Баштыкка кешик, момпосуй-печенье салып берип, рахмат айткан тойлорго барабыз


"Самсынын сүйүүсү", "Байпактын сүйүүсү", "Запорожецтин" сүйүүсү" аттуу тамашалары менен белгилүү. Ак-Өргөө жаңы конушундагы № 77 мектептин атын чыгарган. 2009-2010-жылкы "Тамашоунун" вице- чемпиону болгон. Сөздүн төркүнү "Тамашоудагы" KJ 77 командасына багытталып жатканын туйсаңыздар керек. Аталган команданын курамы "Обондогу отурушка" конок болуп келишти.

- Кимиңерди көбүрөөк тамашага саласыңар?
Рүстөм: Айбекти көп тамашалайбыз. Анын эки аты бар: "Халал " жана "Паника ". Биз кандай тамашаласак дагы баарын көтөрөт.
Мадияр: Айбек жаныбызда болгондо ата-энебиз менен чогуу жүргөндөй болобуз. Үйдөн апаң "ай, андай кылба" деп урушкан сыяктуу Айбек да бизди ошентип урушуп турат.
- Тамашаны кантип жаратасыңар?
Зияш: "Самсынын сүйүүсү" деген тамашаны биздин үйдө олтуруп тапканбыз. Ошол күнү тамаша таппай, кечке олтуруп акырында ар кайсыны сүйлөп баштадык. Кашык, чөмүч деп атып эшиктеги тандырды көрүп, самсыны сөз кылып атып ошол тамаша келип чыккан.
Айбек: Көчөдө бара жаткан учурда эле кээде жакшы күтүлбөгөн тамашалар болуп калат. Аны мээбизге жазып коебуз. Кээде болбогон сөздөрдү сүйлөп атып эле жакшы тамашалар келип чыгат.
- Тамашаңарга эл күлбөй калган учурлар кездешсе керек?
Рүстөм: Негизинен биз алгач тамашаларыбызды "Тамашоунун" балдарына көрсөтөбүз. Алар аябай боору эзилип күлүп, жакшы экен деп мактаган тамашаларга элдер күлбөй калышат.
Мадияр: Күлөт деген тамашага эл күлбөй, күлбөйт дегендерге аябай күлгөн учурлар кездешет. Биринчи тамшаларга элдер жакшы маанайда күлүп олтурушса, кийинки тамашалар да ошол нукта уланат. Ал эми эл күлбөй койгон учурда ал тамашаны бат эле бүтүрүүгө шашып калабыз.
- Сахнада аткарып жаткан тамашаңардын сөзүн унутуп калган учурлар болобу?
Айбек: Ооба, андай учурлар көп кездешет. Мадияр бир оюндук программанын тизмесин колуна жазып алат. Биз бир оюнга чыгуу үчүн сахнанын артында даярданып жатсак, ал кээде башка бир номерге чыгат деп айтып салат. Андайда биз күтүүсүз жерден эле ал айткан номердеги оюнубузду аткарып кетебиз.
Рүстөм: Бир жолу мен кыз, Мадияр эрек болуп аткарган номерибизде Мадияр сөз башташы керек болчу. Ал унутуп калганбы, айтор сөзүн баштабай тура берди. Бир убакта менин жаныма басып келип, эмне дейин деген сыяктуу мага башын көтөрөт. Ошондо мен анын абалын түшүнүп калып, сөздү өзүм баштап, андан аркысын экөөбүз улап кеткенбиз.
- Эл оозуна илинип калдыңар. Өзүңөрдү "жылдыз" сезбейлесиңерби?
Зияш: Албетте, бизди тааныгандар бар. Көчөдө кетип баратсак мени колу менен көрсөтүп, "Тандыр самсы" же "Брюс Ли" дешсе, ал эми Мадиярды "Столба" кетип баратат деп айтышат. Мындай сөздөр бизге жагымдуу угулат. Бирок, биз базарда, маршруткада да жүрө беребиз. Эл оозуна илинсек да элдин арасынан чыкканбыз.
Айбек: Өзүбүздү "жылдыз" деп сезгидей биз эч нерсе кыла элекбиз. Андай ийгиликтин баары алдыда.
Рүстөм: Тойлорго барабыз.Тааныштарыбыз болсо жөн гана бары,п элди күлдүрүп келебиз. Алар бизге баштыка кешик салып, рахматын айтып таксиге салып коюшат.
- "Тамашоудан" кандай тарбия алдыңар?
Рүстөм: Абдан жакшы тарбия алдым десем болот. "Тамашоудагы" ар бир бала окушат, иштешет. Ошол таланттуу, тартиптүү балдар менен бирге жүрүп өзүңдөн өзүң эле жакшы жолго түшөсүң. Бизди Эрмек байке абдан катуу кармайт. Эгер балдар ызы-чуу болуп жаман жолдо жүрсө, биз деле ошол жолго түшүп кетмекпиз. Бизде тартип катуу, мыкты жигиттер бар.
- Бири-бириңерди катуу таарынтып алган күндөрүңөр болобу?
Рүстөм: Зияш аябай таарынчак. Бир жолу сөздөн сөз чыгып ал кетем дейт, мен кете албайсың дейм. Ошентип, Зия ш кетип калган.
Зияш: Анда мен кетпейт деле болчумун. Таарынган деле эмесмин. Бирок, курсагым аябай ачып, кечинде да уктабаганга уйкум келип кетип калгам.
- Чогуу жүрөсүңөр, сырыңарды жакшы билип калдыңар. Мисалы, командаңардагы Рүстөм канчанчы өлчөмдөгү бут кийим киет?
Зияш: Мм..менин билишимче 41...
Айбек: Мен жакшы билем, ал 42-өлчөмдөгү бут кийим киет.
Мадияр: (Күлүп) 40 болуш керек.
(Айбектин жообу туура.)
Командадагы балдар бири-бирине суроолорду узатышты:
Зияш: Рүстөм , сен азыркы сүйлөшүп аткан Айчолпон деген кызыңа үйлөнөсүңбү?
Рүстөм: (Күлүп. Андай болбойт да...Мм...) Эми аны көрөбүз да. Балким башкача болуп кетет. Ар бир нерсенин өзүнүн орду жана өзүнүн убактысы бар.
- Кыргыз элине кандай каалоо-тилек айта аласыңар?
Кыштын кыштай,
Кыздын кыздай,
"Наскинин" "наскидей" болгону жакшы да.
Эми кышкы байпак, жайкы байпак дегендей болсо...
Жаз келгенде балдар шорта, кыздар кыска юпка кийип калчу эле, эми ал заман да жок...