Жаргылчак


Эстраданын чырайлуу ырчысы, колунан комузу түшпөгөн, кыргыз жыттанган муңдуу ырлардын аткаруучусу Айнура Салахидинова: "ОБОН" гезитинин "Жаргылчак" деген рубрикасы мага абдан жагат. Бирок, мен ал рубрикага түшүп көрө элекмин" деп, кайсы бир теле каналга барганда арызданып калды эле. Айнура эжекебизди сөздөн кармадык да, дароо аны жаргылчакка салып, таанымалдардын талкандай майдалаган сын пикирине жууруп, сахнадагы, жашоодогу образдарын иликтеп, жиликтеп көргөнгө аракет кылдык.

Албетте, ар бир адамда кемчилик болот


Жакшы сапатым: Ак көңүлмүн, тез таарынып, бат жазылам. Эгер бирөөгө таарынып калсам, күнөө андан кеткен учурда да, өзүм биринчи кечирим сурайм. Колумда болгон нерсени аябаган берешендик жайым бар. Боорукермин деп айтсам дагы болот.
Жаман сапатым: Кыялым чукул, мага жакпаган нерсеге бат таарынып калам. Оюмдагы нерсени бетине айтып, кийин өкүнүп калам. Өзүмө ишенчээктик сапатым жакпайт. Бардык нерсени өзүмдөй көрүп, туура кабыл алып жабыркап калган күндөрүм болгон.
Чыгармачылыктагы образым: Чыгармачылыкта продюсерлер менен иштешпегендиктен, жакшы жактарым көп болсо керек деп ойлойм. Тез эле тил табышып, улууларды урматтап, аларды сыйлагандыгым үчүн жакшы ийгиликтерге жетишсем керек. Менин кандай ырдаганымды эл баалайт. Бирок жакшы ырларды жаратканга аракет кылам. Албетте, ар бир адамда кемчилик болот. Мен деле өзүмө жакпаган ырымды эл алдына чыгаргандан уялам. Ал ырым үйдө жараксыз болуп кала берет.


Алтынай Нарбаева:

Менин оюмча, ал кыз жабык кийинсе, жакшы жарашат


Айнура Салахидинованын мага үнү, адамгерчилиги жагат. Ырларды жакшы тандап, жакшы ырдайт. Убагы келгенде чоң-чоң атактуу ырчы эжекелеринин ордун басаарына ишенем. Тынбай иштегенин байкап жүрөм. Качан көрсөм да клип тарттырайын деп жүргөн болот. Бактылуу болушун каалайм. Ырларынын көпчүлүгү адамдарды түйшөлтүп, ойлонто турган мааниде. Тарбиялуу ырларды аткарат. Кайсы жерде болбосун, чуркап келип учурашкан кыздардан. Мүнөзү абдан жагымдуу. Мындай касиет ар бир кызда жок болуш керек деп ойлойм. Бир жолу Ошто бир концертке барганда ачыгыраак кийинип алыптыр. Сахна адамы болгондон кийин андай кийимдерден алысыраак болсо дейм. Канча жарашыктуу кийинсек, элге да ошончолук жагымдуу көрүнөсүң.


Майрамбек Осмонов:

Айнуранын убадага бекем эмес экендигин билем


Сахнада өзүн алып жүрүүсү: Сахнадан ал кызды бир дагы жолу көрө элекмин. Ал жөнүндө эч нерсе айта албайм. Себеп дегенде тыгыз байланышып иштеген эмесмин. Болгону телефон аркылуу "Ырыңызды ырдай берейинби?" деп, сураган.
Ырдаганы: Кадимки ырчы кыздардай эле ырдайт. Андай деле жарылып чыккан таланты жок. Баары эле ал кызды укмуш деп мактап жатса керек. Айнуранын убадага бекем эмес экендигин билем. Анткени менин бир ырымды алган, анан ырдайм же ырдабайм деп дайынсыз болуп кетмей адаты бар экен. Демек, жоопкерчилиги жок да. Чыгармачылыктын сапарына чыккан адам тагыраак болушу керек. Антип ырдаган кыздар толтура. Менин ырымды ырдаса деле аны мен мактай албайм. Болгону менин ырымды Руслан Нарынбаев азыркы учурка ылайыктап, обонун жазып койгон. Ал ыр "Чагылган" же "Жамгыр төктү"гө окшоп калып калат деп айта албайм. Кыздар, Айнурадай болуп ырдагыла деп айта албайм. Чала-була "жылдыз" оорусу менен ооруду окшойт.
Жеке жашоодо: Жеке жашоосундагы турмушуна кызыккым деле келбейт, кызыкпайм деле. Ырчылар кыйынчылыкты көбүүрөк көрөбүз да. Өзүмдүн башымдан өткөндү деле элестетип койсом болот.
Мүнөзү: Мүнөзүн деле билбейм. Аны Руслан Нарынбаевден сурасаңар көбүрөөк айтып берет.

Абидин Темиров:

Чыгармачылыкта иштешип көргөн эмесмин


Сахнада кандай жүрөрүн мен жакшы билбейт экенмин. Ырларын радиолордон угуп калам. Жакшы ырларды ырдап жүрөт. Адамкерчилик мамилеси, сахнада өзүн алып жүрүүсү орду менен. Чыгармачылыкта иштешип көргөн эмесмин, бирок концерттерде учурашып калабыз. Ийгилик каалайм.


Жамийла Муратова:

Ал кызды сахнадан көрө элек экенмин


Чынында ал кызды сахнадан көрө элек экенмин. Биз теңтуш болбогондон кийин, анын чыгармачылыгын үстүртөн эле билем. Андыктан, мен эч нерсе деп айта албайм. Бир эки ырын уккам.


Жылдыз Абдыкерим кызы