п»ї
Саясатчылар менен ырчылардын окшош жактары
Учурда таш ыргытсаң эле саясатчы менен ырчынын башына тийип калбадыбы. Алардын ичинен элге мыкты кызмат кылган саясатчы менен ырчылардын кээ бир окшош жактарын карап көрдүк.

Роза Отунбаева менен Гүлнур Сатылганованын
калыстыгы окшош

Гүлнур Сатылганова менен Роза Исаковнанын окшош жагын таптык. Роза Исаковна саясатта өзүнүн кылган ак эмгеги менен элге таанылса, Гүлнур эжекебиз кудай берген таланты менен элге таанылды. Экөө тең, өздөрү жөнүндө айтылган кеп-сөздөргө маани бербей, "ит үрө берет, кербен жүрө берет" деген принцип менен аларга көңүл бура бербейт. Болбосо, экөө жөнүндө эмне деген гана пикирлер айтылбады. Экөө тең сынып калган жок. Эки айым тең өзүнүн атактуулугуна карабай аябай жөнөкөй болууга аракет кылышат. Дайыма адилет сөз айтканы менен айырмаланышат.


Атабеков да, Ташиев да кызматка
кызыкпаган инсандар

Мирбек Атабеков да, Камчыбек Ташиев да патриот жигиттер. Экөө тең түндүк-түштүк маселесин козгобой, элди ынтымакка чакырып жүрөт. Чыныгы мырзалар кызыккан нерселерди хобби тутушат. Мирбек бош убактысында футбол ойноп, машинасын жогорку ылдамдыкта айдаса, Камчы мырза да Спортстандын тургуну. Мирбек сыяктуу да Камчы мырза жакпаган нерсени бетке айтып, ыңгайы келсе муштап да ийет. Бул жагынан экөө аябай окшош. Мирбек да Камчы мырза да атак-даңк, наамга кызыкпагандай эле кызматка, креслого кызыгып, жабыша беришпейт.


Сулуу кыздарга жакын Бекчоро менен Турсунбай Бакир уулу
Бекчорону айрымдары намаз окуганын жактырбаганы менен ырын жактырышса, момун мусулмандар заманбап жүрүп алып, беш убак намаз окуганын сыйлашат. Турсунбай Бакир уулу да беш убак намаз окуйт. Экөө тең үй-бүлөсүн дайым биринчи орунга коюп келишет. Заманбап кийинүү жагынан да экөө тең алдыларына ат салдырбайт. Сулуу кыздар Бекчоронун клибинде көп болсо, Турсунбай Бакир уулунун тегерегинде да сулуу кыздар көп. Анан ар бир экинчи сөзү "Алла ыраазы болсун" деп турушат жана паранжа жамынбай деле мусулман болсо болот деп эсептешет.




Шоу жаңылыктары
Чолпонай кыргыз кыздарын даңазалаганы турат
Азыркы тапта "Бейби", "Эрке кыялдар" аттуу ырларында махабат сезимдери менен бирге кыргыз кыздарыбызды даңазалап ырдап, жаштардын арасында белгилүү болгон ырчы кызыбыз Чолпонай жаңы ырларды жаздырып, жаңы клиптерди тарттырып, чыгармачылыгынын үстүнөн катуу иштөөдө. Жакында эле "Кыргыз кызы" аттуу ырынын ремиксине клип тартылып бүттү. Клип белгилүү бир сюжетке ээ болбосо да, графикалык жанрда тартылган. Ушундай позитивдүү маанай тартуулаган клиптерди тарттырып, чыгармачылыгын өнүктүрүп жаткан ырчы кызыбыздын ишине ийгилик каалап кетмекчибиз.

Кечээ эле тиги кырда жок эле, Кайдан чыкты боз ат минген отуз жаш...
Убакыт учкан куш дегенин карачы, кечээ эле жыйырманчы кышын белгилеген ырчы эжекебиз Бурул Алимова бүгүн отуздун кырын ашканы турат. Кыраан кыштын 3-февраль күнүндө, шаарыбыздагы кафелердин биринен жакын жоро, жолдоштору жана сахналаш достору менен туулган күнүн тосмокчу. Ырчы сүйгөн жана ырчыны сүйгөн адамдардын коштоосунда унутулгус туулган күн өткөрүшүнө тилектешпиз.

Гүлжигитке ажобуз кандай белек берди?
"Евразия жылдызы" сынагында элибиздин намысын коргоп, алты элдин коңур үндүү жигиттеринин арасынан жалпы түрк тилдүү Европа жана Азия элдеринин жылдызы аталып келген мырзабыз Гүлжигит Калыков президентибиз Алмазбек Атамбаевдин өз колунан белек алды. "Жамгыр төктүнү" созолонто ырдап, кыргыз эле эмес, далай түрк кыздарынын сүймөнчүгүнө айланган, таланттуу ырчы жигитибиздин көп жүрөктөрдөн орун алганын ажобуз да баса белгиледи. Өлкө башчыбыз өзүнүн белегин берүү менен бирге ырчы жигитибизди эл аралык масштабда өткөн сынакта жеңишке жеткенин куттуктап, чыгармачылыгына ийгилик каалады.
Гүлбүбү Галжигитова




кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??