8-мартта


кандай белек алдыңыз?


Жаз кандай гана жагымдуу! Айрыкча аялзаты үчүн. Жаз менен ар бирибизге жарык маанай тартуулап, 8 - март майрамы кирип келет эмеспи. Кечээ жакында өтүп кеткен майрамда, биздин шоу- бизнестин сулуулары башка айымдар сыяктуу эле күйөрмандарынан, жакындарынан, досторунан, жолдошунан белек алышса керек. Сиздерге бул саныбызда шоу- бизнестин сулуулары кандай белек алганын билип бердик.

Гүлнур Асанова, ырчы:
"Өзүмдүн сүрөттөрүмдөн турган альбом белек кылышты"
Жакын досторум өзүмдө жок сүрөттөрдүн жыйындысынан турган фотоальбом белек кылышты. Мындан тышкары мага жаккан көп тал ак роза гүлүн алдым. Калган белектер өзгөчө да болду деп айталам. Кеп белектин баалуулугунда эмес, көңүлдө деп ойлойм.

Анжелика, ырчы:
"Атам түбөлүк кала турган
белек берди"
8 - март майрамы башка майрамдарга караганда абдан жакшы маанайда өттү. Жолдошум, атам, апам болуп балга барып келдик. Жакшы маанайда бийлеп, ырдап эс алдык. Жолдошум дүкөндөрдөгү эң кымбат деген булгаары куртка алып берди. Калганы бардыгы эле бар болчу. Анан атамдан оригиналдуу белек алдым. Атайын колго жасатылган алтындан үч тыйынчасы бар чынжырча алдым. Аны атам атайын жасаткан экен муундан муунга өтүп турсун деген ниетте. Тыйынчанын ичинде Айыма, Элима деп жазылып, кичинекей кишинин сүрөттөрү менен экен. Бул чынжырча азыр мага тийсе кийин кыздарымдын кыздарына өтөт экен.

Айгерим Расул кызы - ырчы, актриса:
"Изумруд ташы менен алтын сөйкө, шакек, чынжырча белек кылды"
Майрамда жакындарымдан, атамдан, инимден, күйөрмандарыман көп эле белектерди алдым. Мен үчүн эң баалуу белек- бул атам берген белек болду. Атам мага изумруд ташы менен алтындан сөйкө, шакек, чынжырчасы менен белек кылды.


Назира Токонова, ырчы:
"Ракушкадан жасалган сандыкча белекке алдым"
Майрамда көп эле белектерди беришти. Жакын курбу кызым мен кандай атыр колдонорумду билет да, ошо өзүм жактырган атырды белек кылды. Мен үчүн эң баалуу белек ошо болду деп ойлойм. Мындан тышкары күйөрмандарыман ар кандай сувенирлерди алдым. Ошолордун ичинен эң өзгөчө белек ракушкадан жасалган сандыкча болду. Кытайдан группалашым башкача ручка белек кылды.


Айнура Салахидинова, ырчы:
"Күмүш билерик алдым"
Ар бил аялзаты үчүн бул күн өзгөчө болот эмеспи. Мен дагы майрамды көңүлдүү, жакшы өткөрдүм. Мен үчүн бир тал гүл болсо дагы ошо мага абдан баалуу белек. Анан көп эле белектерди алдым, ошолордун ичинен курбу кызым сонун күмүш билерик белек кылды. Мен үчүн ошол белегим өзгөчө болду деп айталам.