"Президент менен дем алыш күндөрү чогуу сейилдейбиз"


"Кимдир бирөө биздин, Президент Алмазбек Шаршенович экөөбүздүн мамилебизди катуу бузгусу келип жүрөт , - дейт КРнын премьер-министри Өмүрбек Бабанов.
"Эркин-Тоо" гезитинде түз байланыш учурунда окурмандарга берген интервьюсунда Алмазбек Атамбаев экөөнүн мамилеси жөнүндө айтып берди. Алмазбек Шаршенович менен бир багытта, коррупцияга каршы күрөшүүдө, инвестицияларды тартууда, өлкөдө стабилдүүлүктү орнотууда бир идея менен иш жүргүзөбүз,- деди. Биздин ортобуздагы мамиледе эч кандай маселе жок. Биз көбүнчө эртең мененки, түшкү тамактарды чогуу ичебиз. Дем алыш күндөрү чогуу эс алабыз. Себеби, тамактануу менен биз чогуу болууга мүмкүнчүлүгүбүз болот. Президент менен иштешүүдө өзүмдү абдан жакшы сезем, - деп кошумчалады. Бул сөздөрүнөн кийин Өмүрбек Бабанов Алмазбек Шаршеновичке болгон мамилесин түздөйүн дедиби, же?..

Башпрокурор А.Саляновага ишенбөөчүлүк көрсөтүү боюнча депутаттардын 77 колу топтолду


Акыркы учурларда Баш прокурор Аида Салянованын кемчилигин издеп, аны ээлеген кызмат ордунан кетирүүгө далалат кылгандар көп болуп, айрыкча былыгы четинен билинип аткан депутаттар ага карата каршы кол топтоонун үстүндө.
"Жогорку Кеңеште Башпрокурор Аида Саляновага ишенбөөчүлүк көрсөтүү боюнча демилгелүү топ азыркы кезде депутаттардын арасында 77 кол топтоду",-деп маалымдады "Республика" фракциясынын депутаты Курманбек Дыйканбаев 4-апрелде. Анын айтымында, парламенттин атынан ишенбөөчүлүк көрсөтүү үчүн депутаттардын 81 добушу талап кылынат. Бирок ошол эле убакытта А.Салянованы кызматтан алуу чечимин Президент чечет. Парламент Президентке сунуш катары гана киргизет.

Д.Саралаевдин сынына чычалаган А.Чотуева өз жообун айтты


"Мезгил жана Алыкул" тасмасынын режиссёру Айдай Чотуева Досбол Саралаев деген каймана ат менен чыгып, анын тасмасы тууралуу маалымат агенттиктерине, гезит беттерине берип жаткан бир тараптуу маалыматтар тууралуу өз пикирин билдирди.
Анын айтымында, "Мезгил жана Алыкул" тасмасы тууралуу жазуучу Бексултан Жакиев, режиссёр, драматург Жаныш Кулманбетов сыяктуу бир катар белгилүү адамдар жакшы пикирлерин айтышса, Д.Сарбалаев болсо тасманын бет ачары болгон күндүн эртеси башка ат менен жаңы почта ачып, тасма тууралуу тескери ойлорун басылмаларга тарата баштаган. А.Чотуева белгилегендей, ал Алыкул Осмоновду өзүнүн элестеткени, көргөнү боюнча тасманы жараткан. "Мен "Мезгил жана Алыкул" тасмасынын сценарийин жазууда, Алыкул Осмонов тууралуу болгон маалыматтардын баарын окуп чыктым. Мен Алыкулду кандай көрсөм, ошондой тасмада чагылдырып бердим, андыктан бул менин жеке көз карашым", - дейт А.Чотуева. Анын айтымында, Досбол Сарбалаев тасманын жакшы жактарын көрбөй, жалаң жаман жагын көрүптүр. "Албетте тасмада жаман кемчилдиги менен катар жакшы жагы да болууга тийиш. Д. Сарбалаевдин тасманын жакшы жагын көрбөй жаманын гана көрүүсүн мен жөн гана каралоо, же болбосо көө жабуу деп бааладым", - деди А.Чотуева.

Депутаттар макул болсо, жол кире он сом болот


Биздин өлкөдө эптеп эле бир жылчык таап, акча алып чөнтөктү кампайтуу максаты элге жат деле болбой калбадыбы. Өйдөдө отурган төбөлдөр карапайым калкты каалагандай калчап, өздөрүнүн иш пландарын аткарып алуу үчүн ар кандай фантастикалуу пикирлерин айтып, ЖКга сунуштарын киргизүүнүн гана үстүндө.
Мисалы шаардык транспорт башкармалыгынын жетекчиси Заитбек Назыранкуловдун билдиргенине караганда, троллейбуста жана автобуста жол киренин баасын 8 сом, ал эми маршруттук таксиде 10 сом кылуу сунушталды. Эгер монополияга каршы мекеме уруксат берсе, бул маселе шаардык кеңеште каралат. Депутаттар макул болсо, жол кире кымбаттайт. Назыранкуловдун айтымында, кара майдын кымбатташы, инфляциянын жогорулашы, унааны тейлөөгө, тетик сатып алууга кеткен чыгымдардын көп болуп жана айдоочулардын айлык акысы төмөн болуп жатканы жол кирени кымбаттатууга себеп болууда.

Питерде кыргыз сүрөтчүсүнүн жеке галереясы ачылат


Санкт-Петербургда эмгектенген Туман Жумабаевдин "Туман-Арт" галереясы шаардагы санжыралуу "Атлантик Сити" ооданында май айында ачылат. Жумабаев буларды билдирди:
- Ойлогон ойду ишке ашырыш үчүн көргөзмөлөрдү өткөрүп тургум келет. Май айында вернисажы өтсө, 1-июнь-Балдар күнүнө карата көргөзмө болот. Кийин (атактуу опера ырчысы) Елена Образцова менен фото-живопись көргөзмөсүн уюштуралы деп жатам. Быйыл 50 жашка чыгып жаткан Жумабаев күзүндө Маскөөдө отчёттук көргөзмөсүн өткөрөрүн кошумчалады.

К.Ташиев Бабановду калпычы кылды


Камчыбек Ташиев "Вечерний Бишкек" гезитинин редакциясындагы интервьюсунда премьер-министр Өмүрбек Бабанов менен жолугушуу болбогондугун айтты.
"Мындай болгон эмес. Ырас, Мадумаров болуп кокустан коомдук жайда жолугушуп калганыбыз чын. Бирок эч кандай сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн эмеспиз. Элди алдаганга болбойт, айрыкча, өлкөнүн биринчи каналында сүйлөп жатып. Бабанов оппозиция менен консенсуска жетише алгандыгы тууралуу калпты айтты", - деди Ташиев.

114 жаштагы врач Лейла Денмарк дүйнөдөн кайтты


Атлантада жашаган бул аял медицинанын тарыхында эң узак мөөнөт иштеген врач катары белгилүү. Ал 103 жашында гана пенсияга чыккан. Денмарк Атлантада 1928-жылы ачылган балдардын атайын клиникасында биринчи врач-педиатр болгон. Өмүрүнүн аягына чейин ал үйүндө же үйүнө жакын жерлерде иштегенди каалаган экен. Шаардыктар доктор Денмарк күн-түн дебей оорулууларды кабыл алганын, өзгөчө жакыр үй-бүлөлөрдүн балдарына жардамы көп тийгенин айтышат. Денмарк медицина тармагындагы бир топ сыйлыктардын ээси экени да айтылды.


P.S. Маалымат интернет
булактарынан алынды