Муратбек Бегалиев:
Панфилов паркында чачымды узун өстүрүп алып, орус балдар менен бас гитарада ойночумун
Белгилүү композитор, жаштардын сүйүктүү насаатчысы, КРнын эл артисти,Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, Кыргыз Улуттук Консерваториясынын негиздөөчүсү жана ректору, профессор Муратбек Бегалиев менен маек курдук.

- Муратбек Акимович, таланттуу адамдардын бала чагы абдан кызыктуу өтчү эле, сиздин балалыгыңыз кайда жана кандай өткөн?
- Мен Нарын облусунун Жумгал районунун Миң-Куш шаарчасында төрөлүп, Кызарт, Жумгал айылдарында өскөм. Жайкысын атактуу Соң-Көл жайлоосундагы кылаадагы кыргыздын тарыхый "Тулпар таш", "Мамы таш","Кереге Таш", "Тулга таштар"ды аздектеп, аны тегеренип айланып ойноп, кучактап тегеренип, айланасын тазалап, кайтарчубуз. Көлгө чайынып,өрдөк, каздардын жумурткаларын чогултуп, ышкын, көбүргөн, сооган, мандалак, кемирчек,кымыздыктарды жеп өскөнбүз.Сабаа бышып, мал кайтарып, эмгекке да дасыкканбыз.Ажайып кең жайлоодо, асманга жакын бийик тоодо үнүбүздүн болушунча көөдөн толтура ырдап чоңойдук. Ал эми айылдагы мектепте окуган мезгилимде ийримдерге көп катышып, ата-энеме кол кабыш кылып, сабак окуганга да убакыт тапчумун.
- Музыкага кандайча берилип, музыка менен жашап калдыңыз?
- Мен кичинемен эле музыкага жакын болуп, конкурс, олимпиадаларга үзбөй катышчумун. Досум экөөбүз музыкалык мектептен окуйбуз деп шаарга качып да келгенбиз. Кеткенибизди билгенден кийин ата-энелерибиз аркабыздан агабызды жиберишиптир. Мейли, тагдырларынан көрүшсүн!-дешиптир. Шаардагы Республикалык атайын орто музыкалык мектеп интернатына экзамен бергени келдик. Ошол учурда азыркы чоң саясатчы агайыбыз Топчубек Тургуналиев 28 жашта экен, мектепке директор болуп келиптир. Музыкада ал жерде 1- класстан баштап окуш керек экен. Адегенде кымындай балдары менен келген ата-энелер кезекте турушту. А биз чоң балдар аягында кирели деп турсак, ал жерде отурган мугалимдер "Силер кимди алып келдиңер?" - деп сурашты. Биз өзүбүз келдик десек, күлүп калышты. Ошол учурда Алматыдан, Ташкенттен, Москвадан ж.б. шаарлардан күчтүү мугалимдер келишкен экен. Угуп көрүшүп, бизге эң сонун деген баа коюшту. Бул окуу жайды бүтүрүп, кийинчерээк Москвадагы Чайковский атындагы консерваторияга жөнөп кеттим. Ошентип музыка жолуна түшүп,бүгүн да ошол жолдо келатабыз.
- Муратбек байке, өзүңүз негиздеген Кыргыз Улуттук Консерваториясына байланыштуу маселелерден баштасак. Кандай жаңылыктар менен кубандырасыз?
- Жалпыга белгилүү болгондой, Улуттук Консерваториябыз мамлекетибиздеги жападан жалгыз билимдүү музыканттарды тарбиялай турган жогорку окуу жайы. Башкача айтканда-кесипкөйлөрдүн билим ордосу. Маданий борборлор, театрлар, филармониялар, оркестрлер, мектептер жана башка коллективдер жогорку билимдүү кадрлар менен толукталат. Баардык бүтүрүүчүлөр жумуш орду менен камсыздандырылат. Кыргызстаныбызда ушундай кыйын учурга карабастан мамлекеттик масштабда үч оркестр ачканбыз. Биздин чоң симфониялык оркестрибиз Россиянын Барнаул шаарында өткөн IV бүткүл дүйнөлүк Астора Пьяццолла "LIBER TANGO" фестиваль-конкурсунун лауреаты болду. Консерваториянын хору Казахстанга барып, Ак-Төбе шаарындагы эл аралык хордук коллективдеринин конкурсунда чоң жеңишке жетишишти. Бул жакынкы эле болгон окуялар. Ал эми Консерваториябызды бүткөндөрдүн көпчүлүгү элибиздин сүймөнчүлүгүнө, алкоосуна татыктуу болгон талант ээлери.
- Эски бийликтин эрендери Улуттук Консерваторияга көңүл бөлбөй, далысын салып келишти эле, эми бу жаңы бийлик көйгөйүңөрдү көңүлгө алып жатабы?
- "Алыбек алына жараша демекчи", ал эски бийликтегилер музыканы деле түшүнбөсө керек?!.. Былтыр жыл аягында жаңы бийлик тарабынан дал ушул каражат маселеси тууралуу бир топ талаш-тартыш, талкуулардан кийин, экс-Президентибиз Роза Отунбаева бизди өзү кабыл алып: "Улуттук Консерватория деген мамлекеттин жүзү болушу керек!" - деген жалындуу сөзүн айтып, Консерваторияны ремонттон толук өткөрүү үчүн каражат бөлдүрүп берген. Азыр Улуттук Консерваториябыз капиталдык ремонттон толугу менен өтүп, бүтө жаздап калды. Чоң концерттик залыбыз да заманбап шаймандары менен камсыздалып, ачылганы турат.Буга элчилик аркылуу япон мамлекети да жардам беришти. Конференц зал, музейлер да жасалды. Кудай буюрса, жакынкы аралыктарда өкмөт, мамлекет башчыларынын катышуусунда чоң "Гала концерт" менен салтанаттуу түрдө ачабыз-деп турабыз.
- Мектептеги балалык ууз сезимиңиз эсиңизде болсо керек?
- Мектепте орус тилден берген Синица Александра Николаевна деген мугалим эжекебиз практикага келген эле. Абдан жаш, сулуу эже болчу. Эженин мактоо сөзүн угуш үчүн, берген тапшырмасын так аткарып, ырларды калтырбай жаттап бараар элем. Бир жолу кыргыз тилдүү мектептердин арасында райондун борбору Чаекте орус тили жана адабияты боюнча фестивалга Александра эже мени даярдады. Сахнага чыгып, "Ала-Тоо" аттуу жаттаган ырымды жаңылбай жакшы эле айттым. Эжейим үйрөткөндөй көрүүчүлөргө жүгүнүп, сахнанын артына эптеп жетсем, мени күтүп турган эжем чуркап келип бетимен өөп, ыйлап жиберсе болобу! Көрсө, ырга берилип окугандыктан сахнанын кырынан бутумдун жарымын ашырып барып токтоптурмун. Александра эже болсо, Муратбек качан учуп түшөт деп корккон тура. Өз ишине берилип, ак дилден эмгек кылган орус эжени балалык сезим менен өтө сыйлаганым (күлүп),орус кызга үйлөнөм деген принципке алып келсе керек.
- Эң биринчи жазган ыр-обонуңуз кайсы болду?
- 13-14 жашымда гитараны жаңыдан кармап жүргөн кезим болчу. "Сагындым" аттуу ырымды Соң-Көлдүн эң бийик кырында олтуруп жазгам.Андан бери көп суулар акты,бирок ал ыр дагы эле баягыдай ысык,баягыдай эле жаштык жалын менен ырдалып келатат. Учурунда Панфилов паркында чачымды узун өстүрүп алып, орус балдар менен кошулуп алып шаардагы бий аянтында бас гитарада ойночумун. Ошондо ушул ырым менен башталып, ушуну менен бүтүрчүбүз.
- Жубайыңыз Зенона эжени Москвадан кезиктиргенсизби?
- Жубайым Зенона поляк кызы. Экөөбүз Москвада чогуу окуганбыз. Окуу жайды бүтүп, мен Кыргызстанга, ал Польшага кеткен. Кийин аспирантурага чогуу бардык. Ал "Польшага кетели",- деп бардык шарттарды мага түзүп койсо да, "Башка элде султан болгондон көрө, өз элимде ултан болом, мен барбайм", - деп барбай койгон элем. Кийин аспирантурага барганда, баш кошпосок болбойт деп бирге түтүн булатууга бел байладык. Азыр Кыргызстандагы виолончель мектебин түздү. Ал тургай польшалыктардын коомун ачып койду. Кыргызстан менен Польшалыктардын ортосундагы достукту бекемдөө максатында көп саамалык, концерттерди өткөрүп жүрөт.
- Сүрөттөрүңүздү карап отурсам, жаш кезиңизде маңдайыңызда ак чачтарыңыз жокко эсе экен. Качан пайда болду эле?
- Он сегиз,он тогуз жашымда маңдайыма ак чачтар пайда болгон Атамдын чачы ушундай болчу. Бир жолу Москвада Кыргызстандын Маданият күндөрүн өткөргөн мезгилибизде Владимир Путин менен жолугуп калганыбызда "Это мода или от бога?" - деп сурап калды. "Второе наверное" - десем, "Можно потрогать" - деди. Мен да жөн турбай, "Можно, если осторожно", - деп тамашаладым.
- Сиз үчүн Чыңгыз Айтматов?!.
- Гений!.. Дагы миң ирет Гений! Улуу Ага катары да, Ата катары да, чыгармачылыгы, чыгармачылык достугу эң бийик, кылымдардын Кыргызы эле да. Ушундай Улуу Уңгунун баркына жетпей жүргөнүбүз өкүнүчтүү. Түрк дүйнөсү кош колдоп, ал кишинин аброюн көтөрүүдө. Жер шарынын башка жерлеринде да чоң иш-чаралар жасалып жатат.Ал эми өзүбүздө ал кишинин атындагы көчө - проспектибиз да жок! Ысык-Көл форумун чакыралы десек, ар ким эле өз иши менен алек болуп, бардыгы унут болуп бараткандай.
- Агай, композитор менен обончуну көптөрү алмаштырып, айырмасын билишпейт. Түшүнүк берип кетесизби?
- Композиторлук жол менен бараткандардын эң ири обончусу Жумамүдүн Шералиев болгон. Ал композитор деп аталчу. Анткени ал өзү аккомпонемент жазып, профессионал композиторлор менен аралашып, музыкада түшүнүгү бийик болгон. Композитор- бул өз чыгармасын өзү толугу менен нотага түшүрүп,ар түрдүү жанрдагы чыгармаларды жаза билген, анын клавирин, партитурасын жазып шөкөттөй алган чоң ,дипломдуу профессионал - өз кесибинин ээси. Ал эми обончу - бул эл арасынан чыккан музыкант- "бард" десек болот.Ар кимисинин өзүнүн ээлеген орду бар.Ар кимиси жашоого укуктуу.( Демек, айырмасы Асман менен Жердей!)
- Продюсер, менеджерлер тууралуу да айта кетсеңиз?!
- Элибизде "Жандоочу кийик аттырат"- деген макал бар. Мергенчиге орто жолдон кошула калып эле шыралга сураган жандакерге барабар. Андан бир айырмасы- ырчыга эркиндик бербей, аны башкарып алгандыгында. Жасалган нерсенин түшкөн пайдасынын чоң пайызы ошонуку. Ырчыга ага-эже, ата-эне да болуп алышат.Тил табыша албаса, же бир жери жакпай калса теле - радиого чыгарбай жолун тосуп таштайт.Бул кесиптин ээлери сөзсүз түрдө ТВ да иштешет. Кыскасы, азыркынын эркелери деп койсок болот! Анын илим - билимин, деңгээлин текшерген , "Ай, деген ажы, кой деген кожо"жок. Бир сөз менен айтканда, шоунун эле карамагындагы жасалма "кесип" десек болот.
- Акыркы кездеги талкуудагы чоң маселе - фонограмманы жоюу боюнча сиздин пикириңиз окурмандар үчүн эң баалуу ?!
- Албетте, бул - көңүл чордонунда турган чоң маселе. Ырчы-музыкант болгондон кийин сөзсүз түрдө тирүү үн менен толук кандуу ырдоосу парз. Сахналарда,концерттерде театр, конкурс-фестивалдарда өз кесибиңди сыйласаң түз үн ырдай бил. Элди алдаба! Той, дасторкон, кафе, ресторандардын деңгээли бөлөк болот эмеспи.Ошондуктан, мен дайыма айтып жүрөм. Жаштар, чын эле ырчы болом дейсиңерби, сөзсүз түрдө билим алууңар зарыл!-деп. Бекеринен айтышпайт го элибизде "Билими күчтүү миңди жыгат,билеги күчтүү бирди жыгат"-деп. Атайын билими жок ырчыларды "жапайы" ырчылар деп аташат.Андай болбоого аракет жасоо керек. Ал эми, кээ бир мезгилде сөзсүз түрдө фонограмма менен ырдай турган учур болот, бул - телевидениеде кездешет. Анын өзүнчө өзгөчөлүгү бар. Менин оюмча, ушуларды закондоштуруп, мыйзам чегине коюшса жаман болбос эле.
- Маегиңизге чын жүрөктөн ыраазычылык билдиребиз агай!
Төлөбүбү Касымалиева