Олимпиадалык оюндар-2012 Лондондо 3-жолу өткөнү жатат


Оюндун тарыхы
Байыркы Грецияда ар бир 4 жылда бирден спорттук мелдешүүлөр өтүп турган. Олимпиадалык оюндун тарыхы Олимпия шаарынан башталгандыктан ушундай аталышты алган. Олимпиада оюндарында Грециянын бардык тарабында тынчтык жарыяланып, Грециянын бардык шаарларынан мыкты спортчулар аталган оюнга катуу даярдыктар менен келишкен. Ошондой эле көрүүчүлөр да өтө көп болгон. Эң биринчи расмий Олимпиадалык оюндар б.з.ч. VIII кылымда болгон. Мындай мелдештер миң жылга созулган. Кийин христиандардын талабы менен стадион жана спорттук мелдештерди өткөрүүчү жайларды талкалашып, оюндарга тыюу салынган. Бирок муну менен эле Олимпиадалык оюндар бүтүп калган жок. 1896-жылы кайрадан Олимпиадалык оюндарды өткөрүү жанданып, күчүнө кирип, ошондон бери ар кайсы мамлекеттерде өткөрүп жүрүшөт. Олимпиадалык оюндарга Грециянын эркин жашоочусу катыша алган. Мелдешке катышуу үчүн бир канча жыл машыгуу керек болгон. Ошондуктан, багбанчылык менен жан баккандар, усталар бул мелдешке катыша алышкан эмес. Ал убакта кыз-келиндердин Олимпиадалык оюндарга катышуу укугу жок болчу.
Эмблемадагы үч бурчтуктар 2012 санын түшүндүрөт
2012-жылда өтүүчү Олимпиадалык оюндардын эмблемасы даярдалып бүттү. Эмблеманын сүрөттөрү көп туура эмес бурчтуктардан туруп, 2012 санын түшүндүрөт. Эмблеманын эки бөлүгүндө "London" деген жазуу жазылып жана Олимпиадалык шакекчелердин сүрөтү түшүрүлгөн. Кызгылтым, сары, көк жана жашыл өңдөр эмблемада колдонулган.
Медалдын салмагы 400
грамм болду
Медалдын диаметри 85 миллиметрди жана калыңдыгы 7 миллиметрди түзөт. Бир медалдын салмагы 375-400 грамм болот. Мындай чоң жана салмактуу медалдар Олимпиадалык оюндардын тарыхында биринчи жолу жасалып атат. Олимпиадага баары 2100дөй медаль чыгарылат.
Улуу Британиянын өкмөтү бюджетин карап
"шок" болууда
Улуу Британиядагы жайкы Олимпиадалык оюндардын даярдыгынын баасы мурунку өткөрүлүп жүргөн оюндардын бюджетинен 3 эсеге өскөнүн айтышууда. Баш-аягы 18 миллиард доллар кеткенин айтып, Улуу Британиянын өкмөтү "шок" болуп аткан чагы.
2012-жылдагы Олимпиадалык оюндарда Софтбол жана Бейсбол болбойт
2012-жылдагы жайкы Олимпиадалык оюндарда бейсбол жана софтбол болбойт. Алардын ордуна регби, гольф, ролик спорту, карате сыяктуу спорттун түрлөрүн караштырып атышкан, бирок добуш берүүдө булардын бири да жетиштүү добуш ала алган жок.
1922-жылдан баштап кыздар да катыша баштаган
1922-жылы 20-апрелде Париждин Першинг стадионунда кыз-келиндердин Эл аралык спорт федерациясы түзүлүп, анын президенти Алиса Мильенин демилгеси менен тарыхта кыз-келиндердин биринчи жолку дүйнөлүк оюндары өткөрүлгөн. Алгачкы 4 оюн ийгиликсиз өткөндөн кийин Алиса Милье Олимпиадалык оюндардын Эл аралык комитетине кыз-келиндердин бардык оюндарын алып салуусун өтүнгөн.
Олимпиадалык оюндан психикалык жактан ооруп, ооруканага жаткан Ширли Франс
1950-жылы 20 жаштагы америкалык Ширли Франс аттуу кыздын айланасында катуу чыр болгон. Анын рекламалык агенти прессага Олимпиадалык оюндарга купальниксиз катышат деген маалыматты тараткан. Андан кийин эле ал кызга "Би-Би-Сиден", ар кайсы телекомпаниялардан кызыгып, апасы төрөгөн кебетеси менен катышат экен деп атышса эле, Ширли кадимкидей эле купальникчен сүзгөн. Бирок, бул сууда сүзүүнүн аягы чоң трагедия менен аяктап калмак. 14-чакырымда катуу шамал болуп, Ширлинин булчуңдары тырышып, күчүн жогото баштайт. Аны араң дегенде катерге салып алып чыгышкан. Андан кийин аны ооруканага катуу психикалык оорусу менен жаткырышкан.
Кыргызстандан А.Тыныбекова жана Д.Көбөновдор Лондон олимпиадасына жолдомо алышты
30-марттан 1-апрелге чейин Казакстандын Астана шаарында күрөш боюнча лицензиялык Азия мелдешинде 31-март күнү грек-рим күрөшүнөн 74 кг салмакта күрөшкөн Кыргызстандык Данияр Көбөнов, күмүш байге алып, ХХХ жайкы Олимпиадага лицензия алды. Кыргызстандык балбан кыз Айсулуу Тыныбекова да Астана шаарында лицензиялык Азия мелдешинде кыз-келиндер күрөшү боюнча күмүш байге алып бул сыймыкка татыды. 63 кг салмакта күрөшкөн А.Тыныбекова 3 беттеш өткөрдү. Лицензиялык Азия мелдешинде күмүш байге алган
А.Тыныбекова алгачкы ирет Кыргызстандык балбан кыздардан Олимпиадага жолдомо жеңди. Бул жолку жеңишин Айсулуу жалпы Кыргызстандыктарга арнаганын билдирип, эл үмүтүн актоо үчүн олимпиадага татыктуу даярдык көрөрүн убада кылды.
Сайра Сопушева