Шиш такачан жан сакчылар
Биздин заманда кимдир бирөөнү таң калтырыш кыйын. Эркектин жумушун аялдар, аялдын ишин эркектер аткарып калган учурда, дал ушул эркектердин жумушун аткарган жан сакчы кыздар жөнүндө кеп кылууну туура көрдүм.

Алгачкы жан сакчы кыздар Байыркы
Индияда чиркөөлөрдү кайтарышкан
Аял жан сакчылар биздин заманга чейин эле Байыркы Индиянын будда чиркөөлөрүн кайтарышкан. Ал учурда тартип катуу болуп, жан сакчылык кызматка жыныстык катнашта болбогон же төрөбөгөн гана келиндерди алышкан. Алардын иши кожоюнун сактоо эмес, жөн гана катылган адамдын катыгын берүү.
Лоран Гбагбо аялдардын турмушун көрүп, жан сакчылыкка алган
Африканын Кот Д'Ивуар өлкөсүнүн президенти Лоран Гбагбо да жанындагы жан сакчыларын жалаң кыздардан кураган. Ал өлкөдө аялдардын турмушу эң оор болгондуктан, аялдарга жардам катары аларды жумушка алган. Андан сырткары, жалдама адам өлтүрүүчүлөр кыз-келиндерге өтө жакшы деле көңүл бурбагандыктан, президенттин сарайында алар билинбей жүргөнү менен эркектерге караганда кожоюнун жакшы кайтарышат.

Жан сакчы кыздар сексуалдуу көрүнүп, террористтерден оңой кутулуп кетишет
Аял жан сакчыларды чыгыш өлкөлөрүндө же Африка мамлекеттеринде гана эмес, Европа, Америкада да жакшы колдонушат. Мурунку СССРде да аял жан сакчылар көп болгон. 1990-жылдардын экинчи жарымында Москвада жана Санкт-Петербург шаарларында жан сакчы кыздардын атайын уюму ачылган. Кийин 2009-жылы ИИМдин алдында Титан аттуу атайын уюм ачылып, ал жакта жан сакчы кыздарды тарбиялай башташкан. Андан сырткары, эгер эркек жан сакчы кату кырдаалда өзүнүн күчүнө салса, аял жан сакчы ички туюму менен, акыл калчап амалданып иш кылат. Аял жан сакчыны алып жүргөндүн дагы бир жакшы жери, жалданма киллерлер анын жанында кетип бараткан кыздарын көргөндө аялы, кызы же курбусу, ойношу деп ойлошу мүмкүн.Кээ бир учурларда жан сакчы кыздар сексуалдуу көрүнүп, катылган террористтердин бүйүрүн кызытып коёт дагы, кожоюнун абалдан оңой чыгарып кетишет.

Б.Ельцин жанын
сактап, кайтарганга кыздарды гана алган
Азыркы күндө жан сакчы кыздар чоң саясатчыларды кайтарып жүрүшөт. Мисалы Маргарет Тэтчерди дүйнөнүн эң эле алдыңкы жан сакчы кызы кайтарат. Нэнси Рейганды жана Раиса Горбачёваны Америкалык жан сакчы кыз кайтарган. Ал эми Э. Шеварднадзе Грузиянын президенттигине келгенде да жан сакчыларын кыздардан гана алган. Шеварднадзени 5 даярдалган сулуу кыздар кайтарган. Ал эми Россиянын экс-президенти Б.Ельцин да президенттик кызматка келээри менен аны жан сакчы кыздар кайтарсын деген. Айтмакчы, биринчи аялдардан чыккан космонавт Валентина Терешкованы да мамкөзөмөлдөө кызматынын бир кызы давйыма кайтарып, чогуу жанында жүргөн.

Жан сакчы кыздарга гана ишенип, аларга арбалган Лукашенко менен Горбачёв
Айтылуу таанымалдардын көбүн эле жан сакчы кыздар кайтарганы белгилүү болду. Белоруссиянын президенти. А.Лукашенко ну, АКШнын экс-президенти Билл Клинтонду, Германиянын экс-канцлери Гельмут Колду да жан сакчы кыздар кайтарышкан. Михаил Горбачёвдун жан сакчы кызы Никита деген ат менен жалпыга белгилүү Виктория Корчагина болгон. Аталган Никита бир гана Горбачёвду эмес, В.Потанин жана Березовскийди кайтарганга үлгүргөн. Пол Маккартнини да Россияга келгенде кайтарып жүрдү.

Алла Пугачеванын жан сакчысы - өзүнүн курбусу
Ырчы Михаил Шуфутинскийдин да өзүнүн курбу кызы жан сакчысы болгон. Ал эми өзгөчө үндүн ээси, орус ырчысы Витас Израилге гастролдоп барганда, анын жанына 7 жан сакчы кызды коюп коюшкандан кийин, Россияга келип, жан сакчы жигиттерди кыздарга алмаштырган. Россия эстрадасынын примадоннасы Алла Пугачеванын курбусу өзүнүн жан сакчысы. Айдоочусу, курбусу катары жүрүп, Пугачеваны кайтарат. Латвиянын легендарлуу жан сакчы кызы Эвида орустардын мыкты тобу Татуну кайтарып жүргөн.

Анастасия Заворотнюктун жан сакчы
кызы жанынан жарым карыш жылбайт
Орустардын шоу бизнесинде өтө чоң популярдуулукка ээ болгон Анастасия Заворотнюктун да жанында кайтарып жүргөн сакчысы орус кызы. Ал кыз Анастасияга келе жаткан журналисттерди жакындатпайт. Концерт болгондо жанында жүрүп, журналисттер да, күйөрмандары да жанына бара алышпайт экен.
Муаммар Каддафи кыздардын гана кайтаруусунда жүргөн
Ливиянын экс-президенти Муаммар Каддафи да жалаң кыздардын кайтаруусунда жүргөн. Анын кыздарынын армииясына кирген кыздар сулуу болушкан. Бир жаман жери биз буга чейин жазгандай, ал өзүнүн жан сакчы кыздарын зордуктаган.