Эркин Урмамбетов:
Рок-музыкасы
- бул абдан чоң жан дүйнө
Рок музыкасы Кыргызстанда сексенинчи жылдары пайда болгон. Жандуу үн менен гитаранын коштосунда ырдап чыккан рок ырчылары бүгүнкү күндө да бар. Алардын башын бириктирип, рок музыкасын сүйүүчүлөргө интернеттен сайт ачкан, таланттуу жаш продюсер Эркин Урманбетов рок маданияты тууралуу кыскача айтып берди.

- Рок ырчыларына сайт ачыптырсыз. Ал жерден кандай маалыматтарды алса болот?
- Кыргызстандагы рок маданиятын өнүктүрүү максатында www.rock.go.kg дарегиндеги сайтты ачтык. Сайттын эң негизги максаты- рок музыкасын сүйгөндөр үчүн жаңылыктарды жеткирүү. Кырыгзстандагы рок музыканттардын ырларын аталган сайттан угуп, видео тасмаларды да көрө алышат. Ошону менен катар ар кандай рок тармагындагы жаңылыктарды окууга да мүмкүнчүлүктөрү бар. Азыркы учурда сайтты толтуруу процессиндебиз. Жогорку деңгээлдиги рок музыканттар менен таанышып, алардын ыр жана клиптерин сайтка жайгаштырып жаткан учурубуз. Сайтты ачуу идеясы биздин топко тиешелүү жана бизге жардам берип жаткан адамдарга ыраазычылык билдирет элем.
- Кыргызстанда роктун абалы кандай?
- Кыргызстанда рок маданияты жашап келген, жашап жатат жана келечекте дагы өркүндөп өсүшүнө толук ишенебиз. Башында рок музыкасына кызыкпаган учурда рок-музыканттарды аз деп ойлогон элем. Бирок Саламат менен иштеп баштагандан тартып, рок музыкасын сүйүп, Кыргызстандагы рок маданиятын изилдөөгө кызыкчылыгым пайда болгон. Көрсө, көптөгөн биз билбеген таланттуу рок-музыканттар бар экен. Кыргыз тилинде рок ырлары жок болгондуктан, Саламатты кыргыз тилинде ырдаттык.
- Рок музыкасында философиялык ойлор да камтылган. Аны көп адамдар түшүнө беришпейт го?
- Рок музыкасы- бул абдан чоң жан дүйнө. Рок музыкасы бул- философия. Ырдалган ырдын ар бир сабында терең мааниси жана тарыхы бар. Кыргызстандын калкы поп музыкасына кулагы көнүп калган. Себеби ырчыларыбыздын көбүнчөсү поп стилиндеги ырларды ырдашат. Бирок, такыр эле рок музыкасын укпайт деп айта албайбыз. Себеби, чет өлкөлүк рок-группаларды кумир туткан көптөгөн адамдар бар. Болгону Кыргызстандагы рок-группалар шоу бизнеске аралашпастан, барларда ойноп келишет. Ал эми ырларды профессионалдуу студияларда жаздырып, видео клиптерди тарткан рок-группалар аз болгондуктан эл аларды көрбөйт. Ал үчүн таланттуу рок-музыкант, көптөгөн каражат жана продюсердин кызыкчылыгы болуш керек. Эгерде мыкты рок-группалар болсо, анда эл алардын ырларын угуп, өзүнүн тиешелүү аудиториясы пайда болмок.
- Рок музыкасын жандуу үн менен ырдайбыз дешип, бирок фонограмма менен ырдашат деп айтышууда. Сиздердин рок ырчыларыңыздар кандай ырдашат?
- Чындыгын айтсам, рокту фонограмма менен ырдаганын көрө элекмин. Рок музыкасын фонограмма менен ырдоого мүмкүн эмес. Себеби рокту түшүнүш үчүн жандуу угуш керек. Эгер фонограмма менен ырдагандар болсо, анда уят деп айтсак болот. Бир гана нерсе бар. Рок үчүн аябай жакшы жана кымбат техникалык аспаптарды талап кылат.
- Сиздерде ошондой кымбат аспаптар барбы?
- Албетте, биз үчүн бул өтө маанилүү. Саламаттын гитарасы FENDER маркасында, баасы 2000 доллар турат. Барабандын баасы 1500-2000 доллар болот. Биз баарынан да жандуу ырдоого басым жасайбыз. Фонограмма деген түшүнүк жок.
- Рок көбүнчө башка тилдерде ырдалат. Кыргыз тилиндеги рокту өнүктүрсө болобу?
- Башка продюсерлер менен жолукканда: "Саламаттын рок ырларын угуп жатышабы? Кыргыз тилинде рок музыкасын кандай кабыл алып жатышат? " - деп сурашат. Саламаттын эң биринчи "Табышмак кыз" деген ыры башка орусча ырларына салыштырмалуу эл тарабынан аябай жакшы кабыл алынды. Кыргыз тилинде рок музыкасын өнүктүрсө болот.
Жылдыз Абдыкерим кызы






Шоу жаңылыктары
Аваз "Хонда Одиссейин" "Тойота Виндомго" алмаштырды
"Сагынамын" деген ырын жаздырып, хитке айланткан эстрада ырчысы Аваз Акимов жаңы жылда баарын жаңыртайын дегенби, айтор "Хонда одиссей" үлгүсүндөгү темир тулпарын "Тайото виндо" маркасындагы унаа менен алмаштырды. "Мурунку машинам ак жолтой болду. Анын артынан көптөгөн ийгиликтерге жетиштим. Эски машинамды бул жактагы атамдын уруксаты менен айылдагы өзүмдүн атама берип "Тойота виндом" темир тулпарды алдым", дейт сүйүнүчүн жашыра албаган ырчы Аваз Акимов. Сулуу бийкечтер Аваз Акимовго жолуга албай жүрсөңүздөр анда дароо эле "Тойота виндом" үлгүсүндөгү күмүш түстүү 2466 номерлүү унаанын артынан сая түшүп, Авазга жолуксаңыздар болот.


Роза Отунбаева менен лыжа тепкен Анжелика
"Кыштын биринчи күнүнөн тартып, лыжа тээп жүрөбүз. Жаныбызда кыздарыбыз дагы бар. Азыр КТРде "Зимные игры" деген долбоор болуп жаткан. Ал долбоорго бардык атактуу жылдыздар катышкан. Андан тышкары, Роза Отунбаева эжекебиз менен да лыжа тептик. Бир күн үйдө болсом, бир күн тоодо болуп, лыжа тебүү менен ооруп жатам. Эс алуудан кийин сөсүз түрдө чыгармачылыгымды баштайм" дейт, - ырчы айым Анжелика.


Султан эми фонограммасыз ырдайт
"Чыгармачылыгымдагы жаңылыктарым - жаңы ырларды жаздырып жатам. Алардын бири - "Акмырза" аттуу ырым. Сөзү, обону өзүмө таандык. Өзүм акын болбогондон кийин, сөзүн жакшы акындарга оңдотсомбу деген ойлорум бар. Жандуу үн менен концерт коюуга даярданып жатам" деп билдирди Султан Садыралиев.


Гран принин ээси Милана Сариева
Борбор калаабызда шаардык жана областык "Mini-мисс и mini-мистер Бишкек и Чуйская область-2012" сынагынын финалы болуп өттү. "Мини Мисс" наамы Милана Сариевага ыйгарылды. Бул проекттин автору жана уюштуруучусу белгилүү шоумен Алексей Филатов болду. Мурдакы жылдын күз айларында "Miss School-2011" сынагын өткөрүүгө жетишкен эле. Эми минтип биздин кичинекей периштелерибиздин сынагын аягына чыгарып олтурат. "Эң сулуу бала" наамына Чүй областынан жана Бишкек шаарынан 24 бала ат салышкан. Сынактын катышуучуларынын арасынан балдар аз болгондуктан, баш байгеге кыздар арасында күчтүү атаандаштык жүрүп жаткан. Калыстар тобу эстрада ырчыларынын курамы менен түзүлгөн. Гран прини алган Милана Сариевага плазмалык телевизор, сулуулук салонго сертификат жана демөөрчүлөрдөн өзүнчө белектер ыйгарылды.