Жылдыз Бегалиева:

"Жолдошум менен ажырашып кеткениме өкүнбөйм"


Балалык
Балалыгым Байтикте өттү. Кичине кезимде уялчаак, эркек балага окшош кыз болчумун. Эсимде, орус кемпирлер "ай, бала" деген сөздөрдү көп айтчу. Өзүм орус мектепте окугам, кийин сегизинчи классты бүтүп кыргыз класска которулдум. Жалаң орус кыздардын арасында жүрчүмүн. Алардын болсо бойлору узун, мен жанында кичине болуп ээрчишип жүрө берчүбүз.
Кыялдар
Мен негедир кичине кезимде такыр журналист болом деп ойлогон эмесмин. Эмнегедир мугалим же бала бакчада тарбиячы болгум келчү. Мектепти бүтүп БГУга тапшырып, бирок биринчи жылы өтпөй калгам. Кийин кайра сырттан окуу бөлүмүнө журналистика факультетине тапшыргам.
Ийгиликтин алгачкы кадамдары
Диплом алгандан кийин дипломум эки -үч жылдай үйдө жатты. Мен башка жумушта иштечүмүн. Эмнегедир журналист болуп иштей албайм деп ойлой берер элем. Анан бир күнү курбу кызым келип: "сен эмне, жөн эле окудуңбу, иштебейсиңби?" деп калды. Мен кантип иштейм, эгер эч нерсе билбесем, бир чети телевидениеге кириш үчүн да тааныш керек десем болбой, барып көр деп калды. Макул болуп келип, сүйлөшүп калдым. Ошол маалда бул жакка штаттан тышкары журналисттер керек болуп жаткан экен.
Алгач эфирге чыкканда
Алгач эфирге күтүүсүздөн эле чыгып калгам. Иштеп калганыма бир ай болуп калган болчу. Өзүм деле жарытылуу эч нерсе үйрөнө элек элем. Анан "Фортуна дөңгөлөгү" долбоорун алып барган эже ооруп калып, жумуштан кете турган болуп калды. Анан мага ошол долбоорду алып барып көр деген сунуш түшүп калды. Ошо менен алгач ошол долбоорду алып барып чыгып калдым. Кийин "Аял эмнени каалайт?"деген долбоорду ачып, азыр ошол долбоор менен иштеп калдым.
"Аял эмнени каалайт?" долбоору
"Аял эмнени каалайт?" долбоору эфирге чыга баштаганына бир жылдан ашып калды. Алгач кичине оорчулук жаратканы менен азыр кудайга шүгүр. Бул долбоорду алып чыгаар алдында көпкө ойлонгом. Аял болгондон кийин ар бир эле айым сулуу болгусу келет. Бир эле сулуулук менен чектелбестен ден соолук, мээримдүү эне болууну ким эле каалабасын? Кандай боёнуу, кандай кийинүү, деги эле жагымдуу жар болуу үчүн эмне кылуу керек? Долбоорду айымдарга кеңеш берүү максатында алып чыкканбыз десем болот.
Теледен айтканымды...
Албетте теледен айтканымды, айымдарга берген кеңештеримди жашоомдо өзүм үчүн колдоном. Анткени ар бир эле айым сулуу болгусу келет.
Алгачкы сүйүүм
Бир жерге конокко барып, кокустан бир жигит менен таанышып калдым. Жылдызыбыз келишип бат эле тил табышып кеттик. Экөөбүз дос катары сүйлөшүп жүрүп, кийин ортобузда сүйүү пайда болду. Анда мен он жети жашта болчумун. Ошол жигит менен сүйлөшкөнүмө ата- энем аябай каршы болушкан. Бул жигит сага көз жаш, азаптан башка эч нерсе бере албайт деп. Бирок мен такыр болбой койгом. Ата -энем канча аракет кылса да мен ал жигит менен сүйлөшкөнүмдү токтотпой, ошол сүйгөн адамыма турмушка чыктым.
Тагдырым жөнүндө
Мен 18 жашымда турмушка чыгып, 19 жашымда кыздуу болгом. Бирок тилекке каршы, жолдошум экөөбүздүн ортобузда түшүнбөстүктөр болуп, ажырашууга туура келди. Кызым буйруса, быйыл июнда он алтыга чыгат. Жолдошумду жакшы, жаман деп айткым келбейт. Кандай адам болгон күндө да кызымдын атасы, эч нерсе дей албайм. Кызым менен байланышып турат, эч убакта тыюу салбайм. Бул менин тагдырым жана ушундай тагдырга туш болдум деп эч убакта өкүнгөн эмесмин. Жакшы көргөн кызым, ата -энем туугандарым, жакын санаалаштарым, жумушум бар мен бактылуумун десем болот.
Көңүл оорутуу, көңүл калуу
Адам болгондон кийин көңүлүңдү оорутуп, калтырып кеткен учурлар деле болот экен. Ооба, менин да көңүлүм калган учур болгон. Алгач жолдошум менен ажырашып кеткенден кийин ушунчалык көңүлүм калгандыктан беш жыл аралыгында эч ким менен сүйлөшкүм келбей, жеке жашоом тууралуу такыр ойлонгум келбей калган. Дос катары сүйлөшө бересиң, бирок үй- бүлө, жеке мамиле куруу мен үчүн эместей болуп калгам.
Жалгыздык
Жалгыздык мага көбүнчөсү майрам учурларда билинип калат. Жаңы жыл сыяктуу майрамдарда жаныңда жолдошуң болсо, ал адамды кубантыш үчүн тамак- аш даярдап, белегиңди бергиң келет. Толук кандуу үй-бүлө болуп чогуу майрам тоссом дейсиң. Ошондой майрам учурларда жалгыздык мага кадимкидей сезилет. Мындай күндөрү жумуш менен алаксып жүрө берип, убакыттын кандай өткөнүн деле билбей каласың. Бирок баары алдыда деп ойлойм.
Аял эмнени каалайт?
Аял бактылуу жашоону, сүйүүктү жар болууну, мээримдүү эне болууну жана албетте, дайыма жаш сулуу болууну каалайт деп ойлойм.
Алиса Сапарбекова