Көркөм-ЭКСПЕРТ кеңешИ керекпи?


Гүлзат Байзакова, ырчы:

"Көркөм кеңештин түзүлүшү менен коррупция өркүндөп, акчасы барлар чыга берет"


- Көркөм кеңеш ырчылардын чыгармачылыгын көзөмөлдөп турушат да. Буга чейин ырчыларды эч ким караган эмес. Ар бир ырчы өзүнүн арабасын өзү сүйрөп келген. Качан гана шайлоо башталган убаута чоңдордун эсине келебиз. Ага чейин ырчыларды эч ким карап койбойт. Чындап келсе, ырчыларды карапайым эл багып атат. Элдин жакшылыктарына, той-топурларга чакырышат дегендей. Ал эми жаңыдан чыгып келаткан жаш ырчыларыбыздын көп болушу жакшы нерсе. Чыгармачылыкка аттануу өтө эле оор. Канча деген акчалар жумшалат. Чындап келсе, жаштардын ичинен үнү жакшысын, таланттууларын эл өзү иргеп алып атпайбы. Атаандаштын болуп турушу ырчылардын биринен-бири өтүп чыгышына жакшы түрткү болмок. Кээ бир ырчыларыбыз патенттен качып, өздөрү эптеп ыр жазып, мааниси жок ырлар көп болуп атпайбы. Классикалык ырларды анда-санда эле ырдабаса, көпчүлүк убакта ар ким өзүнүн жеңил ырларын ырдап атат. Көркөм кеңештин бир жаман жери, бизде кыргызчылык бар да, бирөөлөр тааныш-билиштик кыла берет. Коррупцияны өркүндөтүп, баягы эле акчасын бергендер чыгат. Керек болсо акчасын берип наам алгандар деле толтура болуп атпайбы. Ошол жактан минус болот. Бир ырчынын же бир акындын ыры ырдалат. Учурда биз Бек Борбиев баш болгон ырчылар "Ырчылар коомун" түзүп атабыз. А жерде ырчылар чачыранды болуп, ар ким бизди кодулап атпайбы. Ошондуктан биз атайын коом түзүп, өзүбүздүн укгубузду коргойлу деп атабыз.


Бекчоро, ырчы:

"Көркөм кеңештин таза иштеп кетээрине ким кепилдик бере алат?"


- Эми ошол эле калды эле. Кандай болсо да биз макулбуз. Бизди өздөрүнүн сынынан өткөргөндө деле биз азыр буга даяр эмеспиз. Бардык жагын туура караса жакшы, халтура ырдаган ырчылар жоголуп, мыктылар тандалып калат. Бирок алардын таза иштеп кетишине ким кепилдик бере алат? Көркөм кеңешти деле кийин акча менен сатып алса болот.


Гүлмира: "Кеңеш" тобу:

"Кыйналган ырчыларды


ого бетер кыйнап атышат"


- Фольклордо ырдаган оңой. Мисалы Мүзүрдү аккордеон берип сахнага чыгарып койсоң, бир эмес жыйырма ырды жандуу үн менен ырдап тура берет. Мен Көркөм кеңештин түзүлгөнүнө каршымын. Биз эмес, Америка, Россиядагы поп жылдыздар дагы жандуу үн менен кээ бир концерттерде гана ырдашпаса, көбүнчө фонограмма менен ырдашат экен. Өздөрү жакшы аппаратура коюп берип туруп, ушундай талаптарды коюшса жакшы болмок. Кийимди болсо сындай берсин. Анткени, кээ бирлер аябай ачык кийинип чыгып жатышат. Ырдын маанисин да сындаганы жакшы. Бирок, биз азыркы эстрада ырчылары улуу муундагыларга баары бир жага бербейбиз. Укмуш кылып сөз жаздырып келген күндө деле биздин сөздөрдү сындай беришет. Калганын убакыт көрсөтөт. Көркөм кеңеш кыйналган ырчыларды ого бетер кыйнап атышат.


Ома, ырчы, Көркөм кеңештин мүчөсү:

"Ырларынын мааниси акмактай болгондорду жолотпой, чыныгы таланттарды чыгарабыз"


- Мен Көркөм кеңештин курамындамын. Бул жактан ырчылардын шагын сындырып, аларга бут тосуу эмес, тескерисинче аларга колдоо көрсөтүү максат. Ырларынын мааниси акмактай болгондорду жолотпой, тескерисинче үнү бар, таланттуу, шыгы, аракети бар таланттарды чыгаруу максатында гана түзүлдү. Кээ бирлер коррупция ойноп кетет деп, өздөрүнүн деңгээлинде ойлонуп жатышат. Ал жакта чынын айтканда ушу күнгө чейин бир да ызы-чууга аралашпаган, эмгеги сиңген көп адамдар чогулуптур. Ал адамдардын пенсиясы 2 миң сомдон ашпайт. 2 миң сомго иштеп, талыкпай кызмат кылып аткан инсандар кичинекей тыйын үчүн өзүнүн кадыр-баркын жоготот деген ойдон алысмын.


Назгүл Насиева, продюсер:

"Көркөм кеңеш


сөзсүз керек"


- Көркөм кеңеш сөзсүз керек. Аталган кеңешке сөзсүз түрдө профессионалдар, билимдүү, таланттуу жаштар да кириш керек. Эми алардын иштегенине карай көрөбүз да, жакшы иштебесе Президентти деле кетирип атпайбызбы.