Сиз билесизби?..


o Адамдардын 97 пайызына калем сапты карматса, биринчи кезекте өзүнүн атын жазышат.
o Эгерде крокодилдер адамды тиштеп алса, анда анын көзүн кол менен катуу басса, ал адамды коё берээрин окумуштуулар айтышкан.
o Эликтер банан жегенди абдан жакшы көрүшөт.
o Статистика боюнча, адамдар авиакатастрофадан же атка минип кулаганга караганда эшектен кулап көп каза табышат. Анткени, көбүнчөсү эшектен кулаганда моюндарын сындырып алышат.
o Эгерде атка минген адамдын эстелигинде аттын эки буту тең өйдө көтөрүлүп турса, анда ал адам согушта курман болгондугун билдирет. Эгерде, аттын бир эле буту көтөрүлүп турса, анда ал баатыр согушта алган жарадан каза болгондугун билдирет. Эгер аттын төрт буту жерде турса, ал адам согушка барбастан дүйнөдөн кайткандыгын билдирет.
o 2-дүйнөлүк согушта Берлинге ташталган алгачкы бомбадан зоопарктагы пил гана көз жумган. Андан башка жандыктар өмүрү менен кош айтышкан эмес.
o 1880-жылы кокаин ачык эле сатылчу. Аны элдер суук тийгенде, баш ооруганда жана уйку качканда колдонушкан.
o 1890-жылы эң биринчи грамафондун пластинкасында Лайоша Кошутанын үнү жазылган.
o 1792-жылы өтүкчү Джеймс Смит тарабынан бут кийимдердин өлчөмдөрү ойлонуп табылган.
o Шарик ручкалары биринчи жолу сатыка 1945-жылы чыгып, ар бири 12 доллар турган. Аны менен 50 000 сөз жазылат.
o Индиянын ойной турган карталары тегерек формада.

Жылдыз Мамбеталиева




Грек-рим күрөшү боюнча чемпион Урматбек Аматовду сүйөм!


Саламатсыздарбы, "Обон" гезити! Мен кыргызымдын жөнөкөй эле кызымын. Сиздерге көп убакыттан бери жашырып келген сырымды айтууну чечтим. Өзүм кыз болсом да спорттун түрлөрүнөн футболго, күрөшкө кызыгам. Бул спорттун түрлөрүндө талыкпай эмгектенип келе жаткан адамдарды сыйлайм. Грек-рим күрөшү боюнча Олимпиада чемпиону Урматбек Аматовду жактырам. Өзүнүн оор басырыктуулугу, адамгерчиликтүүлүгү менен өзүнө тартып турат. Бул сапаттарын барып жолукпасам да жүрүм- турумунан байкагам. Дайыма өзүнүн чеберчилиги менен Кыргызстандын намысын коргоп келет. Кыздык намысым: "Сен мага жагасың!"-деп айтууга жол бербейт. Бирок аны менен жолугуп, жакындан билгим келет. Балким, ушул катты окугандан кийин жолугуп, маектешербиз. Эгер экөөбүз бул жашоодо жолуксак, каттын бетине түшүрүлгөн сөздөрдүн баарын айтмакмын.

Жумагүл, Бишкек




Мен кечиктимби же сенби?..


...Тал...боз топурак...узун жол...жалгыз аялдама... Көктөм....деңизде кеме...Жан биргем экөөбүз кол кармашып шамал менен жарышып келе жаттык. Бизге эч ким тоскоол болгон жок. Экөөбүз...экөөбүз гана бири-бирибизге дем-күч берип, шамал бизден ашып кетет деген ой менен ага атаандашып тамагыбыз акактап калса да, жүгүрүп келе бердик. Мынчалык катуу жүгүрбөсөк бизди күткөн кеме кетип калмак. Бул дагы сүйүүнүн өзгөчө бир сезимдери болсо керек. Жаан да себелеп жаап, күн бирде булутка жашынса, бирде биздин маңдайыбызга чыга калат. Кыязы, ал дагы биз менен жарышып бараткандай... "Байкасаң сүйүктүүм, биз шамал, күн...чуркоо боюнча жарышкан тариздебиз. Сен көзү ачыктардай болуп кудайдын периштесине айланып кимибиз биринчи келерибизди айтпайсыңбы, асыл эркем! Же математика сабагында олтургандай ар бир километрди эсептеп өзүң эле жыйынтык чыгарбайсыңбы?-деген собол узаттың да, менин көзүмө тик карап каткырып күлүп койдуң. Чекеңен ысык тер чыгып, кырдач мурдуңдун каптал жагы менен сызылып бара жатыптыр. Чөнтөгүмдөн жүз аарчыны алдым да "бир аз эс алып алалы" деп, шылтоо кылып сага жакындап колум менен бетиңди аарчымак болгондо, колумду калтырак басып кеткенин байкабай калдым. Сен да үндөбөдүң, көзүмө карап тура бердиң. Чыдай албай ыйлап "сени сүйөм" деп, үнүмдүн болушунча кыйкырып салдым да, оор жүктү мойнумдан бирөө алгандай жеңилдеп....жеңилдеп калдым. Сен дагы деле үндөбөдүң!... Каректериңди ирмебей карап тура бердиң да, "эгер сүйгөнүң чын болсо оозуман өп... кана өп" деп, ишеничтүү айта баштадың. Ызаман ачуулуу көз менен карап "билесиңби, бизди кеме күтүп атат. Анын сааты келсе бизди күтпөй эле кете берет. Биз азыр сенин үйүңө барып ата-энеңдин уруксаты менен нике кыйдырып үйлөнбөйт белек" деп, сөздү бура кесе айттып, ордуман туруп жай ылдамдыкта бараттым. Ашыгып чуркап келип артыман кучагыңа кыса "кечир мени..." Жолдо болгон окуяны бир заматта унута салып, күлкүбүз чыгып кемеге шашыла келе жаттык. Бирок, мен кечиктимби же сен кечиктиңби билбейм, кеме да бизди көпкө күткөндөй жаңы гана узаптыр. Экөөбүз... жалгыз тал....жалгыз аялдамага жеткенде кеменин карааны алыстап бара жатты. Үнү да, өзү да бизден ыраакта...
Жылдыз
Абдыкерим кызы






about | A Free CSS Template by RamblingSoul

27-апрель, 2012-жыл






??.??