Мода дүйнөсү
Ксения Баранникова, модель:
моделдин да жан дүйнөсү бар
Кереметтүү Малайзия өлкөсүндө өткөн "Мисс Туризм Интернейшнл" сынагына биздин кыздарыбыз да катышып келди. Ксения Баранникова аттуу сулуу кызыбыз элибиздин намысын коргоп, 54 кыздын ичинен 15 мыкты катышуучунун арасына кошулууга жетишти.

- Адегенде өзүңуз жөнүндө айта кетсеңиз?
- Мен Кыргызстанда төрөлүп, Бишкекте өстүм. Ушул жерден окуумду аяктадым. Учурда Кыргыз- Орус- Славян университетинин журналистика факультетинде 3-курста окуйм.
- Бала чагыңызда кандай кыялдар бар эле?
- Мен дайыма атак-даңка жетүүнү, дүйнөнү багындырууну каалачумун. Азыр болсо көп жерлерди көргүм келет. Европа элдеринде конокто болгум келет. Парижди көрүү болсо, менин бала чактан бери келе жаткан кыялым.
- Сиздин модель болуп калууңузга ким түрткү болду?
- Башында моделдик мектепке жөн эле баргам. Мен бийик такада туура басып, саркеч кийингенди үйрөнүү үчүн гана келгем. Көп өтпөй эле моделдик мектептин атынан Кыргызстанда өткөн мода жумалыгына катышып калдым. Ушинтип, моделдик жашоом башталып кеткен.
- Бул тармакта кандай ийгиликтерге жетиштиңиз?
- Көптөгөн сынактарга катыштым, көп жолу наамдарды алдым. Мода жумалыгында "Мыкты модель","Мисс адреналин" наамына илингем. "Университет периси" сынагында да баш байгеге жетиштим. "Глосс" журналынын башкы бетине чыктым.
- "Топ-15"ке илинүү оңойго турбагандыр. Ал жакта канча катышуучу болду?
- Ооба! Бул сынакка 54 мамлекеттен келген сулуулар катышты. Бул тизмеге түшөм деп ойлогон эмесмин. Биз ал жакта үч жума болдук. Дал ошол чакта Жаңы жылдык майрамдар өтүп жаткан. Ар бир күнүбүз план менен жүрүп жатты. Эрте менен эрте 6-7 лерде туруп, чыгып кетип жаттык. Көптөгөн магазиндерди кыдырдык. Күнүгө шамга жуук кызыктуу кечелер болуп турду. Биз баарыбыз ал жакта катышып жаттык. Кыздарга түрдүү наамдар ыйгарылды. Бул үч жумага созулуп, финалга беш күн калганда кызуу даярдана баштадык. Себеби, биз финалда модель катары жөн эле басып койгон жокпуз. Финал бий менен коштолду.
- Сиз чет жакка чыгып, башка элдердин моделдерин көрүп келдиңиз. Кандай айырмачылыктарга күбө болдуңуз?
- Анчалык деле көп айырмачылыктарды байкаган жокмун. Балким ал жакта көбү моделдер эмес, жөн гана башка улуттардын өкүлдөрү болгону үчүндүр. Бул жерде моделдердин сынагы эле эмес, сулуулук конкурсу өткөндөй эле болду. Сынакта моделдердин параметрлерине жакын, бою 160-165 см кыздар болду. Бул жерде ар бир эле сулуу кыз катышканга мүмкүнчүлүк алды десем болот.
- Сизди каржылаган демөөрчү барбы?
- Мени каржылагандар бар. Мен акыркы күндөргө чейин, бул конкурска бараар- барбасымды билген жокмун. Мага "Мөл Булак" банкы чоң жардам көрсөттү. Кеткен каражаттын жарымын конкурстун уюштуруучулары төлөдү, жарымын болсо ушул банк каржылады. Мен аларга абдан ыраазымын. Ошондой эле ата-энем да жардамын аяшкан жок. Алардын да менин ийгилигиме кошкон салымы чоң.
- Моделдердин жашоосу оорбу?
- Сырттан караганда көрсөтмөлөр, фотосессиялар аябай кызыктуу, оңой көрүнүшү мүмкүн. Бирок бул тармакта да чоң эмгек талап кылынат. Дайыма бир калыпта келбетти сактап, өзүңө кам көрүшүң керек. Кечигүү деген нерсе болбоого тийиш.
- Диета кармайсыңарбы?
- Албетте. Эгер мода жумалыктары, түрдүү кечелерге барчу болсок, кармаганга туура келет. Мен даамдуу тамакты жакшы көргөндүктөн, мен үчүн диета кармоо кыйынга турат.
- Көп эле дүйнөнү багындырган моделдер жеке жашоосунда бактысыз келишет. Бул эмненин натыйжасынан болушу мүмкүн?
- Моделдерге көп адамдар куурчактарга, же болбосо бир нерсеге карагандай эле мамиле жасашат. Бул албетте, кыйын. Биринчи эле өзүм бир адам менен баарлашканда, жөн гана кирпиктерин серпеңдетип, подиумдан баскан, акылсыз куурчактай көрүнгүм келбейт. Менде бардык адамдардыкындай эле интеллект, жан дүйнө бар. Незизи мен үчүн адамдын ички дүйнөсү баарынан маанилүү. Бул тармакта дос табуу да бир топ кыйын. Дайыма атаандаштык, кызганыч өкүм сүрөт.
- Сиз үчүн эмне башкы орунда? Сүйүүбү же карьерабы?
- Так ушул чакта мен үчүн карьера биринчи орунда турат. Себеби, мен азыр жашмын.Менин мүмкүнчүлүктөрүмдү тыйып, мага шарт коюп, бурчка такагандарды жактырбайм. Эгер менин жигитим менин жашоомду кабыл албаса, моделдик карьерамдан эмес, андан кол үзүүгө даярмын.
- Көбүнчө чиновниктер, байлар модель кыздарга көз артып, өзүнүн торуна түшүргөнгө аркет кылышат. Сизде мындай көрүнүш болду беле?
- Чынын айтканда, мен мындай кырдаалга туш болгон эмесмин. Учурда "Vit Line" моделдик агентствосу менен иштешем. Аябай жакшы мүмкүнчүлүктөр түзүлгөн. Биздин моделдик агентстводо мындай көрүнүштөргө жол берилбейт.
- Мындан сырткары эмне менен алектенесиңер?
- Азыр "5-каналда", "Кутман таң" телеберүүсүндө иштейм. Бош убактымда ырчылык өнөр менен да алектенем. Вокал боюнча билимим бар.
- Алдыда кандай пландар бар?
- Алдыга чоң пландарды коё элекмин. Үй-бүлө куруу боюнча ойлор деги эле жок. Башка тармакка өтөйүн деген оюм деле жок. Мага өзүм алектенген жумуш жагат. Башка мамлекеттерге барайын деген ойлор бар. Бирок, баарын кийинчерээкке жылдырам. Азыр өз элимде, мекенимде эс алууну каалайм.

Аты-жөнү:
Баранникова Ксения
Жашы: 18
Туулган жери:
Бишкек шаары
Параметри: 90-62-91