Иним экөөбүзгө бир катын...


Айгүл ШАРШЕН
(Башы өткөн санда)
- Мен анда сенин артыңдан кетем.
- Кайда, эмнеге кетесиң, баары бир бир тууганымдын көөнү үчүн биз бирге боло албайбыз, жашырынып жашоого да болбойт, - Ал кайрылып ичкери кирди, - Толкунай, мени сүйсөң, мен десең агамдын көңүлүн оорутпа, ал мени жакшы көрөт, жаман ою жок пейли таза адамдын көңүлүнө кара так түшүрүүгө кантип болсун?
- Менчи, менин эзилип жашаганым сен үчүн баары бирби? - Толкунай ызалуу көздөрүнө тигилди, - Анын койнунда жатып сен деп ойлоп, сени эстеп, сенин кучагыңды эңсеп жүрүп өтүүм керекпи?
- Кечир, Толкун, башка аргабыз жок! - деди да чыгып кетти, Толкунай буулуга үнсүз ыйлап туруп калды, ошол күнү Туйгунаалы келген жок. Тургунаалы акырын кирип өз бөлмөсүнө жатып алды, ал кеч келип агасы бар деп ойлогон эле. Үч күн бою келбей кайрак жер айдап жүрүп анан келди Туйгунаалы, дал ошол күнү Тургунаалы шаарга жөнөп кеткен болчу. Чарчап келип түндөсү жатып калды, эртеси гана билди инисинин кетип калганын.
- Эмнеге күтпөдү? - деп капаланды ал.
- Күттү го, балким, шашылыш иши бардыр, бүгүн эрте кетти.
- Мейли эми, иштесе иштей берсин, үйлөн десе да болбоду.
- Жумушка барасыңбы?
- Жок, бүгүн эс алабыз.
- Аа-а, - Толкунай унчукпай калды.
- Толкун.
- Ийи?
- Бир сөз сурайынбы?
- Эмне сөз? Толкундун жүрөгү болк этип алды: "Бир нерседен шек санап калды бекен", - деп да ойлонуп жиберди.
- Эки жылга карап баратат, качан балалуу болобуз?
- Ошол элеби? - Толкунай күлүп жиберди.
- Башка сөз күттүң беле?
- Жо-ок, деги айтам да.
- Балалуу болгум келет, Толкун.
- Шашканда эмне, - деген менен өзү да ойлоно түштү: "Эмнеге боюма болбойт, чын эле эки жыл болуп баратат, али боюмда жок", - деп ойлоно түштү.
- Мейли, болор буйруса, кудай берерин унутпасын ээ? - деп Туйгунаалы аялынын ойлоно түшкөнүнөн улам кайра күлө көңүлүн жубата сүйлөдү, - Капа болгон жоксуңбу, Толкун?
- Эмнеге, капа болгондой сөз айттыңбы? - Жылмая караганда жүзүнөн ага болгон жек көрүү менен гана ыза көрүнүп турган.
Туйгунаалы анысын туйбады, акырын келип артынан кучактай:
- Алтыным, зериккен жоксуңбу, үйдө жалгызсың, - деп мойнунан жыттай бергенде келиндин бүткөн бою жыйрыла түштү, - Асылым менин, сени мага туш кылган жаратканга ыраазымын.
- Болду эми, - деди Толкун суз.
- Сагындыңбы?
- Ооба, эми түн эмес го?
- Тоскоол болчу эч ким жок.
- Койчу, бирөө келип калсачы?
- Келбейт, ким келмек эле, жүрү жаталычы.
- Туйгун, койчу эми.
- Койбойм, сен менин аялымсың, эч качан эч ким тоскоол боло албайт, - Туйгунаалы аны шап көтөрүп алып ички бөлмөгө кирип төшөккө уйпалап кирди.
- Туйгун, азыр болбойт.
- Эмнеге?
- Айызым бар.
- Качан…
- Бүгүн эле, үч-төрт күндөн кийин.
- Макул, өзүмдүн аялымсың, кайда качмак элең? - деп күлүп өпкүлөп кучактап көпкө жатты, аялдын амалы кырк эшекке жүк деген чын го, Толкунай андан ушинтип кутулду, оюна койсо жанына жолоткудай эмес.
Ошентип, үч-төрт күндөн кийин чындап айызы келип дагы күтүп калды. Ошол убакта Туйгунаалыны жакага жер айдоого жөнөтүп жиберди, кетерде туугандарынын кызын жанына коюп кетти ал. Он күндөн кийин келди, ошол кезде Толкунайдын тамакка табити тартпай кусуп калган, боюна болуп калганын билди, бирок ал Туйгунаалыдан эмес экенин сезди: "Мейли бирге боло албасам дагы баласы жанымда болсун, сүйүүмө жетпесем дагы андан эстелик калды", - деп жылмая ичин сыйпалап алды. Убакыт өтүп Толкунай кыз төрөдү, ал кезде тракторун таштап чабыр кой бакканга кирип алган Туйгунаалы, кызына бир ай болуп калган кезде Тургунаалы келип калды. Агасы ага кубана:
- Туку, карачы карындашыңды, сага куюп койгондой опокшош, - деди.
- Бир тууганым да, - деп Тургунаалы колуна алганда Толкунай астыртан жылмая карап койду, - Кана-кана, карындашым өзүмө окшош бекен, жеңе? - дегенде ал жалт карай берди.
- Ооба, аябай окшош.
- Апамдын дагы ушул жеринде калы бар эле, Туку апама окшош, мен атама окшошмун, - Туйгунаалы барбалактап жатты, аялы менен инисинин ички сырын ал кайдан билсин, атама окшошмун деп алып кайра кайсалактап калды, анткени, аталары башка эмеспи.
- Тамак бышты, алып келейинби? - Толкунай күйөөсүн карады.
- Алып келбей анан, кызымдын агасы келгенде бербеген тамагыңды ичпей коёбуз ээ, кызым? - деп али көзүн зорго ачып эки жакты бейкапар кармаган наристени чоп эттире өөп койду.
- Атын ким койдуңар, аке?
- Жайлоокан, жакшы бекен?
- Жакшы экен, жайлоодон төрөлгөмүн деп жүрөт экен го?
- Ооба, андан көрө үйлөнсөң боло, биз ансыз дагы жалгызбыз, балдарыбыз көбөйсө туугандар көбөйүп бир айыл болуп калабыз, - деди Туйгунаалы чын дилден.
- Убагы келээр…

(Уландысы кийинки санда)





about | A Free CSS Template by RamblingSoul

27-апрель, 2012-жыл






??.??