Зари:

Сулуулугума арбалган жигиттердин


санын эсептебептирмин


"Кыздын жүрөгү", "Махабат", "Бактылуу болобуз" деген ырларды ким гана уккан эмес? Айрыкча бул ырлар жаштардын гимнине айланган десек болот. Ушул ырларды аткарган эстраданын сулуу ырчы кызы Зари менен маектештим.

- Сулуулугуңузду кантип сактайсыз? Негизи сулуу болуш үчүн кандай курмандыктарга баргансыз?
- Биринчиден, аялзатынын баары сулуу. Ар бир аялзатына кудай сулуулук берген соң, аны сактай билишибиз керек деп ойлойм. Сулуу болуунун эң жөнөкөй жолу косметика эмес. Витаминдер сулуулукка гана эмес, ден соолугубузга да керектүү. Андыктан, туура тамактануу сулуулукту сактоонун бирден-бир жолу деп ойлойм. Сулуулук үчүн кандайдыр бир курмандыкка барган эмесмин.
- Кыздардын намысын коргогон ырларды көп ырдайсыз? Тематикасын тандоодо кеңешчиңиз ким?
- Ар бир ырдын терең мааниси бар. Ырларымдын тематикасы кыздарга гана эмес, баарына тиешелүү. Анткени, айтылбай калган сөздөрдөн канча азап тартабыз. Сүйүүдө гана эмес, бүтүндөй жашообузда армандап жүрөбүз. Сөздү убагында айтсаң көп нерсенин алдын аласың. Айтылбаган сөздөр топтолуп кеткени жагымсыз нерселерге алып келет. Ал эми ырлардын тематикасын тандоодо өзүмдүн продюсерим жардам берет.
- Динара эже экөөңөрдүн ортоңордогу келишим канча убакытка бекитилген? Динара эже менен урушуп калсаңыз кийин сахнага чыкпай калам деп коркпойсузбу?
- Келишим 5 жылга түзүлгөн. Динара эже менен аябай жакшы тил табышып иштеп келебиз. Мына, иштешкенибизге 2 жарым жыл болуп калыптыр. Арабызда бир да жолу чыр чыккан жок. Мен Динара эжени продюсер катары эмес, жөнөкөй адам катары аябай сыйлайм. Чыгармачылыгымда көптөгөн мээнети бар, аябай ыраазымын. Динара эже "эмне болсо да эч качан жакшылыкты унутпай, көргөн жерде саламыбыз түз болсо болду мага" - деп айтып калат. Бул эженин жөнөкөйлүгүн жана кең пейилдигин билдирет.
- Бир жолу "Муз Обого" келгенде, гимндин авторун билбей калдыңыз. Андан кийин ким экенин билүүгө аракет кылдыңызбы?
- Сөзсүз... Чындыгында мектепте окуп жүргөндө билчүмүн, кийин убакыт өтүп аны унутуп калыптырмын. Ооба, бул туура эмес. Мындан кийин билип жүрөбүз.
- Сизди "жандуу ырдай албайт, анын акчасы көп" деген сөздөрдү уктум эле?
- Кааласаңыз угуп көрүңүз, жандуу ырдап берейин. Бирок концертим кымбат болуп калат го... (тамашалап) Чынын айтсам, үнүм болбогондо мен ырдабайт болчумун. Билбеген, кыла албаган иштерге аралашканды жаман көрөм. Кыргызстанда жандуу ырдаганга мүмкүнчүлүк болбоду.
- Сиз Москвада, Динара эже Кыргызстанда болсо кантип ырларды жаздырып жаттыңар ?
- Техниканын эмес, интернеттин таасири болсо керек. Башта, телефон аркылуу Динара эже менен кандай ыр жазышыбызды ойлонуп, сүйлөшүп алып анан аранжировканы Динара эже Бишкектен жасатып, электрондук почта менен мага жиберчү. Тайчабаров Кудрет байке ырдын сөздөрүн жазчу. Мен бул жактан жаттап, даярданып Бишкекке 1-2 аптага келип кетчүмүн. Убакыт болбогондуктан, келээрим менен эле ырды студияда жаздырып, клип бүтөөрү менен эртеси кайра Москвага учуп кетчүмүн.
- Жандуу үнүңүз менен ырдай аласызбы же ырчылыкты хоббим деп жүрдүңүз эле, ага шылтоолоп ырчылыкты таштап коёсузбу?
- Ырчы болгондон кийин албетте, жандуу ырдаш керек. Мен жандуу ырдаганга каршы эмесмин. Ырчылыкты таштоо оюма да келбептир.
- Шоу- бизнестеги кыздардын көбү турмуш жолуна аттанып, ак жоолук салынып калышты. Сиз качан турмушка чыгайын деп атасыз?
- Эртең же ушунча күндөн кийин деп айта албайм. Бул деген турмуш. Жашоонун көптөгөн "сюрприздери" бар, алдыга карабай эле, пешенеме жазылган күнү деп жүрөм.
- Диплом алганыңызды билебиз. Ал кесибиңиз боюнча иштеп атасызбы?
- Азырынча кесибим боюнча иштей элекмин. Алдыдагы жашоом кандай болот, аны эч ким билбейт. Балким иштеп калаармын, балким башка кесиптин да ээси болоормун.
- Эмнеге концерттерге көп чыкпайсыз? Же шоу -бизнестин интригасынан коркосузбу?
- Концерттерге чыкпаганымдын себеби, интригадан коркконум эмес. Убакыт тар болгондуктан же шаарда жок болуп калганымдан болушу мүмкүн. Өзүңүз айткандай мен шоу чөйрөсүндө көп болбойм, көп ырчылар менен саламым түз, мамилем жылуу. Бирок, чыгармачылыкта дос деп эч кимди айта албайм, кесиптештер десем болот. Дос деген ыйык, жакшы тааныган, ишенген, сырдашкан адамың болот. Ал эми кыргыз шоу дүйнөсүнө жаңы гана кадам таштадым десем болот.
- Клиптериңизде өтө ачык кийинесиз. Үй-бүлөңүз кийимиңизге каршы эмеспи?
- Клиптерде кийген кийимдеримди өтө ачык деп эсептебейм. Кадимки кечки көйнөктөр, андайды баары эле киет. Өтө ачык кийинесиз деп сизден эми биринчи жолу угуп атам.
- Күнүмдүк турмушта да ачык кийинесизби?
- Күнүмдүк турмушта мен жөнөкөй эле кийинем, көбүнчө классикалык кийимдерге басым жасайм.
- Сулуулугуңузга арбалган жигиттердин саны арбын болсо керек?
- Санын эсептебептирмин. Билбейм... Ал нерсеге маани бербептирмин. Сулуулук гана эмес жан дүйнөң да таза болушу зарыл. Орустардын "Кийимге карап тосуп алып, акылга карап узатат" деген жакшы бир макалы бар. Ошого мен толук кошулам.
- Чыгармачылыктын ачуу-таттуусун татып калдыңыз да. Ырчылыкты бизнес катары алып кетесизби, же хоббиңиз боюнча калабы?
- Азырынча Кыргызстанда болгон шоу-бизнести бизнес катары көрбөйм. Баарыбыз жакшы билген пираттар бар экен. Шоу дүйнөсүндө бизнес деген нерсе болбойт. Шоу-бул негизи аябай чоң бизнес, чоң долбоор. Бирок бул долбоор аягына чейин иштелип чыккан эмес.
Жылдыз
Абдыкерим кызы