Сурагыла,
жооп беребиз
Проктология
Кичине оор көтөрсөм көтөн чучугум чыгып кетти
Салам, "Обон" гезитинин жамааты! Мен өзүм Ош шаарында кеңселердин биринде менеджер болуп иштейм. Отуруп эле иштегеним болбосо оор жүк көтөрбөйм. Бирок өткөндө базарга барып үйгө тамак- аш алгам. Анда деле жүгүм анчалык оор эмес болчу. Бирок менин көтөн чучугум чыгып кетти. Эмнеден улам ошондой болушу мүмкүн, билип бериңиздерчи?
Алмаз, 26 жаш. Ош шаары

Бегалиев Бекболот- врач,
проктолог:
"Анча-мынча оор көтөрүүдөн болушу
мүмкүн эмес"
Эми оор көтөрүп же көп отуруп иштегенден деле эмес болуш керек. Балким, ага чейин эле ошого таасир эткен факторлор болсо керек. Мүмкүн ага чейин ич каткандыр же өткөндүр. Муздак жерге отуруп же болбосо спирт ичимдигин ичкен болуш керек. Ошого байланыштуу болушу мүмкүн. Анан анча-мынча оор көтөрүүдөн болшушу мүмкүн эмес. Мындай абалга кабылбас үчүн эң биринчи тамак -ашты тууралаш керек, ысык-сууктан этият болуш керек.




Стоматология

Тишимдин түптөрү
ооруп жатат.
Мен тишимди бир жыл мурун тазалатып пломба койдургам. Бир айдан бери койдурган пломбаларым түшүп, оюлуп калган тиштерим сынып жатат. Мындан тышкары тишимдин түптөрү ооруй турган болуп калды. Эмнеден улам ошондой болушу мүмкүн?
Сезим, 18 жаш.
Нарын шаары

Кангелдиева Майяө- врач,
стоматолог:
"Тиштин сезгенишинен болушу мүмкүн"
Тиштин түптөрү сезгенип, ошол жерде ириң пайда боло баштайт. Ошондон улам тиштин түптөрү ооруй баштайт. Аны жок дегенде бир жума дарылап туруп андан кийин пломба салыш керек. Ал эми тиштин пломбасы тууралуу айтканда ар кайсы жерде ар кандай болот. Пломбанын сапаты, түрү дагы чоң роль ойнойт. Пломбанын түрлөрү көп, аны дагы ыгы менен салганды билиш керек. Эгер туура эмес салынып калса ал пломба бат эле түшүп калат. Анан пломба салдырып жатканда сапатына жараша кепилдик берилет, бир жылга же жарым жылга чейин деп. Эгерде пломба салдыргандан кийин айткан кепилдиги бүтө электе эле түшүп калса, ошол врач сизге кайра башка пломба салып бериши керек. Ал эми тиштин сынып жатканы, ал пломба койдуруп жатканда ортосу оюлуп калганда, четтери жукарып анан кайдыр бир нерсе тиштегенде же тамак жегенде сынып жатканы ошондон улам. Башка себеп жок.





Күрөө

Эки миң сомумдун ордуна 29 миң сом сурап жатат
Мен он беш ай мурун Караколдон 15 менен эки миң сом күрөөканадан алгам. Күрөөгө документтеримди калтырган болчумун. Эми акчамды берип, документтеримди алайын деп барсам 29 миң сом бересиң дейт. Он беш айдын ичинде 15 ушунча суммага өсүп кетиши мүмкүнбү?
Кайыргүл 24 жаш.
Каракол шаары

Батырбек уулу Эрмек- күрөөкананын башкаруучусу:
"Кошумча пайыз менен эсептеп жатса керек"
Ар бир күрөөканада өздөрүнүн кандайдыр бир өлчөмдө пайыздары болот. Эгер сиз 15 менен алсаңыз, он беш айдын ичинде 6500 сом болушу керек эле. Бир чети күрөөканаларда он беш ай күтүшпөйт жана күрөөгө өзүнүн документтерин алышпайт. Сөз жок, кандайдыр бир буюм коюлушу керек. Балким, сиз кайтарып берүү мөөнөтүнөн өтүп кеткениңизге байланыштуу сизге 29 миң сом эсептеп берсе керек. Себеби акчаны кайтаруу мөөнөтү өткөндөн кийин кээ бир күрөөканаларда күнүмдүк, айлык пайыздар кошула баштайт.




Дин

Телефон аркылуу нике кыйса болобу?
Куран окутканда, нике кыйганда, азыр имамдар келе албаганына байланыштуу телефон аркылуу куран окуп, нике кыйып жатышат дейт. Телефон аркылуу куран окуп же нике кыйса болобу? Шарыятта жол берилгенби? Жана талак бергенде да телефондон берип койсо болобу?
Марат, 20 жаш.
Сокулук району

Исмаилов Жигитали- Фатфа
бөлүмүнүн кызматкери:
"Шарыятта жол берилген эмес"
Имамдар келе албагандай тоого же дагы бир жакка кетип калышыптырбы? Кудайга шүгүр, имамдарыбыз бар. Анан телефон аркылуу куран окуйт деген бул азыркы биздин заманбап жашообузга ылайыктуу болуп жатса керек. Бирок телефон аркылуу куран окубайт, шарыятта жол берилген эмес. Нике тууралуу айта турган болсок, никеде молдоке менен кошо эки күбө болушу керек. Ошондуктан молдоке ал күбөлөрдү көрбөй туруп, нике кыя албайт. Ошол күйөө баланы келинчегин, күбөлөрүн көрүш керек, ошолордун макулдугун угуш керек. Бүгүнкү күндө скайп менен көрүп жатат го деши мүмкүн. Скайп менен көрүп отурган күндө деле аныктай албайсың, эртең ар кандай чыр -чатак чыгышы мүмкүн, ошондой убакытта ким нике кыйган, ким күбө болгон деген суроолор болуп калышы мүмкүн. Ошол себептен скайп менен нике кыйбай эле койсун деп айтаар элек. Анан бири- бирин сүйүп калдык, кел, нике кыябыз деп молдокени чакырып, скайп менен нике кыйып коюу болбойт. Никенин кадыр- баркы кетет. Кеңешип, ата энесинин алдынан өтүп нике кыюу бул шарт. Телефондон куран окуу, телефондон нике кыюу бул жок нерсе, андай кылбай эле коёлу. Ал эми талак деле нике сыяктуу, никени жандыруу талак менен болот. Жандырганда деле шашылбастан, ачуусу келгенде айтып салбастан ата - энеси менен, туугандары менен кеңешип анан талак бериш керек.


Алиса
Сапарбекова

alisa8525@mail.ru