Сагыныч:
"Кафеден чыны уурдаганым эсимен кетпейт"
- Сагыныч, ырчылыкка кандайча келип калдың?
- Мен мектепте ырдачу эмесмин, бул жакка келгенде кафеде музыкант болуп иштеп калдым. Тааныш байкелерим аркылуу чыгармачылыктын жолуна түштүм.
- Азыр ал кафеде иштеп атасыңбы?
- Азыр убакытка байланыштуу иштебей калдым. Бирок сөзсүз түрдө иштеш керек. Ал биздин үнүбүзгө, дегеле чыгармачыл адамдарга чоң таасирин тийгизет.
- Мирлан Муратов менен кандайча таанышып калдың эле?
- Мирлан байке экөөбүз башынан эле таанышпыз. Мени Мирлан байке менен Канат Култаев тааныштырган, ошол күндөн баштап иштешип калдык.
- Музыкалык жактан билимиң барбы?
- Музыкалык билимим жок. Эми билим алайын деп атам.
- Канча жылдан бери ырдап жүрөсүң?
- Алты жылдын тегереги болуп калды.
- Продюсериң менен иштешип жатканыңа канча жыл болду? Кагаз жүзүндө келишимиңер барбы?
- Беш ай болуп калды. Ооба, кагаз жүзүндө атайын келишим түзүп алып, ошонун негизинде иш алып барып жатабыз. Келишим көп эле жылга түзүлгөн, ал сыр бойдон калсын.
- Анда жакынкы жылдарда үйлөнбөйт экенсиң да?
- Азыр биз жашпыз. Бир үй-бүлөнүн жоопкерчилигин ала турган деңгээлде эмесмин. Болгону чыгармачылыктын эшигин каккылап турган чагым.
- Үй-бүлөдө канча бир туугансың?
- Үйдө жалгыз баламын.
- Репертуарың канча ыр менен толукталып калды?
- Репертуарымда беш ыр болду. Буйруса дагы жакшы ырларды жазып, жакшы маанайды элге тартуулап, элдин көңүлүн көтөрүү максатында иштеп жатабыз.
- Жаш ырчылардын арасында үн жагынан болобу же стиль жагынан болобу, атаандаштык деген бар. Алардан эмнем менен өзгөчөмүн деп ойлойсуң?
- Биз баарыбыз адам баласыбыз да. Бири-бирибизден эч кандай өзгөчөлөнбөйбүз деле. Барыбыз мусулманбыз. Кудай тааланын кызматын өтөш керек. Мен мындай сапатым менен өзгөчөмүн деп айта албайм. Өзүмдүн деңгээлим бар.
- Акынбы, ырчыбы айтор чыгармачыл адамдардын көбү уйкуну жакшы көрөт. Сен да жалкоосуңбу?
- Менин андай сапатым жок. Эртең менен эрте туруп, өзүмдүн үй бүлөмдүн чакан иштерине аралашам. Эркек бала болгондуктан, үй бүлөмдү карайм. Күнүнө жети саат, ашып кетсе сегиз саат уктайм. Калган убактымда эмгектенем.
- Айылда мал багып жүрүп, асканын таштарын жаңырта ырдаган күндөрүң эсиңдеби?
- Үйдө мал көп. Өзүмдүкү эмес таятамдыкы болчу. Таякелерим менин бир туугандарымдай болуп калган. Мен ошолордун колунда чоңойгом. Мал кайтарып, жайлоого чыгып жүргөм. Бул дагы өзүнчө бир образ, өзүнчө бир жашоонун керемети. Кой кайтарып жүргөндө койлорду жайып коюп, тоонун башына чыгып алып, чыныгы кыргыз жыттанган ырларды ырдачубуз.
- Чыгармачылыктагы сүйүнүчтүү кабарларыңдан айта кетсең?
- Март айынан баштап бир кинодо башка каармандын образын чагылдырганы жатам.
- Кыргызда "Эки тоонун чөбүн эңсеген эчки, ачка калат" деген жакшы сөз бар. Сен ырдап жүрүп, киного аралашып кетсең ыр жагың калып калбайбы?
- Сиз эң туура суроо бердиңиз. Ырчы өзүнүн ырдаганын, актёр өзүнүн чеберчилигин билиш керек. Ар бир нерсенин өзүнүн орду болот. Бул сунуш менин каалоом менен эмес, продюсеримдин сунушу болду. Кинону кандай деңгээлде аткарам, аны билбейм. Анткени, мен актёр эмесмин. Ошентсе да, эки тарапты тең алып кеткенге аракет кылам.
- Кээ бирөөлөр жумуртка ичишсе, кээ бирөөлөрү муздак суу ичпейт. Сен үнүңдү кантип сактайсың?
- Мен эч нерсе кылбайм, кааласам муздак суу ичип салам. Бир ырды ырдап баштаганда жеңил ырларды ырдап, анан тонумда тапкандан кийин, оор ырларды ырдай баштайм. Бир жумуш кылганда деде оңоюнан байштасың да.
- Жаштардын көбү англис тилиндеги ырларга өтө баштады. Сен дагы англис тилиндеги ырларды ырдайсыңбы?
- Ырдайм. Чыгармачылыгыма орусча, ангилсиче ырларды да кошом. Кафеде иштеп жүргөндө да бөтөн тилдеги ырларга көбүрөөк басым жасачумун.
- Кафеде кыздар келип, сенин номериңди сураган учурлар болгонбу?
- Андай нерселер болгон эмес. Мен иштеген жерде көбүнчө улуу муундагы адамдар келип эс алып кетишчү. Ызы-чуусу жок болчу.
- Шоу биснесте эмне өкүнтүп жатат?
- Мен шоу дүйнөсүнө жаңыдан аралашып жаткандан кийин бирөөнү мындай дегеним туура эмес болуп калат. Ар ким тапканын кийип, каалаганын ичет. Жашоо ошондой болуп калбадыбы. Ар бир адамдын өзүнүн деңгээли бар.
- Ибрагим Жунусов сахнага сахнанын гана кийимдерин кийүү керектигин айтып жатат. Эл адамы кандай кийиниш керек?
- Ибрагим байке абдан туура айтты. Негизи сахна адамдары көчө кийимдерин кийбеш керек. Ошол эң туура деп ойлойм.
- Алдыда кандай паландарың бар?
- Абдан жакшы максаттарым бар.Чет мамлекеттерге кыргызымдын желегин желбиретип келсем дейм.
- Ырчылыктан да башка кесибиң барбы?
- Продюсерим менен келишим түзгөндө жеке жашоом боюнча эч нерсе айтпайбыз деп сүйлөшкөнбүз.
- Чыгармачылыгың менен байланышкан, бир "бырс" этип күлүп ала турган кызыктуу окуялар болсо керек?
- Бул жакта кафеде иштеп жүргөндө жалаң балдар квартирада жашачубуз. Үйдө идиш жок, бир күнү иштеп жаткан кафеге барып чыныларды чөнтөгүмө салып алып чыккам. Ошол нерсе эсимде. Ал балдар да чыгармачылыктын жолунда.
- Ырчы балдардын көбү эле микрофон кармап жүрүп, ак кол болуп калат эмеспи. Сен кара жумуштарга кандайсың?
- Кара жумуштарга жакшымын. Үйдө жалгыз уул болгондуктан, бардык кара жумуш менин мойнумда.
Сайра Сопушева