Дүйшөнбек Чомо уулу:

"Бээнин сүтү кырк жылдык ооруну козгойт"


- Эмнеден таасирленип ушул кесипке келип калдыңыз?
- Таенем, апам экөө тең элдик дарыгерлер болгон. Чөптөрдү чогултуп кургатып жыл бою дары чөптөр менен алектенип кесип кылып жүрүшкөн. Таенем тирүү кезинде мага үч чөптүн түрүн айтып жүрчү. Ошол чөптөрдү мага таап бер деп көп суранчу. Ошол суранычын актоо максатында көп жылдан бери иштеп келе жатам. Чөптүн эки түрүн 20 жылда таптым, үчүнчүсүн эми дагы 10 жылда табам окшойт.
- Кайсыл чөп кандай ооруга дары экенин кантип билесиз?
- Биринчи кезекте бардык чөптөрдө китептен окуп, элден укканымды, баарын алгач изилдеп чыгам. Качан гана өзүмө ишенгенде бейтаптарга сунуштап баштайм.
- Бээнин сүтүнүн пайда жана зыян жагына токтоло кетсеңиз?
- Бүгүнкү күндө бээнин сүтү менен дарыланып жаткандардын саны өсүүдө. Бирок алар кантип, кандай шартта, качан ичүү керек экенин билишпей туруп бээнин сүтү 200 ооруга дары деп иче беришет. Бээнин сүтү качан 200 ооруга дары? Качан гана бээ жаңы тууганда, ошондогу ууз сүтү көпчүлүк ооруга дары. 15 күнгө жетпеген убакытта ичип жетишүү керек. Эскерте кетчү нерсе кеч күздө тууган бээнин сүтү 40 жылдык ооруну козгойт. Дарылык үчүн ичип жаткан мезгилде бир гана бээнин сүтүн ичүү керек. Башка бээлердин сүтүнө аралашып кетсе дарылык касиети жокко эсе болуп калат.
- Канча чөптүн тилин билесиз?
- 800-900гө жакын дары чөптөрдүн түрүн, ал эми алардын ичинен 700үн жакшы деңгээлде билем. Бирок учурда такай пайдаланып жаткан чөптөрүм 60-70 гана.
- Ооруну тамырдан кармап кантип билүү мүмкүн?
- Бул сезүү мүнөзү. Ысык-суукту айырмалап билүү. Бул тукумдан-тукумга өтүүчү касиет болсо керек. Менин оюмча мага таенемден өткөн.
- Ысык-суук дегенди кандай түшүнсөк болот?
- Мисалы бөйрөк, боор, ичеги оорулар суук ооруга кирет. Ал эми баш оору, кан басымдын көтөрүлүшү, өт оорусу ысыкка кирет. Суук оору менен ооругандар дары чөптөрдү ичсе болбойт. Анткени чөп суук келет.
- Канча оорулуу дарылай алдым деп айта аласыз?
- Мага кайрылгандардын саны орто эсеп менен 20500гө жакындап калыптыр. Алардын ичинен 30-40 пайызын толугу менен дарылай алдым деп айта алам.