Ырчы, КРнын Эл артисти Гүлсүн Мамашева:

Жан дүйнөңө азык берип турбасаң, дараметиң алыска узабайт


- Саламатсызбы, Гүлсүн эже! Катаал мезгил өкүмүнө баш ийбей сулуу бойдон, назик бойдон көп жылдардан бери кыргыз элин таңгалдырып, тамшандырып мукам үнүңүз менен дагы далай сезимдерге гүлазык болуп ырдап келатасыз. Мына ушул таланттын башаты каерден тутанган же болбосо кай жердин кызысыз?
- Мурдагы Жаңы-Жол, азыркы Аксы районуна караштуу Кош-Дөбө айыл өкмөтүндө Ренжит деген чакан айыл бар. Кадимки чаң, топурак, түтүн жыттанган кыргыз айылы. Ошол жердин суусун ичип, адырларынын гүлүн терип чоңойгом. Ал айылда 7-класска чейин окуп, андан кийин Ош шаарындагы Уркуя Салиева атындагы кыздар жатак мектебинде окудум. Өзүң билгендей бул жерден кыргызга белгилүү кыйын кыздардын өзүнчө бир мууну өсүп чыккан эмеспи. Жатак мектепти аяктаган соң ата-энемдин катуу каршылыгына карабай, мен артист болчумун деп андагы Фрунзе, азыркы Бишкек шаарындагы филармонияга келип кирдим. Анда чыгармачылыктын гүлдөп турган мезгили экен эми ойлосом. Ыйык сахнанын кутун сактай билип, анын жазылбаган мыйзамдарын урматтап, барктай билген кыргыздын асыл таланттары менен сахналаш болуп, замандаш болуп иштөө бактысы баштан өттү. Таттыбүбү Турсунбаева, Жамал Сейдакматова, Арсен Өмүралиев сыяктуу актер, актрисалар менен замандаш болдум.
- Кайсы ыр менен элге таанымал болдуңуз?
- Залкар обончу Жумамидин Шералиевдин "Кыштак четинде" деген ыры менен элге таанылып, чыгармачылыктагы бактым ачылды. Андан кийин Мукан Рыскулбековдун "Издеп жүрөм" деген ырын ырдап, кинофильмге тартылдым.
- Сиз кандай адамсыз?
- Мен болор-болбоско кейип-кепчибеген, алдыга жакшы тилектерди коюп жашаган оптимист адаммын. Анан мен үйрөнгөндү жакшы көрөм. Мейли кичүүбү, мейли улуубу, ошол адамдын жакшы гана жактарын көрө билип, андан бир таза касиеттерди алып калууга умтулам. Өмүрүмдүн 65- жазында да тынбай эмгектенип, филармонияда режиссер болуп иштеп жүргөнүмдүн себеби - менин бала чактан келаткан эмгекчилдигимдин натыйжасы. Азыркы адамдардын көбү күндөлүк иштеп жаткан ишине көп маани бербей кол үстүнөн же болбосо үстүртөн жасап калышкан тура. А мен бир ишке баш -отум менен киришип алмай жайым бар.
- Жолдошуңуз, режиссер Бообек Ибраев да чыгармачыл адам болгонун билебиз. "Эки кочкордун башы бир казанда кайнабайт" дегендей бири-бириңерге эрегишүү, сенден мен кыйын же болбосо сен иштеп мен үйдө бала менен чыгармачылыгым калып калды деген ойлор, сезимдер болгон беле?
- Эми, ачыгын айтсам, турмушка чыгып, катар-катар балдарды төрөп үйдө отуруп калган учурлар жашоомдун көп бөлүгүн ээледи. Ошол күндөрдө өзүмдү капастагы булбул сезип, буулуккан, түнү менен жаздыгымды жашка суулап чыккан күндөр болгонун тана албайм. Атайын алыскы Аксыдан ата-энемдин каршылыгына карабай артист болом, ырчы болом деп келип алып, үйдө балдар менен олтуруп калуу мага абдан оор тийген мезгилдер өттү баштан.
- Жан шеригиңиз менен кандайча болуп табышып калдыңыздар эле?
- Бообек өзү Ысык-Көлдүн кулуну. Аны менен кыргыз драма театрында иштеп жүргөн жеримен мени ага жолдош балдары көрсөтүшүп: "бир жаш кыз келиптир, байкаштырып көрбөйсүңбү?" - дешкенин мени бир көрүп жактырып, ала качып кетти. Ошондо ал отузга чыкса да үйлөнбөй бойдок жүргөн кези экен. "Таш түшкөн жеринде оор" болуп олтуруп калдым.
- Канча жыл бирге болдуңуздар?
- Жолдошум менен турмуштун ысык-суугуна чыдап, 2 уул, 2 кызды тарбиялап, эрезеге жеткирип, 38 жыл бирге жашадык. Бирге жашаганыбыздын 39 жылында кайтыш болуп кетти. Азыр кудайга шүгүр, уул-кыздарым эрезеге жетип, баары өз алдынча болуп кетишти.
Жашоо берген ыйык ата-эне...
- Ата-энеңиз кандай адамдар болушкан?
- Менин атам Мамаш колхоздо бригадир, апам Анаржан да карапайым кыргыздын бир кызы болушкан. 8 бир туугандын улуусумун. Чоң атам Ызабек өмүр бою колхоздо башкарма болуп иштеген киши эле. Улуу небереси болгон үчүн мен чоң атамдын колунда тарбияландым. Өзүмдүн атам менен апам жамактатып жакшы ырдай алышчу. Бирок ошол 8 бир туугандын ичинен мен гана ырчы болуп чыктым.
Залкарлар менен өткөн өмүр
- Эже, жашооңузда кыргыздын кыйырына таанымал ырчы, обончу, акын-жазуучулар менен замандаш болуу тагдырыңызга буюрду. Ошолор тууралуу айта кетпейсизби?
- Мен ошол бийик маданияттуу, ашкан таланттуу, кылымга бир жаралуучу залкар обончу, аткаруучу, акын-жазуучулар менен бир кылымда, бир доордо жашап, жашамак түгүл алар менен бирге жүрүп, тагдырлаш, насиптеш болуп калганыма сыймыктанам. Жумамүдүн Шералиев, Мукан Рыскулбеков, Калыйбек Тагаевдер менен тыгыз чыгармачылык байланышта болуп, алар жараткан обондор аркылуу элге таанылсам, Бексултан Жакиев, Жалил Садыков сыяктуу акын жана драматургдар менен үй-бүлөлүк карым-катнашта болдук. Мага айрыкча алардын талантына жарашкан бийик маданияттуулугу, сабырдуулугу, адамдык асыл касиеттери зор таасирин көрсөттү. Деги эле бул жашоодо мен да, жолдошум да материалдык байлыкка кызыкпадык. Байлык топтоюн деп жулунбадык. Таланттуу, улуттун жүзүн көрсөткөн асылдар менен тагдырлаш болгонубузга кубанып, жан дүйнөбүзгө ошолордун чыгармаларынан күлазык алып, таза, татыктуу жашаган өмүрүмө ыраазымын.
- Жолдошуңуз кайсы теарларда иштеди?
- Ысык-Көл, Нарын, Оштогу өзбек драма театры, кыргыз драма театры, филармонияда иштеп, дөңгөлөк үстүндө жашадык. Өзүм эл алдына чыгып ырдабасам да, жолдошумдун жанында болуп, ага дем-күч бердим. Үй-бүлө очогунун сакталышына салым коштум. Өзүң ырчы болсоң, түйшүгү түмөн режиссер менен 38 жыл жашоонун өзү да чоң күчтү, кайратты талап кылат.
- Казан-аяк кагышчу беле?
- Эми ушунчалык жакшы жашадык эле деп мактанбайын. Эл кандай жашаса биз деле ошондой жашоону баштан кечирдик, элде кандай болсо бизде да ошондой эле жашоо болду. Жашоодогу кыйынчылыктар ийгиликтер, көрө албастастыктар баары болду. Болгону, экөөбүз тең театрал, чыгармачыл адам болгон үчүн бири-бирибизди көз караштан түшүнүшүп жашадык. Бизге дем берген анан албетте, айланабыздагы залкарлар болду. Деги эле мен мындай дээр элем : жаман адам адамды жаман курчутат, жакшы адам адамды жакшы курчутат. Тегерегиңде жакшы адамдар жүрсө, сен да алардын жолун жолдойсуң.
Балдарыбыз чыгармачылыкты тандашын каалаган жокпуз...
- Эже, балдарыңар силердин жолду уланта алыштыбы?
- Эки уул, эки кызымдын бизге окшоп, чыгармачылыктын ачуу-таттуусун татып, кыйын турмушта, дөңгөлөк үстүндө жашашын мен да, жолдошум да ылайык көргөн жокпуз. Андыктан аларга кичинекейинен эле койгула, бул жол татаал жол, колуңардан келген эле кесиптин ээси болуп, тынч жана жакшы жашоодо жашагыла деп кулагына куюп келдик. Бирок, эгер көкүрөктө көрөңгөң болуп, чымыныңар болбой эле тынчыңарды ала берсе, биздин жардамыбызсыз, өз күчүңөр менен баарына кайыл болуп анан чыккыла дечүбүз. Төрт баламдын ичинен жалгыз Маратым гана жакындан бери эл алдына ырдап чыга баштады. Ал өзү политехникалык институттун механикалык факультетин бүтүп, азыр "Кумтөрдүн" башкы кеңсесинде иштейт. Башкача айтканда туруктуу кесиби бар.
Өкүнгөнүм - мезгилдин күлүктүгү...
- Эже, жакында эле эл аралап, эски ырларды ырдап, улуу муундагы ырчылар менен концерт коюп келдиңиздер. Ошондо карапайым калк сиздерди кандай тосуп алышты?
- Ооба, Зейнеп Шакеева, Эрмек Мойдунов сыяктуу ырчылар менен Кыргызстанды кыдырып, концерт коюп келгенбиз. Ошондо Ош тараптан бир гана Кара-Суу районунан башкасы бизди ушунчалык бир кубануу, сагынуу менен өрөпкүп күтүп алышканы эстен кетпей калды. Кара-Суунун акими өзүмдүн жердешим экен, ага сахнадан жакшылап салам берип жибердим. Сахнада ырдап жатып, адамдардын көздөрүнөн аккан жашты байкадым. Бул алардын нукура кыргыз ырларын, эски кайрыктарды сагынганын билдирди. Бир концертте бир таяк таянган абышка бүктөлгөн кагаз берип жибериптир. Суроо го деп ачып карасам, жок кагаздын ичинде 2О сом акча, анан "Кызым, кечирип кой, гүл ала албадым, ушуну болсо да алып кой"деген жазуу бар экен.
Жалал-Абадда эл ушунчалык көп келди. Карасак, концерт өтүүчү жайдын асты жалаң эле "Жигули", "Москвич" сыяктуу машиналарга толуп, алардан таяк таянган, бири-бирин жөлөп-таяган абышка -кемпирлер түшүп жатышат. Мына ошондо биз мезгилдин ушунчалык күлүктүгүнө тан берип, бир чети биз да картайып баратканыбызга жүрөгүбүз абдан ооруду.
Бирге ырдап, чогуу жүргөн курбу-курдаш, замандаштар жашоодон кетип, катарыбыз суюлган сайын абдан кыйналам. Алар менен кошо аалам кеткендей болуп, жан дүйнөмдө аңгыраган боштукту сезем.
- Жашоодо кыйын күндөрдө ким тарабынан колдоону сезчү элеңиз?
- Катуу кайгыга чөгүп, абдан чүнчүп кеткен күндөрүм болгон. Мына ошондо кыргыз телевидениси менен радиосу кайратыма кайрат, күчүмө күч кошуп, моралдык жактан абдан чоң жардамын көрсөтүп келишти. Жакшылыкка жакшылык менен жооп берейин деп мен дагы аларга колдон келген жардамымды берип келем.
Ичи сулуунун өзү сулуу
- Мезгилге баш ийбеген жүзүңүздүн сулуулугун кантип сактайсыз?
- Мен Меккеге барганда араб элинин жашоосун, алардын кыз-келиндеринин сулуулугун көрүп, абдан таң калдым. Алардын жүзү ушунчалык тунук келип, чырайын чайга чылап ичкенчелик эле бар экен. Анан мен неликтен кыргыз аялдарынын жүзү, чырайы андай эмес деп көп ойлондум. Көрсө, биздин жашоо деңгээлибиз, маданиятыбыз, ичибиздеги ойлорубуз - ушулардын баары биригип келип жүзүбүзгө чыгат экен. Арабияда элинин жашоосу сонун, аларда уурулук, калп айтуу, ажылдап көчөгө чыгып кыйкыруу деген нерсе жок тура. А өзүм болсо мүмкүн болушунча дилимди жаман ойлорго бастырбоого аракет кылам. Адамдын ички дүйнөсүнүн сулуулугу сыртка жүзүнө чыгат.
Жасалма боекторду сахнага чыгарда гана колдонбосом, үйдө маскасыз эле жүрөм.






Марат Ибраев:
Дарыяны жаап салсаң, бир күнү жарып чыгат...
Гүлсүн эженин уулу, кесиби башка болсо да ырчылыкка үч жылдан бери аралашып келе жаткан Марат Ибраевге собол менен кайрылдым.
- Марат, өзүң башка кесип менен иштесең да ырчылыкка аралаша баштаганыңа эмне түрткү болду?
- Албетте, ата-энем өзүңөргө белгилүү болгондой бизди алардай болуп кыйналбай жашаш үчүн чыгармачылыктан алыс эле болгулачы деп чоңойтушту. Ага жараша билим беришти дегендей. Алардын айтканын да эки кылбай жогорку окуу жайынан билим алып, бир кесиптин ээси болдум. Бирок, дарыянын оозун тоссоң ал бир күнү эмне болот? Албетте, нукту жиреп жарып чыгат. Анын сыңарындай менин да ата-эне сүтү менен кошо мураска алган, жаныма жай бербей оргуштап жаткан талантым баары бир ырдап чыгууга мажбур кылды. Мындан үч жыл мурда, 2009-жылы күзүндө теледен "Ала-Тоо таңшыйт" берүүсүнөн Муса Баетовдун "Сагынам" деген ырын ырдап чыктым.
- Атактуу адамдардын уулу болуш оңойбу?
- Албетте, бул оор нерсе. Бирок мен өзүм алардын тун баласы болгон үчүн кыргыз салтында боло келгендей чоң ата, чоң энемдин колунда өстүм. Апам менен атам "Ысык-Көлдүн кызгалдактары" фильмине тартылып жүрүшкөндө мен бир жарым жаштарда экемин. Чоң атамдардын колунда онду бүтүп, Армияга барып келген соң гана ата-энеме келдим. Алар менен көп деле чогуу жашабадым.
- Апаңа жардам берип турасыңбы?
- Албетте, атам кайтыш болгондон кийин үйдүн улуу эркеги катары колдон келишинче кол кабыш кылып жүрөм. Азыр эми иним чоңюп, кол арага жарап, колумдан кыйла түйшүктү алган кез.
- Үй-бүлөң барбы?
- Ооба, бир уул, бир кызым бар. жубайым чыгармачылыктан алыс, кесиби боюнча бухгалтер.
- Азыр эмне менен алексиң?
- Өзүм "Кумтөрдө" иштейм. Жумуштан бош убактымда телепроекттерге катышып ырдап, азыркы учурда режиссер Руслан Машраповдун "Асел" деген киносунда башкы каармандын ролун аткарып тартылып жатам.
Назгүл Осмонова