Кумир менен баарлашуу
Талант Анарбаев:
Президентти туурап коюп эле, концерт берген туура эмес
Биринини артынан бири кирип келген күйөрмандары менен Талант Анарбаев ысык кофеден ичип, ар кандай фокустарды көрсөтүп, төрт президентин үндөрүн келиштире туурап, кызыктуу окяларынан айтып берип, редакциянын ичин шаңга толтуруп, кол чабуулардын коштосунда баарлашып, алар менен сүрөткө түшүп, алтургай "Силерди киномо чакырам" деп күйөрмандарынын телефон номерлерин дагы жазып алды.

Азирет:
- Эмнеге өкүнөсүз жана эмнеге кубанасыз?
- Өткөн нерселерге өкүнгөнүм менен орду толбойт. Өкүнгөн нерсем көп деле эмес. Апам менен жакшы күндөрдү көрөйүн деген убакта өтүп кетти. Андан кийин иним да бул дүйнөдөн кайтыш болду. Албетте, буларга абдан өкүнөм. Чоң кишилерден мен өкүнөм деген сөздөрүн көп угуп калам. Өкүнүп калбаш үчүн аракет кылыш керек. Бир нерсени жасайм десем аягына чыгарам, ошого кубанам.
- Канат Шанаевдер чыкпай калды. Алар менен иштешип жатасызбы?
- Канат менин биринчи шакирттеримден болот. Түштүк өрөөнүндө гастролдорго чыгып турат.
Айзирек:
- Алдыга кандай максаттарды коюп келесиз?
- "Айылдан айга" деген кино тарттым. Алдыга койгон максатымдын дагы бири- кино тартуу. "Талант шоу" деген куудулдардан түзүлгөн учу куру эмес балдарым бар. Алар азыр борбордо эмес, ошол үчүн көмүскөдө болуп жатат. Силер да мага жолукканы алыстан келдиңер. Киномдун ачылышына чакырам. Улуу муундагылардын, орто муундагылардын жана жаштардын ою ар башка. Силер да менин киномо келип, ой пикириңерди айтып кетсеңер болот. Ар бир адамдын пикирин топтоп, кийинки кинодо кемчиликтерди жок кылганга аркет кылам.
- Биринчи орунга үй бүлөңүздү коёсузбу же чыгармачылыгыңыздыбы?
- Мен биринчи орунга үй бүлөмдү, чыгармачылыкты экинчи орунга коём.
Айкөкүл:
- Жигитке жетимиш өнөр аздык кылат дейт. Эл билбеген дагы кандай өнөрлөрүңүз бар?
- Уюштуруучулук жагым бар. Ыр, пародия жазам. Андан тышкары, бизнес кылганга өнөрүм бар. Бир нерсени бат өздөштүрөм. Талант деген тубаса болсо жакшы. Атам маданият кызматкери болуп иштеген экен деп кайсы жерге барып, интерьвю бербейин дайыма айтып келем. Ошондо "Уулум таланттуу болсо" деп, ниет кылган экен. Атам мени жетелеп, ушул эрезеге алып келди.
- Аккан арыктан суу агат дейт. Балдарыңыздын сизге окшогон таланттары барбы?
- Кеч үйлөнгөндүктөнбү, улуусу бир жарым жашка чыга элек. Үч айында ыйлап жатканда музыка чыгып калса, басылып калчу. Азыр басып калды, бийлейт. Өнөрү бар деп ойлойм. Азыркы өнөрлөр менен жыйырма жылдан кийинки өнөрлөрдү салыштырып болбойт. Жыйырма жылдан кийин мындан да күчтүү таланттар чыгат.
- Депутаттар Ак үйгө чакырып алып: "Эмнеге мени туурайсың?" - дегендери жокпу?
- Ак үйдөгү депутаттардан "Сен мени эмнеге туурап сүйлөп койдуң?" дегендерин уга элекмин. Болгон нерсени сахнадан жеткиргенге аракет кылам. Ачуу чындыкты жеткире айтып жаман көрүнгөн жокмун. Кемчилигин аз-аздан айтканым гана болбосо, алардын үнүн гана туурап коём.
Бактыгүл:
- Эмнеге концерт бербей калдыңыз?
- Бир жылда бир жолу жакшы беш сатира менен эсте калаарлык концерт берсемби деген ойлорум бар. Ушул убакка чейин беш жолу жеке концерт бериптирмин. Алардан да күчтүүрөк программадагы концертти күз айларына пландап жатам.
- Өзүңүз патриотсуз го, орусча сүйлөгөндөргө оюңуз кандай?
- Бул нерсенин оң жана терс жагы бар. Бир чети туура, бир жагынан алып карасак туура эмес. Медалдын эки жагы бар дегендей. "Канча тил билсең, ошончо дил билесиң",- дейт, бул туура жагы. Бирок, "киргиздер" деп койсок болот, алар өзүнүн тилин билбесе уят деп ойлойм. Тил боюнча сатираларымды айтып келем. Айылда чоңойгондуктан, орус тилин анча билбейм. Өзбек, казак тилдерин жакшы билем.
Жыргал:
- Үй-бүлөңүз туурасында айтып бербейсизби?
- Келинчегимдин аты Миргүл Кара-Суудан болот. Юридикалык окуу жайды бүткөн. Байтилек жана Туран деген эки уулум бар.
- Канча бир туугансыз?
- Алты бир тууганмын. Төрт уул жана эки карындашым бар. Эң кичинекей карындашым Нуриза ыр жазып жүрөт. Мен мурда байкабай жүрүпмүн, ырларын окуп алып, абдан таң калдым. Калган бир туугандарым оор басырыктуу, орус тилинде айтканда "серьёзный". Үй - бүлөмөн менде гана талант бар экен.
- Кандай жумуш менен алектенип жатасыз?
- Азырынча концертти токтотуп турайын деп жатам. Себеби, бир жолу президентти туурап коюп эле концерт берген туура эмес. Кайсы президент келбесин, "айылды көтөрүш керек" деп айта берет. Мен дагы идеологиясы күчтүү "Айылдан айга" деген киномдун үстүндө иштеп, Кыргызстандын бүт бардык жерине көрсөтүп келейин деп жатам.
Жылдыз
Абдыкерим кызы