Жаачы жылдызы

Жаачы жылдызына жалпы


мүнөздөмө:



Планетасы: Юпитер
Бактылуу сандары: 3, 9, 12, 36, 99;
Символу: кентавр (башы ат, денеси адам);
Өңү: көк, сыя көк
Таштары: бирюза, топаз, аметист, хризолит, опал, карбункул, сапфир, изумруд, агат;
Гүлдөрү: гвоздика, нарцисс
Талисманы: така
Темири: цинк, жез
Ийгиликтүү күнү: бейшемби
Ийгиликсиз күнү: шаршемби

Жаачылардын кыялы
Жаачылар негизинен ишенчээк, ызакор, боорукер жана чечкиндүү келишет. Жаачылардын көбү кыялында да жашоосунда да саякаттаганды жактырышат жана булар мыкты романтиктер. Ишин жакшы билгендиктен, башка жылдыз белгилеринин өкүлдөрү сый мамиле кылышат. Адамдар менен бат тил табыша билишет дагы, эркиндикти абдан сүйүшөт. Бир ишти баштагандан кийин майын чыгармайынча иштеп, фундаментти кургандан кийин гана башка ишке аралашат. Жеке иштегенге караганда коллективдин арасында мыкты жөндөмдүүлүгүн көрсөтүшөт. Жаачылардан мыкты мугалим, спортчу, ботаник, доктур, химик, инженер, юрист, сот, котормочулар чыгат. Жаачылардын өзүнө тартып турган бир күчү бар. Кебетеси анча эмес болсо да, адамдар ага тартыла беришет. Анан дагы наамдарды алганды жактырышат. Эгерде жаачынын жеке турмушундагы маселе болуп атса, ага кийлигишпей койгонуңуз эле дурус. Эгер туура эмес кеңеш берип, туура эмес багытка багыттап койсоңуз, жаачылардан жаанын огу гана эмес, катылып жаткан жаман мүнөзү ойгонушу мүмкүн.
Эркек жаачылар үйдө мыкты күйөө, ата жана коргоочу болот. Анан дагы алдамчылыкты, эки жүздүүлүктү такыр кечире алышпайт. Сыртынан канча сүрдүү көрүнбөсүн, ичинен абдан назик болушат. Ал эми жаачы аялдар эркектерди абдан жакшы көрөт дагы, дайыма аларды эркектер карап, сүйүп туруусун, алар тарапка мактоолорду айтып туруусун каалашат.




Обон почта


ОП-215-1. Салам, "Обон!" Менин чоң энем Рысбүнүн 22- апрель туулган күнү менен куттуктайм. Сизге чың ден соолук, узун өмүр, бакубат жашоо каалап кызыңыз Айчүрөк.
ОП-215-2. Салам, "Обон!" Менин саламым жалпы СМСчилерге арналат. Айка 94
ОП-215-3. Жангүлүм, кандайсың? Сен ооруба, мен ооруюнчу, жалгыз гүлүм. Ошол суу мага төгүлбөйбү, жаным. Мен сени сагындым. Эвет
ОП-215-4. Саламым алыстагы ата- энеме арналат. Каныкей
ОП-215-5. Куранда "кол тийбестик" деген жок. Хан болобу, депутатпы же император болсун, баары бир адам. Бай дегенди ууру байлыгын уурдап, каракчы башын кесип жок кылат. Айткылачы, "кол тийбестик" кайсы пайгамбардын мыйзамында бар эле? Чабал, оорукчан байкушка тийбе, ал эч кимге зыяны тийбейт. Кудайдан корксоң жетим-жесирге жардам берип тур. Менин оюмча, "кол тийбестик" мыйзам байкуштарга берилсе туура болмок дейм. Анткени, байкуштарда кутура турган байлык жок. Эч кимге алы да жетпейт.
Такелди Талас
ОП-215-6. Салам, "Обон!" Мен бир туугандарыма жана досторума салам жолдойм. Дагы бир жигитке салам жолдойм, аты Талант. 0770270ххх
ОП-215-7. Салам, "Обон!" Менин саламым тайкелерим Болот, Алмаз,жеңелерим Үмүт, Дамираларга жолдонот. Дайым ден соолукта болуп, узак жашаңыздар. 0779464ххх
ОП-215-8. Мен Нурлан байкени жакшы көрөм жана иштерине ийгиликтерди каалайм. 0773546ххх
ОП-215-9. Салам, "Обон!" Мен Ырыскүлдүн келе жаткан 3- май туулган күнү менен куттуктап, узак өмүр каалагым келет. Курбу кызы Арзыбү
ОП-215-10. Салам, "Обон!" Мен жалпы кыргыз элиме салам жолдойм. Баарына ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт, тынчтык жана ыйман каалайм. Жакшылыкова Изат
ОП-215-11. Мага (кыргыз тилин корго) деп бийлик кызмат берген жок. Баары бир мен кыргыз тилин коргойм.(Эне тилде сүйлөгөнүң улуулугуң,эне тилин коргогонуң сулуулугуң да) мени соттомок беле. Ж. М. Талас
ОП-215-12. Мен сени унута албайм, Нуржаннат. Сени сүйөм. 0773387ххх
ОП-215-13. Салам, "Обон!" Мага Корей актрисасы Ким Тай Хи тууралуу маалымат берип коёсуңарбы? Чоң рахмат. Асылзат
"Обондон" жооп: Корей актрисасы Ким Те Хи 1980-жылы 29-мартта Түштүк Кореяда жарык дүйнөгө келген. Бою 162 см, салмагы 45 кг. Үй- бүлөдө үч бир тууган (иниси актёр Ли Ван).Кесиби актриса жана модель, хоббиси телевизор көрүү, компьютер оюндарын ойноо. Сеул улуттук университетин бүтүргөн.
ОП-215-14. Салам, "Обон!" Мен Токтогулдук Камбараалы кызы Гүлнура менен кабарлашкым келет. Экөөбүз 1994-жылдары БГУда чогуу окуганбыз. Азыр мен үй-бүлөм менен Ысык- Көлдө жашайм, окуп калсаң мени менен кабарлаш. 0771393189
ОП-215-15. Менин сүйүктүү курбуларым Мээримдин кыздуу болушу менен куттуктайм. Кызыңа кең келечек, ден соолук каалайм. Сага күйүмдүү кыздардан болсун. Махабат
ОП-215-16. Салам, "Обонушка!" Мен кыздардын эрте турмушка чыкканына каршымын, ошондуктан, мектепти 9-класска чейин эле окутсун дегенге да каршымын. Андай боло турган болсо кыздын баары эле күйөөгө тийип кетет го? Негизи, мурун 11-класты бүтө элек кыз күйөөгө тийсе, жаман эле көрүнүш болгон. Ал эми азыр андай кыздар көп, бирок эч кимдин алар менен иши жок. Албетте, алардын жашоосу өзүндө, бирок жаш кезинде жаштай болуп жашаш керек.Эртеби-кечпи үй-бүлө куруп жетишет. Мындай дейин десең, кыздар күйөөгө тийбей да калып жатпайбы. Андан көрө ар бир кыз качан күйөөгө тийсе да, өз абийири менен тийип, бактылуу жашасын десек туура болот го, достор. Айка 94
ОП-215-17. Биздин максат татыктуу жашап, эч качан өкүнө турган иш кылбай же болгон соң өкүнбөй жашайлычы. Денис
ОП-215-18. Салам, "Обон!" Менин саламым Тогуз- Торо районунун Чет- Булак айылындагы классташтарыма жолдонот жана ошондой эле Жакишова Гаки эжеге. Менин сиздерге айтарым: дайыма күлүп жүрүңүздөр. Асел
ОП-215-19. Салам, "Обон!" Мен апам Анарга салам жолдойм. Биз сизди жакшы көрөбүз, апаке. Кызыңыз Акбермет
ОП-215-20. Салам, "Обон!" Менин саламым силерге. 0558147ххх
ОП-215-21. Мен Каракол шаарынын тургуну Даниярга ысык салам жолдойм, мен сени сүйөм жаным, качан келесиң,сагындым. Нурзада
ОП-215-22. Салам, "Обон!" Саламым Оштогу агам Байсогурга жана
Тагайбекке арналат. Талгат
ОП-215-23. Салам, "Обон!" Мен жаштарга сүйүүнүн кулу болуп азап тартканча, сүйбөй өткөн жыргалбы дейм. Бирок бул жашоодо баары болот, ошондуктан сүйүүнүн баркын билбесеңер, бир күнү азабын сөзсүз тартасыңар. Эгер сүйбөсөң, сени сүйгөндү эч качан кордобо. Мен сүйүүнүн убалына калгам. Азыр азаптан жаңы чыгып бир аз унута баштадым. Менин сүйгөнүм мага канчалык азап берсе да, аз убакыттан кийин баарын унутуп калып кайра көргүм келе берет. Мен аны да сүйүүнүн азабын менчелик тартсын деп эч качан каалабайм, себеби ал менин тунук махабатым. Айка 94
ОП-215-24. Салам, "Обон!" Гүлнур эжеге салам!
ОП-215-25. Салам, "Обон!" Ырчылар эмнеге айыл жергесине концерт коюп келбейсиңер же андан аз каражат түшөбү? Айзирек
ОП-215-26. "Пайгамбарлардын тарыхы" деген китеп бар. Ошондон "Чырак"деген бир окуя бар. Абу Бакир калиф болуп турганда ага бир досу келет. Ошол учурда Бакир бир нерсени жазып жаткан. Досу тоскоол болбой күтүп отура берет, көптөн кийин Абу Бакир ишин бүтүп, күйүп турган чыракты өчүрүп, башка чырак күйгүзөт. Муну көрүп досу таң калат. Анан ал жай сурашкандан кийин досу Абу Бакирден ( эмне үчүн жаңы чырак күйгүзүп койдуң?) деп сурайт Анда Абу Бакир досуна ( мурунку күйүп турган чырак мамлекеттики, аны мамлекеттин ишин кылганда эле колдоном. Ал эми кийинки чырак жеке, өз акчама сатып алгам (муну жеке өзүмө колдоном) деп жооп берет. Ой тобо, ак ниеттүүлүгүн карасаң? Мен болгондо өзүмдүкүн катып коюп мамлекеттикин колдонот элем. Такелди Талас
ОП-215-27. Айка 94, сен (маанилүү, талкууга аларлык маалымат жазып талкуулайлы) деп туура айтасың. Анда мен бир окуя айтайын. Таластагы Үч-Эмчек айылында 11-класстын бир кызы күйөөгө кетти. Эми ушундай болуп отуруп, 11- класста кыз калбай калат го. Негизи, 11 жылдык мектептин бизге кереги деле жок окшойт? Илгери мектеп деген 10 жылдык болчу. Кийин эле орустарды ээрчип Черненконун идеясын ээрчип, биринчилерден болуп колдодук. Эми биз эгемен мамлекетпиз. Бул тууралуу биздин жетекчилер бир чечимге келер. Такелди Талас
ОП-215-28. Салам, "Обон!" Мага ырчы Рамис тууралуу маалымат берип коюуңарды суранам? Алина
ОП-215-29. Гаухар, сени сүйдүм, сүйүп жүрдүм сыртыңдан,/ Сүйөрүмдү айта албай тартынам./ Сүйүү гүлүн сунуп келем жүрөктөн,/ Карааныңды көргөн жерден сүрдөнөм./ Көрбөй калсам элесиңди сагынам,/ Мендик бол деп дайым сенден суранам./ Кызгалдактай жайнап турган элесиң,/ Кыялымды ээлеп алды келбетиң./ Кыялымда жүрөм ойду аздектеп,/Ак никени кудай бизге буйруса./ Жүрөгүмдү сага берем аздектеп. Сага сүйүүсүн арнаган Орозбеков Санатбек
ОП-215-30. Азыр селсаяк, ыйманы жок кыздар көбөйдү. Кыздар, намаз окугула, ыймандуу болгула суранам. Айсалкын 97
ОП-215-31. Салам, "Обон" салам, достор, эмне мынча кайгылуу сөздөрдү жаза бересиңер? Өмүрдү бир жолу берет, ошондон пайдаланып күлүп-жайнап жүрсөңөр. 0770166ххх
ОП-215-32. Салам, "Обон!" Мен апам Гузеля жана атам Зарипбайга салам жолдойм. Ошону менен бирге атамдын 17- апрель туулган күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм! Апам менен бирге өмүр бою бактылуу болуңуз деп кыздарыңыз жана уулдарыңыз. 0778424ххх
ОП-215-33. Салам, достор, билесиңерби бул жашоодо эмне кымбат турат акчадан? Адамдын көңүлү, ошондуктан, жакыныңардын көңүлүн оорутпаганга аракет жасап жашаш керек. Айка 94
ОП-215-34. Салам, "Обонушка!" Менин курбу кыздарым Гүлзаада,
Майрам, Мунараларга салам. Дайым бар болгула. 0551171ххх
ОП-215-35. Менин сүйгөн жигитим Мелиске ысык салам. Жаным, мен сени чексиз сүйөм. Албина
ОП-215-36. Салам, "Обон!" Казармандагы байкем Нурбекке, жеңем Кайыркүлгө, балдары Байел менен Баяманга салам! Мен жакында, буйруса, барам. Дилфуза
ОП-215-37. Илияз менен Бегимайга бекем сүйүү каалайбыз. Кармашкан колуңар үзүлбөй түбөлүк бактылуу жашагыла. Арзымат жана Мимоза
ОП-215-38. Салам, "Обон!" Менин саламым Чоң-Кеминдеги ата-энеме. Сиздерге ден соолук, узак жашоо каалайм. Гүлнур
ОП-215-39. Салам, "Обон!" Алыскы Баткен облусунун Кызыл -Кыя шаарынын Кара-Козу айылынын тургундарына чоң салам. Жумагүл
ОП-215-40. Салам, "Обон!" Мен Алмагүлдөн кечирим сурап, кайрадан мамиле куруубузду суранам. Эгер бул билдирүүнү окуп атсаң, мени менен кабарлаш. Канат
ОП-215-41. Билим берүү министрлигинин "5-майга чейин каникул" дегени чын бекен, достор? 0772538ххх
ОП-215-42. Салам, "Обон!" Менин саламым Ак- Буурадагы самсы саткан Сейилкан эжеге арналат. 0558725хх
ОП-215-43. Такелди Талас, сен сөздөрдү кайдан таап жазасың же ушунча сөз байлыгың күчтүүбү? Азамат дагы жаза бер, биз дайым окуп, кааласаң сени менен баарлашканга даярбыз. Денис
ОП-215-44. Шаршен байкеге ысык салам. 0709748ххх
ОП-215-45. Салам, "Обон!" Менин дос балам Бекболотов Адылга жана "Дордой" командасына чоң салам! Силердин жеңишиңер менен куттуктайм. Алга, мен силер менен!
Адилбекова Жумагүл
ОП-215-46. Менин саламым Амир байкеге. Сиз мыктысыз. 0777234ххх
ОП-215-47. Салам, "Обонушка!" Менин сүйгөнүм Шайлообекке салам! Мен сени сагындым жана мен сени сүйөм. Г....з 0778194ххх
ОП-215-48. Сүйгүм келет жаз чакырып жаш болуп,/ Сүйгүм келет жашымды алдап жаз болуп./ Жанар тоодой жалын чачкан отуңан,/Чыккым келет жанып чыккан таш болуп./ Сүйгүм келет бир өзүңө багынып,/Сүйгүм келет сүйгөнүмө жалынып./ Өз күчүңдү өз күчүмө багынтып,/Сүйгүм келет кээде өзүңө багынып./ Көк жалым, мен сени сагындым!
Алтынкыз
ОП-215-49. Салам, "Обон!" Мен сүйүктүү ырчым Даниярга салам жолдойм. Ишиңизге ийгилик, жаңы жазып аткан ырларыңызды ийгиликтүү бүтүрүп алышыңызга тилектешмин. 0773879794
ОП-215-50. Келгиле, достор, тилибизди сактайлы, сатпайлы, ар бир улут тили менен улут. Андыктан, улутубузду жоготуп албайлы. Патриот
ОП-215-51. Мен Муратовдордун үй-бүлөсүнө ысык салам жолдойм. Кызыңар Жумагүл
ОП-215-52. Менин курбуларым Айсалкынга жана Гүлнурга салам.
Жибек
ОП-215-53. "Чоно" кафесинде иштеген Бегимай эжеге жана Гүлмира эжеге салам жолдойм. Ишиңиздерге ийгилик каалайм. 0557515ххх
ОП-215-54. Мунарага чоң салам!
055 9746ххх
ОП-215-55. Салам, "Обон!" Өзгөндүктөргө чоң салам Айдайка
ОП-215-56. Салам, достор, сүйүү жөнүндө жазгылачы? Айка 94
ОП-215-57. Менин жигитим Ислам Шамшиевге ысык салам. Менин сүйүүм түбөлүктүү ишен. Сүйүктүүң Жумаиса
ОП-215-58. Салам, "Обон!" Менин саламым Ишенаалы Арабаев атындагы ИГЗ группасынын ГМУ факультетинин биринчи курстарына жолдонот. Буйруса, майда жолугабыз.
Адилбек кызы Жумагүл
ОП-215-59. Салам, "Обон!" Мага Юна жөнүндө маалымат бериңиздерчи? 0709368ххх
"Обондон" жооп: Ырчы, бийчи, актриса жана модель Им Юн Ах 1990- жылы 30-майда төрөлгөн. Жылдыз белгиси-Букачар. Шоу чөйрөдө Юна деген ысым менен белгилүү. Юна корей тилинен тышкары кытай, япон жана англис тилинде эркин сүйлөйт. Бою 168 см, салмагы 47 кг. 93 жана 7 санын жакшы көрөт, Даниел Хеннейди "чыныгы мырза" деп эсептейт.
ОП-215-60. Салам, "Обон!" Менин өзгөчө саламым досторум Назира, Гүлмира, Алина, Махабат, Айтурган, Айчүрөк, Жыпаркүл-силерге арналат. Быйылкы экзамениңерди "5" деген баага тапшыргыла жана бактылуу кыздардан болгула. Базаркүл
ОП-215-61. Салам, "Обон!" Мен ыймандуу кыздарга салам жолдойм. Дайым ыйманыңардан жазбагыла. 0773528ххх
ОП-215-62. Сүйүктүү ырчыларым Кубаныч Сатаев, Мирбек Атабеков, Ильяз Абдразаковдорго салам жолдойм. Самира
ОП-215-63. Саламым чаткалдык Мээримге арналат. Мен сени сүйөм, жаным. 0702649хх
ОП-215-64. Биздин директорубуз Адилет байкенин келе жаткан 5- май туулган күнү менен куттуктап, узун өмүр каалоо менен бирге үй-бүлөсүнө бакыт тилейм. Жумушчуңуз Салия
ОП-215-65. Салам, "Обон!" Бегамир, Кезади, Айаза, мен силерди жакшы көрөм жана сагындым. Силердин сүйүктүү курбу кызыңар Жумаиса
ОП-215-66. Салам, "Обонтай!" Биз атабыз Абдисалимге, апабыз Майрамга салам жолдойбуз. Карыганда уул- кыздардын урматын көрүп, бактылуу жашаңыздар. Биз сиздерди сыйлайбыз жана урматтайбыз.Уулдарыңыз Тилек, Максат, кыздарыңыз Жеңишкүл, Таалай
ОП-215-67. Адамга келген сезимдин баары сүйүү эмес, достор. Махабат
ОП-215-68. Бирөөнү сүйүп жана бирөөнүн сүйүктүүсү болуу кандай бакыт? Махабат
ОП-215-69. Иштешкен эжелерим Каныкей жана Кундузга чоң салам! Назира
ОП-215-70. Салам, "Обон!" Мен
Нурсултан менен Алинага салам жолдоп, тунук махабат каалагым келет. Адинайка
ОП-215-71. Салам, "Обонтай!"Байкем Самат, жеңем Маликага жана уулдары Айбек, Маратка ысык салам. Бегимай
ОП-215-72. Нурзат эжеге жана Мукай байкеге салам. 0778975ххх
ОП-215-73. Менин агенттеги досум Акжол Тилекматовго салам жолдойм. Иштериңе ийгиликтерди каалайм. Дос кызың Муни
ОП-215-74. Салам, "Обон!" Мен хип-хопко ысык-ысык салам айтам. Гуля
ОП-215-75. Мен Сыймык менен Субанга салам жолдойм. Жакшы иштегиле. 0777664ххх
ОП-215-76. Апам Мариянын келе жаткан 9- май туулган күнү жана атамдын келе жаткан майрамы менен куттуктайм. Сиздерге бекем ден- соолук, узун өмүр каалайм. Уулуңуздар Калыс
ОП-215-77. Нарындык Талант жездеме салам жолдойм, эжемди эч качан капа кылбаңыз. 0772469ххх
ОП-215-78. Бүбүшкага чоң салам. Мен сени жакшы көрөм, жаным. Мени эч качан унутпагын. Перизат
ОП-215-79. Мен жездем Манаска, эжем Гүлзуурага, классташым Перизатка жана эжекемдин уулу Эрболго чоң салам жолдойм. Мен жакында силер жакка барам. 0779464ххх
ОП-215-80. Нарындыктарга жалпы салам жолдойм. 0558936ххх
ОП-215-81. Салам, "Обон!" Мен Калича эженин кызына "мен сени сүйөм" деп айткым келет. Тилекке каршы, атын дале билбейм. 0555746ххх
ОП-215-82. Салам "Обончик", менин саламым досум Эркинге жолдонот. Эркин, ар дайым асманың ачык болуп бар бол, аман бол. Муня
ОП-215-83. Менин саламым Актан байкеге жолдонот. Уркуя
ОП-215-84. Салам, "Обонушка!" Жадыраган жаз кетип, менин сүйүүм да кетип бараткандай болуп атам. 0777675ххх
ОП-215-85. Салам, "Обон!" Менин сагынычтуу саламым Ак-Талаа районунун Карасартов орто мектебине жолдонот. Чынара
ОП-215-86. Мен Кубаныч байкеге жана жубайы Керээз эжеге салам жолдойм. 0555387ххх
ОП-215-87. Ырыскылуу Камбаркан айылынан кетип калган Руслан, эми ошол жакта жакшы жайлашып алдыңбы? Кыргызда илгертеден келе жаткан сөз бар: "Бирөөнүн жеринде хан болгончо, өз элиңде кул бол" деген, анын сыңарындай айылыңды кечип кетип эч качан жыргабайсың. 0709463ххх
ОП-215-88. Салам, "Обон!" Биз СМСчилерге чоң салам жолдойбуз. Дайым өзүңөрдүн СМСиңер менен элди кызыктырып жүрө бергиле. Денис
ОП-215-89. Кандай айтсаңар да "азыр заман бузулду" деген элдин шылтоосу даяр болду го? Денис
ОП-215-90. Бильярд боюнча чемпион Каныбек байкеге чоң салам! Сиздин аялыңыз аябай сулуу экен. Рамис
ОП-215-91. Салам, "Обон!" Мен жалпы досторума салам жолдойм. Алардын окууларына ийгилик, иштериңер дайым жүрүшүп турсун. Фархат
ОП-215-92. Менин сүйүктүү ырчым Данияр Эрматовго чоң салам. 0773632ххх
ОП-215-93. Салам, "Обонушка!" Саламым апам Эркингүлгө арналат. 0771246ххх
ОП-215-94. Мен иним Тынчтык, балам Марат жана Аманатка ысык салам жолдойм. Апанар Гүлнур





about | A Free CSS Template by RamblingSoul

27-апрель, 2012-жыл






??.??