кыргыз кинолору сынчылардын сынында


Урматтуу окурман! Обондон "Оскар" аттуу жаңы саамалыктын аркасында, акыркы учурдагы тартылып, бирок киносүйүүчүлөрүнүн арасында алкыш да, нааразычылык да туудуруп жаткан кинолордун мыкты режиссёрлордун сынынан өткөрүүнү туура көрдүк. Бул рубрикада кино жаатындагы адистер тартылган кинолордун артыкчылыктары менен бирге катачылыктарын айтышмакчы.


Аталышы: "Аталар керээзи"
Чыккан жылы: 2005
Тарткан өлкө: Кыргызстан, Россия, Германия, Франция
Жанры: драма
Режиссёру: Нурбек Эген
Ролдордо: Наташа Ренье, Болот Тентимишов, Марат Жанталиев, Асан Аманов, Абсамат уулу Нурсеит, Марат Козукеев, Тынара Абдразаева, Мелис Шаршенбаев, Жеңишбек Сманов, Назира Орозалиева

Аталышы: "Айыл өкмөтү"
Чыккан жылы: 2004
Тарткан өлкө: Кыргызстан, Германия
Жанры: трагикомедия
Режиссёру: Эрнест Абдыжапаров
Операторлор: Талант Акынбеков, Жорж Хамицкий
Ролдордо: Күмөндөр Абылов, Асхат Сулайманов, Жамбыл Камчиев, Таалайкан Абазова, Болот Тилебалдиев, Тургунбек Бердалиев


Аталышы: "Белгисиз маршрут"
Чыккан жылы: 2008
Тарткан өлкө: Кыргызстан
Жанры: комедия, драма
Режиссёру: Темир Бирназаров
Башкы ролдордо: Дүйшөн
Байдөбөтов, Мукамбет Токтобаев, Асанкул Осмонов, Эгемберди Чалабаев, Табылды Актанов, Күмөндөр Абылов, Бакыт Мукул, Жеңиш Кангелдиев


"Аталар керээзи" Эркекке сандык жасаганы чоң ката"
Артыкчылыгы: Кыргыздын каада-салтын жакшы чагылдырып берген. Сандык жасагандан башкасын.
Кемчилиги: Бул кинодо эң чоң ката кеткен. Кыргыздын каада- салтында кызга сандык жасалып, анын себине берилет. Сандыктын эркекке жасалганын ушул кинодон көрдүм. Ал эми тартылуусуна, режиссёрдун эмгегине эч нерсе дей албайм. Анткени, өзүм ушундай кино тарта албай туруп, "Сынчынын сыңар өтүгү майрык" дегендей болбоюн да.
"Айыл өкмөттө" "Жер айдалып атат" деп ыйлаган жери жакпайт
Артыкчылыгы: Кыргыз киносу жоголуп баратканда тартылган кино. Кемчилиги: Аягында "жер айдалып атат" деп ыйлаган жери жакпайт. Ошондой эле башка динди үгүттөгөн адамды алдыга чыгарып, дин жолунда жүргөндү арткы планга жылдырып койгону дагы катачылык деп эсептейм.
"Обондун" "Оскарын" "Айыл өкмөтү" киносуна берем. Анткени, ар бир өлкөнүн өзүнүн стили бар. Ошол сыңары бул кинодо биздин өлкөбүздүн стилин көрсөтүп, ачып берген.
"Белгисиз маршрут" Грузин киносунун көчүрмөсү
Артыкчылыгы: Жакшы жагы негизинен кинону бир жерде туруп, чоң нерсени тартуу кыйын.Темир бул нерсени элге жакшы деңгээлде жеткире алды.
Кемчилиги: Мен үчүн жаңылык эмес. Бул грузин киносунун көчүрмөсү. Экөөнүн айырмасы: "Белгисиз маршрут " киносунда окуя автобустун ичинде чагылдырылса, грузин киносунда элдер жөө жүрүшөт.

"Аталар керээзи" кыргыздын жашоосун чагылдырган"
Артыкчылыгы: "Аталар керээзи"- чыныгы кыргыздын жашоосунан алынган кино.
Кемчилиги: Кемчилиги жок, баары жагат.
"Обондун" "Оскарын" "Аталар керээзине" берем. Анткени, мында кыргыздын каада-салты чагылдырылган.
"Айыл өкмөтү" тракторлордун жаңысын тартса болмок"
Артыкчылыгы: Айылдын турмушун жакшы деңгээлде чагылдырып берген.
Кемчилиги: Бир гана нерсесин айтам: тракторлордун жаңысын алып келип тартса болмок.
"Белгисиз маршрут" өтө эски сценарийде тартылган"
Артыкчылыгы: Бузулуп калган кыздын образы менен айрыкча кыздарды ыймандуулукка үндөгөнү жагат.
Кемчилиги: Автобустун ичинде эле жүрө бергени жакпайт. Азыркы деңгээлде тартылган кино эмес. Мурунку киного окшош. Өтө эски сценарийде тартылган.


"Аталар керээзин" көргөн эмесмин"
Обондун "Оскарын" экөөнө тең бербейм. Анткени, "Оскар" деген бул чоң нерсе. Ага жетүүнүн өзү кыйын.


"Айыл өкмөтүнүн" койду жуурканга жаткырган жери-кыргыз элин мазактаганы"
Артыкчылыгы: Акыркы жылдардагы көрүнүктүү кинолордун бири. Айрыкча милиция менен келиндин сүзүшүп калган жери жагат.
Кемчилиги: Койду уурдап барып, жуурканга жаткырып койгон жерин кыргыз элин мыскылдаган катары кабыл алам.
"Белгисиз маршрутту" кененирээк
тартса болмок"
Артыкчылыгы: Темир бул кинодо чоң маселени көтөрүп,азыркы эгемендүүлүккө кайдыгер карабаш керек дегенди көрсөткөн. Актёрлорду да туура тандаган. Идеясы жакшы.
Кемчилиги: Бул кинону автобустун ичинде эле эмес, кененирээк тартса болмок.






about | A Free CSS Template by RamblingSoul

27-апрель, 2012-жыл






??.??