Нурмат Садыров:

"Сүйгөнүм "суволуч" күйөөгө тийип кетти"


Көзү бакыракай, мурду кырдач, уялчаак, көп сүйлөбөгөн, "Сүйгөн жүрөк" чыгармасы менен селкилерди санаага салган ырчы Нурмат Садыров кумирлерин бир саат күттүрүп, колуна белегин көтөрүп алып, жарык маанайда редакциябызга кирип келди.


Айкөкүл:
- Күттүрүп абдан кеч келдиңиз. Уйкучу окшойсуз?
- Эртең менен таңкы саат алтыда жаткам. Уктап калыптырмын. Кечирим сураймын.
- Алгач сөздү чыгармачылыгыңыздан баштасаңыз?
- Кичине кезимден эле ырдап "Жаш талант" конкурстарына катышып жүрчүмүн. Андан кийин шаарга келип Күреңкеев атындагы музыкалык окуу жайга тапшырып, билим алдым. Ошол убакта музыкант болуп кафелерде иштечүмүн. Досум экөөбүз "Асылзат" деген ырды дуэт кылып жаздырдык. Кийин ал радиолордон эмес, телефон аркылуу элге тарап кетти. Музыкага болгон кызыгуум пайда болуп, ырчылар концерттерге чакыра башташты. Ортодо эки жылдай тыныгуу болуп, кайрадан чыгармачылыгымды баштадым.
- Токтогулдун ырчысы болуу оңой, Токтогулдун торгою болуу кыйын эмеспи. Токтогулдан улуу, күчтүү ырчылар чыккан. Сиз дагы алардын деңгээлине жете алам деп ойлойсузбу?
- Бул ырчыдай болушум керек деп айтпайм. Менин өзүмдүн аракетим, өзүмдүн максатым бар. Ал максаттарыма жетсем, өмүр бою элдин эсинде калып, элдин сыйына татыктуу болом.
- Ырларыңызда сүйүүнүн кереметин даңазалаган, аянычтуу саптар бар экен. Сүйүүдөн жабыркаган сыяктуусуз?
- Сүйгөнүм "суволуч" күйөөгө тийип кетти. Акыркы жолу филармониянын артынан жолукканбыз. Өзүм бир жума телефонум жок болуп, байланыша албай жоголуп кеткем. Жолукканда "эмне чалбай жоголуп кеттиң?" деп калды. Мен негизгиси ага ишенгем. Бирок, тагдыр экен, ал азыр башка менен жашап жатат. Бактылуу болсун.
Айзирек:
- Эмне себептен ырчы болуп калдыңыз?
- Ырчы болушума бирөө түрткү болду деп айта албайм. Анткени, мага ата-энем дем-күч берип, ырчы болушума чоң салым кошту. Мектептерде "Алиппе" майрамдарда ырдап эле жүрчүмүн. 5-классымда эң биринчи жолу Бишкек шаарын көргөм. Айылда кошуна эжебиз бар болчу, ал шаарга жума сайын соода кылып келип турчу. Шаарда конкурс болот экен деп, ал мени алып келген. Ошондо эң биринчи жолу чоң шаарды көрүп, чоң сахнада ырдап, үчүнчү орунду алгам. Ошондон баштап ата- энем да мени "бийиктикке талпына бер" деп колдоо көрсөтүп турушат.
Гүлнур:
- Сиз аткаруучу гана эмес, калем кармап ыр жазганыңызды дагы билебиз. Кандай убакта ыр жазып каласыз?
- Мен ыр жазам, чоң акынмын деп өзүмдү-өзүм жарыя кылбайм. Ырларымдын арасында өзүм жазган ырлар бар. Аларды угуп ырчылардан "бизге да ыр жазып берчи?" деген сунуштар түшкөн. Алар айтса жазып берип коём. Шоу-бизнесте көп жылдан бери жүргөндүктөн, менин жан дүйнөм ыр жазууга шыктанат. Колума комуз кармап олтуруп, бир обон жаралат, анан ошол кайрыктарга өзүмдүн сөз байлыгымды кошуп ыр жаратам.
- Ырчылар айтып калышат го: "менин чоң атам, чоң энем ырчы же комузчу болгон, мен ошолорду тартып калгам" деп. А сенин үй-бүлөңдөн чыгармачылыкка аралашкандар барбы? Ырчылык сага кимден калган талант?
- Бир туугандарымдан чыгармачылыкка кызыккан адам жок. Таекелерим жактан ырдашат. Апам кээде тойлордо кыңылдап ырдап калат. Үй-бүлөбүздө мен эле ырчы болууга умтулуп калдым.
- Үйдөгү эркекке тиешелүү жумуштарга аралашасыңбы?
- Көбүнчө байкем кылат. Албетте, эркек болгондон кийин үйдө эркекке тиешелүү жумуштарды жасайм. Азыр үйдөгүлөргө көп жардам бере албай өкүнүп жүрөм.
- Анда кой союп, жиликтегенди да билесизби?
- Жок. Үйдө кой союп калса бутун кармап, очокко от жагып, отун жарып жардам берип турам. Жиликтегенди билем(күлүп). (Нурмат менен чогуу келген Нурсултан: "бул кой сойгондо баш куйкалатып койбосун деп качып кетчү",- деп кошумчалап кетти)
Жумагүл:
- Кандай ойлорду көп ойлойсуз?
- Жубайыма жароокер жар, балдарыма камкор ата болсом деп абдан көп ойлоном. Сүйүүмдү тапсам эки жылдын тегерегинде үй-бүлө курам. Албетте, мен дагы адам болуп бактылуу жашагым келет. Мен дагы бир үйдүн татыктуу атасы болуп, ата-энемди неберелүү кылып сүйүнткүм келет. Өмүр бою сахнада ырдап жүрө бербестен, башка тармакта да иштейм.
- Сиздин сүйүктүүңүз болуш үчүн селкилер кандай талаптарга жооп берүүгө тийиш?
- Ар бир адамдын өзүнүн жашоосу бар. Жаман адам жок, анын сырын билбеген адам аны жаман деп ойлойт. Менин кесибим ырчы, жөнөкөй эле адаммын. Эл ырчыны көрүп анын жашоосуна кызыгат. Менин сүйүктүүм менин жүрөгүмдө жашайт. Ал мени түшүнгөн адам болуш керек.
- Турмушка чыгып жаткан кыздын курбулары жок, сизди жанына дос катары чакырса келмек белеңиз?
- Элестетиңиз мен ал кыздын жанында курбусунун ордуна кызмат кылып жүрөм? (Күлүп) Эгер Мерген Турган болсом, сөз жок бармакмын. Бирок, мен Нурматмын, кечиресиз бара албаймын.
Жылдыз
Абдыкерим кызы







about | A Free CSS Template by RamblingSoul

27-апрель, 2012-жыл






??.??