Акын Олжобай ШАКИР:

Мен сүйгөн айымдын


үй-бүлөсү бар


Сүйүү үчүн ким эмнени айтпаган, сүйүү үчүн ким азапка батпаган? Махабат майрамында улуу сүйүү тууралуу эркин журналист жана акын Олжобай Шакир сүйүү сандыгын ачып, жашоосундагы армандуу сүйүүсүн айтып берди.

- Сүйүүгө ар ким ар кандай аныктама берет эмеспи, а сиз үчүн сүйүү эмне?
- Азап.
- Башка айтарыңыз жокпу?
- Сүйүүнүн азабын эле тартып келатсам, башка эмне айтмак элем? Албетте, сүйүү темасын канчалык айтпайлы, ал жөнүндө кеп түгөнбөйт. Сүйүү трактаттарын жазган нечендеген философтор да сүйүү жөнүндө ташка тамга баскандай эч нерсе айталган эмес, нечендеген улуу акындар, улуу сүрөтчүлөр сүйүү баянынын аягына чыкты беле? Анан мендей кулпенде эмнени жарытып айта алмак эле.
- Дегеле сүйүү сизге канча жолу келди?
- Миң жолу келсе, миң жолу кетти го. Кыздарда сезим кандай болот билбейм, мен бала болуп башыма жүн чыккандан тартып, кол жеткис сүйүүгө кабылгам. Айрыкча мектеп партасынан баштап. Ал мындай: шаардан жаңыдан окуусун бүтүп келген татынакай эжейибизге ашык болуп "жин даарыган" жайым бар. Эже химиядан сабак берчү, а мен химия, физикага келгенде дудук элем. Тентектик жагынан эле эң алдыңкы балдардан болбосом, башка сабактар боюнча деле шылкыйма болчумун. Бирок ошол эжейибиз шаардан келгенден баштап тилим сайрап, окуучулардын алдыңкы сабына кошулгам. Класска киргендеги эженин атырынын жыты, анан шиш такасынын үнү абыдан жакчу. "Тык-тык-тык" деген шиш такасынын ар бир шооратын укканда жүрөгүм "дүк-дүк" согуп турчу. Эже үчүн мен да мектепке кадимкидей сыланып-таранып келчүмүн. Мурда батала-шатала болуп жүрсөм, эже сабак бергенден баштап зыңкыя кийинип, күзгүнүн түбүнөн чыкпай, химия сабагына түнү бою тирмейип даярданчумун. Мен эле эмес, иттин шыйрагындай тыйраңдаган кол жазмамдан өйдө түзөлүп калган кезде, бир күнү эжебиз турмушка чыгып кетти. Мына ошондон кийин мен кайра артыма кеткем. Кеткенде да муну кадимкидей эжеге таарынып, "өчөшүп" жасачумун. Сабагына эч даярдыксыз келип, өзүмдүн "кызгануу" сезимимди туюндурганга аракет кыла берчүмүн. Же анымды эже сезип койсочу...
- Сүйүүнүн кандай аралыктагысы жакшы деп ойлойсуз?
- Кол жеткис аралыктагы сүйүүдөн өткөн улуу сезим болбойт го дейм. Сүйүүнү мен денесине түк чыгелек кызыл эт балапанга окшоштурам. Аны кебездей жумшак алаканыңа салып канчалык эркелетсең, ошончо тез өлөт. Ага кол жетип, мээрим өткөн сайын уйпаланат.
- Сиз үчүн нике ыйыкпы же сүйүүбү?
- Экөө бирдей ыйык, экөө бирдей улуу.
- Сүйүү үчүн никеңизди курмандыкка чалат белеңиз?
- Эч качан.
- "Арзуу" аттуу ырлар түрмөгүңүз бар эмеспи, аларды окуганда жеңебиз кызганбайбы?
- Кызганбай койчу беле. Башында мени ала жипти аттабас адамдай көрсө керек, мен жөнүндө көпкө чейин жүрөгү таза жүрдү. Кийин эле мени кара теке түзүп, "Арзуу" түрмөгүн баштадым. Акыры ырлар жыйнагымды китеп кылып чыгарып, китеп жеңеңдин колуна да тийди. Кылгылыкты кылып койгон баладай болуп, көз кыйыгымды салсам, махабат ырларыма бир сыйра көз жүгүрттү да, тултуюп калды. Бир топтон кийин "Бул ырларды кимге арнап, качан жаздың эле" дегенде эле тилимди жутуп алдым. Бирок ал сурак анчалык катуу болгон жок. Болгону ал ырларды эргиген кыял менен жазгамын демиш болуп кутулгам. Кийинчерээк ал ырлар эргиген кыял эмес, реалдуу турмуштун негизинде жазылганын жеңең кармап алды.
- Кандай болуп?
- Кашайып, күндөлүк жазчумун. Ал күндөлүктү жумушума барганда гана жазып, жумушума гана калтырчумун. Бир күнү кайдан жайдан болуп, ал дептерди үйгө салып баса берип, үйдүн бир жеринде унуткан бойдон калтырып салыпмын. Кечинде үйгө келсем, келинчегим мисирейет. Көрсө, күндөлүктүн ичинде сүйүү каарманымдын сүрөтүнөн өйдө бар экен, анан калса сүйүү каарманым жөнүндө капкаяктагы сезимдердин баарын чиймелеп жүрүпмүн.
- Кийин ал чоң чатакка айланган жокпу?
- Кудай сактасын, андай болгон жок. Андан бери далай жыл өтүп кетти, кээде жеңең ошол окуяны эстетип, күлүп алабыз. Азыр мага кадыресе түшүнүп, тескерисинче, эмнеге сүйүү ырларын жазбай жүргөнүмдү "суракка" алчу болду.
- Сүйүү үчүн дагы кандай окуяларга кабылдыңыз эле?
- Жогоруда сүйүү мага миң жолу келип, миң жолу кетти дегеним мындай: өмүрүмдө мен бир гана улуу сүйүүгө кабылдым. Бирок анын азабы миң сүйүүгө айланып кетти... Студент кезимде бирөөнө кат жазып, ошол катты бир да жолу сүйгөнүмдүн колуна бералбай жүрүп эле, кийин ал кыз турмушка чыгып кетип, колунан кушун учуруп ийген мүнүшкөрдөй түтөп кала бердим. "Арзуу" ырларым ошондон улам минтип башталган:
Кездер болду сага барып атайы,
Колду берсем, кетирчүдөй катаны...
Көлөкөңдөй жүрүп, жүрүп артыңдан,
Алыстады канча мезгил катары!

Кездер болду намыстанып ызадан,
Мага айтпайт деп
ашыктыгын кыз адам:
Күндөп-түндөп акмалаган боюнча
Эшигиңден канча жолу узагам!

Кездер ошол кеткен узап кайрылбай -
Кездер экен махабаттан айрылган.
Кетти бирөө сени колдон жетелеп,
Кездер ошол - түбөлүктүү кайгымдай!
- Кырктын кырын ашып калдыңыз, сүйгөн адамыңыз менен кайра кезигишүү мүмкүнбү?
- Баятан берки суроолоруңдун арасынан ушул сурооң мен үчүн эң оор болуп турат. Ичимди сыйрыган мындай сурооңо кандай жооп беришимди билбейм. Жүрөгүмдүн картын сыйрыган ушул суроого жооп бериш эң оор болуп турган себеби мындай - мен сүйгөн адамдын да бактылуу үй-бүлөсү бар, ошол эле учурда өзүмдү да үй-бүлөдөн бактысызмын дебейм. Бирок тилегеним: мен таяк таянган чал болуп, "Арзуу" ырларымдагы сүйүү каарманым кемпир болгондон кийин деле ал экөөбүз өмүрүбүздүн акыркы күндөрүн бирге кол кармашып өткөрсөк, бу дүйнөдө эч арманым болбойт эле.
Төлөбүбү Касымалиева