Ар кимде болот ар кыял, ал кыялды ким тыяр

Кой жылдызы


Кой жылдызынын мүнөзү.
Кой жылдызынын алдында төрөлгөндөр жүз пайыз эгоист адамдар болушат. Алар кайсы жерде жүрбөсүн биринчи болууга умтулушуп жана көздөгөн максатына жетүү үчүн ар кандай жолго барышы мүмкүн. Жылдыздын жеке жашоосунда өзүнүн ишенчээктигинин айынан көп көңүл калууларга дуушар болот. Орто жашап калган маалында да бул жылдыздын алдында төрөлгөндөрдү бат эле алдап коюуга болот. Себеби орто жашап калса да өзүнүн бала кыялын такыр калтыра албайт. Бул адам менен сүйлөшүп жаткан учурда жаш өспүрүмдүн түшүнүгүн, эрке кыялын кездештире аласыздар. Бул жылдыздар абдан жылдыздуу келишет да дайыма элдин көңүл борборунда болушат. Мындан тышкары кой жылдызынын алдында төрөлгөндөрдү башкарып алам деп ойлобоңуздар, себеби алар эч убакта бирөөгө баш ийип бере алышпайт. Кандай жумуш болбосун кой жылдызы баарын так жана бат аткарууга аракет кылышат. Өз убагында бүтпөй калган иш үчүн чоң чыр салып жиберүүгө даяр. Бирок ошондой болсо да оң колунун ачуусун, сол колу менен басып, абалдан чыгуунун жолун издегенге ойлоно баштайт. Кой жылдызын бат таарынтып, кайра бат жазып алса болот. Эгер кокус таарынтып алсаңыз, эми эмне болот деп баш катырбай деле койсоңуз болот. Анткени бүгүн таарынтып алган болсоңуз ал эртең эсинен чыгарып эч нерсе болбогондой мамиле жасап коюшу мүмкүн. Жеке жашоосунда жактырган адамы карабай же таштап кетсе, же жумушунда кандайдыр бир көйгөй болуп четтетилип калса, көпкө ойлонуп отурбай жаңы жашоо, жаңы жер издеп кете берет. Абдан боорукер келишкендиктен кыйналып жаткан адамга дайыма жардамын берүүгө даяр.





Түш жоруу


Адам болгондон кийин уктап жатып да мээ иштеп, ар кандай картиналарды көрөбүз. Ошол түшкө кирген нерселерди адам үчүн эскертүү катары карасак да болот экен.

Абрикос
Эгер түшүңүздө абрикос дарактарын көрсөңүз демек алдыңызда кайгы- капа күтүп турганын түшүндүрөт. Абрикостун даамын татып жатсаңыз кандайдыр бир нерсеге ачууланышыңыз мүмкүн. Эгер айланадагылар жеп жаткан болсо, демек ошол адам сизге жагымсыз кабар айтып, же бир нерсеге капалантышы мүмкүн.
авария
Түшүңүздө авария болсоңуз демек, сиздин алдыга койгон пландарыңыз ишке ашпай калышы мүмкүн дегенди билдирет да алдыга коюп жаткан пландарыңыз тууралуу ойлонуп көрүшүңүздү эскертет. Эгер авариядан эч нерсе болбосоңуз алдыда боло турган конфликт же кырдаалдан жеңил чыгасыз. Жөн эле авария болгонун көрсөңүз кагаз иштеринде сак болушуңуз керек. Сизди бирөө жарым алдагысы келип жатканы.
Ата - эне
Түшүңүздө маанайлары ачык, көңүлү ток ата - энеңизди көрсөңүз жакын досторуңузга кезигип кубанасыз. Каза болгон ата - энени түштө көрүү бул алдыдагы оор кырдаалдан кабар берет. Жумушуңуздабы же башка жерде болсоңуз да өзүңүзгө сак болушуңуз керек. Өз үйүңүздө бактылуу болуп отурган ата - энеңиз жашооңуздун жакшы жакка ооганынан кабар берет. Кыздарга мындай түштөр турмушка чыгаарын жана өсүшүн түшүндүрөт. Эгер капалуу, үстүндө кийген кийими кир болсо сизди оор көңүл калуу күтүп турат. Мындан тышкары бактылуу ата - энени түштө көрүү жакшылыктын жашааны.
Акча
Эгер түшүңүздө акча таап алсаңыз майда көйгөйлөрдөн арылып, жаңы өзгөрүүлөр күтүлөт. Бир нерсе сатып алып жатып төлөп жатсаңыз, алдыдагы ийгиликсиз күндөрдөн кабарлайт. Акчаны жоготуп алуу үй- бүлөлүк чыр. Санап жатып акчаңыз жептей калса чоң суммадагы акча коротуп кайгырасыз. Бирөөнүн акчасын уурдап алсаңыз, алдыда кырсык күтүп жатат.
Алия Ибраева