Гүласал Садырбаева, ЖКнын депутаты:

"Күйөөм мышыкка окшоштургандан бери боёнбойм"


- Канча жашыңызда турмушка чыккансыз?
- Турмушка 21 жашымда чыккам. Жолдошум менден 2 жаш улуу. Экөөбүз бир мектепте окуганбыз. Ал менден жогорку класста окучу. Экөөбүз мектептен эле сүйлөшүп жүрүп баш коштук. Жолдошум көп жыл колхоздо бухгалтер болуп иштеди. Андан кийин дыйкан чарбада бирикмеде иштеди. Андан кийин бир фирмада башкы бухгалтер болуп иштеп жүрдү. Бул жакка келгени пенсияда үйдө олтурат. Бир уул, 3 кызым бар. Уулум да, кыздарым да турмуш курушту. Эң кичүү кызым мурдагы жылы турмушка чыкты. Шайлоонун эртеси күнү той кылганбыз. Күйөө балдарым жакшы. Мен мүнөзүм жумшак, бирөөнү да капа кылгым келбейт. Ошондуктан, өзүмдү жакшы кайненемин го деп ойлойм.
- Аял жумуштарынан кайсыл ишти мыкты жасайсыз?
- Аял кишиде жумуш көп. Депутат болосуңбу, Президент болосуңбу, үйгө баргандан кийин аялсың. Ошондуктан, бардык ишти өзүм аткарам. Менин үй жумушчум да жок. Мектепте мугалим кезимде уй саап, мындан эки эсе оор жумуштарды деле жасачумун. Шаарга келгенде үйүмдү жууп бер деп бирөөнү алган туура эмес деп ойлойм. Тамак-ашты жакшы жасайм. Абышкам ошентип калат. Кыздардын тамагына алымсынбайт.
- Хоббиңиз барбы?
- Хоббим-кол өнөрчүлүк. Жаштайыман эле сайма сайуу менен алектенгем. Курак курайм, зарыл болгондо кийим-кечени өзүм тигем.
- Эмне үчүн косметика колдонбойсуз?
- Кыз кезимде боёнуп эле жүрчүмүн. Турмушка чыгып, бир күнү боёнуп мектепке чыгайын деп атсам жолдошум: "Мышыкка окшобой көзүңдү аарчычы",-деп калды. Ошол боюнча колдонбой койдум. Эми шаарга келгенден бери анча-мынча колдонуп калдым. Бир күнү депутат кыздар кабинетине алып кирип калып боёнтушту. Ошол эле жерден аарчып койсом, эмне болду деп таң калышты. Мен көнгөн эмесмин дедим.
- Депутат айымдардан сизди стили жок деп жүрүшөт. Стилиңизди ким көзөмөлдөйт?
- Мени бир гезитке ушинтип стили жок деп жазышыптыр. Ал маалыматты окуган балдарым теригип, телефон чалышты. Саясатчы болгондон кийин териң калың болуп, бардык нерсеге даяр болушуң керек. Ар бир сөзгө эле териге берүүнүн кереги жок. Ит үрө берет, кербен жүрө берет деген дайыма колдонуп жүргөн макалымды айтып коём. Мен бир шоу-бизнесте иштебесем, же актриса, ырчы же модель болбосом кадимки кыргыздын аялымын да туурабы? Кыргыздар эч качан стилисттин кызматынан пайдаланышчу эмес. Мен өзүмө жаккан кийимди кийип атам. Депутаттардын арасында канча эркек бар. Бир костюмун жонунан түшүрбөй кийип жүргөнү бар. Эмне үчүн аларды айтпайбыз дагы, аял кишинин кийимдерине жармашып алабыз. Биз деген депутат болуп келдик. Кийимден жарышка чыгалы, мелдеш өткөрөлү деп келген эмеспиз. Туура, кээ бир жарышып кийингендер бар. Кийинсин, алар жаштар, бизнеси бар. Ар ким өзүнүн каалоосуна, табитине жараша кийиниш керек. Анан "мени минтип атат, муну кийишим керек"- деп, казга теңелем деп карганын буту сыныптыр болгум келбейт. Чет мамлекеттеги депутаттар жөнөкөй. А биз тапкан акчабызды кийимге кетиребиз. Жаштар кийинсин. А бизде канча түйшүк бар. Ошондуктан, мен жаман кийиндим же стилим жок деп айта албайм.
- Мугалимдик кесипти аркалап жүрүп, сиздин саясатка аралашууңузга эмне түрткү болду?
- Эгерде эл кадырлаган, улуу инсан бир тууганым Дооронбек Садырбаев депутат болуп, саясатка аралашпаганда мен да аралашпай, мугалим бойдон жүрмөкмүн. Себеби, ал киши 1995-жылы саясатка аралашып, биринчи жолу депутат болду. Андан кийин 3 жолу депутаттыкка шайланды. Ал учурда шайлоонун алдындагы эл менен жолугушууларда жалгыз жүрүп, эл менен жолугушуу өтө кыйын да. Ал жолугушууга элди уюштуруш керек, элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүш керек, бир күндө 5-6 жерде жолугушуу болуп калат. Анан өзү жетишпей калса, а кишинин атынан барып эл менен жолугуп, сүйлөй турган учурлар болуп калып, кээде шайлоо бүткөнчө отпуск алып байкеме жардам берип жүргөн учурлар болгон. Ошол эмгектерин көрүп, элдин алдында сүйлөп жүргөнүмдү, саясатка аралашканымды көрүп жүрүп, 2007-жылы байкем: "Сен да биз менен жүрүп жетишип калдың, "Асаба" партиясынан экөөбүз баралы- деп, а киши тизме боюнча 4-болчу. А мен 16-болчумун. Ал жылы партия жеңген жок деп койгондо, калып калдык. Кийин 2008-жылы акем кайтыш болуп кетти. Ошондо мен экинчи такыр саясатка аралашпайм дедим. 2010-жылкы революциядан кийин "Ата Мекен" партиясынан сунуш түштү. Себеби, "Ата Мекен" партиясына да жардам берип, саясий үгүт иштерин жүргүзүп жүргөн болчумун.
- Мамлекеттик тестирлөөнү өзбек тилинде өткөрүүгө каршы болуп жатышат. Буга сиздин оюңуз кандай?
- Бул тестирлөөнүн жыйынтыгы Кыргызстандын ЖОЖдоруна гана тиешелүү. Өзбек тилиндеги бир гана университет бар эле, ал да жабылып калды. Эгерде ошол өзбек мектептерин бүткөн окуучуларга, бизде өзбек тилиндеги жогорку окуу жайлары жок болсо, өзбек тилинде сүйлөөнүн кереги барбы? Эгер өзбек тилиндеги окуу жайлар болсо, өзбек тилинде тестирлөөнүн жыйынтыгы менен тапшырса болмок. Бирок, кечээ Билим берүү министрлигинин жообу боюнча, өзбек тилинде бир канча жылдан бери эле тестирлөө болуп келе жаткан экен.
- Сизди Өмүрбек Чиркешовичтен "Билим берүү министрлигин бериңиз", - деп сураган деген кептер жүрүүдө. Мунун чын-төгүнүн өз оозуңуздан уксак?
- Мен бул маалыматты биринчи жолу угуп атам. Бул сөз да жөн жерден чыкпаса керек. Себеби, коалициялык өкмөт биз коалициялык парламент түзүлүп атканда "Ата Мекен" коалицияга кирип калбадыкпы. Бизге да министрликтер бөлүндү, жумуш орундар сунушталды. Ошондо Өмүрбек Чиркешович Билим берүү министрлигин эмес, Калкты социалдык жактан өнүктүрүү министрлигинин орун басарлыгын сунуштады. Анда ММКларда аялдарын түртүп чыгарып атат деп да жазышпадыбы. Мен барган жокмун.
- "Саясатка агасынын ала албай кеткен кегин алуу үчүн келген", - деген кептерди угуп калдык эле?
- Кек алуу адам баласынын колунан келбейт. Кегиңди кудай алып берет. Менин кегимди кудай алып берди. 2008-жылы агам кайтыш болду. 2009-жылы оппозициядагы үзөңгүлөш достору менен бул жакта да, айылда да жылдыгын өткөрүүнү чечтик. 2009-жылы 14-июлга Президенттик шайлоо бекилип калды. А биз 20-майда акемдин ашын берели дедик. Ошол кездеги бийлик башындагылар байкебиздин ашын өткөрүүгө уруксат бердирбей коюшту. Себеби, оппозициянын өкүлдөрү ал жакка барышат, эл менен жолугушканда Жалал-Абад облусунун эли Алмаз Шаршеновичке ооп кетет дагы, мен шайланбай калам деген таризде Бакиев Курманбек каршы туруп алды. Эгер ашын өткөрсөңөр, кичүү иним Кубанычбекти камайбыз дешти. Анан биз агабыздан айрылганыбыз аз келгенсип, инибизди каматып албайлы деп аш берген жокпуз. Шайлоо болордун астында ыраматылык Асылбек Текебаев мага келип:"Эже, Алмазбек Шаршеновичтин жолугушуусу эки айылда бир болгон атат. Чыгып сүйлөп койбойсузбу?" - дегенинен бардым. Ошондо элдин алдына чыгып, байкемдин жылдыгын өткөртпөй, куран окутпай коюшту. Ошондуктан, ушуну ким кылса, өзүнө куран окулбай калсын дедим. Эгер Бакиев Белоруссияда өлсө, куран окулбаганы ошол да. Элинен, жеринен тентип жүрүп ошол жакта өлсө, куран окулбай калат. Мен өч алуу эмес, колуман келишинче элдин көйгөйлүү маселелерин чечип берүү үчүн гана келдим.
- "Ата Мекен" партиясына 50 миң доллар берип депутат болгонуңуз чынбы?
- "Ата Мекен" партиясына 7-8 депутат бир тыйын кошпой келдик. Мен сүйлөшкөндө акча маселесинде эч кандай шарт да коюлган эмес, акча маселеси дагы көтөрүдгөн эмес. Мурдатан партиянын мүчөсү болуп жүргөндөр партиянын фондуна жардам беришти. Калган жаш депутаттарыбыз саясатка жаңы кадам таштап атып кантип жардам берет? Элдин атынан эле акчасы жок келдик. Айрыкча, аял кишилерден бир тыйын сураган жок. Ай сайын партиялык взносубуз бар, 2 миң сомдон чогултабыз. Анан андай ири суммадагы акча кошо элекпиз.
- Депутаттык кызмат менен мугалимдик кесиптин кайсынысы оор экен?
- Мугалим болуп 40 жыл эмгектендим. Жакшы мугалим болуш өтө кыйын. Бир иштин артынан түшсөм, ал иш аягына чыккычакты көгөргөнүм көгөргөн. Мен эптеп-септеп мугалим болгум келген жок, ошон үчүн катуу иштедим. Мугалим менен депутаттыкты салыштырганда, мугалимдик жеңилирээк. Депутат болуу оор экен. Бул жерде убакыт көп кетет. Ар кандай маселелер менен кайрылышат. Ошол маселелерди чечүүдө чарчайсың. Андай маселелерди чече албай калсаң, өзүңдүн ишиңе канааттанбай каласың.
Төлөбүбү Касымалиева