Иним экөөбүзгө бир катын...
Айгүл ШАРШЕН
Жанызак@басма
(Башы өткөн санда)
(Башы өткөн санда)
- Билбейм Нурдин, жүрөгүм кыжаалат болуп жатам.
- Эч жаман ойлобо дос, чогуу тарайбыз, - деп Нурдин болбой койгондо унчукпай калды. Кайрадан алдыларына тамак келип, арак алып келгенде бакылдашып отуруп улам алып отурушкан, бир кезде Алтынбек Айбекке карап тишин кычырата:
- Айбек, аялыңды алып кел, менин аялым менен тааныштырайын, - деди.
- Маакул-макул, - Айбек сактана күлүп калды.
- Туура, эми бала эмессиңер, баарыбыз аялдарыбыз менен катышып тура турган жашыкка келдик, - дешти беркилер.
- Жо-ок, - Алтынбек сөөмөйүн чычайта Айбекти карады, - Сен Сейилди кызганасың го, кызыганда илгеркини эстеп өөп койсомчу? - деди кычылана.
- Алтынбек, ушу сага Сейилди киргизип берип койбоюн, сенин аялыңды мен алып кетем, эркек болсоң сөзүңдү сакта! - деди Айбек муштумун түйө, - Мен мындай акмакчылыкка чыдай албайм, кетемин, - деп туруп кетээрде Алтынбек кайра:
- Сейилдин энесинен кийин эле мен өпкөм, ал чындык, байкуш ал деле унуталбай жүргөн чыгаар, - деп каткырды, - Бир эле көрсөм болот эле.
- Эн-неңди акмак! - Айбек эки жагын карана бир нерсени издегени менен таппай калды, - Түү, сен эркек эмессиң, катынча сүйлөгөн акмак!
- Ким акмак? Бирок өөп, жылаңач денесин алгач көрүп сылап жүргөн аялды алып кыйын болуп жатасыңбы, атасынын багында далай жаткам Сейил менен! - дегенде Айбек эч кимисине ээ бербей жетип барып, өпкө жүрөк тушуна тээп-тээп туруп, эс ала электе муунтуп, бир колу менен башка, кулакка койгулап жатты, аны ажырата албай ала-гүү болгон достору улам бири жыгылып туруп, алы келбей жатканда колдорунун карышканын ары жактан бири келип бошотту.
- Өлтүрөсүң, кандай немесиң? - деп аны карап жулкулдатып жатканда Айбек үйүнө келди. Анын артынан эч ким келген жок, ал оюнда ошол жини менен Сейилди да биротоло өлтүрмөк болуп келген, Сейилди апасы ооруп жатат деп атасы чакыртып кеткен. Алтынбекти эс алдыра албай ооруканага алып барышты, анын кабыргасы сынып өпкөгө кирип кеткендиктен, ал түнү бою эсине келе албай онтоп жатып, таңга маал үзүлүп кете берди. Ал кезде Айбек эшигинин алдында басып жүрүп акыры өз эрки менен милицияга барууну чечип, айылдык участковыйдын маңдайында отурган. Таң эрте Алтынбектин инилери атчан таяк көтөрүп келип, жалгыз кемпир менен жаш балдарды көрүп ага-инисине кеткенде Алтынбектин атасы өзү барып балдарын тыйды.
- Силер тынч болгула балдарым, өлөөр бала өлдү, эми аны жайына коюшубуз керек, акылдан азып бири-бириңерге жоо болуп жүрбөгүлө, жүз жылдап ата-бабаларым жашаган жерде бири-бирибизге жоо болбойлу. Айбекти өкмөт, анан кудай жазаласын, тынч болгула.
- Эмне агамды өлтүрүп койсо, биз карап отура беребизби?
- Болду, чамынганыңды токтот, баламдын жаны тынч жатсын, булардын өз ара араздашып жүргөнүн билем, тилди да тыя жүргөн жакшы балдарым, - деп туюгунан сүйлөдү. Анткени ал бул араздашуунун четин угуп калган эле, - Аял азгырыктын арты ушундай бүтөөрүн билем балдар…
- Ал кандайча? - Кичүү уулу атасын суроолуу карады.
- Аны мен да, силер да билбейсиңер, ооздон жаңылган турбайт, буттан жаңылган тура-ат балдарым, кана өлүк камын көрөлү, - деп сакалы ылдый жашы куюлуп отурганда милиция келип калды. Ага арызды жазып, күбө досторунун да аты-жөндөрүн жазып берген эле Айбек. Ошентип, аны он эки жылга кесип жиберди. Жолугушууга келген аялына Айбек жолукпай койду, ал ыйлаган бойдон үйүнө келип булкулдап ыйлап жатты. Айбектин карыган энеси бул кайгыны көтөрө албай ооруп жатып калып, соту болот деген күнү оо дүйнө салды. Айбек апасына топурак сала албады.
Чиедей төрт бала менен жалгыз калган Сейилге күнү-түнү тынчтык бербей жатышты. Бир күнү Алтынбектин иниси Жаркынбек келиптир.
- Оо, үйдө ким бар? - дегенинен Сейил чыга калды.
- Ким керек эле?
- Сиз керексиз да, Айчүрөктөй айга окшош, Айсулуудай күнгө окшош, Таттыбүдөй тил жеткис сулуулардан экен десе, көп катындын эле бири экенсиң го? - деди Жаркынбек ыржая орой сүйлөп.
- Оозуңа карап сүйлө, - деп Сейил эшигин жаап алаарда камчы менен түртүп, жаптырбай койду.
- Эмне, ушунчалык кымбатсыңбы, менин агамдын башын жегендей артык деле катын эмес экенсиң го?
- Милиция чакырам.
- Чакыр, чакырмак турсун барып, чакырып кел!
- Эмне, мени агаңдын өчүн алуу үчүн өлтүрмөк болуп келдиңби?
- Каалаганымды кылам, бирөөнүн өлүмүнө себепкер болуп кылың кыйшайбай жүрө берем деп ойлодуң беле, жооп берүүгө учур келди, кош бол, "жеңеке", - деди да бастырып кетти.
- Акмак, өз оозуңардын кесирин тартаарыңарды билбейсиңер, - деп Сейил отура калып, ыйлап жатты. Бирок ошону менен тынчып калбады, Сейил ата-энесине барып баарын айтты эле ал өз үйүнө балдары менен көчүрүп келип алды да бир жылдан соң күйөөгө берип, эки улуураак баласын өзү алып калды. Сейил ошентип, кайрадан турмуш сересине багыт алды, бирок тийген күйөөсүнүн балдары аны жактырган жок.
Көз жашын көлдөткөн Сейил бир кыз, бир уулун калкалай албай араң зорго чыдап жүрдү. Күйөөсү күрсүйгөн адам, колунда барына манчыркаган адам, аты Зарипжан, беш баласынын үчөө үйлөнүп-жайланып, экөө мектеп жашында, аялы эки жыл мурун каза болуп калган. Кол алдында мал багып, үй жумушун жасагандар бар, уюн саап, сүтүн саткан жаш келин эки баласы менен жүрчү, көзү кызарган Зарипжан ага кээ-кээде бара коюп жүрчү, оюнда аны алып алайын деп ойлоп, колунда бар манчыркаган дөөлөтүнө дөөгүрсүп: "Мен муну күң катары алып келгемин, көргөндөр мени шылдың кылаар, күңүн алып алды", -деп ойлонуп, Сейилге үйлөнгөн.




Аздек НАМАЗБЕКОВА
Жашынмак
(Башы өткөн санда)
- Ток этээрин айтканда, Аздек, эки оттун ортосунда калдым. Ыгын келтирип, Насыйкатка бир күнү ачык айтайын деп ойлоп жүргөм. Бирок, мен камынгыча эле билип алган окшойт,-деп оор улутунуп алган Кабактын сөзүн телефонунун шыңгыры бөлдү.
- Ыя, өткөндө эле карап чыкпадыңар беле? Кайра-кайра эле… Жо-ок, эмнеге, жашыра турган деле эч нерсем жок. Мен айттым го, силер издечү жерден издебей, бөөдө эле менин да, өзүңөрдүн да убактыңарды алып атасыңар! Мен сыртта турам,-деп телефонун өчүрөөр замат кимдир бирөөгө ызырынып:
- Ушулардыкы өттү, үйдү өткөндө эле шимшилеп чыгышкан да! Эми кайра карайбыз деп атышат. Кечирип кой, Аздек, сени да кармап койдум окшойт. Бар күйүттөн да жалган жалаага кабылган жаман турбайбы. Макул, көрүшөбүз,-да деп кош айтышты.
- Ак ийилет, бирок сынбайт. Көтөрүмдүү бол!-дедим кейиштүү кебетесине ичим ачыша. Минтип айтаарын айтып алып, Кабакты актаарымды, же каралаарымды билбей эки анжы ойдо жолго түштүм.
Кечинде кызымдын классташынын апасы телефон чалып калды. "Милицияда таанышым иштейт…"деген аял болчу. Мага кылган жамандыгы жок болсо деле ушул аял менен сүйлөшкүм келбей, качып турам. Ал болсо өчөшкөнсүп, Насыйкат жоголгондон бери көп чалчу болду. "Насыйкат менен жакшы эмес белең"дегендегисиби, же менден башкаларга деле чала береби, түшүнбөйм. Ушак дегенде жантыгынан жата калып угуп, кайра оозунан ак көбүк чыкканча айткан аялдардын бири деп айтышат. Класстагы кайсы кыздын атасы өз эмес өгөй ата, кайсы баланын атасынын канча аялы бар, кимиси кайда иштейт, каяктык экенин бүт билет. Билип эле тим болбой, бардык ата-энелер менен бөлүшүп чыгат. Эмнеси болсо да бул аялдан мен өзүмдү алыс кармаганга аракет кылып турам, бирок акыркы күндөрү бул аракетим ишке ашпай, мага чап кенедей жабышты да калды!
Суук кабар айтчудай сезим болуп, телефонду алгым келбей, номерин карап олтура бердим. Музыка жан алы калбай ойноп атты.
- Апа, телефонуңуз?-деген кызым бөлмөсүнөн чыга калганынан уурумду карматып алган кишидей шашкалактап, акыркы мүнөттөрдө ала калдым.
- Ай, Аздек, эмне бошобой аттың беле?-үнү жаман ачуу чыкты. Мындай үн менен жөн салды чалбайт болчу! -Уктуңбу, тигил Насыйкаттын күйөөсүн камашыптыр. Ал байкуш жоголгондон бери мен тынч ала албай, сурамжылап, утур сурап атпайымбы. Жаңы эле уктум, бүгүн камашыптыр. Буга чейин далил жок деп анысы бош жүрбөдү беле. Бүгүн үйүн тинтишип, Насыйкаттын канга боелгон халатын табышыптыр. И-ий, тим эле суйкайып созолонгон, эркектер "менин эле аялым болсочу!"дегидей келин эмес беле! Карабайсыңбы, койнунда жаткан эринин кылганын?!-дегенин укканда эле жер көчкөнсүп, башым тегеренип кетти.
- Жаман болуп атам, мейлиңиз?-деп айтканга жарадым да, диванга кыйшая, көзүмдү бекем жуумп жата кеттим. Көзүмдү жумуп алсам эле жаман элес көз алдыма тартылбай калчудай болуп аттым. Бирок, болбой эле кан болгон халатчан Насыйкатты элестете бердим. Анан Кабактын бүгүнкү элеси келди. "Кантип эле?!"дедим өзүм менен өзүм сүйлөшкөнсүй. "Кантип эле Кабак ошол ишке барсын?! Кейип турбады беле?! Ызаланып, көкүрөгү толо ый болуп турбады беле?!"
Канча саат, же мүнөт эзилип жаттым билбейм, сырткы каалга ачылып атканын угуп, ыргып турдум.
- Тынччылыкпы?-деди күйөөм мени элейе бир карап алып.
Араң эле карманып турган окшойм, кучагына бой уруп эле ыйлап жибердим. Ыйлап да, сүйлөп да аттым.
- Ту-уй, ат-та!-деди күйөөм башка сөз сүйлөй албай.
- Чын эле окшойт да, болбосо эмдигиче табылмак да, туурабы? Же, кандай? -ушул сөздү эле кайра-кайра кайталай бердим.
Күйөөм дулдуюп унчукпайт. Ага да күтүүсүз болду окшойт. Телевизор көрүп олтурушкан балдарымды тамакка чакырганда гана тунжураган үйүбүзгө жан киргендей боло түштү. Алар атасынын мойнуна асылышып, кыткылыкташып, ар кайсыны божурашып, ашкананы күлкүгө бөлөштү. Токтоп калгансыган жашоом ордунан жылгандай, мен да алаксый түштүм. "Балалуу үй-базар"деп бекер айтылбайт тура!
Качан гана өзүбүз уктачу бөлмөгө киргенде күйөөм мени кучагына алып, көздөрүмө тигиле карап:
- Сен ар кайсыны ойлоп, башыңды оорутпа, макулбу? Эми алардын үйүндө эмне болгонун, кандай иш ошого түрткөнүн биз билбейбиз, билбей эле койолу! Сен колуңдан келгенин кылдың. Болду, башкасы сенин ишиң эмес. Унутканга, башыңдан алыс ыргытканга аракет кыл, сүйлөштүкпү? Мен сени сүйүп келгем, азыр да сүйөм, жана өмүрүм өткөнчө жалгыз сени сүйүп өтөөрүмө ишенем! Эч жаман ойлобо. Эртең, "Жыргалга"мончого барып, эс алып кел. Массаж жасатканды жакшы көрөсүң го, аныңа бар. Кечинде кафеге шашлыкка алып барам. Бир көйнөк менен "ооруп" калдым деп атпадың беле, ошонуңду алып кий,э? Менден жаңы жылдык белек болсун,-деген күйөөм "айткандарым көңүлүңө жактыбы?" дегендей күлмүңдөй, суроолуу карап калды.
Күлүп ийдим. Күйөөмө деген жакшы көрүү сезимим артып, жүрөгүм элжирей, ичимен жалбарып алдым.
Демейде мончого барсам кез кезде курулай наалып, "үйдө ванна турса… массажың аябай кымбат го, узунуңан жатсаң уулум эле далыңды качырата тебелеп бермек"деп калчу күйөөмдү алмаштырып койгондой… Мени жаман ойдон арачалап, алаксысын деп аяп атканына ичимен ыраазы болуп, өзүмдү бактылуу сезип, ыйлап да алдым. Аялдар күйүнсөк да, сүйүнсөк да көз жаштайт эмеспизби.