Тарых барактары

Касымбековдун жаңылыштыгы,


же Мадаминбектин өлүмү


Турмушта жазуучу ойлоп чыгарган окуя чындык катары айтылып жүргөн учурлар көп кездешет. Бул адабий каармандарга да мүнөздүү көрүнүш. Алсак, маркум Төлөгөн Касымбековдун "Келкел" романындагы Мадаминбектин өлүмү. Толук аты Мухаммед-Амин-бек Акматбеков. Ал Түркстан фронтунун аскер башчысы Михаил Фрунзенин 1920-жылдын 30-апрелиндеги буйругу менен Маргалан атчандар полкунун командири болуп дайындалган. ("Келкел" тарыхый романы, Ф.: Кыргызстан, 1986.) Мадаминбек Кызыл армияга кошулганга чейин 1919-жылы азыркы Алай районундагы Эркеч-Там кыштагында Монстров башындагы ак гвардиячылар менен чогуу Фергана убактылуу өкмөтүн түзөт. Совет өкмөтүнө каршы күрөшкөн басмачылар кыймылынын чыгаан өкүлдөрүнүн бири

Мадаминбек кантип тындым кылынган?
"Келкел" романында Мадаминбек өзү полктун комиссары Сергей Сухов деген офицер менен чогуу азыркы Кадамжай районунун Тамаша кыштагына Көршермат менен сүйлөшүүгө келип, коргонго камалып, атышып жатып өлөт. Тагыраак айтканда, өз жигиттери менен Алайды көздөй кетип бараткан Көршерматтын "советтердин катарынан чык, жаңы өкмөттүн аскерине кошулган адамдарыңды алып келип, бизге кошул" деген талабына же багынып берүүгө көнбөй коёт.
Көршерматтын өз аты Шермухаммедбек
Көршермат - эл арасындагы лакап ат. Өз аты - Шермухаммедбек. Айрым булактарда Шерматбек деп да айтылат. Көршермат жигиттери менен Алайдан Ооганстанга, андан ары Түркияга качып өтүп, ошол жакта 1970-жылы дүйнө көчкөн. Сөөгү Адана шаарында жерге берилген. Бүгүнгө чейин Ош жана Баткен облусунун улуу мууну арасында Мадаминбек, анын эсепсиз колу жана өлүмү жөнүндө түрдүү кеп-сөздөрдү угууга болот. Мени Мадаминбек кайда өлгөн деген суроо кызыктырды. Майдан айыл округундагы Кароол кыштагында жашаган Мурзапааша Маматов окуяны өз көзү менен көргөн Миңбай карыядан угушунча, Мадаминбекти Исфайрам боюндагы Шыгай деген жерде Көршерматтын жигиттери мууздашкан.
Айтпай деген желдет "бас" десе, Мадаминбек эч каршылык көрсөтпөй, айткан жакка басат. Айтпай Мадаминбекти арыраак жердеги кара сууну көздөй алып жөнөйт. Атамкул деген кишинин тамынын алдына жеткенде аттан түшөт. Байланган колун кармап туруп, согончокко тепсе, Мадаминбек өзү эле жыгылып берет. Желдет ошо жерден Мадаминбекти мууздап, чачынан кармап, атына минип, кара сууга чаап барып, башты чайкап туруп, Көршерматтын артынан кетет. Көршермат Шыгайдан чыккандан 100 метрдей беридеги дөңдө атын ылдый буруп туруп: "баягы каапырдын денесин жашырып койгула"-деп, андан ары жүрүп кете берген экен. Бул кеп бүгүнгө чейин айтылып жүрөт. Шыгайдагы мүрзөгө Мадаминбектин башы жок денеси көмүлгөн", - деди 67 жаштагы Мырзапааша аксакал.
Шыгай менен Тамашанын ортосу кеминде 20 чакырым болот. Мадаминбек күмжам кылынган Шыгай Кызыл-Кыя шаарынан 36 чакырым алыстагы Исфайрам боюнча топудай кыштак. Майдан кыштагынын тургуну, 91 жаштагы Каразак ажынын айтышынча, Мадаминбек өлтүрүлгөндөн кийин Көршермат менен Калкожонун аскерлери Дароот-Коргонду көздөй жүрүп кетишет. Калкожо күтүүсүз атылган октон жүргөн көчкү астында калып, жаны жайран болот.
Совет заманында жана андан кийинки жарыяланган көпчүлүк эмгектерде да Мадаминбек Үч-Коргон өрөөнүндө өлтүрүлгөнү айтылат. 1981-жылы Москвада "Наука" басмасында чыккан басмачылар кыймылы, анын кыйрашы тууралуу эмгекте Мадаминбек менен комиссар Суховду Көршермат тузакка түшүргөнү, экөөнүн башы 1920-жылы 20-майда азыркы Кадамжай районундагы Тамаша жылгаасында алынганы жазылат.
Көршерматтын версиясы
Көршермат (Шермухаммедбек) менен көп ирет кездешкен түркиялык тарыхчы-журналист Али Бадамчинин жазышынча, ал Мадаминбек жөнүндө сүйлөгөндү көп сүйгөн эмес. "Америка авазы" радиосуна 1960-жылдары курган маегинде:
"Мен Мадаминбектин өлүмүнө күнөөлүү эмесмин. Кызыл аскерлердин командири Зиновьев Мадаминбекти атып туруп, денесин дарыяга ыргытып жиберүүнү буйруган", - дейт. Төбөлсүз Өзбекстандын изилдөөчүлөрү Шермухаммедбекти "советтик Түркстандын күнкорсуздугу үчүн күрөшкөн басмачылар кыймылынын ири ишмерлеринин бири" кылып көрсөтүүгө умтулушат. "Большевиктер Түркстандагы Шерматбектин улам өсүп бараткан таасирине чекит койгондун аракетин кылышты. Большевиктер Мадаминбек өзүнүн досу - Шерматбек менен согушканы келбегенин көрүшүп, аны тындым кылышып, ал үчүн Шерматбекти күнөөлөштү",-деп жазылат 2008-жылы чыккан бир изилдөөдө. Исфайрам дарыясынын оң жээгиндеги Шыгайда азыр төрт-беш гана кожолук жашайт. Аскалуу тоонун этегине жабышкан бак-дарактуу кыштактын орто чениндеги түзөңчөдө Мадаминбектин темир кашаа менен курчалган мүрзөсү турат. Андагы жазууга караганда, Мухаммад Аминбек Ахмадбек оглы 1892-жылы туулуп, 1920-жылы 9-апрелде өлгөн. 1 метрдей бийик цемент тактанын бетине:
Туруң бегим, күнөөлөрдү жубалык,
Баскынчыны эне журттан кубалык,
- деп жазылган латын ариби менен өзбек тилинде. Демек Мадаминбек 9-апрелде өлтүрүлүп, мусулман салтына жараша ошол эле күнү жайга коюлган.
Өмүр бою өрөөндө топоз баккан 81 жаштагы Аман Анарбаевдин айтымында, Мадаминбектин мүрзөсүндөгү эстелик ташты 1990-жылдардын экинчи жарымында анын Фергана тарапта жашаган кызы жана неберелери орнотушкан.
Төлөгөн Касымбеков чындыкты тактаган
Төлөгөн Касымбеков "Келкел" романын жазардан мурда Фергана өрөөнүн кыдырып, эл арасынан жана архивдерден материал жыйнаганы маалым. Ошентсе да Мадаминбекти Тамашада өлдү деп жазганы жаңылыштыкпы? Бул суроо менен Касымбековдун чыгармачылыгын мыкты билген сынчы Кадыркул Даутовго кайрылганымда, "вымысел", же ойлоп табылган окуя искусстводо кеңири колдонуларын, мисал ирети орус сүрөтчүсү Василий Суриков "Утро стрелецкой казни" деген картинасындагы окуя 1698-жылы Москванын четинде болгонун, бирок сүрөтчү аны Кызыл аянтка көчүрүп койгонун белгиледи:
- Суриковдун сүрөтүндөгү окуялар Москванын сыртындагы Чёрное болото деген жерде өткөн. Аткыч-козголоңчулар ошол жерде дарга асылган. Художник бул окуяны Кремлдин алдында өткөрүп жатпайбы!? Себеби Петр 1 жаңыдан ачылып, күчкө толуп, "алчусун алып, берчүсүн берип" дегендей, өзүн таанытып келаткан, өсүп-өнүгүп бараткан учур болчу. Суриковдун окуяны Кремлде өткөрүү себеби орус падышачылыгы күчүн, биримдигин, анын башында Петр Биринчи тургандыгын көрсөтүш керек болгон. Чындыгында, Петр Биринчи аткычтар дарга асылган жерге барган эмес. Ошол сыяктуу эле тарыхый романдарда андайлар боло берет. Бирок эң негизги маселе: ошол доорду, доордогу ошо учурдун жалпы шартына, жашоосуна, тарыхый чындыкка дал келеби? Ошондой болобу? Тарыхтын жылышы менен туура келеби? Эгер туура келсе, анда ал кадимки чындык катары өтүп кете берет. Андай нерселер "Сынган кылычта" деле көп. Эмне үчүн алар билинбей калган? Себеби ошол доордун шартына, тарыхтын жылышына туура келип жатат. Ошон үчүн кадимкидей болгон жана чын эле болгон окуя сыяктуу өтүп кетип атат.
Мадаминбек Тамашада колго түшүп өлтүрүлгөн
Төлөгөн Касымбеков "Келкел" романы жарык көргөндөн кийин Мадаминбек Шыгайда өлтүрүлгөнүн жана сөөгү ушул эле жерде коюлганын угуп, аны көргөнү атайын келген. Мырзапааша аксакалдын айтышынча:
- Төлөгөн Касымбеков Тамашага келип, эл менен жолугушканда: "Мен архивдик материалдарга таянып, Мадаминбек Тамашада колго түшүп өлтүрүлгөн деп жазган экенмин. Бирок окуя Шыгайда болуптур",- деген. Жазуучу тамашалык эки аксакал жана өзү менен жүргөн эки адам менен чогуу Мадаминбектин мүрзөсүн көрүп кетишкен.
Мадаминбектин тегине келсек, Өзбекстанда акыркы жылдары чыккан көпчүлүк изилдөөлөрдө өзбек деп айтылат. Бирок Мадаминбек боюнча илимдин кандидаттыгын жактаган өзбек окумуштуусу Кахраман Ражап архивдик материалдарга таянып, Мухаммед Аминбек Маргалан шаарына чектеш Сокулук деген кыштакта кыпчак үй-бүлөдө туулган дейт. Бул жөнүндө кыргыз журналисти Бектуруш Табылдытегин өз изилдөөсүндө жарыялаган.
Адабий чындык
Тарыхый романдарда кызыктуу окуяларга катар турмушта болбогон каармандарды ойдон чыгарып жазуу да кеңири жайылган. Төлөгөн Касымбековдун "Сынган кылычы" менен Мухтар Аузовдун "Абай" романдарында андай каармандар бир топ. "Тарыхый романдарда ойлоп табылган каармандар толтура. Себеби тарыхый шартка дал келсе, андай ойдон чыгарылып кошулган окуялар менен каармандарга жол коюлат. "Сынган кылычтагы" Абил бий - бул турмушта болгон эмес. "Абай жолу" романындагы Эрбол, Деркембай да турмушта жок инсандар. Аларды Мухтар Ауэзов өзү ойлоп киргизген. Турмуштун, тарыхтын жылышы менен дал келип жаткан үчүн алар жашоодо болгон кадимки киши сыяктуу кабыл алына берет", - деди Кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер Кадыркул Даутов. Ушинтип Мадаминбектин кайсы жерде, ким тарабынан өлтүрүлгөнү да бүгүнгө чейин түрдүү эмгектерде түрдүүчө айтылып келет. Ал эми биздин башкы каарман - Мадаминбек Шыгайдагы мүрзө ташында жазылгандай, 1920-жылы 9-апрелде Шерматбектин жигиттеринин колунан жан берген. Төлөгөн Касымбековдун "Келкел" романында Шыгайдан 15 чакырым алыстагы Тамашада Мадаминбекти басмачы атаандаштарынын колунан ажал тапкан деп, жаңылыш жазылып калган. Бул бирок адабий чындыкты бузбайт.
Азаттык