Шааркүл Раимкулова, боксёр Алмаз Раимкуловдун апасы:

"Келиним мени, кайнатасын "сволочи, скотина, пошла вон!" деген"


- Мен Динара тууралуу сөз кылбай эле коёлу дегеним менен баары бир кептин нугу ажырашып кеткен келиниңизге бурулат окшойт. Канча оолактаганыбыз менен Динараны да сөз арасына кошуп жатасыз. Алмаз сиздин гана өтүнүчүңүз үчүн алган дейт. Эмне үчүн уулуңуздун жүрөгүн уккан эмессиз? Балким, укканыңызда азыркыдай жагымсыз жагдай жаралбайт беле...
- Кагылайын ай, сен да суроону кабыргасынан койдуң да. Мен энемин да. Балам турмуштан өз ордун тапсын дейм да. Жашың 30дан да ашып кетти. Үйлөнүп-жайлансаң боло деп Алмаздын кулагынын кужурун алып жүргөн учурда Динара менен телефондон сүйлөшүп калдым. Жадырап-жайнаган, акылдуу кептерди сүйлөгөн, кичипейил кыздай таасир калтырды. Сөз арасында эле Алмазды сурап, ал үчүн кабатырлангандай түр көрсөтчү. Мен байкуш башка улуттун кызын алгыча кыргыздын кызына үйлөнсүн, ийилип-ийменген кыз экен деген ой менен Алмаз менен Динараны сүйлөштүрүүнүн айласын издей баштадым. Динарадан сүрөтүн салышын өтүндүм. Ал фотошоп менен жасалганбы, көргөн киши жутуп койчудай болгон укмуш сүрөттөрүн жөнөттү. Жапжакшынакай кыз экен сүйлөш деп кенжетайымды кыйнай баштадым. Менин көңүлүмдү оорутпайын деп ал да анда-мында телефон чалып коюп жүрдү. Анан Динараны чакырдым. Келгенде эле Алмаз көрүп алып чалкасынан кетти. "Толук кыз экен албайм" деп. Өзүң менен кошо машыктырсаң арыктайт. Элге-журтка уят кылбай аракеттен, өзүбүз жактык кыз экен деп күчкө салып, жалынып-жалбарып жүрүп эптеп көндүрдүм. Көрсө, балама жакшылык кылдым деген менен чоң каталык кетириптирмин. Алмаз сүйбөгөндөн кийин Американы кыдыртып, жакшы белектерди алып берип Кыргызстанга узатып эле жиберсек Динара өз теңин таап, армандуу махабаттын күүсүн черткен каттарды жазмак эмес беле деп ойлоп коём.
- Кең Америкадан келиниңиз менен эмнеге батыша албай койдуңуз? Кайненелик каарды көрсөттүңүзбү?
- Кагылайын ай, кайдагы кайненелик каар. Кыргызстандан кеткенден кийин башка жерде баарыбыз мусаапырбыз да. Ага чокчоңдоп чоң сүйлөмөк түгүл, балам менен ынтымактуу жашасын деп болгон аракетимди жасадым. Колумдан келишинче түшүнүүгө, Динараны капа кылбоого аракеттендим. Кайсыл ишти жасабай койдуң деп аны тескемек элем. Бул жакта кыла турган иш деле жок. Бардык шарт бар дегендей. Динар экөөбүз талаша турган, сен-мен дешип, тиреше турган деле эч нерсе жок болчу. Мен экөө бактылуу жашаса экен дегенде эки көзүм төрт эле. Тилекке каршы, келгенине эки ай болгондо эле өзүбүзчө жашайбыз дей баштады. Ага да макул болдум. Биз башка шаарда, алар башка шаарда жашай баштады. Анан эле экөөнүн оту күйүшпөй, пикирлери келишпей, Динаранын үйдөн чыгып кетүүсү көбөйдү. Эми баары эпке келип калар, акылына келер, эки баланын келечегин ойлосо жашаар деген ойдо болгом. Баары теңирден тескери болду. Мурда кетип калганы аз келгенсип, экинчисин төрөгөндөн кийин да кетип калды. Ошол жолкусун Алмаз кечире албай койду көрүнөт. Негизи Динара болор-болбос нерсеге эле таарынып, балдарын коляскага салып алып, башкалардын үйүнө барып жашап, бизди жамандаганды, элге аянычтуу көрүнгөндү жакшы көрчү. Эрназар неберем боюнда барында эле ажырашып, төрөрүнө жакын жарашышкан. Ошол менен эле тынчып калат экен десем, төрөгөндөн кийин да биротоло ажырашып кетишпедиби.
- "Кеткен келинди ким мактайт" болуп аткан жоксузбу?
- Менин уулум бирөөнү күчтөп сабап, кордук көрсөткөн, ал сүрөттөгөндөй бала эмес. Бул жактан кылгылыктын баарын өзү кылып алып, жашоосунун бузулушуна өзү себепкер болуп алып, эми ошол күнөөнүн барын Алмазга оодара салып, элге аянычтуу көрүнүүнүн жолун издеп жүргөнүн угуп, чыны менен нааразы болуп жатам. Ал Алмаздан кымындай да жамандык көргөн жок. Керек болсо ырысын тээп, Кудайды тааныбай калган. Айтууга ооз барбаган сөздөр менен сүйлөп, мусулман баласы жасабаган ишти жасачу.
- Динара кандайча Кыргызстанга келип калды? Ажырашкандан кичи мекенине жөнөтө албай убараланып жаттыңар эле го...
- Туура айтасың. Экөө ажырашып кеткенден кийин бир нерсе болуп калса, биз жоопкер болобуз деп кооптонуп, Кыргызстанга жөнөтөм деп убараланып, жолун таппай жүргөн. Бир күнү мен иштеген жерге гүл алып, кечирим сурап келиптир. Ыйлады. Ак көңүл жаным кучактап алып ыйладым. Мен кечирбегенде кайда барам. Балдар турат. Алмаз эле кечирсе болду дедим. Бирок, бу сапар Алмаз Динараны кечире алган жок. Ал түгүл мага да "апа, бул жолу мен кандай чечим кабыл алсам, ошондой болот" деп койду. Динара Алмаздын акыркы машинасын сурады. "Ошону берсең Кыргызстанга кетем" деп. Ал макул болуп берди. Менин балдарыма неберелеримди көрсөтүп турам деген тил кат жазып берди. Жапжакшынакай эле кетип Кыргызстанга барып ойдо жок нерселерди айтып жатканына түшүнө албай турам.
- Демек, Ассолго үйлөнсө каршы чыкпайсыз?
- Жок. Булар жаш кыз, жаш бала эмес. Акыл токтотуп, турмуштун запкысын чегип, азабын тартып, сабак алып калган кишилер. Ошондуктан бири-бирин сынап эгер жүрөктөрүнөн жактырып, сүйүшүп калса, каршы чыгууга акым да жок. Анткени, баламдын бактысы кымбат.
Булак: Арена.kg





КСДПнын ЛИДЕРИН КУРСТАШТАРЫ
"МАЙБАШ" ДЕШЧҮ ЭКЕН
Алмазбек Шаршеновичтин көз карашы, тилеги да Кыргызстанга пайда алып келе тургандай көрүнгөнүнөн КСДП партиясына кирип, ал киши менен иштешүүнү чечтим.
- Раматылык Мелис Эшимкановдун сиз жөнүндө "Чачыңды майланыштырып эле жүрчү эмес белең?" деп гезитке жазып, ага сиз жооп берип, ММК аркылуу уруштуңуздар эле. Чырдын башы эмнеден чыккан?
- Мен бир эле нерсени жакшы билем. Мелис мени кээде "Досум,Чыке", - деп калчу. Сыйлоого аракет кылчу. Пикири да, тилеги да жакшы го деп ойлочумун. Студент кезде менин группалаш кызыма үйлөнгөн. Үйлөнүү тоюна чакырганда барганбыз. Кийин мамилебиз жакшы болчу. Бир курс айырмабыз болчу. Окууну бүтүп кеткенден кийин Мелис менден жардам сурап келип жүрдү. А кезде мен университетте декандын орун басары болуп иштеп жүргөндө колуман келишинче жардам бердим. Анын баарын айтып отурбайм. Анан Түркияга кеттим. Түркиядан келгенден кийин бизнесимди баштадым. Чынын айтсам, Мелистин мага таарынып калганынын бир эле себеби болушу ыктымал. Гезитин сатам деп мага сунуш кылган. Мен албоого аракет кылгам. Ал кезде кырдаал ошондой болуп, негизи түздөн-түз себептер Мекемин өзү болуп калды. Акыры гезитти башка кишилер сатып алышты. Бирок, ошол окуяга мени да анча-мынча катыштырып койгон жайы бар. Кийин, 2010-жылдын башында мен Алмаз Шаршенович менен мамилем жакшы болуп, саясатка кирип калган мезгилде Мелистин кайрылганы чын. ИИМде иштеген достору аркылуу чыкты. Алар "Мелиске жардам берип, туура түшүндүрүп кой", - дешти. Мелис саясатта жүргөн киши болчу. Саясат менен жүрүп, саясат менен ооруп калат деген менен ишим жок болчу. Албетте, бул бир себебби болушу ыктымал. Мен аракет кылдым, бирок жардам бере алган жокмун. Анан телефондон өзү да чалып: "Чыке, жардам бер, жок дегенде гезитти кайтарып бер", - деп суранды. Ошондо эле гезитиңдин тагдыры ушундай десем билет экен. "Кыргызалтынга" сүйлөшүп алып бербейсиңби?" - деди. "Кыргызалтындын" жетекчиси менен кабарлашып сурасам, ал жигит документтерди таппай койдум деди. Мөөрдүн баары ошондо болчу. Ошого байланыштуу таарынычтар болду окшойт. Андан кийин туура эмес нерселерди жазды.
- Мелис байкенин "Студент кезде чачыңды майланыштырып, артка тарап жүрчү элең го", - деген сөздөрдү жазганын окуган элем...
- Ооба, "Майбаш" деген сөздөрдү айттыбы? (күлүп) Ал маселе боюнча биринчи келинчеги Айгүл менден кечирим сурады. Атайын телефон чалды. Балдарыбыз да №66 мектепте чогуу окуп калды. Балким балдарыбыз чогуу окугандыгы үчүн уялдыбы, же беш жыл чогуу окугандыктанбы, айтор чалып кечирим сурап: "Чыныбай, ага теңелбей эле койчу", - деген сөздөр болгон. А мен тарыхты эскерип кыскача жооп бергем. Турмушта андай нерсе болот экен.
- "Бишкек ликер-арак заводун" өтө эле арзан баага сатып алганыңыз чынбы?
- Бул менин атаандаштарымдын мага жасаган буюртмасы. Себеби, текейден арзан деп айтыш такыр туура эмес. Ошондо келген журналисттерге, бизнесмендерге да айткам. Керек болсо уюштуруп берем, барып көргүлө, - дегем. Негизи эле бекер эч нерсе жок. Ар бир нерсенин өзүнүн баасы бар. Кыргызстанда 1 миллиард сом деп саясатчылар эле айтпаса, мага окшогон реалдуу турмуштан буту-колун үзүп кетпеген ишкерлер эч качан антип сөздү талаага чача бербейт. Антип айтыш үчүн негиз керек. Мен Бишкектен 1 миллиарддык жерди көрө элекмин. Бул жомок да. Келдибеков комиссия түздү, өкүл баласы бир топ жерге арыз жазды, текшерүүлөр болуп атат. Текшерип эч нерсе табышкан жок. Эгерде кимдир бирөө он жылдан бери колдон-колго өтүп, же бир элге пайдасы жок, же мамлекетке пайдасы жок турган нерсени алып, аны инвестициялап, жумушчу орундарын түзсө, аларды колдоп, жардам бериш керек. Андай адамдар менин тууганым болобу, душманым болобу, мамлекет үчүн пайда алып келип атат деп ойлойм.
- Келинчегиңиз, уул-кыздарыңыз эмне менен шугулданышат?
- Келинчегим "Акун" корпорациясын башкарып иштетип атат. Улуу кызым өткөн жылы Түштүк Кореянын бир фирмасынын чоң стипендиясын утуп алып, ошол жакта магистратурада окуп атат. Андан кийинки кызым Ысык-Көлдөгү пансионаттын директору. Былтыр окуусун бүтүп эле ошол жакта директор болуп иштеп атат. Уулум болсо, мектепте окуйт.
Төлөбүбү Касымалиева