Нурайым Азыкбаева:

"Эркек мүнөз болгондуктан, мага эч ким сүйүү катын жазган эмес"


- Нурайым эже, жездем үйгө келип катуу иш кылып аткан го...
Нурайым: - Ооба. Ар бир дем алыш күнү үйгө келип турабыз. Жаз келип, айлананы тазалап жатабыз. Мукай эмгекчил, элпек жигит. Акча таап келгенден башка дагы, үйдөгү эркектерге тиешелүү жумуштун баарын айттырбай эле жасап салат. Мен ошо менен сыймыктанам.
- Сизди го көрдүм. Жумуш кийимин кийип, күйөө балалык милдетиңизди өтөп жаткан экенсиз. А... Нурайым эже үйдө кандай келин?
Мукай: - Абдан жакшы. Бир нерсени кыла албаса да, ошону кылганга аракет кылат. Биз үйдө камыр тамактарды көп жейбиз. Үйдө дайыма ун, эт болуп турат. Эт менен камыр тамакты жегенди атам жакшы көрөт. Күнүгө камыр жууруп, апам өзү тамак жасачу. Нурайка ошол нерселерди бир көрүп эле, биздикине окшоштуруп үйрөнүп кетти. Ал тамактарды жакшы жасап, үйдү дайыма иретке келтирип турат. Мурда мен шкафта канча киймим болсо ошонун баарын чыгарып, бирөөнү кийип, кайра чогултуп салып койчумун. Азыр Нурайка орду менен бүктөп, таптап коюп коёт.
- Сиздердин таанышкан күнүңүздөр мага кызыктуу болуп атат. Эң биринчи таанышкан, бири-бириңиздерден уялып сүрдөгөн бактылуу күндөрүңүздөрдөн баштасаңыздар?
Мукай: - Нурайка менен дос баламдын үйлөнүү тоюнда таанышкам. Ал жерде мен дос катары жардам берип, сүрөткө тартып, кызмат кылып жүргөм. Нурайка досумдун бөлөсү болгондуктан, ал жерде ар кандай музыкалык аспаптарда ойноп аткан болчу. Буга чейин телевизордон көрүп суктанчумун. Ошондо Нурайканы биринчи жолу жакындан көрүп, анын скрипкада ойногону мага абдан жагып калды.Анан досумдан телефонунун номерин алып, сүрөтчү бала болуп: "Тойго барганда сүрөткө түшпөдүңөр беле? Ошол сүрөттү чыгарып койдум, алып кетесиңерби?" деп, байланышка чыктым. Бул мени тыйын кылып иштеп жүрсө керек, сүрөтчү бала деп ойлогон экен.
Нурайым: - Бул мага чалганда макул дедим да, окуган жериме чакырдым. Сүрөтү жок, өзү эле келди. "Сүрөт жокпу?" деп, кетип кала албай, тамашалашып сүйлөшүп кеттик. Ошентип, Мукай мага кечке чалып, бара-бара бири-бирибизге көнүп сүйлөшүп кеттик. Башында сүйлөшөм деген ой болгон эмес. Убакыт өткөн сайын мен Мукайга көнүп калдым.
Мукай мага кечинде келчү. Мен болсо апама "атам уктадыбы?" десем, ал "бар он беш мүнөткө чыгып кел" деп жиберчү. Экөөбүз дарбазанын сыртында, машинанын жанында сүйлөшүп турчубуз. Жолугушуулардын көбү машинанын ичинде өттү. Ошол кезде эле жашоо жөнүндө сүйлөшчүбүз. Дайыма менин чыгармачылыгымды колдоп, жардамын аяган жок. Азыр да ошондой адам. Албетте, мен да жумушу кандай болуп атат деп сурап турчумун.
- Келиндин келгендегиси эстен кетпейт дейт го...
Нурайым: - Ооба, абдан толкундоо сезимдери болду. Эми ушул үйгө таптакыр келбей каламбы деген ойлор болду. Такыр келбей калчудай сезилди... Жүрөгүм сайгылашып бир кызыктай болдум. Ыйладым, бирок көп адамга билгизген жокмун. Кайнене, кайнатамды турмушка чыкканга чейин эле таанычумун, ошондуктан бат эле көнүп кеттим. Ак жоолук салынып, келин болуп барганда жүгүнө албай уялдым. Мукай "сахнада толтура элдин алдында жүгүнөсүң го?... анан ушул жерден жүгүнө албай калдыңбы? Ошентип эле колдоруңду керип жүгүнө бер" дейт. Мен аябай уялып араң жүгүнгөм. Кийин сүрөттөрүбүздү көрсөк, чын эле башым жерге тийгендей болуп жүгүнүптүрмүн.
- Дүйнөнү дүңгүрөткөн таланттуу адамдын күйөө баласы болгондо кандай сезимде болдуңуз?
Мукай: - Албетте, атам менен сыймыктанам. Мындай талант көп адамга бериле бербейт. Нурайым экөөбүз өзүбүзчө жашасак дагы, атамдын үйүнө келип кол кабыш кылып жардам берип турабыз. Келгенде атамдан кеңеш сурап кетебиз. Чынын айтсам, мен Нурайка менен таанышканда Курмангазы атамдын кызы экенин билчү эмесмин. Атамды бир эле жолу телевизордон көргөм. Бирок, көп аспаптарда ойноорун билчү эмесмин. Бир күнү досум менен олтурсам, ал Зейнеп апамдын атын айтып, "бир жакта олтурушуптур, үйүнө таштап койбойлубу?" деп айтканда, мен дароо макул болдум. Зейнеп апамды үйүнө жеткирип келдик. Апам болсо "жүргүлө, чай ичип кеткиле" деп калды. Эшик караңгы болуп калган. "Биз кете берелик" десек болбой койду. Анан мына ушул үйгө кирип, сүрөттөрдү карасам Нурсултандын, Курмангазы атамдын, Нурайымдын сүрөттөрү илинип турат. Ичимден бу кандайча деп ойлонуп коём. Буга чейин Нурсултан, Назарбаевге жолугуп келиптир деген маалыматым бар болчу.
- Эркелетип чакырган атыңыздар кандай?
Нурайым: - Үйгө келгенде бири-бирибизди "жан" деп чакырчубуз. Апам: "Азаматсыңар, бири-бириңерди жакшы көрүп сыйлап турасыңар. Бирок улуу кишилердин көзүнчө "жан" деп чакырбай жүргүлө, атыңар менен эле айткыла",- деп калды. Бизди өкүл ата-апаларыбыз жаш балдардай көрүп, "ии кебетелеринен ушулардын" деп эркелетип калат.
Мукай: - Кечинде уктаар мезгил келгенде, "жакшы жат", эртең менен турганда "кутман таңың менен" деп чекесинен сүйүп эркелетем. Мен Нурайка десем, бул Мукай деп эле чакырат.
- Күчтүү сүйүүнүн артында кызыктуу күндөрүңүздөр көп болсо керек...
Мукай: - Фестиваль болот деп Назгүл Айдаралива эже менен Украинага кетишкен болчу. Күнүгө сүйлөшүп жүрүп көнүп каласың да. Бир күн өттү, аябай жаман болуп, сүйлөшө албай кыйналдым. Эртеси интернеттеги сайтка кирдим. Ал жерде сурап билүү телефонунун номери жазылган экен. Ал номерге чалсам, ал бир номерди берди, ага байланышка чыксам, ал дагы башка номерди берди, анан ошентип Нурайка менен сүйлөштүм.
Нурайым: - Биринчи туру бүтүп, экинчи туруна камданып жатканбыз. Кийинүүчү бөлмөдө олтурсам, администратор: "Сага Кыргызстандан Маданият министрлигинен чалып жатат"-деп, телефонду алып келип калды. Мен сүйүнүп "ии эмне болгонун билейин дешкен го" деп эле "алло..." десем, жоон үн менен бирөө: "Кандайсыңар, жакшысыңарбы? Конкурс кандай өтүп атат, эмне жаңылыктар бар, жеңгенге мүмкүнчүлүктөр барбы?"-деп калды. Мен: "Ооба...ооба, байке, баары жакшы. Биринчи тур мындай өттү, эми экинчиси болот" деп, отчёт бере баштадым. "Качан келесиз, бул жакта сагынып кеттик " десе түшүнбөй дароо "эмнеге сагынып кеттик" деп айтып атат деп, "бул ким?" деп коём. Анда Мукай мен деп каткырат. Жүрөгүм жылып, сүйүнүп кеттим. "Сен кантип таап алдың?" десем, "ушинтип таап алам" деп калды. Мен кайсыл жерде болбоюн таап алчу.
- Буга чейинки сүйүүңүздөр болгонбу?
Мукай: - Биз сүйлөшүп баштаганда эле турмуштук маселелерди чече баштаганбыз. Бала кезимде тентек болчумун. Дүйнөдө менин жалгыз бактым Нурайка. Мен аны жыйырма жети жыл күттүм.
Нурайым: - Мен кичинемде эпчил, тың кыз болчумун. Мүнөзүм эркек мүнөз эле. Толук, эки бетим кызыл, 67 кг элем. Мектепте окуп жүргөндө жалаң эркек балдар менен жүргөндүктөн, мага эч ким сүйүү катын жазчу эмес. Он биринчи классты бүтүп атканда гана чоңойгонумду сезип, өзүмө каранып, боёнуп, түздөнүп калдым. Ошондо 42 кг болуп арыктап, татынакай болуп кеттим. Ошондон кийин жактыргандар көбөйдү. Концерттер көп болуп ал жактарга барганда мага эч ким тийише алчу эмес. Анткени жанымда дайыма байкелерим жана атам болчу. Ага чейин спорт кийимдерин кийип алып эле жүрчүмүн.
Жылдыз
Абдыкерим кызы