чечен
Акыл Ирсалиев:
"Өзүмдү ди-джейлерден өйдөмүн дегенден алысмын"
- Алгач сыйлыгың менен куттуктайбыз! Канча мезгилден берки эмгегиңдин аркасында ушундай ийгиликке жеттиң?
- Ди-джей болуп эмгектенгениме үч жыл болду. 2011-жылдын мыкты ди-джейи деген наамды алдым. Быйылкы жылдын эсебинен мындай наамды алам деп ойлогон эмесмин. Абдан толкундандым.
- Ди-джей катары жана "Миң-Кыял" бий тобунун жетекчиси катары да эл тааныйт эмеспи. Бул жылы кандай ийгиликтерге жетиштиң жана кандай оорчулуктарды башыңан өткөрдүң?
- 2011-жыл мен үчүн өтө жемиштүү жылдардын бири болду десем жаңылышпайм. Жыл жаңырганда эле күйөрман кызыман ноутбук белекке алгам. Андан көп өтпөй эле февраль айында бут кийим алып жүрсөм, акция жүрүп атыптыр. Ал жактан кир жууган машина утуп алдым. Анчалык деле оорчулук болгон жок. Бий чөйрөсүндө болсо Жаңы жылдык кечелерге чакыруу алганбыз. "Миң-Кыял" бийчилер тобун түптөп, түздөп да алдым. Бул жыл көбүнчө эмгектенүү менен өттү.
- "Миң-Кыял" бий тобунда канча бийчи бийлейт?
- Азыркы учурда башынан баштап келгендердин саны элүүгө чукулдап калды. Алардын ичинен сахнага чыгып аткан кыздарымдын саны он бештей. Калгандарын даярдап атабыз.
- Бул топту түзүүдө негизги идея кимге таандык?
- Буга чейин башка бий тобу менен иштегендиктен, бийчилер менен иш алып баруу абдан жакты. Ошол себептен, башында ат тандоодон кыйналдык. Өзүм иштеген радионун жетекчилеринен уруксат алып, ошол радионун атынан коюлуп калды.
- Сени ди-джей гана эмес бийчи катары да таанышат эмеспи, кайсы бийди бийлөө сен үчүн оорчулукту туудурат?
- Мен кесибим бийчи болбогондуктан, замандаштарым бийлеген бийдин баарын бийлей берем. Өзүм сахнага бийлебегендиктен, эң оор же эң жеңил деп айта албайм. Биздин бий топто атайын келишимдин негизинде иштеген хореограф иштейт. Биз жөн гана көзөмөлдөп турабыз.
- Жакында эле Россияга барып келдиң. Ал жөнүндө айта кетсең?
- Менин бөлөм турмушка чыгып, бул жакта тамадалар жок экен. Той кылалы деп тамада таппай атабыз, жол киреңди, гонорарыңды төлөп берели, келип тамада болуп бербейсиңби деп калганынан баргам. Той аябай жакшы өттү.
- Радиого кимдин жетектөөсү менен келип калгансың?
- Мага радиого барып, талантыңды сынап көр деп эч ким багыт берип, жол көрсөткөн эмес. Бул жакка келгенден баштап эле, радиого иштесемби деген ой келген. Мен келген учурда бир айча сыноодо жүрдүк. Алардын ичинен жакшыларын тандап алып, мен калып калгам. Келгенден кийин ди-джейликтин оорчулук жактарын көрүп-билип, эки-үч айдан кийин эфирге чыга баштадым.
- Адам баласы алдына жакшы максаттарды коёт эмеспи. Сенин радио ачсам деген оюң барбы?
- Эгерде адам баласынын өз эркине койсок, бардык кыялдарды алдына коюп алат. Алдыга канчалык чоң максаттарды койсоң, ошол максатка жетүү үчүн дайыма изденүүнүн үстүндө болушуң керек. Келечектен, кудай маңдайга жазганынан дейбиз, бирок бардык нерсе адамдын өзүнүн иш-аракетинен көз каранды. Алдыдагы пландарымды айта берсем гезит бетине батпайт болуш керек. Эң негизгиси, ойлогон оюмду ишке ашыруу.
- Ди-джейлердин арасында атаандаштык ачык эле байкалат. Сен кайсы ди-джейлерден өзгөчөлөнөсүң, же баарынан өйдөмүн дейсиңби?
- Өзүңдү эр ойлосоң, өзгөнү шер ойло дейт. Мен өзүмдү бардык ди-джейлерден өйдөмүн деп айтуудан алысмын. Адам баласы өзүңдүн кемчилигиңди билбей туруп, башка бирөөнүн кемчилигин айтуу болбойт. Атаандаштык бар деген болбойт болуш керек бул жерде. Өзүмдүн кесиптештерим менен чогуу бир жерде нан таап жеп аткандан кийин, баарыбыз бир туугандай жүрөбүз.
- Үнүңдү кайсы ди-джей туурайт?
- Бул ар бир адамдын өзүнүн үнү бар, аны эч убакта өзгөртө албайсың. Мүмкүн, сүйлөгөн сөздөрүңдү туурашы мүмкүн. Бирок, бул сөз мага таандык деп эч убакта айтпайм. Мен ойлогон ойду башка бирөө да ойлоп коюшу мүмкүн. Ал эми үндү туураганга мүмкүнчүлүк жок болуш керек. Интонациясын туурап калышы мүмкүн.
- Быйыл ырчылардын да, ди-джейлердин да башына баш кошулуп, Жаңы жылды келинчектери менен тоскону турушат. Сен качан үйлөнөсүң?
- Эгерде баары өзүбүздүн кыялыбыздай болсо, жашоо кызыксыз болуп калмак болуш керек. Жашоо адам баласына бир келет. Ошон үчүн мени сыйлап, мени урматтап, жакындарымды, досторумду сыйлаган түшүнүктүү кыз менен кол кармашкым келет. Ошол себептен, бул нерсеге шашуунун кажети деле жок болуш керек. Жашым 26га чыгып калды. Буюрса, келе жаткан Жаңы жылда үйлөнүү планым бар. Бирок кимге үйлөнөрүмдү билбейм.


Сайра Сопушева