Иним экөөбүзгө бир катын...


Айгүл ШАРШЕН
(Башы өткөн санда)
Сүйүүнүн баркын билбесең, - деген ыр жазылыптыр. Селдейе экөөнү карап отура берди. Толкунай сулуу аял эле, көздөрү жалжылдап өзүнчө күйүп турчу: "Байкуш апакем, жаш өлүп калдың, тирүү болгонуңда кандай гана сонун болмок, мен азап тартып жетимчиликтин азабын тартмак эмесмин, жаткан жериң жайлуу болсун апа, атам экөөңөр биргесиңерби?" - деп ойлоп эмнеге атасы менен эмес кайниси менен түшкөнүнө түшүнө албай сүрөттөгү бири-бирине жанаша бактылуу жылмайган эки жашты карап отура берди. Аттиң, адам сүрөттө гана жапжаш бойдон кала берет тура, эгерде Толкунай азыр тирүү болсо алтымышта болмок экен. Көптө барып баракты ачып окуй баштады: "Садагам кызым, - башталыптыр, - Менин сага айтар сөзүм бар, сен менин жалгызымсың, эгерде дагы жашай түшсөм балким инилүү же сиңдилүү болор белең, бирок мени өз намысым тирүү жүргөндөн өлгөн артык деп жатат"… Жайлоокан таң калып алды: "Неге, неге намысы, күнөөсү кайсы эле", - деп ойлонуп андан ары окуй баштады, Толкунай башынан баштап жазган экен…

***
Толкунай атасы жок жалгыз апасынын бир тууганынын колунда чоңойду, эмнеден экенин билбейт, апасын өлдү деп коюшкан. Тагасы Сейитбек кызды жакшы өстүрдү, аялы Азимбү дагы жакшы аял болчу, балдарынан кем көрбөдү, чоңоюп үчүнчү класста окуп жатканда бирге окуган классташы Айбарчын менен уруша кетип, ал Толкунайды балдардын көзүнчө:
- Сенин апаң түрмөдө, ал сенин атаңды өлтүргөн, сени кошпойбуз, - деди эки колу менен бетин ээликтей.
- Айбарчын, азыр өлтүрүп коём, сен калпычы!
- Калп айтпай эле, сенин апаңдын түрмөдө экенин баары билишет.
- Калп! - Толкунай Айбарчынды түртүп ийди, - Эмнеге калп айтасың?
- Элина, айтып койчу ээ, Толкунайдын апасы түрмөдө.
- Ооба, тайкеңден сура керек болсо.
- Калп, калп! - деген Толкунай ыйлап үйүн көздөй жүгүрүп кетип жатты, короодон ыйлап кирген
Толкунайды Азимбү тосуп алды.
- Эмне болду, кызым?
- Эмнеге калп айтасыңар, апам түрмөдө экен го, атамды апам өлтүргөн экен го? - деп баш-аягы жок сүйлөп солуктай берди.
- Ким айтып жүрөт, кой кызым айта беришет, ыйлабагын ээ? - деп көз жашын аарчып кирди.
- Ыкы, ошентип айтышпадыбы, алар калп айтпайт, мен апамды жек көрөм, жек көрө-өм! - деп өксүп жатты. Сейитбек анын үнүн угуп үйдөн чыга калды.
- Кызым, сага эмне болду?
- Мен апамды жаман көрөм, ал атамды эмнеге өлтүрдү? - Толкунай кайрадан өңгүрөп кирди, экөө эптеп жатып сооротуп түшүндүрүүгө аракеттенип жатты:
- Сенин апаң түрмөдө экени ырас кызым, бирок атаңды ал өлтүргөн эмес, жалган жалаа менен камап койгон.
- Ооба кызым, атаңды кантип өлтүрмөк эле? - дешип эптеп сооротушту. Толкунай көпкө унчукпай отурду да:
- Мен эми мектепке барбайм, - деди.
- Эмнеге, окууң жакшы, сабакка барбай калсаң болбойт, окушуң керек кызым, - Экөө эки жагына отуруп алып чачынан сылап эркелетип жатты, бир кезде андан улуу кызы келип Толкунайды ээрчитип чыгып кетти. Ошентип анын тозоктуу күндөрү башталды, мектепке келсе эле аны карап шыбырашып шыңкылдап күлүшөт. Акыры мектепке барганын таптакыр койду. Сейитбек директоруна барып сүйлөшкөн соң гана ага эч ким унчукпай калды. Он жаштагы кыз бат чоңойгондой болду, токтоо тартып, ой басып калды, жыл өтүп алмашып отуруп тагасынын жардамы менен педучилищага кирип окуп калды. Экинчи курста Тургунаалы менен таанышып калды, ал дагы шаарда иштейт экен, экөө бат эле бири-бирине көнүп кетти, көп узабай бири-бирисиз жашай албай турган болуп калышты. Бир күнү Тургунаалы аны өзүнүн жатаканасына алып барды:
- Сен жалгыз турасыңбы? - Толкунай чочулай сурады.
- Эмне, коркосуңбу?
- Жо-ок.
- Толкун, мен сени сүйөм, сенсиз жашай да албайм, бүгүн мени менен кал, балким үйлөнүп да аларбыз, - деди кызды имере тартып.
- Туку, жигит менен жаш кыз ээн калса жаман болот деген менин таажеңем.
- Ой кызык, эмнеге жаман болмок эле? - Тургунаалы каткырып алды, - Кой коркпой эле отура бер, биз бири-бирибизди сүйөбүз да, туурабы?
- Ооба дечи, бирок коркуп жатам.
- Коркпо, мен сага тийбейм.
- Мен кете берейинчи…
- Бүгүн менин коногум болосуң, - Тургунаалы кызды кетирбей алып калды.
Ошол күнү алар бирге болушту, кыз өз макулдугу менен сүйгөнүнө өзүн арнап койду, эртеси денеси салмактанып ооруса да эптеп окуусуна барды. Ал өкүнгөн жок, өз сүйгөнүнө арналганына ыраазы. Тургунаалы ошондон үч күндөн кийин келбей калды, күтүп-күтүп көзү тунарып, көз жашы көлдөп күтүп жүрүп бир ай өтүп кетти. Толкунай түңүлүп калды: "Мени алдаган экен, кайда кетип калды экен акмак, ал мени сүйөм деп калп айткан экен", - деп боздоп үч күн жатты. Тургунаалы ал кезде үч жылдык аскерде болчу, Тургунаалыны аскерге чакыртып кеткен, шашылыш кетип калып Толкунайга жолуга албай кеткен эле. Ошентип бир жылдай кабарсыз кетти, кийинки жылы училищаны бүтүп эми жолдомо менен кеткени жатканда аны Туйгунаалы ала качып кетти.