ПЛЯЖДА


ЖАТКАНДАР


(Башы өткөн санда)
- Көнөр бекем… Суранып калдыңыз, анда атыңыздан эле айтайын.
- Сиз деп да айтпа. Сен десең…
- Жээкке баралы, кандай дейсиң?

Жээкке келсек, тигилер тамакка бара турган болуп кийинип алышыптыр. Мен бирок алардан бөлүнүп кетип, Ширин менен өзүнчө тамактанганды кааладым. Жанымда велосипед алып берейин деп, уулума бекитип жүргөн акча бар эле. Мени ошол азгырды. Ширинди чекеге чакырып, өзүнчө кетүү планымды айттым.
- Курбуларың капа болбосо, Боро менен Татынын сыйын өздөрүнчө көрө берсин. Сен экөөбүз тегеректеги кафелердин башкасына баралычы, - дегениме Ширин да жан дилинен макул болду. Тигилер да биздин айтканыбызга кыйылбастан көнүп, өздөрүнчө кетишти. Биз өзүбүзчө жайлуу кафелердин биринен орун алдык. Алдыбызга экөөбүз берген эки түрлүү салат келди. Вилка учундагы салатты Ширин оозуна салары менен экинчисин менин оозума салды.
- Белек, меникинен ооз тийчи… Жакшы салат бекен?
- Ох-хоо… Мына салат деп ушуну айт.
Ширин өзүнүн оозуна салган салаттан менин оозума салганы үчүнбү, же чын эле салаттын өзү укмушпу, даамы мыкты эле. Мен да өзүмдүн алдымдагы салаттан анын оозуна салдым.
- Ох-хоо… сеники да жакшы салат экен. Экөөбүз бирибиздикин бирибиз мактап, бирибиздин салатты бирибиздин оозубузга салган үчүн тез эле тарелкаларыбыздын түбү көрүнүп калды. Андан кийинки келген ысык тамактарыбызды да бирибизге бирибиз жедирип атып түгөттүк.
- Өмүрүмдө тамакты бүгүнкүдөй кызыгып жеген эмесмин, Белек.
- Мен дагы.
- Биринчи, экинчиден да эч нерсе калтырбай жедим.
- Баарын өзүң жеген жоксуң, менин оозума салбадыңбы...
- А сен улам эле оозуңду ачып атпайсыңбы…
Шириндин бул жообуна экөөбүз абыдан күлдүк.
- Соргок экенсиң дечи.
- Жок, сендей жигит тамакты ушундай жеш керек. А менин курсагым чындыйып калды.
- Азыр кайра барып, көлгө жанагыдай дагы түшүп келип, дагы ушинтип отуруп тамак ичели. Кандай дейсиң?
- Жүрү анда, кеттик.

Ширин экөөбүз ал күнү кечке суудан чыкканыбыз жок. Күн аркан бою ылдыйлап калган маалда Татыныкына келсек, Айсанат менен Назира жарашыктуу бөлмөлөрдүн биринен үч орундукту дайындап коюшуптур. Алардын бака-шака түшүп отурганын көрүп, Ширин экөөбүз көл жээктеп келүүнү туура көрдүк. Сыртка чыгарыбыз менен кечки салкын түшүп калгандыктан, Ширин кофтасын алып чыкканы кайра кирип кетти. Аны күтүп көчөдө турсам, чийнеге кайык жүктөгөн балыкчылар көрүндү. Арасында абамдын баласы Мукан жүргөн экен, аны чекеге чакырдым.
- Кайыкты кайда?..
- Биздин үйгө. Эртең таңатпай достор болуп балыкка баралы дегенбиз.
- Мага бүгүн кечте бир-эки саатка берип тураласыңарбы?
- Сизге кантип бербей коёлу, аба. Алыңыз, качанкыга керек?
- Качан… Азыр. Мынча эрдик кылганыңа жараша түз эле анда көлдүн жээгине жеткирип бергиле. Бир аздан кийин артыңардан келип калам. Жарайбы? - Мукандын колуна акча сунсам, албай койду.
- Аба, коюңузчу…
- Макул анда, жээкке бара бергиле.

Ангыча жаныма Ширин да келип калды. Кайык жүктөп бараткандарды көрүп, эки көзү оюнчукка көзү күйгөн балдардыкына окшоп кетти.
- Ах-иий… Кайык менен көл үстүндө сейилдеген кандай сонун ээ?
- Азыр сейилдейбиз.
- Койчу?!
- Койбой эле. Баса берсең.

Ал ишенип-ишенбей келатты. Жээкке жакындаганыбызда балыкчыларга 5-6 бөтөлкө пиво алганымдан кийин гана ишенди окшойт, "ура-алап" ийди. А мен компоюп калдым.
- Айттымбы? Аткарылат. Мен ошондоймун.
- Белек аба, кайык даяр.
- Ме, Мукан, досторуң менен пиво ичип тур, биз азыр.
- Ширин, биз адегенде шам-шум этип алалы, кандай дейсиң? Курсак ачып кетти.

Экөөбүз кайреле түштөгү тамактанган кафебизге келип, түштө кандай сукулдасак, так ошондой эле тандаганыбызды калтырбай жедик. Шараптын кызылынан да, агынан да тандап ичтик. Шириндин эки бети албырып чыкты.
- Кеттикпи, Белек?
Кайыкка түшкүчө шаштысы кетип атканын байкадым.
- Кеттик.

Көл шарпылдап, түн бейпил. Саратан жайдын жумшак желине термелген көлдүн шооратынан башка эч нерсе угулбайт. Ширин экөөбүз тез эле жээктен алыстап кеттик. Төбөдөгү айдын жарыгы алдында кайыкта соксойгон экөөбүздөй бактылуу жан жок эле. Башын менин ийниме жөлөп алган Ширин кыңылдап ырдап баратты. Кулагыма да, жүрөгүмө да жагымдуу ал ырды мурда эч жерден уккан эмесмин. Мен ага чейин музыкалык аспаптардын коштоосундагы ырларды гана укканым болбосо, андай ырды укпагам. Айдын жарыгында суунун угулар-угулмаксан шарпылдагы коштогон Ширинге кудай мукамдуу үндү да аябаптыр. Ажарлуу келбетине ай нуру тамган андай сулууну көргөн кайсы жан бар? А жанында жанашып ким отурган? Ошондогудай кереметти адам бечара кыялында гана элестетпесе, колу жеткени барбы? Көл үстүндөгү таза абада алыскы мунарыктагы жылдыздар алаканга чубуруп түшчүдөй, бираз гана алыс көрүнбөсө, төбөбүздө салаңдап, жымыңдап турушту. Андай бакытты мендей чор таман, чор алакан болуп бүткөн наабайчы кыялында кайдан эңсейт эле. А мен кыялымда эмес, түшүмдө да эмес, так өңүмдө ажары төгүлгөн сулууга жанашып, керемет түндүн койнунда кайык менен көл үстүндө сейилдеп жүргөнүмдү бакыт эмей эмне дейм. Адам өмүрү бактыга туш келбей, канча сая кетет. Анын өмүрүндө бактылуу күндөрдөн да, бактысыз күндөрдүн эсеби көп ко. Сыягы адам бечаранын бактылуу күндөрү аз эле болот. Бирок Ширин экөөбүз кезигишкен күндөн баштап далай бактылуу күндөрдү өткөздүк...
Бир убакта ийниме ысык жаш тамчылап атканын туйдум.
- Ширин, сага эмне болду?
- Мен бүгүн бактылуумун.
- Мен дагы.
- Мен бүгүнкү бактыма сүйүнүп ыйлап атам...

Эки колумду калактан бошотуп, Ширинди боорума кыса кучактап, эки бетинен аймаладым. Бакыттан тамган көз жаштын даамы ачуу болсо да, өпкүлөй бердим, өпкүлөй бердим. Анын ыпысык эриндери эрдиме жабышканда, мен аны боюма кыса кучактадым. Эриндерим ысык тандырдын бооруна жабыштырган кудум эле өзүмдүн токоч нанымдын камырындай Шириндин ысык эриндерине жабышып калды. Токтоп турган кайыкты козгогум келбеди. Калакты шилейин десем, Шириндин назик колдору бел курчоомду бошоталбай атты.
- Белек, сенин эркиң эмнеге темирдей?
- Темирдей эмес…
- Жок, темирдей бекем экенсиң. Темир деп мына, мени айт. Канча чыдадым? Эрназар төрөлгөндөн бери… Эркекке болгон тоң сезимимдин баарын бүгүн сен жибиттиң. Эркектин жытын сагынганыма канча болду? А бүгүн өз эркиме ээ эмесмин…
Карманып туралбастан мен да калактарды шилегенди унутуп, Шириндин жонундагы кофтасын сыйрыганча шаштым.
- Мен темир эмесмин, Ширин. Мен азыр эриген коргошунмун...

Аялзаттын андай ысык койнун эч көргөн эмесмин. Шириндин койну - кыпкызыл жалын, кучагы толгон кумар эле. Кайнаган булактай оргуштаган денесин басып жыгылдым. Жамынган төшөгүбүз бир гана жылдыздуу асман болду. Түндүн койну мупмуздак, а биздин койнубуз алоологон от эле.
- Жытың кандай сонун, Белек! Жытың укмуштай экен…
Жыт бирок менин жытым эмес эле. Мурунду өрдөгөн ал жыт балыкчылардын кайыктын үстүнө таштап койгон купайкелерине сиңген тер болчу. Тер жыттанган купайкелер Шириндин баш жагында жаткан.
- Белек, мен жөнүндө жаман ойдо эмессиңби? Өмүрүмдө эч бир эркекке бүгүн сага жабышкандай жабышкан эмесмин. А бүгүн…
- Сен экөөбүз куурчак же робот эмеспиз, Ширин. Тирүү жанбыз. Сен экөөбүз бири-бирибизди жакшы көрүшүп калганыбызды жаңылыштык деп ойлойсуңбу?
- Жок.
- Демек, бүгүндөн баштап сен экөөбүздүн "медовый месяц" башталды - дедим. - Тамашасы жок… Анык бактылуу эне эми сенсиң. Сен эми Эрназардын бөбөгүн төрөйсүң. Экөөнүн тең атасы мен болом. Мен эми сенсиз жашай албайм.
- А үй-бүлөңчү?
- Үй-бүлөм да бактылуу жашайт. Аларды да эч качан бактысыз кылбайм. Колуман баары келсе да бирок адамды бактысыз кылуу колумдан келбейт. Менин эми эки үй-бүлөм болот. Мен эки үй-бүлөмдү тең биринен бирин кем санабайм. Эки үй-бүлөмдү тең ыйык тутам. Күндүн жарыгы баарына кандай тегиз… Менин да жарыгым, мээримим баарыңа бирдей жаркырап тиет. Баарыңан бактылуу болосуңар.
- Сен менин жарыгымсың, Белек. Мага бүгүн абыдан жарык үмүт берип койдуң. Мага сен гана жетпей жүрүпсүң. Сенин күчүң - эки ийнимдеги оор жүктүн баарын бир заматта силкип салды. Чөгүп кеткен көңүлүмдү өйдөгө сууруп чыгып, темирдей бекем деп жүргөн эрким майышкан кезде, сен чыңадың. Мени эми эч бир кайгыга мүңкүрөгүс кылдың, Белек. Өзүмдүн бактылуу эне экениме эми ишенем. Сен айткандай, Эрназардын энеси экениме эми сыймыктанам. Мүмкүн сага жолукпаганымда эч качан ал бактымды сезмек эмесмин.
Башын ийниме жөлөгөн Ширинди боюма бекем кыстым. Мен да андан күч-кубат алып атканымды сездим.
- Сен менин алмазымсың, Белек. Жүрөгү да, акылы да, сөзү да курч сендей жигиттер жок азыр. Мындай курчтукту сен кайдан алгансың? Мен негедир курч жигиттер калбай калды деген ойдо элем. Сенин ар бир айткан курч сөзүң жүрөгүмдү төйнөп, жүрөгүмдө орноп калды.
А
чын-чынында ошондон тарта турмушка курчудум. Шириндин алдында гана эмес, турмушта да өзгөргүм келди. Негедир эр-жигиттик мүнөз күтүп, баарына чечкиндүү боло баштадым. Болбосо, үй-бүлөм менен Шириндин ортосунда чайналгыдаймын. Ширин экөөбүз көлдө бир жума сайрандап, мен үйгө күнүгө көрүнгөн калпты айтып келем. Канткен менен аялдын жүрөгү балээни сезбей коебу, Кундуз бир жумадан бери соо эмес экенимен шектенип жүрдү. Күндүзү жоголуп, түнкүсүн келген мендей желтаманды ким эле эрим десин. Үй тириликти унутуп, күнүгө жортуп кетип, коюнуна жатпай жүргөнүм үчүн Кундуздун ызаланганын деле аяйм, бирок, эси-дартым Ширинде. Акыры чечкиндүүлүк кылайын деп жыландын башын өзүм кылтыйттым.
- Кундуз, бирдеңке айтайынбы? - Алдында шыйпаңдап турганымды жактырбай, мурдун чүйрүйтөт. Болбой эле кебимди баштадым:
- Сенден эмнени жашырчу элем, айтайынбы?
- Эмне айтат элең?
- Бетимди тытып албайсыңбы?
- Качан эле бетиңди тытып жүрдүм эле. Сен эле болсоң тыттырасың.
- Бирок азыр тытышың мүмкүн… - Олуттуу бирдеңке айтаарымды туйгансыган Кундуз үнүмдүн өзгөрө түшкөнүнөн чочугандай, мага көздөрүн акшырайтып туруп калды.
- Соо эмессиң!
- Бир жумадан бери соо болсом, тентип жүрөт белем...
2006-2012-ж.ж.