчүрөк






about | A Free CSS Template by RamblingSoul

27-апрель, 2012-жыл






??.??