Жыпара КОЖОКЕЕВА, төкмө акын:

Ашыралы ата менин Чагылган деген атымды элге жар сала албай кетти


- Саламатсызбы Жыпара эже. Нооруз майрамыңыз менен!
- Рахмат, сиздердин да майрамыңыздар менен, ошондой эле жалпы калайык-калкты да ыйык Нооруз майрамы менен куттуктайм.
- Сиз төкмөчүлүк өнөргө канчадан бери аралашып жүрөсүз?
- Төкмөлүк өнөр деген кайталангыс улуу өнөр, муну башка өнөрлөрдөй болуп, окуп үйрөнбөйт, б.а. табиятынан берилген тубаса талант. Бул өнөр миң адамдын экисине берилүүчү өнөр. Беш миллион кыргыз болсо, алардын арасында 50 дөй адам төкмө акын, алардын эл -журтка таанылып жүргөнү 20 дай. Бул өнөргө мен 20 жашымдан баштап келдим, ага чейин дастандарды, термелерди айтып мектептерде райондук, облустук деңгээлдердеги кароо-сынактарга катышып жүрчүмүн. Кийин анан Караколдогу К.Тыныстанов атындагы университетте иштеген Үсөнбек Асаналиевич деген агайыбыз айтып калды: " Жыпара , сенден бир нерсе чыкчу кыз экенсиң, сен бир жакшы устат тапкын, ошого дитиң менен кирип иштешиң керек" деп калчу. Ошон үчүн мугалимдик кесибимди таштап төкмөлүк өнөргө устат издеп жүрүп, кудай буйруп Майра Керим кызына жолуктум. Ошентип, белгилүү төкмө акындын шакирти болуп калдым, Майра эжеден таалим-тарбия алганыма азыр сыймыктанып келем.
Эң алгач 23 жашымда Жамила Жылкыбаева эжекебиз алып барганда сен дагы бир аз коё тур, азырынча жаш экенсиң деп койду. Ошону менен мен университетти бүтүп жаткан кезимде кайрадан эжеге бардым. Ал кезде жүрөк курч экен, киргенде эле чоң акындарча саламдашып кирдим. Ошондо Майра эже эми сен бышыптырсың, мен сени шакиртим кылып алам деп калды. Ошентип, эжеден сабак алып, такшалган соң 1999-жылы Ысык-Көл облусунда, Нооруз майрамында менин эң алгачкы тушоомду кести.
- Жакында эле 8-март күнү КТР уюштурган "Кыз -жигиттен сармерден" деген жакшы бир долбоорго катыштыңыз, ошол жөнүндө сөз кыла кетсеңиз?
- Ооба, бул долбоорду көптөгөн таланттардын булагынын көзүн ачып жүргөн Сагын Ниязалиева деген режиссер эжекебиз унутулуп бараткан, чыныгы салттык "Сармерденин" алып чыкканына аябай кубандык, бир гана ошол жердеги өнөр адамдары гана эмес калайык- калың журт дагы жакшы кабыл алышты. Элге жакшы маанай тартуулай алдык деп ойлойм.
- Ушул өнөрдү аркалап кетишиңизге ата-энеңиздин көз карашы кандай болду?
- Албетте, ата-энем алгач түшүнө албай жүрдү, эмнегедир ишенише алышпай да жүрүштү. Алгач мени мугалим кылып Токтогул лицейине киргизип коюшкан, мугалим болуп иштегин деп. Бирок баягы көкүрөгүңдөгү өнөр болбой эле уйгу-туйгу болуп жатып, акыры төкмөлүк өнөргө баш-отум менен кирип кеттим. Кээде ата-энеме айтпай, ар кандай кароо-сынактарга кетип калчумун. Көп убакытка чейин алар мени сен туура эмес кылып жатасың, мугалимдик кесипти эле аркалай берсең болмок деп көп айтып жүрүштү. Ошентип жүрүп, 2003-2005-жылдардагы республикалык айтышта биринчи орунду алганымдан кийин бир аз ишенишип калышты. Азыркы учурда чыгармачылыгыма түшүнүшүп, колдоо көрсөтүп турушат.
- Сиздин ата-тегиңизде төкмөлүк өнөр ээлери барбы?
- Менин чоң энелерим айтып калар эле, бабаларыбыздын байбичеси айтып калчу деп. Ошондой эле мен өзүм чоң энемдин колунда өскөндүктөн, ал мага кыргыз эл жомокторунан, термелерден айтып берип,чоңойтту. Ал адам өзү жамакчы адам болгон.Балким ошол адамдардын таасиринен болсо керек. Негизи тайнем дага жакшы жамакчы, кошокчу киши. Менимче, ушул байбичелердин салымы, таасири болсо керек.
- Балалыгыңыз кандай өттү?
"Баары айылдан башталат" - дегендей менин да балалык кезим Ак-Суу өрөөнүнүн Ак-Булак айылында өткөн. Арык тукум уруусунун кызы болом, санжырада айтылып калат, Арык тукумдун кыздары кыйын болот деп. Балалыгымдын таттуу күндөрү ушул айылда кадимки эле балдардай өттү. Ата-энем айылдагы эле карапайым адамдар, азыркы учурда айылда мал-жан менен эле алек, өзүм 6 бир туугандын эң улуусу болом, Караколдогу К,Тыныстанов атындагы университеттин кыргыз филологиясын бүткөм. Бир туугандарыбыздын баары азыркы учурда үй-бүлөлүү, ар бирибиз турмуштан өз ордубузду таап отурабыз. Азыркы учурда мен да өз түгөйүм менен бирге түтүн булатып келем. Жолдошум тууралуу көптөр сурап калышат. Былтыр дагы Курманжан датканын 200 жылдыгында бир Болот деген бала менен айтышып калсам, ал мага: "дайыма эле байкебиз жок келесиң, аны кайда катып жүрөсүң?" деп тийишип калды. Ошондо мен экинчи жолу элиме жар салып кеттим эле:
"Абасы бийик Казарман,
Таза алтынды каза алган.
Маанисин билген өмүрдүн,
Макендей мыкты жаралган" - деп. Жолдошум Макен Тогуз-Торонун кулуну. Өнөрүмдү түшүнүп, чыгармачылыгымды колдоп, ар дайым камкор болуп турган жакшы мырза.
- Эми сиздин төкмөлүк өнөрдөн башка дагы кандай өнөрлөрүңүз бар?
- Негизи адам ар тараптуу болгону жакшы да. Менин башка өнөрлөрүм аял катары ашканада тамак-ашка аябай көңүл буруп жакшы жасайм. Анан башка дагы бир өнөрүм- кирди катыра жууйм.
- Айтышып жатканда сизге эргүү кандай учурда келет?
- Негизи эле төкмө деп өзү айтып тургандай, төгүлүп айтылган ыр, эми кимге кандай келет билбейм. Негизинен ким менен айтышасың, аны да билбейсиң да. Эми темасы жөнүндө ой топтоп коём. Бирок ошол Кудай тааланын, сахнанын кудурети менен ошол жерден өзү эле эргүү келип төгүлө берет.
- Ушул өнөр менен кайсыл жерлерге бардыңыз?
- 2007-жылы Казакстанга бир чакан айтышка барып айтыштым. Ал эми 2006-жылы устатым Майра эже экөөбүз Өзбекстандын Ташкент шаарында өткөн, казак диаспорасы уюштурган айтышка катышып келгенбиз, ал жактан мен Чымкенттик бир эң мыкты акын менен айтышып келдим.
- Улуу муундагы төкмө акындардан да сабак алып сын-пикирлерин угуп калсаңыз керек?
- Ооба, негизи сын менен талант өсөт эмеспи, Айтыш коомунда алп акындарыбыздын бири Ашыралы атабыз жакшы тарбиясын берип, сын-пикирлерин айтып калчу: "сенде үнүң, талантың бар, жакшы такшалышың керек. Сен эл алдына чыкканда мен сага бир ат коём. Сары кашка деп Амантайга мен койдум эле, сага Чагылган деп коюп көпчүлүктүн алдында айтам" деп жүрүп, ошол сөзүн айта албай дүйнөдөн өтүп кетти. Мен барсам Чагылган келди деп калаар эле
- Төкмөлүк өнөр менен жүргөнүңүзгө 13 жылдын жүзү болуп калыптыр, ушул жылдар аралыгында кандай ийгиликтерге жетише алдыңыз?
- Мен ушул 13 жыл аралыгында эле чоң ийгиликтерди жараттым деп айта албайм, анткени ортодо мен дагы чыкпай калдым, бирок мамлекет тарабынан эч кандай сыйлыктарды ала элекмин. Ошентсе да айтыштарда жакшы ийгиликтер менен дипломдорду алып жүрөм.
- Алтындай убактыңызды бөлүп, маек куруп бергениңизге рахмат.
- Силерге да рахмат, ушул Нооруз майрамы эл- журтубузга тынчтык,молчулук алып келсин.
Күн менен түндү теңеген,
Нооруз келди жериме.
Ынтымак менен ырыскы,
Тилеймин кыргыз элиме.
Мунара Шопокова