Равшан Жээнбеков:

"Мени Текебаев депутат кылган эмес"


"Ата-Мекен" партиясынын ичиндеги ич ара чыр-чатактардын келип чыгышынан улам, партиянын лидери Өмүрбек Текебаевдин чечими менен Равшан Жээнбеков жана Өмүрбек Абдрахмановдор партиядан чыгышты. Равшан Жээнбеков "Ата-Мекен" партиясы тууралуу төмөнкүдөй пикирин биздин редакция менен бөлүштү.

- Равшан мырза, Өмүрбек Текебаев экөөңүздөр Парламентке келгенден бери эле бир пикирге келе албай жүрөсүздөр. Негизги тартышыңар эмне?
- Жалпысынан экөөбүздүн көз карашыбыздын окшош жактары көп эле. Мамлекеттин түзүлүшү, жалпы кандайдыр бир багыттар боюнча. Бирок, кийинки бир жылдын ичинде бир аз ортобузда идеологиялык карама-каршылыктар пайда болду. Маанилүү деген маселелер боюнча карама-каршы көз караштарды карманып калдык. Менин оюмча биринчи көз караштагы келишпестик, шаар мэрлерин шайлоо боюнча болду. Ал "Бишкек шаарынын мэрин партиялар аркылуу сунуш кылып, шаардык кеңеш бекитиш керек", - деди. Мен Жогорку Кеңешке "Бишкек шаарынын мэрин шаардыктар өздөрү шайлаш керек", - деген сунушумду киргиздим. Жогорку Кеңеш менин сунушумду ал убакта колдоду. Ошол жерден биринчи конфликт башталып калды. Андан башка кадр тандоо боюнча, кадрларды мамлекеттик негизде жогорку кызматтарга коюуда да экөөбүздүн көз караштарыбыз эки башка болуп калды. Ал киши өзү сунуш кылып, партиянын ичине фракциянын мүчөлөрүнө бекиттирип алганды туура көрөт. Мен ачык конкурс өткөрүп, конкурстун негизинде бардык депутаттар ачык-айкын добуш берсин, ичинен мыктылары, ким татыктуу болсо ошонусу утсун деген көз карашты айттым. Мына ушуга окшогон конфликттер көбөйүп отуруп, партиядан чыгышыбызга алып келди.
- Эки кочкордун башы бир казанда кайнабайт эмеспи, Президенттикке аттанаарда сиз "Ата-Мекен" партиясынан мен Президенттикке ат салышам" - дегениңизге Текебаевдин жини келип, сениби шашпа деп сизге кекенип жүрүптүр. Партиядан чыгышыңыздын бир себеби ушул болду деп ойлобойсузбу?
- Бир эле себеп эмес, көп карама-каршылыктар топтолуп отуруп ушундай жыйынтыкка алып келди. Тилекке каршы биздин партияда "Я-начальник, ты - дурак" - принциби туруп калып атат. Партиядан мени чыгарып жиберүү жеңил эле. Себеби, партиянын көпчүлүгү Текебаевди колдогондор, Текебаевдин кишилери, ал эмнени айтса, ошону жасагандар. Президенттикке койгондо да мен Текебаевге каршы эмес, партиянын ичинде атаандаштык жаралсын деген ойдо койгум келген. Анткени, партиянын ичинде күчтүү атаандаштык болбой турган болсо, партиянын мүчөлөрү бири-бири менен атаандашпаса, мен күчтүү болом деп өздөрүнүн амбициясын билгизбей турган болсо, партияда өнүгүү болбойт. Билимдүүлөрдүн ичинен эң билимдүүсү, саясатчылардын ичинен күчтүүсү алдыга чыгыш керек. Ким акыл-эстүү болсо, ал жакшы кызматка барыш керек. Мына ушундай саясаттын атаандаштыгы бар. Эгерде атаандаштыкты биз да саясатта, партиянын ичинде кармабай турган болсок, анда партиянын келечегине сөзсүз түрдө кедергисин тийгизет.
- Эмне себептен Президенттикке талапкерлигиңизди коюудан баш тарткансыз?
- Ал убакта дагы мага бир топ басымдар болгон. "Партиядан чыгарабыз, партиянын айтканын укпай атасың, Текебаевди колдобой атасың", - деген бир топ сөздөр болгон. Мен үчүн атайын фракцияларды уюштуруп, ( Текебаевдин тегерегиндеги атайын өзүнүн жакындары бар) алар мени жемеге алышып, колдорунан келишинче басканга аракеттенишкен. Ал жолу партиянын лидери, улуу катарында унчукпай макул болдум.
- Өмүрбек Текебаев Равшан "Ата-Мекен" партиясына акча карыз деп айтып чыкты. Канча суммадагы акча карызсыз? Аны эмне максат менен алдыңыз эле?
- Партияга эч кандай акча карыз эмесмин. Текебаев эгерде бандиттердин жолуна түшүп, мүчөлөрүнөн акча талап кылганды, салык салганды үйрөнө баштаса, бул Текебаевдин азыркы жаңы тандап алган жолу. Мен партияга колуман келишинче финансылык дагы, материалдык дагы шайлоодо жардамдарды берип келгем. Буга чейин бергендердин баарын партиядагылар да, башка адамдар да билет. Кийинки бир жылдын ичинде партияга жардам беремби же бербейминби ал менин жеке ишим болуш керек. Менин оюмча күч менен партияга мынча акча бересиң, - деп айта тургандай Текебаев бандиттердин башчысы эмес азыр.
- Мындан аркы кадамыңыз кандай болот? Кайсы партияга киресиз?
- Азырынча эч кандай партияга биригели деген оюбуз жок. Бирок, депутат, саясатчы катарында пландар көп. Бир топ жаңы мыйзамдарды киргизсем деген оюм бар. Азыр 4-5 мыйзам боюнча иштеп Жогорку Кеңешке киргизип койгом. Саясатта дайыма эле активдүү болуп келгем, мындан ары да активдүү саясатты жүргүзө берем.
- Партияга кандай максат менен киргенсиз жана ал максаттарыңызды ишке ашыра алдыңызбы?
- 2007-жылы партияга тизмеге кирдим. Биз оппозиция катарында ошол убакта Бакиевдин режимине каршы барганбыз. Ал убактагы партия менен азыркы "Ата-Мекендин" айырмасы асман менен жердей. Ошол учурдагы партиянын максаты, принциптери так белгилүү болчу. Максаты - Бакиевдин бийлигине каршы күрөш, мамлекетте адилеттүүлүктү орнотууга салымы болсо, азыркы күндөгү партиянын принциптери бузулуп, Бакиевдин партиясына окшоп, авторитардык лидер пайда болуп, авторитардык партияга айланып баратат. Ошондуктан, азыркы партиянын келечеги күмөн.
- Сиздин бир интервьюңузда "Өмүрбек Текебаев партияда өмүр бою лидер болуп кала албайт", - деген сөзүңүз бар. Ушул сөзүңүздөн улам партиядан чыгып калдым деп ойлобойсузбу?
- Кандайдыр бир деңгээлде Текебаевди кээ бир убакта сындап келгем. Эми өтө деле орой эмес, менин оюм боюнча конструктивдүү сындарды айтып келгем. Өмүрбек Текебаев өмүр бою партлидер боло албайт. Бүгүн болбосо, эртең кетиши керек. Экинчиси, өткөн парламенттик шайлоодон утулду, жергиликтүү шайлоодон партиянын аты да чыкпай калды. Андан кийин мен ММКларга "Эгер партия шайлоолордон ута албай калса, партия жетекчисинин күнөөсү", - деп айткам. Мына ушуга окшогон сындарга чыдабай чыгарып атканынын себеби да ушунда. Партия лидери сынга чыдамдуу болуш керек. Партиянын жөнөкөй мүчөлөрү, депутаттар, саясатчылар лидерди сындай турган болсо, ошону туура кабыл алып, кемчилигин оңдогонго аракет кылыш керек. Тескерисинче, сынды кабыл албай, биздин мурдагы демократ лидерибиз, эми Бакиевдин ролуна акырындап кирип баратат окшойт.
- "Ичкен кудугуңа түкүрбө", - дейт кыргызда, жогорудагы сөздөрүңүз менен "Ата-Мекен" партиясынын кудугуна түкүргөндөй болгон жоксузбу?
- Жок, мен саясатчымын. Биздин адам катары айтылган макал-лакаптарыбыз ич ара үй-бүлөлүк мамилеге карата. Партияда баары башкача. Партияда биз көбүнесе өнүккөн мамлекеттердин демократиялуу тажрыйбасын алышыбыз керек. Эгерде биз ошол демократиялуу партиялардын тажрыйбасын карай турган болсок, мен айткан партиялар тескерисинче "ичкен сууңа түкүрө бер" деген принципти карманат. Тескерисинче, бири-бирин жеп, чукуп, сын-пикир айтып, лидер туура эмес жолго түшүп атса, лидерди да сындашат. Мына ушундай гана партиянын келечеги болот, мамлекетке пайдасы көбүрөөк тийет.
- Сиздерди депутат кылганы үчүн Текебаев күнөөлү деп ойлойсузбу?
- Жок, эч кандай күнөөлүү эмес. Мени Текебаев депутат кылган эмес. Текебаевге чейин эле өзүмдүн саясаттагы ордум болгон. "Ата-Мекен" партиясына келе турган болсом, мени шайлаган, мени да колдогон адамдар "Ата-Мекенге" мен турган үчүн добуш берген учурлар да бар. Эми муну азыр сөзсүз түрдө изилдеп так айтыш кыйын, бирок, жалпысынан ушундай логиканы кабыл алсак болот.
- "Ата-Мекен" партиясы силер болбосоңор 5-орунга да келмек эмеспи?
- Антип айта албайм. Менин так өзүмдүн шайлоочуларым бар. Мисалы, Таласта шайлоочуларым, Бишкекте, башка региондордо шайлоочуларым бар. Алар добушун берди. Эгерде "Ата-Мекен" партиясы ошол убакта башкарып аткан жетекчилик, шайлоону туура алып барганда, жаңы технологияларды колдонгондо, биз бир топ жакшы добуш алмакпыз. Тилекке каршы, Парламенттик шайлоодо биздин жетекчиликтин алсыз башкаруусунан, парламенттик шайлоонун технологияларынан пайдаланбагандыктан жана ачык-айкын бардык мүчөлөрүн шайлоого катыштыра албагандыгынан утулууга келип такалдык.
- Мурунку партлидериңиз Өмүрбек Чиркешович өч алган жагынан алдына киши чыгарбайт деп уккан элем. Сизден да өч алат деп коркпойсузбу?
- Менин башыман мындай кыйынчылык биринчи жолу өтүп аткан жок. 2004-жылы министр болуп туруп Президент А.Акаевге каршы чыккам. Экинчи жолу элчи болуп туруп, Президент Бакиевге каршы чыгып, кызматымды өткөрүп бергем. Анын жанында Текебаев алардай мага душман боло албайт. Душман болуу ага деле көп пайда алып келбейт болуш керек. Ошондуктан, менин мурдагы басып өткөн жолум, мага иммунитеттерди жараткан. Ошол иммунитеттер мага келечекте жардам берет деп ойлойм.
- Мындан ары экөөңөр кас деп эсептей берсек болобу?
- Текебаевди мен "акмак" деп айткан жокмун. Текебаевдин көз караштарын сындап атам. Эгерде Текебаев маданияттуу саясатчы болсо, ал ушундан жыйынтык чыгарат. Ал да менин көз карашымды сындасын. Мен айтып атам, Текебаев авторитардык саясатчы, Текебаевдин партиясы авторитардык партияга айланып баратат. Партиянын ичинде сындаган, башка көз караштагы адамдарды жок кылгысы келип атат. Ошондуктан, Текебаевдин кээ бир көз караштары мага туура келбейт, мен анын көз караштары туура эмес болсо бүгүн да, эртең да сындай берем.
- Муну менен өзүңүздү Текебаевден күчтүү саясатчымын деп айткыңыз келип атабы?
- Жок, мен антип айта албайм. Бирок, мен келечекте Текебаевден да күчтүү саясатчы болгум келет. Мамлекетти өзгөртүүдө салымымды кошкон саясатчылардан болгум келет. Алдыма болгону жакшынакай максаттарды коюп атам. Менин максаттарымдын баары Кыргызстандын өнүгүшүнө алып келе турган, Кыргызстанды жакшы мамлекет кылууга жасаган менин аракетим.
Төлөбүбү Касымалиева