Билгениң оң

болочок


президентти тарбиялаңыз


Ата-энелерге эскертүү:
oБаланын жасап жаткан жумушуна кийлигишпеш керек. Жардам сураганда гана жардамдашкан жакшы.
oКереги жок көйгөйлөрдөн жана чыр-чатактан алыс болуш үчүн, баланын мүмкүнчүлүгүн көрүп, көп талаптарды койбош керек.
oЭгерде бир сөздү 10 жолу айтуудан жыйынтык чыкпаса, анда кайра, кайра кайталоонун кажети жок. Башка жолду тандап, башкача сөздөр менен түшүндүрүү да жакшы натыйжасын берет.
oБаланын жөндөмдүүлүгү өзү кызыккан гана тармакта өнүгөт. Ошондуктан балаңыз эмнеге кызыкса да, аны ар дайым колдоп туруу керек.
oБалага өзү жасаган жумуштарынын, кылык-жоруктарынын,өзүнүн жашоосунун жоопкерчилигин түшүндүрүп берүү ата-эненин эң чоң камкордугу десек болот.
oАкырындык менен балага жоопкерчилик менен камкордукту өткөрүп бериш керек.
oБала өз алдынча болуш үчүн жасап жаткан ишинде ката кетирсе да унчукпаганыңыз дурус.
oБаланы канчалык урушсаңыз, ошончо жаман болот. Туура эмес кылыктарды жасаса урушкандын ордуна жакшы бир нерседен ажыратып коюш керек.
Баланы кантип
тарбиялоо керек?
Мектепте жана университетте бизди ар кандай тармакта жана адистикке окутушат. Бирок, алардын арасында кантип үй-бүлө куруу, кантип балдарды тарбиялоо жөнүндө эч нерсе окутушпайт. Бала бул жашоодо өзүнө тың, акжолтой, ийгиликтүү жана бактылуу болуп өсүш үчүн ата-энеси кандай аракетти жана сөздөрдү тандаш керек?
Тарбиянын эң жакшы жолу - ата-эненин
үлгүсү
Ата-эне баласына кеңеш берүүдө бир аксиома бар. Балдар дайыма ата-энесинин күзгүсү болуп эсептелинет. Балада кандай окуя болбосун, ар дайым ата-эне балдарынын журүш-туруштарынын негизги себеби болушат. Ата-энеси айткан сөздөрдү, жасаган иштерди балдар үлгү, чындык катары кабыл алышат. Ошондуктан тарбиянын эң жакшы жолу - ата-эненин үлгүсү.
Баланын тил албастыгынын себебин таап, жоюш керек
Наристе жаңы дүйнөгө келгенде өзүн жана өзүн курчаган дүйнөнү жакшы көрөт. Чоңоюп өскөн сайын курчаган дүйнөнү кызыгып тааный баштайт. Бул жерден ал "болбойт" жана "жаман" деген сөздөр менен таанышат. Жашап кетиш үчүн бала ар кандай психологиялык коргоолдорду коюп баштайт, башкача айтканда жаңы жашоо шартына ылайыкташат. Мындай ыкмалар кээде ата-энеге жакпайт. Көп учурларда жазалап, урушуп коюшат. Ар дайым бала ата-энесинин мээримин күтөт жана баланы кандай болгон күндө да кабыл алам деген сөздү күтүшөт. Эгерде бала ата-эненин мээримин албаса анда кежирленип, жини келип, бардык нерсеге көңүлү жок болот. Баланын тил албастыгынын себебин таап, аны жоюш керек.
Баланын тил албастыгынын себептери:
1. Эгерде балага жетиштүү көңүл бурулбаса, анда ал өзүнүн ыкмасын колдонуп сөздү укпай, тил албай коёт.
2. Эскертүүлөр жана кеңештер улам-улам айтылса, буйрук жана сындоо катуу болсо, бир нерседен сактап калуу апыртуу болсо бала кежирленип баштайт.
3. Көп учурларда балдар ата-энелерине таарынып калышат. Ар кандай себептер менен: катуу эскертип коюу, аткарылбаган убада, адилетсиз жазалоо. Бала өзүнүн ички дүйнөсүндө азап чегип, сыртына нааразычылыгын, тил албастыгын, агрессиясын көрсөтөт. Ушундай жол менен ал өч алат.
4. Бул өзүнүн күчүнө ишенбей калгандыктан болот. Өзүнө ишенбегендиктен эч нерсе жасагысы келбей, жасасам да менин колуман эч нерсе келбейт деп калат. Жүрүш-турушу менен бардык нерсеге кош көңүлдүгүн көрсөтүп, жаман болсом боло берем дейт.
Балага жардам берүү :
oБалага көңүл бөлүү маселеси турса, бул маселени чечүүнүн жолун таап, балага кошумча көңүл бөлүш керек (бирге ойноо, сейилдөө).
oӨз алдынча болом десе тескерисинче азыраак көңүл буруу керек.
Жолу болбогон кишини түзүүдөгү сөздөр:
"Сенден эчтеке чыкпайт, сен оңолбойсуң, жинди, жаман бала, жалкоо, мээси жок, келесоо, мен сени жакшы көрбөйм, ыйлаак, уяты жок, милдеттүүсүң". Мындай сөздөрдү жазып туруп, өзүңүз окуп көрсөңүз. Балаңыз мындай сөздөргө татыктуубу? Балаңыз мындай сөздөрдү башка кишиден укса эмне кылат? Сиз эмне кыласыз?
Сайра Сопушева