Адистин көзү менен

Мирбек Атабековду "тантыраган ырчы" дешти


Көптөгөн жаштардын жүрөгүнөн өзүнүн ырлары менен түнөк тапкан ырчы мырзабыз Мирбек Атабековдун жаңы "Сен жана мен" аттуу ыры азыркы учурда хит болуп жаткан кези. Ырчы жигитибиздин бул ырын биз бүгүн адистин көзү менен таразалап көрмөкчүбүз.


Камчыбек Дүйшөналиев, музыка изилдөөчү, профессор:

"Обондун түзүлүшү, маани-маңызы жок"


- Бул ыр мага чындыгында жаккан жок. Эмнесинен жаккан жок? Биринчиден эле текстинде чоң бир катачылык бар, кайырма менен башка саптарынын эч кандай айырмасы жок. Обондун түзүлүшү, маани маңызы жок, башка бир адамдарга да жага турган эч бир илинчек таба албадым. Ошондой эле минусовкасында да өтө эле жупуну. Эстрадалык ырлардын аябай эле төмөн жагына кирип калып калган. Бул ыр карапайым калкка деле жакпайт го дейм, аларга жакпаган соң, билерман адистерге деги эле жакпайт. Бир караган адиске билими, илими тайкы адам жазганы көрүнүп эле турат. Бул Мирбекти белгилүү, көп нерсеге жетишкен ырчы катары билип, тааныйм, бирок бул ырынын маани маңызы тайкы эле болуп калганы көрүнүп турат. Менин жеке пикиримде Мирбек тарапка айтылып жаткан "Мирбектен биз мындай жеңил желпи ырларды күткөн эмес элек" деген сөздөргө кошулам. Мындай ырларга биз жол бере берсек, кыргыз маданияты эч качан көтөрүлбөйт жана өспөйт. Ошондуктан ушундай ырларды чоң бир электен өткөрүү керек.

Алым Токтомушев, акын, журналист:

"Баш-аягы жок, тантыраган саптар"


- Эми бул жердеги саптарды карап көрсөм ыр эмес же поэзия да эмес. Азыркы учурда обончулардын баары эле ушундай жеңил-желпи ырлар менен алек болуп эле, көбүрөөк басым жасашып калышты. Ырчылар да эч нерсеге карабастан ырдап чыга беришет. Бул жерде баш аягы жок тантыраган саптар, ошондой эле бири-бирине улашылган сөздөр. Бир дагы уйкаштыкты байкай алган жокмун. Уккан адамга жөн гана сүйлөп жаткандай сезим калтырат. Бир сөз менен айтканда мааниси да жок, өтө эле жеңил, начар жазылган.

Майрамбек Осмонов, эстрада ырчысы:

"Мирбектин ырларын уга албайм, радиодон башталганда эле өчүрүп салам"


- Мен азыр чыгып жаткан жаш эстрада ырчыларынан Замир Арыкбаев менен Нурлан Насиптин ырларын угам. Булар жан дүйнөсүн ырга коюп ырдашат. Ал эми Мирбектин ырларын мен чынында уга албайм. Радиолордон башталары менен өчүрүп салам. Себеби, бул баланын ырлары менин жан дүйнөмө отурбайт. Мен үчүн Мирбек жөн гана арыкчырай келген бир жигит. Көпчүлүк эл Мирбекти жылдыз деп баалашат, эмне себептен андай дешет, мен такыр түшүнө албайм. Бир сөз менен айтканда, көңүлүмө жага бербеген, төп келбеген талант.
Мунара Шопокова

Мирбек Атабеков

Сен жана мен


сөзү, обону:
Мирбек Атабеков

Өзүң менен жүрсөм жаным,
Жарашып бул күндөрдүн баары.
Алоолонгон сезимдерим,
Улам-улам күчөп барат.

Элестете албайм өзүмдү,
Сенсиз өткөргөн бул өмүрдү.
Өмүрүм да сен,
Көңүлүм да сен,
Ырларым да сен!

Кайырма:
Жадырап сен мага,
Мен тартылам сага,
Жамалың күлүп турганда.

Эркелеп сен мага,
Мен тартылам сага,
Жамалың күлүп турганда.
Күлүп турганда!
Күлүп турганда!

Бир гана сен,
Табылгыс белек болдуң мага.
Сен жана мен,
Биз экөөбүздүн жолубуз бир,
Ишенгин мага.

Элестете албайм өзүмдү,
Сенсиз өткөргөн бул өмүрдү.
Өмүрүм да сен,
Көңүлүм да сен,
Ырларым да сен!

Кайырма: