Керим Кушубаков:

Кыргыз жерим ойгонсом оюмдан, уктасам түшүмдөн кетпейт


2012-жылы 4-февралда Американын Пенсильвания штатында Филадельфия шаарында Джиу Джитсу (Naga Jiu Jitsu) боюнча 2-Кыргызстандык дүйнө чемпиону болду. Эр жүрөк, балбан билек кыргыз жигиттерибиз чемпион наамына ат салышып, Керим Кушубаков жана Абдыкеев Болот биринчи орунду багынтса, Мирбек Сагынбеков үчүнчү орунга татыктуу болду. Аталган жигиттерибиздин сүйүнүчүн, толкундоо сезимдерин, бактылуу көз ирмемдерин, сөз менен айтып түгөтө алгыс кубанычтарына интернеттин көгүлтүр эрканы аркылуу ортоктош болдук. Кыргыз байрагын дүйнөгө желбиреткен чемпион азаматтарыбызды чөнтөк телефонум менен байланышка чыгып куттуктап, алтын медалдын ээси Керим Кушубаковдон интервью алганга да үлгүрдүм.

- Саламатсызбы Керим! Жеңиш кут болсун!
- Саламатчылык! Чоң рахмат!
- Көөдөнүңүздө жеңем деген максат бар беле?
- Ооба, албетте! Жеңиш менен кайтам деп ойлогом. Ал тилегим орундалып, кудай алтын медалды мага буйруду.
Американын, Бразилиянын спортчулары күчтүү жана ушул спортко катуу даярдыктар менен келгени ачык көрүнүп турду. Мирбек Сагынбеков коло байге тагынса, Болот Абдыкеев ушул спорттун эки түрүнөн чыгып, экөөнөн тең алтын медалды мойнуна тагынды.
- Бул жактан кетип жатканда мамлекет тарабынан анча-мынча тыйын-тыпыр бөлүп бергендери болдубу?
- Жок. Баары өзүбүздөн чыккан. Материалдык, моралдык жактан мага тынбай колдоо көрсөтүп келе жаткан жеке ишкер Тынчтыкбек Конушбаев, Алмаз Конушбаев сыяктуу агаларыма жүрөктөгү ыраазычылыгымды учурдан пайдаланып билдирем.
- Каршылашыңыз менен беттешип жатканда толкундоо сезимдери болдубу?
- Башында толкундоо сезимдери болду. Бирок, аны мөөнөтүнөн мурда жеңип алдым.
- Балалыгыңызда кандай кыялдар бар эле? Чемпион болом деп максат кылчу белеңиз?
Эл алдына чыгып, чемпион болууну самаганымды сөз менен айтып жеткире албасмын. Кудай буйруп, балалык кыялдарым четинен орундарып келе жатат.
- Кандай кызыктуу күндөрдү өткөрүп жатасыз? Кыргызстанга качан кайтып келесиз?
- Ар бир аткан таң кызыктуу башталат. Мага жакканы, кыргыздар бир жумада бир жолу чогулуп, футбол ойноп, кафеге кирип, мончого түшүп ушундай кызыктуу күндөрдү биргеликте өткөрөбүз. Бул жактагы кыргыздар аябай ынтымактуу, биримдиктүү. Ой, максаттарым орундалса, жакын арада барып калам. Туулган жерсиз жашаш кыйын. Ойгонсом өңүмдөн, уктасам түшүмдөн кетпей турган кези.
- Келечектеги сиз сыяктуу чемпион болом деген азаматтарга берээр кеңешиңиз?
- Келээрки жаш муундарга айтаар элем. Талыкпай эмгектенгиле, бардык нерсенин кыйынчылыгы, аны менен бирге оорчулугу да болот. Саабырдуулук менен ал күндөрдү жеңүүгө далалаттангыла. Өсүп келе жаткан муун кыргыздын желегин дүйнөгө желбиретерине толук ишенем.
- Оюуңузду толуктап, кыргыз калкыма болгон каалоо, тилегиңизди кошумчалап кетсеңиз болот...

- Кыргыз элиме кааларым тынччылык, молчулук, ден соолук жана бакубатчылык каалайм. Алтындан кымбат апама жана байке, эже, карындаштарыма кааларым чың ден соолук, узун өмүр, бакыт-таалай жана жалпы эл ичинде аман болгула. Машыктыруучум Тотошов Бообек жана мага өзүнүн акыл, насаатын айтып келген Ташкенбай Абдиевге терең ыраазычылыгымды билдирем. Сүйлөшкөн кызым Алтынайга сагынычтуу ысык салам.
- Убактыңызды бөлүп, кызыктуу жооп бергениңиз үчүн ыраазычылык билдирем! Мындан ары дагы талыкпай эмгек кылып, кандай гана мелдеш болбосун, кыргыздын кызыл туусун колдон түшүрбөй чемпион болуп жүрө бериңиз.
Жылдыз
Абдыкерим кызы