Обон почта


ОП-205-01. Курбуларым Жази, Бахти, Нурка, Бемаларды келе жаткан сүйүшкөндөр майрамы менен куттуктайм. Гуля
ОП-205-02. Сүйүү-бул от сымал ысык нерсе экен. Кармаса колу күйүп калбасын деп көрүнбөс кылып койгондой. Мери
ОП-205-03. Сагынуу жүрөгүмө толуп турат,/ Санаалар көңүлүмдү сага бурат./ Сүйүүм болсо тынбай эле ташкындап,/ Сезимдер кереметтүү дүйнө курат./ Жей
ОП-205-04. Менин саламым Мира эжем менен Азим жездеме жолдонот. Мен сиздерди сүйүү күнү менен чын жүрөгүмдөн куттуктайм. Менде да сиздердикиндей сүйүү болсо деп кудайдан тилейм. Симона
ОП-205-05. Ишеним менен жашоо кандай кыйын. Мен сени бир күн келет деп күтүүдөн тажадым. Көңүлүм күтпөсө да, көздөрүм сен келчү тарапты талбай карайт. Мени кыйнабай келчи батыраак. 0779896ххх
ОП-205-06. Роза Аманова, Ынак Осмоналиев, Ош шаарына концерт беришиңиздерди суранат элем. 0778987ххх
ОП-205-07. Талас областынын Талас районундагы Кара-Кол айылыныны тургуну Санжар уулу Каниет, сага кааларым айдын актыгын, асмандын көктүгүн жана өчпөс бакыт. Бекуга салам айт. Алмагүл
ОП-205-08. Баткен областындагы группалаштарым Аза, Азамат, Акжол, Исабек, Нуртилек, Жакшылык, Бакыт, Кундуз, Фазилет, Гүлнара жана Элмира эжеге салам жолдойм. Сай айылынан Билал, мага чалып койгулачы. 0778150ххх
ОП-205-09. Мен сүйгөн, мен сыйлаган адам менен бир боло албасам да ага сүйүү каалап кетмекчимин. Бир өмүр бул сезимдер менен өтүүдөн корком. Бир күн келип, мен да башка адамдын махабатына малынаармын. Диана
ОП-205-10. Тагдырбы билбейм неге, бирок дайыма февраль болгондо эле жигитим менен урушуп кетем. Азиз, же сен белек бергенден эле качасыңбы. Майрам
ОП-205-11. Салам, "Обон!" Кыргызымдын намыскөй жигиттерин 23-февраль ата мекенди коргоочулардын майрамы менен куттуктайм. Адинай
ОП-205-12. Апам Алтынай менен атам Азизди сүйүү майрамы менен куттуктайм. Зина
ОП-205-13. Асманда булут турбайбы,/ Аябай жамгыр куйбайбы./ Адамды көпкө ойлонткон,/ Балакет сүйүү турбайбы./ Колдоруңду мойнума артып койчу,/ Кучагыңа өзүмдү тартып койчу./ Мен да сени сүйөм деп айтпасаң да,/ Махабатың сыйлайм деп айтып койчу./ Эрнист
ОП-205-14. Баткен областындагы группалаштарым Аза, Азамат, Акжол, Исабек, Нуртилек, Жакшылык, Бакыт, Кундуз, Фазилет, Гүлнара жана Элмира эжеге салам жолдойм. Сай айылынан Билал, мага чалып койгулачы. 0778150ххх
ОП-205-15. Салам, "Обон!" Урматтуу досум Жыпаргүл, сени кирип келе жаткан 14-февраль "Ыйык Валентин күнү" менен куттуктайм. Балпайган байбиченин бактылуу келини,/ Жаш жигиттин сүйүктүү жубайы,/ Мотурайган балдардын энеси,/ Шок жигиттин сүйүктүү жеңеси бол./ Пери
ОП-205-16. Жигитим Азиретке чоң салам! Мен сени сүйөм, алтыным. Аймира
ОП-205-17. Салам, "Обон!" Менин алгачкы саламым алтындай болгон ата-энеме жана бир туугандарыма. Алар ар дайым бар болушсун, бактылуу болушсун. Апам Бактыгүл, мен сизди аябай жакшы, көрөм. Сиз дүйнөдөгү эң акылдуу, чыдамкай айымсыз . Сизди сагынып, Оштон кызыңыз Каныкей
ОП-205-18. Ынак Осмоналиев, Роза Аманова, Гүлнур Сатылганова чыныгы талант сиздерде! "Обон", сиздер мыктысыздар. 0778987ххх
ОП-205-19. Салам! Кыздар, байлыкка кызыкпагыла. Бай болобу, кедей болобу, биринчиден чындап сүйгүлө. 0778987ххх
ОП-205-20. Салам, "Обонушка", Кубик кызы Айпери, мен Көлдөн болом. Өзүм көп ыр жазам. Кимге берээримди билбейм. Сизге кандай байланышсам болот? 0777145ххх
ОП-205-21. Ойлогон ойлорубуз артта калды,/ Башымда кайгы муң, арман калды./ Жүрөктү сыздатып жакындарым,/ Бул жашоодо биз менен болбой калды./ Рыся
ОП-205-22. Макмал, жөжө майрамың менен! Ар дайым ушундай сонун мүнөзүң менен жүрө бер. Эгер мурункудай сүйүүбүз уланса, анда мен сени эч качан таарынтпайм. Аселя
ОП-205-23. Сүйөм деп ооз менен айтып, кыздардын сүйүүсүн булгап жүргөндөр канча. Мен да бир баланын сөзүнө ишенип бактысыз болдум. Бир күн келип ал да өз жазаасын алаар. Бирок мен өмүр бою жараланган жүрөк менен жашамакчымын. Аида
ОП-205-24. Сагынган жүрөк от болуп жанабы,/ Жанып жүрүп кул болуп калабы./ Сагынам жаным бир сени,/ Күтөмүн келчи ардагым./ 0558005ххх
ОП-205-25. Бакыт неге окшоп кетет жарык күнгө,/ Таңда чыгып, күн батканда таралган./ Сүйүү неге окшоп кетет кызыл гүлгө,/ Жалгыз гана күтүү үчүн жаралган./ Айбек
ОП-205-26. Сагынуу, күтүү сүйүүбүзгө кайрадан жан берет деп ойлодум. Бирок жаңылышкан экенмин. Сенин жүрөгүң муз болуп тоңуп калган экен. Менин оттой жанган сүйүүм ойгото албады. Арман
ОП-205-27. Жаным, Амир! Сени келе жаткан 14-февраль сүйүшкөндөр майрамы менен куттуктайм. Сени сүйөм, мамалагым. Акылай
ОП-205-28. Досторум Ади, Мери, Айкаларды 14-февраль "Ыйык Валентин күнү" менен куттуктайм. Сүйүүңөргө жеткиле. Мадина
ОП-205-29. Сагынганда эстейсиңби сен мени,/ Санааларга арбалып келгенимди./ Таарынганда эстейсинби сен мени,/ Бир сен үчүн жанымды берээримди./ Жей
ОП-205-30. Кыргыз элимдин сулуу кыздарынын баарына салам жолдойм. Айрыкча Айымка сага. Бек
ОП-205-31. Менин саламым сүйүктүү ырчым Нурмат Садыровко жолдонот. Сиздин ырларыңыз менин жүрөгүмдүн түпкүрүнөн орун алды. Асема
ОП-205-32. Салам! Менин саламым Төмөнкү Аларча орто мектебинин жалпы мугалимдерине жана окуучуларына салам жолдойм. 0556438ххх
ОП-205-33. Салам, "Обонушка". Мага Риана тууралуу маалымат берип койгулачы, сураныч. 0778514ххх
ОП-205-34. Баардык жаштарды келе жаткан "Ыйык Валентин күнү" менен куттуктайм. Өчпөс сүйүү жана түгөнбөс бакыт каалайм. Мария
ОП-205-35. Сагыныч жүрөгүмө батып кетти. Качан келесиң менин ханзаадам? Сенин жомоктогудай байлыгың болбосо да мен сени сүйөм. Ата-энем каршы болсо да сени менен кетүүгө даярмын. Сагина
ОП-205-36. Менин саламым байкем Азбекке жеңем Алтынайга жана алардын балдай таттуу кызы Айгешке жолдонот. 0779835ххх
ОП-205-37. Сүйүктүүм Айгеримге: Сени сүйөм чын жүрөктөн ишенчи,/ Оңой чечтиң мойнумдагы кишенди./ Саргайган сагынычтан арылтып,/ Ордуна койдуң аппак сезимди./ Мирбек97
ОП-205-38. Кенже, Бекжан, силерди 14-февраль "Ыйык Валентин күнү" менен куттуктайм. Эч качан айрылышпагыла. Эңөөңдүн бактылуу көз ирмемдериңерди көрүү мен үчүн бакыт. Фати
ОП-205-39. Саламатсызбы, Айпери эже! Менин сизге бир суроом бар эле. Киного тартылганда сиз өзүңүздү кандай сезесиз? Жооп күтөм! 0778967ххх
ОП-205-40. Кетсе кетсин менден сенин элесин,/ Бир күн келип сен да кайтып келээрсин./ Бирок жаным эч качан мен кабыл албайм,/ Бир кездеги өчкөн сүйүү кербезин./ 0559242ххх
ОП-205-41. Салам, "Обонушка". Мага Айшвария Рай тууралуу маалымат берип койгулачы. Дина
"Обондон" жооп: Айшвария Рай Баччан 1973-жылы 1-ноябрда жарык дүйнөгө келген. Индия актрисасы жана фотомодель. 1994-жылы өткөн бүткүл дүйнөлүк сулуулар конкурсунда биринчи орунду алган. 2007-жылы 20-апрелде Амитабх Баччандын баласы Абишек Баччанга турмушка чыгып, 2011-жылы 16-ноябрда кыздуу болгон.
ОП-205-42. Сиңдиме бакубат жашоо каалайм. Дүйнөдө теңин таап, бактылуу бир үйдүн ырскылуу, ыймандуу, акылдуу келини болсо экен. Гүлбарчын
ОП-205-43. Жумгал районунун Байзак айылынын тургуну атам Эрнистке. апам Назирага жана бир туугандарым Эсенбол, Калбүбү, Альбина,Эльвинага салам жолдойм. Фатима
ОП-205-44. Кызык, кыргызымдын жигиттеринин баары ички дүйнөсү таза, түшүнүктүү, акылдуу, намыскөй. Мен канча деген мамлекетте болдум. Биздин жигиттерге жетпейт. Бар болгула, кыргызымдын жигиттери. 0779665ххх
ОП-205-45. Сезимдер учуп барат алга карай,/ Сүйүү болсо тартуулады бакыт, таалай./ Сага арналган махабаттын тамчысы,/ Муздай ээрип агып жатат алгалай./ Жаным Азиза, сени чын жүрөктөн сүйөм! Марсель
ОП-205-46. Менин сагынычтуу саламым апам Алмагүлгө жолдонот. Мен сизди сагындым. Мага бактылуу балалык тартуулаганыңызга терең ыраазычылык билдирем. Мээрим
ОП-205-47. Салам, "Обон!" Мен мамалашкам Меканы 14-февраль майрамы менен куттуктайм. Жанусум, момпосум, мен сени сүйөм. Дима
ОП-205-48. Жашадым сени сүйүп сен деп гана,/ Жаным сага берилип эстен тана./ Жамгыр да себелесе тыпылдап,/ Жүрөгүм кетчү күйүп оттой жана. / 0556294ххх
ОП-205-49. Кара-Кулжалык Кыял, сени аябай жакшы көрөм. Азыр кайдасың, кичинекейим!? Аби 77
ОП-205-50. Ош шаарынын тургундары апам Алмагүл атам Райымбекке салам жолдойм. Татыктуу тарбия бергениңиздерге терең ыраазычылык билдирем. Райымбекова Датка
ОП-205-51. Саламым Жаным Азимге жолдонот. Жаным, келе жаткан майрамың менен куттуктайм. Сени сүйөм, ардагым. Малвина
ОП-205-52. Кызыбыз Курманжандын камкор атасы Жороев Алибекке салам жолдойм. Жаным, мен сизди сүйөм. Аман болуңуз! Махабат майрамыңыз менен! Сизди жанындай көргөн карындашыңыз, Нурия
ОП-205-53. Арманда өмүр бою өтөмбү мен,/ Сени деп же артыңдан кетемби мен./ Түбөлүк ак сүйүүмдү мен арнасам,/ Тастыктап кабыл аласыңбы сен?/ Азиза96
ОП-205-54. Тунук сүйүүм жаз жамгырдай төгүлдү,/ Эки жаш баш кошпостон бөлүндү./ Турмушуңда жардам берип күйбөгөн,/ Ал адам досуна да дос эмес. / Элдияр 92
ОП-205-55. Салам, "Обон!" Менин жакшы көргөн ырчыларым НОН-СТОП тобундагы Чолпон жана Максат. Мен силерге чыгармачылык ийгилик жана өчпөс сүйүү каалайм. Замира
ОП-205-56. Ардактуу апабыз Саалиева Миңгүлдү 12-февраль туулган күнү менен куттуктайбыз. Сизге бакыт, ден соолук жана узун өмүр каалайбыз деп балдарыңыз, Жаныбек, Аскат
ОП-205-57. Менин саламчиктерим доскелерим Алтуся, Динка жана Маришкага жолдонот. Силерди жакшы көрөм. Тику
ОП-205-58. Тангем, Мин Жун Хо тууралуу маалымат берип койгулачы, сураныч. Чоң рахмат. 0558648ххх
ОП-205-59. Жалынба, кечире албайм мен сени,/ Жалбартып кеттиң эле сен мени./ Жалбырак саргайгандай өчүп көңүл,/ Түшүнбөдүң чындап сүйөм дегенимди./ 0779634ххх
ОП-205-61. Менин саламым Казарманда жашаган сүйүктүү атам Боржуев Райымбекке, апам Бурулга жолдонот. Ата, оорубаңыз. Ар дайым биздин маңдайыбызда аман болуңуз. Биз сиздерди жакшы көрөбүз. Келиниңиз Мимоза, балаңыз Максат жана небереңиз Аделя
ОП-205-62. Сагындым жаным сени,/ Көзүмдөн жашым акты./ Куса болуп жаным сага,/ Күндөрүм азапка айланды./ Айым 95
ОП-205-63. Жан ооруса жан күйбөгөн дос эмес,/ Дос сыйлаган бул дүйнөдө кем эмес./ Дайым сен досторуңду сыйлай жүр,/ Жете билип досторуңдун баркына./ Элдияр 92
ОП-205-64. Салам, достор! Мен азыр 17-жаштамын. Ушул күнгө чейин мени балдар эмес кыздар көбүрөөк кызыктырып келет. Мен эмне жөнүндө жазып жатканым баарыңыздарга түшүнүктүү болуш керек. Бирок мага жаш балдар жагат.
ОП-205-65. Салам! Мен Ат-Башы районунун Ак-Муз айылында жашап жаткан атам Макешов Абдыкапар, апам Оторбаева Бурулга жана байкелерим Урмат, Улан, Кубан, Мырзабекке, жеңелерим Таалайкүл, Чынар, Шамда, Нуркызга салам жолдойм. Абдыкапар кызы Мээрим
ОП-205-66. Менин саламчиктерим жаным Айдайкага жолдонот. Мен сени катуу, катуу сүйөм! Арген
ОП-205-67. Жүрөгүм ооруп барат чыдатпай,/ Жалгыздык жан дүйнөмө батып барат./ Сен үчүн менин сүйүүм ысыраптай,/ Жетпестен арманына жүрөк калат./ 0778962ххх
ОП-205-68. Балким сен бир күн кайтып келээрсиң,/ Жалындаган ак сүйүүмдү сезерсиң./ Бирок анда кеч болоору анык чыгаар,/ Өткөрүү махабаттын кечелерин./ 0779271ххх
ОП-205-69. Дина, мен сени сүйөм жаным! Сени эч кимге бербейм. Сен менин тагдырымсың. Бир күнүмдү да сенсиз элестете албайм. Дайыр
ОП-205-70. Досторум Ади,Самат, Мирлан жана Арикти 23-февраль боло турган майрам менен куттуктайм. Мен силерди жакшы көрөм. Синди
ОП-205-71. Сүйүүмдү башка адамга арнай албай,/ Жүрөгүмдө жалгыз сени сактап келем./ Сагыныч тартуулаган ак сүйүүмдү,/ Даңазалап бүт адамга даңктай берем./ Ади
ОП-205-73. Мен жигитим Айбекти келе жаткан 25-февраль туулган күнү менен куттуктайм. Бактылуу күндөрдү кудайым багыштасын. Мира
ОП-205-74. Рейндын ырлары абдан мага жагып калды. Бизде да жакшы реп ырчылары бар экен деп калдым. Адинка 97
ОП-205-75. Мен эжелерим Асылкүл, Жыпара, Элнура, Элиза Сейитказиеваларды келе жаткан майрамы менен куттуктайм. Сейитказыев Урмат
ОП-205-76. Сүйөмүн алдасаң да сени жаным,/ Саргайды мен кураган сүйүү багым,/ Канчалык кечирейин десем дагы,/ Сагынып, сенден алыс болгон жакшы./ Айка 98
ОП-205-77. Салам, "Обонушка". Мен апам Айнураны келе жаткан туулган күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм. Неберелериңиздин урматына бөлөнүп, бактылуу карылык күн кечириңиз. Мунира
ОП-205-78. Салам, "Обон!" Агам Ысман менен жеңем Назгүлдү балалуу болушу менен куттуктайм. Кызыңыздар келечекте ооруңуздарды колдон, жеңилиңиздерди жерден алган кыздардан болсун. Гүлбүбү
ОП-205-79. Салам, достор! Мен саламымды Айпери Кубик кызына жолдойм. Чыгармачылыгына ийгилик каалайм! Мирбек
ОП-205-80. Досуңду сен алмаштырба алтынга,/ Канат байлап учсаң дагы алыска./ Ар дайым сен досторуңду сыйлай жүр,/ Жете билгин досторуңдун баркына./ 0779942ххх
ОП-205-81. Сүйүктүү ырчым Мирбек Атабековко саламдар болсун. Мен сизди бир өмүр сүйөм го деп, ойлогомун. Азыр болсо жигитим сизге абдан окшош. Мен аны чексиз сүйөм! Сырдуу кыз
ОП-205-82. Апам Бухаба менен атам Жапарды неберелүү болушу менен куттуктайм. Дайыма бал тилдүү неберелериңиздердин коштоосунда бактылуу өмүр сүрүңүздөр. Кыздарыңыздар
ОП-205-83. Менин саламым досторум Айка, Дина жана Дариге жолдонот. Түбөлүккө кан достордон бололу. Аймира
ОП-205-84. Салам! Бел-Өрүктөн болгон Айжаңылга салам. Мен аны сүйөм. Бетине айтуу кыйын экен. Майсалбек
ОП-205-85. Сагынычтуу саламым Лейлек районун карай учмакчы. Мен Кулунду айылынын тургундарына бейпил жашоо жана барчылык каалап кетмекмин. Азиз
ОП-205-86. Салам, "Обон!" Кыргызымдын патриот, намыскөй жигиттерин келе жаткан 23-февраль майрамы менен чын дилимден куттуктайм. Көлдөгү Көк-Койнок бирден Сабырбекова Нурзат
ОП-205-87. Алихан, неге көрүнбөй кеттиңиз? Мен сиздин ырларыңызды сүйүп угам. Бирок бир интервьюңузда ак жуумал кыздар дегенсиз. Мен болсо кара тору кызмын. Ошондо эмнегедир бир топ көңүлүм чөккөн болчу. Карачач
ОП-205-88. Досум, Максат Жангазиевке салам жолдойм. Сага тунук эфир каалайм! 0709890ххх
ОП-205-90. Сагынганда эстээрсиң сен мени да,/ Эмне кылам жазылбапсың багыма./ Мени таштап, кайра кайтып келсең да,/ Жашай берем кабыл албай сагына./ Жей
ОП-205-91. Кара-Балтада жашаган эжелерим Малика, Жанатка салам жолдойм. Мен сиздерди жакшы көрөм. 0700483ххх
ОП-205-92. Салам, "Обон!" Жалал-Абад шаарныда жашаган курбум Жаркынга салам жолдойм. Сага кааларым чын ден соолук, узун өмүр жана өчпөс бакыт. Гүлү
ОП-205-93. Мен жигитим Нурикти келе жаткан туулган күнү менен куттуктайм. Экөөбүздүн сүйүүбүз түбөлүк уланаарына ишенем. Зина
ОП-205-94. Алыскы Ат-Башы районунун тургундары Ырайымбеков Адылга салам. Ата-энеңдин керегине жараган азамат балдардан бол. Байкең Эрназар
ОП-205-95. Салам, "Обон!" Айпери эже, сизге кандай жаныбарлар жагат? Мен сизди жакшы көрөм! Алимбек 98
ОП-205-96. Салам, "Обон!" Мен досум Албанды 6-февраль туулган күнү менен куттуктайм. Адинай экөөңөр дайыма бактылуу жашоо сүргүлө. Адилет
ОП-205-97. Сүйүү күндө баарыңарга бакыт каалайм,/ Махабатка жетүүнү мен да самайм./ Сагынуу сезиминде калкып учуп,/ Жаным сени күтүүдөн эч тажабайм./ Элиза 94
ОП-205-98. Салам, "Обонушка". Мен жигитим Чыныбекти 23-февраль майрамы менен куттуктайм. Ал учурда армияда. Мен сени дайыма күтүүгө даярмын. Макпал
ОП-205-99. Эжелерим Азиза, Самира, Чынарларга салам жолдойм. Ар даймы бар болуңуздар, бай болуңуздар! Минура
ОП-205-100. Салам, жалпы Кыргыз элим! Баарыңыздарды сүйүү майрамы менен куттуктайм. Жүрөгүңүздөрдөн тунук сүйүү орун алсын. Айбек
ОП-205-101. Саргайып убак учса улам-улам,/ Сагынып сени жаным жалгыз турам./ Саламат сактыкта жүрсө экен деп,/ Сактоосун кудайымдан сени сурайм./ 0543947ххх
ОП-205-102. Менин биринчи махабатым, сүйгөн жаным Адилетти "Ыйык Валентин күнү" менен куттуктайм. Сен менин түбөлүккө жаралган махабатымсың, ардагым. 0556924ххх
ОП-205-103. Саламатсыздарбы, "Обон" гезитинин жалпы жамааты. Мага Жони Депп тууралуу маалымат берип койгулачы, сураныч. Албан
"Обондон" жооп: Джони Депп 1963-жылы 9-июнда туулган. Учурда актер, режиссер, сценарист, продюсер жана музыкант катары белгилүү. "Алтын глобус" сыйлыгынын лауреаты.
ОП-205-104. Салам, "Обонушка." Айпери эже, мен сизди аябай жакшы көрөм. Мага Айпери Калыкова тууралуу маалымат берип койгулачы. 0556212ххх
ОП-205-105. Саламым балтускам Алиманды карай учат. Сен күлгөндө балдай таттуусуң, сүйлөгөндө мурчтай ачуусуң. Тимур
ОП-205-106. Сагынычтуу саламым Талас районунда жашаган эжебиз Аделинага жолдонот. Келе жаткан туулган күнүңүз менен чын жүрөктөн куттуктайм. Иниңиз Мирлан, сиңдиңиз Мирана
ОП-205- 107. Арманга толуп турат неге көзүң,/ Айталбай мукактайсын нени өзүң./ Балким менден бас кечкени тураттырсың,/ Укпастан дүкүлдөгөн жүрөк сөзүн./ 0555890ххх
ОП-205- 108. Жүзүңдөн сүйүп сагынып жаткан кезим. Сизди сүйөм! Мен үчүн эң кымбат адамсыңар. Дөөлөт+Наргиза. Менин сүйүктүүм. 0773164ххх
ОП-205- 109. Салам! Өкүл атам Жантай Өкүл апам Нургүл, силерге чоң салам! Сиздерди жакшы көрөм! Өкүл кызыңар Перизат, Токмок
ОП-205-110. Тагдыр оюн, бирде байлык тартуулайт,/ Тагдыр оюн, бирде ташка таңуулайт./ Тагдыр деген музга окшоп өзгөрөт,/ Бирде катуу, бирде суудай шаркырайт./ 0779392ххх
ОП-205-111. Гүлжигит Калыков, мен сизди жакшы көрөм. Досуңуз Рамистин карындашы, Гулмира 92
ОП-205-112. Салам, "Обонушка". Мен сиздерди келе жаткан майрамыңыздар менен куттуктайм. Бакыт жана сүйүү сиздерди коштоп жүрсүн. Ишиңиздерге албан-албан ийгиликтерди каалайм. Симона
ОП-205-113. Арген, сени 14-февраль махабат майрамы менен куттуктайм. Сүйгөнүң сага сүйрөлүп жетсин. Гуля
ОП-205- 114. Менин сүйүктүү апам Алиман менен атам Чынарды келе жаткан сүйүү майрамы менен куттуктайм. Дайыма биздин жаныбызда жүрө бериңиздер. Кызыңар Алина
ОП-205-115. Салам, "Обон!" Сүйгөнүм Жумакадыров Нурланга чоң салам. Сени күтөм. Перизат
ОП-205-116. Сүйүп мен жашап келем сени гана,/ Сүйүүдөн кете албайм сенден тана./ Санжыра кылып жүргөн убагында,/ Айтчы жаным мага арналган сүйүүң кана?/ Жей
ОП-205-117. Менин саламым Лейлек районуна караштуу Кулунду айылынын тургундарына жолдонот. Дайыма барчылыкта өмү сүргүлө! 0709890ххх
ОП-205- 118. Түн ортосу жылдыздар толуп, жүрөгүм сүйүүгө толуп, сизди ойлоп, сагынып жаткан кезим. Сизди сүйөм, сүйөм, Дөөлөт. Наргиза 96
ОП-205-119. Кыргызымда кандай гана сулуу айымдар бар. Таттыбүбү, Акмөөр аттуу ысымдар биз үчүн сулуулуктун символуна айланды. Мен ушуга сыймыктанам. Сүйгөн кызың кандай деп сураса, Мерлин Монродой эмес, Таттыбүбүдөй деп жооп бергениме сыймыктанам. 0778631ххх
ОП-205-120. Нарын областына караштуу Ак-Талаа жергесинин тургуну апам Идирисова Салимага салам жолдойм. Сизди жакшы көрөм апа. Түн ортосу чаң түшүрө ыйласам да,/ Апакебай сени уктатпай кыйнасам да./ Мээримиңди, убактыңды аябайсын,/ Ак сүтүүңдү актай албайм сыйласам да./ Идирисова Гулима