"Көйгөй чечүүдө сулуулугумду пайдаланган эмесмин"


- Сулуулук деген эмне?
- Ар бир адамдын өзүнүн сулуулугу бар. Мисалы, бир адамдын сулуулугу көзүндө, жүзүндө, ал эми башка бирөөнүн тулку боюнда дегендей. Мен сулуулукту экиге бөлүп карайм. Адамдын ички дүйнөсүнүн сулуулугу жана сырткы сулуулук деп. Мен үчүн ички дүйнөнүн сулуулугу биринчи орунда. Ички дүйнөсү сулуу деп жакшы адамдарды эсептейм.
- Сулуулук сен үчүн канчанчы орунда?
- Сулуулукту биринчи орунга койбойм. Сулуу болуш үчүн эч кандай кам көрбөйм дагы. Бир кишини ар ким ар түрлүү сыпатташат. Ошол сыяктуу эле бирине жаксаң, бирине сөзсүз түрдө жакпайсың. Ошондуктан, сулуулугумду биринчи орунга коём деген туура эмес.
- Сулуулуктун жардамы менен көйгөй чечүүгө болобу?
- Күтүүсүз суроо болду. Болсо керек. Бирок мен өз жашоомдо сулуулугумду колдонуп көйгөй чечкен учурум болгон эмес. Ойдо да жок нерсе.
- Сенин жеке жашооңдо сулуулугуңдун жардамы тийгенби, б.а сулуулугуңду пайдалангансыңбы?
- Жардамы тийген учурлар болгондур. Бирок мен сулуулугума ишенип жумуш бүтүрүүгө аракет кылып көргөн эмесмин. Ошол себептен жардамы тийген деп айтуудан алысмын. Өзүмдү сулуумун деп эсептебегенге, пайдалануу оюма да келбептир.
- Сулуу болуш үчүн эмне кылыш керек?
- Биз өзүбүз сулуу болобуз деп аракет кылган менен табият берген сулуулукка жетпейт. Ошентсе да бир гана бетибизге эмес бардык тулку боюбузга кам көрүү керек. Мисалы: чачыбызга, тырмактарыбызга, кийген кийимибизге.
- Сырткы сулуулугуңа кандай кам көрөсүң?
- Бул суроону мага көпчүлүгү беришет. Мен өзүмө андай деле кам көрбөйм. Атайын сулуулук салондоруна деле барбайм. Бетиме лосьон сыяктуу эч нерсе колдонбойм. Болгону бетимди муздак сууга жууйм. Андай деле кымбат косметикаларды колдонбойм. Ал эми өзүңө кам көрүү-бул сулуу болууга аракет кылуу эмес, жөн гана өзүңө көңүл буруу деп ойлойм.
- Өзүңдү сулуумун деп эсептейсиңби?
- Сулуумун же сулуу эмесмин деп да айта албайм. Кудайга шүгүр, ушунчалыгына ыраазымын. Менден да сулуулар көп.
- Сулуулук дүйнөнү сактайт дегенге кошуласыңбы?
- Мен бул сөздүн кандай мааниде айтылганын билбейм. Ошондуктан, түшүнбөй туруп жооп бере албайм.
- Шоу чөйрөсүндө жүргөндөрдүн кимисин жылдыздуу деп эсептейсиң?
- Менин оюмча, баары эле жылдыздуу. Атайын бөлүп карап, бул жылдыздуу же сулуу деп айта албайм.
- Өзүңө жаккан жана жакпаган сапаттарың?
- Менин бул сапатым жагат деп айтуудан алысмын. Бул жөнүндө башкалар айтканы оң. Ал эми жакпаган сапатым бат жиним келет, уйкучумун.
- Эротикалык ролдор сунушталды беле?
- Ооба, болгон. Үч жолу төшөк үстүндө тартылууга сунуштар түштү. Акыркы жолу белгилүү режиссёр Нурбек Эгендин "Ээн үй" кино тасмасында ошондой ролду сунушташкан. Макулдугумду берген эмесмин.
- Элина деген атыңды ким койгон?
- Элина деген элдик, элдин кызы деген маанини түшүндүрөрүн билем. Ал эми ким койгонун биле албай жүрөм. Бул дагы деле талаш болуп келе жатат. Апам айтат апамдын байкеси, таякем койгон деп, ал эми атам тараптан бир эжем бар, анын айтуусу боюнча атамдын эжеси койгон. Чынында, ким койгонун биле алган жокмун.





Өзүңдү өзүң дарыла


Кыргыз жерибиз канчалык баалуу. Баскан-турган жерлерибиздин бардыгы дары чөптөр. Карап көрсөк, негизинен баардыгы пайдалуу. Болгону биз аларды кайсы оорууга жардам берип, кантип колдонуу керек экендигин жакшы биле бербейбиз.

Шимүүр
Бир жылдык жапайы өсүмдүк, дарылыкка гүлү, муунактары колдонулат. Өлкөнүн бардык жайлоолорунда өсөт. Өңү сары, бир аз таттуу даамы бар, бою 15-20 см. Июнь, июль айларына чейин гүлдөп жаңыра берет. Гүлдөгөндө терилет.
Дарылыгы: кан басымды көтөрөт, кандын толук айланышына жардам берип тазалайт.
Даярдалышы: гүлү, муунактарын кургатып алып, 3 л сууга 300 гр. кошуп 3-4 мүнөт жай отко кайнатып, 3-4 маал 200 грдан тамак алдында кандын температурасындай жылуулукта ичүү зарыл, бул 25-30 күн катары менен ичилет. Тоолук балдар шимүүрдү эртең менен же жаан жаап бүткөндөн кийин гүлүн үзүп шимигенде таттуу даам чыккан, ошондон улам шимүүр деп аталып калган.


Уй беде
Көп жылдык жапайы өсүмдүк, дарылыкка гүлү, жалбырагы колдонулат. Бул өсүмдүк суу баскан арык жээктеринде, эски беде аңызда, нымдуу, кыртыштуу өрөөндөрдө өсөт. Май айынан август айларына чейин жаңырып өсүп, гүлдөй берет, бою 20-30 см. үч иликтүү болот.
Дарылыгы: Кан аздуулукка, нерв оорусуна, жалпы кандын айланышын жана ошондой эле тамакка кошуп чүчбара жасап жесе болот. Гүлүн кайнак сууга 3 саат демдеп суусундук кылып бардык кан тамырлары уютманы ошондой эле денедеги тузду тазалайт.
Даярдалышы: кан басымды көтөрүү үчүн 5 л. кайнак сууга 300 гр. уй беде гүлүнөн демдеп бир кайнатып, 150 гр. бал кошуп аралаштырып бал даамы чыгып муздагандан кийин 200 гр. таза спирт кошуп, 3 сутка бөлмө жылуулугуна коюп анан 3-4 маал 200 грдан тамак алдын ичүү керек. бузулуп кетпес үчүн орточо муздаткычка сактап, суу кошпой жылытып ичүү керек. Абалдын жакшырышы үчүн бир айдан да көп ичилет. Күнүмдүк ичүүгө гүлү, жалбырагынан, 25-30 гр. порошогун 1,5 л. кайнак сууга 25-30 мүнөт демдеп, 10-15 күн жаңыртып 3-4 маал 200 гр да эң жагымдуу.


Мекери
Көп жылдык жапайы өсүмдүк. Өлкөбүздүн бийик жайлоолорунда өсүп кеч бышат. Медицинада тамырын таңып дарылыкка колдонгон. Өңү өзү кулак өңдүү, жалбырагы кычкыл, жалгыз сабак, ак баш гүл алып өсөт, бою 50-60 см. Июль, август айларында жетилет, тамыры күрөң, даамы кычкыл, анча чоң эмес.
Дарылыгы: Ичеги-карындын сезгениши, 12 эли ичегинин жарасына, геморройго, нерв оруусуна, ошондой эле өт, ашказандын кычкылтегинин аздыгына чоң жардамы бар.
Даярдалышы: тамыры данын кургатып, порошок кылып майдалап алып колдонулат. 1 л. сууга 3 чоң аш кашык кошуп 5-7 мүнөт жай отко кайнатып, 3 маал 150-200 гр. тамак алдында ичиш керек. Бул бир күндүк норма. 15-20 күн ичип, 10 күн катар ичүү зарыл. Ушундай эле 12 эли ичеги жарасына 8 гр. балга (таза) 300 гр. порошок, 10 гр. прополис (майдалап) кошуп аралштырып ичүү керек, 10-15 күн же жара айыкканга чейин.

Суу кымыздык
Бир жылдык жапайы чөп. Республикабыздын бардык булуң-бурчунда, суу жээгинде, арыктын бойлорунда, жүгөрү же чөп чабындынын майаптарында өсөт. Май айынан баштап август айына чейин көгөрүп гүлдөп чыга берет.Бою 30-50 см, өңү кызгылт, тызылдатма ачуу даамы бар. Суу калемпирдин сабагы кызара электе үстүнөн 15-20 см оруп алуу керек.
Дарылыгы: Андан жасалган дары каражаты төрөп же бойдон түшүп, кан токтобогондо, геморройго ошондой эле денени кесип алганда же ачык жараларга колдонулат.
Даярдалышы: 700 гр кайнак сууга бир канча салып демдеп коюп, 3-4 маал кан токтогончо ичилет. Эскертип кетчү нерсе: даярдалган дарыны уулуу болгондуктан муздак ичүүгө болбойт.
Нурелла Жаркулова