Камчыбек Ташиев:
"Оппозицияда калып жакшы жетишкендиктерге жетишибиз мүмкүн"
Кычык суроолорго ЖКнын депутаты, "Ата Журт" партиясынын лидери Камчыбек Ташиев жооп берди.

- "Ата Журттун" оппозициялык ишмердүүлүгү парламентти эртерээк таратууга шарт түзөт. Бизде мурда коомчулукка чыга элек көп компроматтар бар. Аларды биз коомчулуктун талкуусуна алып чыгабыз", - дедиңиз. Ал кандай компроматтар?
- Таркатылат деп айткан жокмун. Эгерде кайсы бир деңгээлде "Ата Журт" парламенттин таратылышы болуп кала турган болсо, анда "Ата Журт" фракциясынын оппозицияда калышы ушул процессти тездетиши мүмкүн дедим. Мунун чоң айырмасы бар. Бул процессти биз ойлоп табабыз деген оюбуз жок. Бирок, эгерде ошондой процесстер баштала турган болсо, анда биздин опппозицияда калышыбыз ушул процессти тездетиши мүмкүн. Себеби, биз оппозициялык маанайда кайсыл бир чоң жыйынтыктарга жана жетишкендиктерге жетишибиз мүмкүн. Биздин ошондой мүмкүнчүлүгүбүз чоң. Бийлик башында отургандарга деп атабыз. Убактылуу бийликтегилерге карата апрель жана июнь окуялары боюнча, жүргүзгөн шайлоолор боюнча көптөгөн фактылар, далилдер бар. Биз оппозицияга өткөндөн кийин журналисттер жана башка адамдар колунда бар фактыларды бизге бере баштайт. Мына биринчи фактыларды эми бере башташты. Себеби, коомчулуктун көпчүлүгү бийликке эмес оппозицияга ишенет. Буга чейин ушундай болуп келген, мындан ары да улана берет.
- Жыл башында "Ата Журт" партиясынан чыгам деп атып эле чыкпай калдыңыз. Эмне себеп болду?
- Ал 2011-жылдын жаз айларында болчу. Бүгүнкү күндөгү бюджеттеги тартыштыкты биз ошол маалда эле көргөнбүз. Бизге ошол маалда алты айдын чегинде биз бюджеттин тартыштыгын жабабыз жана ошол боюнча өкмөттүн жаңы структурасын, программасын бир айдын ичинде киргизебиз деген көптөгөн убадалар болгон. Анын баары аткарылган жок. Бюджеттин тартыштыгы жылдын аягына чейин уланат деп биздин көзүбүз жеткен. Мына бүгүнкү күнгө чейин бюджеттин тартыштыгы өтө чоң. Буга сөзсүз түрдө өкмөт күнөөлүү. Биз ошол маалда коалициядан чыгабыз, коалицияны башка түзүшүбүз керек деп сармерден сайраганбыз. Өкмөттүн бюджетти жаба турган, бюджетти алып кете турган, ордуна коё ала турган, коррупция менен иштебей турган таза өкмөттү алып келебиз деген максатыбыз бар эле. Ошол маалда айткандарыбыз азыр туш келип атат. Мен өзү ушундай саясат жөнүндө кандайдыр бир прогноз жасай турган болсом, ошол сөзсүз калыбына келет. Бул жолу дагы биз айткан маселе калыбына келди. Мына жыл аяктады, а бюджеттин тартыштыгы ошол боюнча калды.Биз министрликтерди, өкмөттүн чыгымдарын азайтабыз дагы, бюджеттин тартыштыгы жок деп коёбуз, же баалуу кагаздарды чыгарып коёбуз дейт. Ал туура эмес нерсе. Себеби, өкмөткө белгилендиби, ошол жасай турган иштерине, жумушуна канча акча белгилендиби аны бериш керек. Ошондо гана бюджет аткарылды деп эсептелет. Бюджетти 91 миллиард деп жыл башында коюшкан. Биз ошол 91 миллиардды кабыл алып бергенбиз. Эми ошол 91 миллиард аткарылыш керек. Эгерде 91 эмес 70 миллиард болуп аткарылып, бюджеттин тартыштыгы жок, бардыгына жетти дей турган болсо, анда бул түздөн-түз көз боёмочулук болот.
- Айдар Акаев менен жолугуп, андан алтын саат белекке алып, эгер президент болуп калсаңыз, Аскар Акаевичти Кыргызстанга алып келем деген экенсиз. Ушул маалыматтын чын-төгүнүн өз оозуңуздан уксак?
- Булардын баары- "имиштер". Шайлоо маалында талапкер жөнүндө ар түрдүү маалыматтарды алып чыгышат. Мени шайлоо маалында наркобарон деп чыгышпадыбы. Ушуга чейин антип эч ким айтып, билген эмес. Бир да мамлекеттик орган же жеке адам өмүрүмдө наркоманга жа баңгиге жакындыгымды сезген да билген да эмес. Бирок шайлоо маалында бул сөздү атайын чыгарышты. Ал нерсе мага жабышып калган жок. Бүгүнкү күндө баңгиге тиешем бар экендигин эч ким далилдей алган жок. Бул-баягы эле биздин каршылаштарыбыздын шайлоо алдындагы антикомпаниясы. Мен өмүрү бир "наркотикке" жакын болбосом, же тамеки чекпесем, "наркотик" кандай экенин көрбөгөн, билбеген болсом, кантип эле наркотиктерди контролдоп калат экенмин. Бул кара пиарлар, адамдын аброюна доо кетириш үчүн жасалган аракеттер. Бирок, доо кетирүүгө аракет жасаган адамдар акыр аягы келип ошол торго түшүп калышат.
- Эки кочкордун башы бир казандай кайнабайт сыңары, эмне үчүн "Ата Журттун" тең төрагаларынын арасында келишпестиктер боло берет?
- Бизде өтө креативдүү, өтө келечектүү кыйын адамдар көп. Биз кээ бир партияларга окшоп бир адамдын оозун карап отурбайбыз. Эң кыйынмын деген президенттик шайлоого аттанган партиялар бир адамдын оозун карап отурушат. Ал адам жат десе жатат, тур десе турат. Бизде өтө акылдуу, өздөрүнүн багытын, өздөрүнүн турмушун, өз саясатын жүргүзө ала турган адамдар көп. Бул баягы өсүүгө жасалган теңтайлаштык болот. Ошол мезгилде ал адамдардын ар түрдүү маселеге көз караштары да ар түрдүү болот. Өздөрүнүн ойлору, талаш-тартыштары болот. Бул багытты өзгөртүү эмес, талаштан тактык жаралат деген маселенин негизинде болот. Ошондой маселелерди алып алышып, "Ата Журт" урушуп кетти", - дей беришет. Биз эч качан урушуп-чабышып кетпейбиз. Себеби, биздин багытыбыз бир, жасай турган жумушубуз бир жана биздин эң башкы маселебиз мамлекет, эл, жер, коомубуз үчүн ар дайым өзүбүздүн эмгегибизди арнап келгенбиз жана мындан ары да ошондой болот.
- Эгер ушундай митингдер улана берсе, түндүк-түштүк маселеси курчуп турган мезгилде мындан да курчутуп жиберсек, кантип тыя аласыздар?
- Ким курчутат ошону карашыбыз керек. Бүгүнкү күндө бийликти курап аткан адамдар түштүктүн эл сыйлаган, эл шайлаган, эл кадырлаган балдарынын бардыгы бийликтен сыртта калып атат. Бул деген түштүк элин тоготпогондук. Элдин тандоосун, сыйлоосун көзгө илбегендик. Ушулардын баары топтолуп келип туруп, акыры буларга зыянын тийгизерин бүгүн тоготпой атат, эртең тоготпойт, бирок, бүрсүгүнү тоготконго мажбур болушат. Мына ошентип бийликтегилер өздөрү элибизди бөлө башташты. Себеби, биздин Кыргызстан ушундай уникалдуу өлкө. Мамлекетибиз түндүк-түштүккө бөлүнө турган өлкө. Ошондуктан, ушуга чейинки бийликтегилер түндүк-түштүктү эске албай, бир жакка ооп кетип атканда, аларды бийликтен эл өзү шыпырып түшүп коёт.
- Ахматбек Келдибековичтин кызматтан кетиши боюнча эмнелерди айта аласыз?
- А. Келдибековичти юридикалык жактан кызматтан кетирүүгө эч кандай негиз болгон эмес. Бирок, кайсы бир деңгээлде моралдык жактан жоопкерчилиги бар деп кээ бир нерселерди көрсөтүп чыгышты.
- Кыргызстандагы эки жүздөй коррупционер аткаминерлердин арасындамын деп ойлобойсузбу?
- Мен мамлекеттик кызматта иштеп турганда коррупциялык схемаларга катышкан эмесмин. Коррупциялык иштер менен мыйзам алдында жооп берүүгө мажбур болгон эмесмин жана коррупцияга аралашкан иштеримди коомчулук билбейт. Кээ бир адамдар мыйзам алдында жооп бербейт, бирок анын коррупционер экенин коомчулук билет. А мени коомчулук "коррупционер" деп тааныган эмес. Себеби, мен жең ичинен кайсы бир жумуштарды өз кызыкчылыгыма чечип алган эмесмин.
- Жыл аяктап Жаңы жылга саналуу күндөр калбадыбы. Кичинекей кезиңизиде Аяз Атадан эң биринчи алган белегиңиз эсиңиздеби?
- Ал убакта союз маалы болчу. Биз бала бакчага барат элек. Биздин айыл өтө чоң айыл болсо дагы, бир гана бала бакчасы бар эле. Кичинекей жөжөлөр балатыны тегеректеп, кол кармашып ырдап, ар бирибиз ырдаганда, Аяз Ата менен Аяз Кыз момпосуйларды, таттууларды бергени эсимде.

Төлөбүбү Касымалиева