ПЛЯЖДА


ЖАТКАНДАР



Боро деген эргул бар, он күндөн бери көзү ачылбай ичти. Ичсин, бирок катыны айткандай, балээ ичсин. Бир жума айылдын ичин чаңызгытып, кыйсыпырыбызды чыгарды. Ичселе машинесине жабышат. Алдынан катын-калач, бала-бакыра чыксабы, тебелеп кетейин дейт. Көчөнүн башынан машиненин аңылдаганын уккандар "жинди" келатат дегенделе, бүттү. Демейде машиненин "пипилдеген" доошунан үркпөгөн көчөдөгү эшек, кой, уйларың алыстан эле жолдун тиягына, биягына чыгып калдаңдап келаткан машинеден өзүнөн-өзү үркүп калганычы. Жок дегенде ошолордун бирөө-жарымын тебелеп кетсе кана, мына анан, "баландайдын малын тебелеп кеттиң, келе, доосун бер" деп кайсы бирибиз шылтоо табат элек да. Ошо шылтоо менен экинчи мас болгондо машинесине мингис кылмакпыс. Адаты менен бир жума бою айылдын чаңын сапырган Боронун катыны эр экен, амалын тааптыр. Короодо көгөрүп, татарган күйөөсү окшуп атканда - дарбазанын оозуна үч тонна көмүр төктүрүп салыптыр. Анан Бороң кайда бармак. Мына ошол төрт күндөн бери көчөгө машинесин айдап чыгалбай, жиндегенине күлүп атканбыз. "Көмүрүмдү ташышып койгулачы" деп жалдырайт бизге. Жалдырай берсин, "ташыбайбыз" дедик. Андале машинесин кайра айдап чыккан атпайбы. Колубуз сынсын, ташыбай калалы… "Катыным көмүр ташы деп төрт күндөн бери кулак-мээмди жеп салды" - деп тимеле ордунан тегеренет. Ангыча жаныбызга Аруун келип, Боро экөө жакалашып калды. Көрсө, ташкөмүрдү ошол төгүптүр. "Эй сен, ташкөмүрдүн акчасын качан бересиң?" деди эле, Боронун колу Аруундун жакасына чап жармашты.
- Ташкөмүрдү сарайдын астына ташып бер, акчаңды ошондо аласың!
- Эй, эмнеге ташыйм? Көмүр сага керекпи?
- Мага керек эмес.
- Эй, Боро! Ташкөмүр түшүрүп бер деп жалдыраган өзүң… - Аруун туталанып кетти.
- Анан сен ошол дарбазанын оозуна төгөсүңбү? Мен төрт күндөн бери машинемди чыгаралбай атам.
- Ал сенин ишиң. Катының түшүр деди, түшүрдүм.
- Так ошол жергеби?
- Анан эмне, катының түшүр десе...
- Анда мени угуп тур… Ташкөмүрүңдү же кайра жүктөп кет, же сарайдын алдына бир жолу ташып бер.
- Тү-фүү-ү… Ит турбайбы…
Айласы куруган Аруун бизге карады:
- Эй, силер айткылачы… Кимдики туура? Мен буга көмүр түшүрүп берип, эми акчасына келсем, эмне дегени?

Бизге эмне, экөөнү карап отурган кызык да. Оң жооп айткандын ордуна, кычыткы кептерибизден жаадырып, биз Борону жактагандар болуп алдык. Мен да оозум кычышып "Боронуку туура" деп койдум. Ого бетер анын да күнү тууп, тигини матай баштады:
- Мына, эл деле ошону айтмак, - деп. А биз Аруундуку туура экенин билип турсак да, эптеп аккөңүл Боронун көңүлүн алып, ичели деп атабыз да. А Аруундан бирдеңке чыкпай калсын. Качан болбосун, жоктон башканы айтпайт. Борокебиздин колу ачык, Аруундай болуп тырышпай. Колуна тыйын түшселе, жайдак төшүбүз ошол. Кудайга шүгүр, башкаларыбыз деле битиребейбиз, бизди битиреткен катындарыбыз болуп атпайбы. Таап келгенибизге ээ болуп алышып... Биз жөн эле акча таап келген чор таманбыз. Мен эртеден-кечке тандырга нан жаап акча табам, а Таты устачылыгы менен.
- Машинемди ГАИшниктер камап салса, эмгиче чыгарып беришмек… А катыным... Ох-ху… башым сынып атат, кимиң апересиң? - деген Боронун кейпин көргөн Таты кудай жалгап:
- Жүргүлө - дебеспи. Жөнөп калдык. Дүкөнгө кирип, карыздадыбы же эмне кылды, билбейм. Закүскө, аны-мунусу менен экини алыптыр. Көл жээгине бастык. Пляжда эл толтура, көзүбүз кыз-келиндерде. Кыраакыбыз Таты. Жалгыз бой кыз-келиндерди дайыма ошол табат. Ошонун ишаратын карап турабыз. Ал каякка барып отурабыз десе, эркине коёбуз. Келин-кесекке кайырмак салганга Татыдан башкабыз жарабайбыз. Элден обочо бөлүнгөн үч кыз отурган экен, ошол тарапка башын чулгады.
- Жүргүлө, тээтиги шоколаддарга...

Чынында денелери күнгө шоколаддай күйгөн кыздар экен. Пляжда жаткан андай кыздардын далайынын даамын татып калган жаныбыз, кимге кандай жагынышты билебиз. Адегенде өтө жакындай бербейбиз. Алардан обочороок жерге дасмалыбызды жайып коюп, бир сыйрадан сууга чумуп келдик. Ысык кумда оонап жаткан Таты ордунан туруп кетти. Пляжда жаткан кокур-сокур, баштык-үштүктөрдү терип, таштанды челекти карай баратып эле кыздар жакка бурулду. Кыздардын жанында чоң дарбыздын кабыгы жаткан. Аны алып, пляждын жээгиндеги таштанды челекке ыргытып, кайра келаткан Таты кейип-кепчип калды:
- Ай, атаңдын көрү, кандай кишилер ыкыр-чыкырын көлдүн жээгине таштайт.
- Байке, биз таштаган жокпуз, - деген кыздар Татыга актанып баштаделе, ал да оңбогур да:
- Жо… силерди таштады деген жокмун. Силердей татына кыздар көл жээгин булгабайт. Мынабу экөөнө окшогондор булгайт, - деген кычаштын кебине биз деле териккенибиз жок, кайра жакшы болду. Кудай ишти оңдой берди болуп, жок жерден шылтоо табылып, кыздар менен кеп учугу уланып кетти.
- Жакшы байке экен, көзгө урунган акыр-чикирди алып койгон, - деген кыздардын мактоосун угуп, биз да компоюп калдык.
- Досубуз баарына жарайт. - Калп да болсо кыздардын айтканын колдоп, Татыны көкөлөтүп койдук.
- Мунун адам экенин силер гана байкадыңар, - деген Боронун какшыгына тиги кыздардын бирөөсү жооп кылып калды:
- Байке жакшы адам экен. Болбосо, ким эле бирөөнүн таштандысын терсин, - дегенинен мен да: - Ой, бул байкеңер жаратылышты коргоого келгенде жеткен патриот, - деп салдым.
- Туура, азыр баарыбыз патриот болушубуз керек. Биз дүйнөгө эмнебиз менен мактанабыз? Ысыккөлүбүз менен… - деген кыздардын алкоосуна биротоло дердейип калган Татынын оозунан да таттуу кептер чубуруп турду:
- Биз ошол Ысыккөлдүн кадырына жетпей атпайбызбы. Аны биз көздүн карегиндей сактагандын ордуна, чалчык сууну кордогондой… Айланасына көрүнгөндү таштайбыз…

Оозума кум тыгып алгансыбай, мен деле кепке аралашайын деп, калп да болсо:
- Келгиле, кыздар, Ысыккөлдү коргоо комитетин түзөбүз, - деген идея таштап койдум.
- Биз макулбуз, - деп үч кыз үч жактан мага кошулуп кетти.
Бир убакта кантип барып алар менен аралашып отуруп калганыбызды билбейм. Татыкебиз кыздарга өзүбүз көтөрө келген алчанын согунан куюп, колдоруна кармата салды:
- Анда кыздар, эс алганы келгенден кийин, келгиле, алып ийели… Бизге силердей меймандарды тосуп алганга не жетсин. Мынча болду эми, таанышып алалы. Атым - Таты. Үчөөбүз тең ушул жерденбиз. Бул жер да Ысыккөлдүн касиеттүү жерлеринин бири. Мынабул унчукпай отургандын аты - Боро. А мунуку - Белек, - деп үчөөбүздү тааныштырып, кыздар биз менен таанышууну кааласа каалабаса да, аттарын сурап кирди.
- Ширин.
- Айсанат.
- Назира.
- Келгиле, таанышканыбыз үчүн, - деген Татыбыз сок артынан шака-шука баарыбызга куюлган арактарды сунуп калды. Ырас болуп, үчөө тең баадиленген жок. Көптү көргөн немелерби, чоёңдобой алып жиберишти. А биз карап турмак белек. Ичи-коюнду жылыткыдай мамиле жасап, бүгүн аларды сыйлай турган болдук. Кыздардын "Бир жумага эргүү алганы келдик" дегенин угуп, Татынын аккөңүлү кармагандан, туристтик сезонго деп жаңы бүткөн коттеджине бир жума бекер жашоого уруксат берип салды.
- Жок, байке, акчасына эле жашайбыз, - дешти эле бирок кыздардын айтканына караманча көнбөдү, ары жок.
- А бизди ээрчитип барсаңыз, келинчегиңиз эмне дейт?
- Коркпогула, жеңеңер жайлоого кымыз ичип, дарыланганы кеткен. Ал бир айга чейин келбейт. Мен да жеңеңер үйдө жок үчүн мынаминтип силер менен…
- Келинчегиңиз үйдө болбосо эле сизге акчанын кереги жокпу?
- Коттеджде орундар кенен. Мага башка меймандардын акчасы деле жетет. - Татыкебиз чечкиндүү сүйлөдү. Анан тез эле эски тааныштардан бетер кажы-кужуга өттүк. Демейдегидей "кайсы кызды өзүмө имерип алсам" деген нысабы жаман жаным үч кызга бирдей кошомат кылдырды. Себеби, үчөө тең татынакай болуп, биринен бири азада жандай көрүндү. Үчөөнүн кимиси болсун көңүлгө төп. Бир убакта Боро Назирага, Таты Айсанатка жагаалданып калыптыр, мен шак эле кабагы сузданса да Ширинге ыктай баштадым. Үч кызды сууга жетелесек, алар бизден кыйын сүзгөн немелер экен. Тээ алыска чабак уруп кетишти, үчөөбүз артта калдык. Кыздар тез эле кайра жээкке келди. Ысык кумга дагы куладык. Мага Шириндин кум кучактап көмкөрөсүнөн жатканы укмуштай көрүндү. Анын келишимдүү жасатына үнсүз кадалып жаттым.
(Уландысы кийинки санда)