"Баламды балдар үйүнө өткөрсөмбү?"


Мен өзүм кичине кезимден эле турмуштун оор сыноосунда чоңойдум. Апам менен атам мен төрөлгөндөн кийин эле ажырашып кетишкен экен. Мен таенемдин колунда өстүм. Апам болсо башка турмуш куруп кетти. Ал турмушунан деле бакыт таба алган жок. Өгөй атам арактын артынан сая түшкөн бирөө. Балалык кезимде деле теңтуштарым катары ойноп күлө алган жокмун. Мектепке барып келерим менен таажеңемдин балдарын багып, үй оокаттарына аралашып жумуш кылам. Ушинтип жүрүп 9-классты бүтүп тигүүчүнүн окуусунда окуп жаткан кезимде өмүрүмдө тааныбаган жерге ала качып кетишти. Отурбайм дегениме карабастан таежелерим отургузуп коюшту. Чынында, эч бир жашаганга көңүлүм жок эле. Жолдошум да эки күндүн биринде мас болуп мага кол көтөрүп, ал аз келгенсип кайын журтум мени басынтып: "Сенин болушар кимиң бар эле, жетим?" дегенге чейин барышчу. Чынында, менин болушар адамым жок болчу. Арадан күндөр өтүп балалуу да болдум, бирок чыдап жашай албай койдум. Акыры ажырашып, шаарга келе бердим. Азыркы учурда шаарда кай жерден жумуш чыкса ошол жерге баш калкалап балам экөөбүз жан чыдагыс жашоодо жашап жатабыз. Азыркы акыбалым тууралуу апама да айткан жокмун. Себеби, анын да меникинен башка көйгөйлөрү башынан ашат. Балама болгону 8 гана ай болду, балдар үйүнө өткөрөйүн дейм, ага жүрөгүм чыдабайт, жаш болсом да энемин да. Өзүм көргөн тагдырды баламдын көрүшүн каалабайм. Кайрадан артка кайрылып таенемдикине барайын дейм, бирок жалгыз, балалык кезимде батпаган жаным, азыр балам менен кайдан батмак элем? Иштейин десем туруктуу иш жок же мен байкушта документ да жок. Кайда барам, кимден жардам сурайм, баламды кантип багам, балдар үйүнө өткөрсөм, кийин кайра ала аламбы же балам мени кечирбей коёбу? Ушул суроолор менин жан дүйнөмдү оорутуп кыйнап келет.

Саадат, Бишкек шаары


Алтынбек ИСМАИЛОВ, акын:
"Урматтуу Саадат айым, Уулуңузду суранам, таштабаңыз?!"
Арак ичип,
тагдырын талкалаган,
Ар-намысын,
абийирин балталаган.
Арсыздардын айынан
кор болду го,
Асыл жарлар сиз
өңдүү канчалаган!..

Атам айтчу ар качан: "Сабыр кыл, ай,
Алдастаба, бекем бол табылгыдай.
Эч эсиңден чыгарба, эч эсиңден,
Эртели-кеч жазалайт баарын Кудай!"

Анан минтчү: "Биздин эл башкасы эмес,
Ала жипти эгерим аттачу эмес.
Адам түгүл, жокчулук баскан кезде,
Айбанды да талаага таштачу эмес"…

Айтор, жаман жорукту баштабаңыз,
Аман болсо, жетилет жаш балаңыз.
Уулу журттун урпагын жер каратып,
Уулуңузду суранам, таштабаңыз?!

Алтынай Нарбаева, ырчы:
"Саадат, кыйынчылыктарга бир аз чыдап кой"
Бул дүйнөгө аял заты болуп жаралган соң, эне болуш чоң бир милдет, ошондой эле бакыт дагы. Азыркы учурда канчалаган энелер төрөй албай балага зар болуп жүрөт. Саадат сүйүнсө болот, себеби, анын эне деген аты бар, жакшынакай баласы бар. Эми турмушта өйдө-төмөн боло берет. Кудай таалам бир эчкини жаратса да, эрменди кошо жаратат экен. Эми балдар үйүндө деле чоңойсо болот, бирок энесинин мээримине өксүп, ошол эле маалда энесине боор бербей калат. Атасынын карабаганы аз келгенсип, апасынын да карабай коюшу бала үчүн өтө оор. Мен деле колумдан келишинче жардам бергенге аракет кылам. Баланы балдар үйүнө өткөрбөй, чыдап багып койсо, ал бала кийин чоңойгондо өзүнө гана жакшы, жанындагы тирөөч болот.

Эрнест Абдыжапаров, режиссёр:
"Өзүн гана ойлобостон, баласынын да келечегин ойлошу зарыл"
Азыркы учурда бизде жапа чеккен адамдар үчүн тез жардам бере турган атайын өкмөттүк эмес уюмдар бар. Бул кыйналып жаткан учурда жардам бере турган уюм. Бирок ушуга карабастан адам маңдайына жазылган кыйынчылыктардан качпай, ага артын салбай карама-каршы чыкса, кандай гана тоскоолдук болбосун ошол нерсени жеңгенге кудурети жетет. Адам ошон үчүн адам болуп жаралган. Менин Саадатка бере турган кеңешим: келечекке жакшы үмүт менен умтулуп, бир гана өзүн ойлобостон баласынын да келечегин терең ойлоосу зарыл. Өзүнө-өзү сөз берип "мен бул нерсенин баарын жеңем" деп жашаса, Саадат кандайдыр бир башкача катмарга чыгып, жашоосу өзгөрүшү мүмкүн. Жашоодон эч убакта үмүтүн үзбөй жашашы керек, бул кыйынчылыктар менен эле турмушу чектелип калбайт да. Бир гана баласынын келечегин, ден соолугун ойлоосу шарт. "Алтын баш аман болсо, алтын аяктан суу ичет" дейт. Саадат, бардык кыйынчылыктардан өзүң гана күчтөнүп чыгып кеткенге аракет кыл.

Алина Жетигенова, ырчы:
"Баласын балдар үйүнө убактылуу өткөрүп турса болот"
Эми балага эненин камкордугунан, мээриминен артык эч нерсе жок да. Ар бир бала бул жарык дүйнөгө өз ырыскысы менен келет эмеспи, баланын да маңдайына жазылган тагдыры турган чыгар. Баланын деле энеден алыс балдар үйүндө өскөнү бир жагынан наристеге кыйын. Бирок бүгүнкү күндө кыйналып, бара турган жери жок болуп жатса, балдар үйүнө убактылуу өткөрүп турса болот. Мен бул балдар үйү тууралуу сураштырып көрдүм. Ал жакка өткөрүп 4 жаштан кийин кайра өзүнө кайтарып алса болот экен. Өткөргөндөн кийин баласынан алыстап кетпей бат-баттан барып турса, баласы бул жашоодо жалгыз эмес экенин сездирип туруусу зарыл. Ар бир эне үчүн баласынан алыс болуп, оолак өстүрүү эң кыйын. Мен бул Саадатка ыраазы болуп жатам, себеби, жеңил ойлуулукка алдырып баласын таштап салбастан, жаш болсо да энелик мээримин төгүп баласынын келечегин ойлоп жатат.

Эрнис Кыязов, тележурналист:
"Бала багып алам дегендерге берсе болот"
Мага да кээде мындай көйгөйлөр менен кайрылышат. "Эмне кылсам, балдар үйүнө алып барсам ал жакта оорукчан балдар бар экен. Бирок баламды өзүм бакканга шартым жок",- деп. Чындыгында, "бирөөгө зар, бирөөгө кор бала" деген ушул экен да. Бири зар какшап жетпей жүрсө, бири кайда алып барып таштаарын билбей жүрөт. Бул кызга эмне дейм, бала багып алам дегендер көп, азыр ошолорго берсе болот. Бирок, ал адам ишеничтүү болсо. Ошондой эле юристтен, адвокаттан кеңеш алып, анан иш кылса болот. Бизде Омбудсмен деген бар, мындай тагдырлардын көбүн иликтеп тажрыйбадан өтүп калган. "Үмүт" деген дагы бир борбор бар, ошондой жерлерге барып сураса болот.

Гүлнара Тойгонбаева, ырчы:
"Эне менен баланы байланыштырып турган сезим башкача"
Эми бул кызга жардам бере турган эч кимиси болбосо, убактылуу балдар үйүнө өткөрүп турса болот. Кийин балам мени кечирбей коёт деп ойлоп, кыжаалат болуп жатса, бала чоңойгондон кийин болгон чындыкты айтып, түшүндүрүп, "мен сени жакшы көрөм, бул нерсенин баарын бир гана сен үчүн жасагам" деп түшүндүрсө, бала деле түшүнөт. Негизи эле бала менен энени байланыштырып турган сезим башкача болот.

Рахман Разыков, куудул:
"Баланын атасы да жооп-
керчиликти тартыш керек"
Буга чейин деле мындай тагдырга туш келген адамдар болуп келген, бирок сабырдуулук менен чечип келишкен. "Сабырдын түбү сары алтын" деп бекеринен айтылган эмес да. Баланы азыр мен кыйналып жатам, кийин кайра алып алам деген менин оюмча болбогон ой. Кандай кыйынчылык болсо дагы бала деген эне мээрими менен болуш керек. Бизде исламда айтылат "ар бир пенде өз ырыскысы менен" деп. Ал бала жарык дүйнөгө келдиби, демек, анын да ырыскысы өзү менен кошо келген. Андан көрө бала багып алам деп жүргөн тааныштары, туугандары болсо ошолорго берсе деле болот да. Мыйзам жагынан караганда баланын да атасы бар, ал адам да баласынын келечегин ойлоого милдеттүү, бала бир гана Саадаттын баласы эмес. Атасы да энесиндей эле жоопкерчиликти тартыш керек. Эгер өзү билип келип жардам бербесе, мыйзам жолунда чара колдонсо болот.
P.S. Урматтуу окурман, эгерде сиз кандайдыр бир көйгөйүңүз, оор тагдырыңыз, ичиңизде болгон купуя сырыңызды окурмандар менен бөлүшкүңүз келсе: 0312449821 телефонуна байланышып, же obonkg@mail.ru электрондук дарегине кат жазсаңыз, кыргыздын белдүү адамдарынан кеп-кеңештерди алып беребиз.
Мунара Шопокова





about | A Free CSS Template by RamblingSoul

27-апрель, 2012-жыл






??.??